ӨЗҮМДҮ ИЗДЕЙМ
Өзүм сыртта,
Мен ичинде бөлмөнүн.
Ачып, жаап эшигине асылып,
Тынчын алдык өмүрдүн.
Өзүм күлүп,
Мен муңайып жанашпай,
Жулмалашып турабыз
Бир бурчунда дүйнөнүн.

ӨМҮРГӨ
Мен эми издейм сени
Эптеп өткөн өмүрүмдүн ичинен.
Мен сен үчүн унуттамын
Элес болуп, бир көрүнүп, кайра өчкөн.

Кучагыңа кимди алдың?
Кимдер чыкты эсиңден?
Мен жүзүнчү, миңинчи…
Эсепте жок жүргөн балким бирөөмүн.

Сүйүп кирип ааламыңа гүл бүткөн,
Кирдеп чыгам. Өмүр-арман бүтпөгөн.
Издейм сени ирмем, саат, мүнөтүм
Кадырыңа жете албаган өзүмдөн.

САГА ДЕГЕН СЕЗИМДЕРИМ
Дарактагы жалбырактай,
Саргайып түшпөсө экен,
Сага деген сезимдерим.
Дарактагы   жалбырактай,
Укмуштай сулуу менин,
Сага  деген сезимдерим…
Дарактагы жалбырактай,
Акыркы түшкөндөрүн,
Дирилдеп өппөсө экен,
Кош бол деп эриндерим.

Күткөн кыйын
Күткөн кыйын,
Какшып, катып,
Кан жүгүрбөй тамырда.

Күткөн кыйын,
Күлкүң, ыйың чогулуп,
Айланып бир тамчыга.

Күткөн кыйын,
Көкүрөгүң жарылып,
Сугарылып жашыңа.

Күткөн кыйын,
Күмөн, күдөр аралаш,
Батып турса жаныңа.

МЕЛИС АКЕМЕ
Жаман болдум, жүзүңүздөн кече мен
Бырыштарды көргөндө.
Арыктаптыр дедим ичтен
Жүзүңүздөн өпкөндө.
Бирок бырыш түшсө түшсүн,
Каалашынча сүрөт салсын жүздөргө.
Эх, болгону эшик ачып кирбесин
Сиздикиндей аруу назик жүрөккө.

Жаман болдум, көзүңүздөн кече мен
Чарчоонун учкундарын көргөндө.
Эс алсын деп төшөк салдым,
Жаш бекитип кирпикке.
Мейли чарчоо жүрсө жүрсүн көздөрдө,
Акысы жок бирок андай сезимдин
Баш бакканга сиздикиндей көөдөнгө.

Жаман болдум, кече мен
Көзүм түшүп — өңү өчкөн көйнөккө.
Чыгып түшүү болсо керек өмүрдө,
Мейличи, өчсүн өңү көйнөктүн.
Өчпөсө экен өңү такыр көңүлдүн.

КУДАЙГА
Өзүңө  жүзүм буруп,
Баш ийип кулдук уруп,
Келгенде өмүр бердиң,
Кайрадан төрөлгөнсүп.
Мен эми өзүң үчүн,
Өзүңө  жол тартамын.
Издеймин, издеп жүрүп,
Мына эми түз барамын.

Мен эми бир мүнөткө
Издөөмдү токтотпоймун.
Себеби ошол күнү –
Жашоомду токтотконум.

Мен сени тапкан күнү,
Жашоого жаңыланып,
Кайрадан жаралганмын.
Мен эми сөзсүз билем
Өзүңдөн  алыстасам,
Кайдагы мазмуну жок
Жашоого жол тартамын.

БАЛА ЭЛЕМ
Мен бир кезде бала  элем,
Таза элем,
Тамчысындай шүдүрүмдүн.
Тунук элем,
Ылайы жок көңүлүмдүн.
Таппай турам,
Сыйпалап көөдөнүмдөн,
Тынч  соккон добушун жүрөгүмдүн.

*   *   *
Жапайы бадал,
Шуулдаган теректер.
Сууну көздөй,
Чууруй түшкөн издер
Жүзүңөрдө өзүм калып баратам,
Мени менен кошо кетчү кимиңер?

Тумандуу жол,
Шибердүү жээк.
Сүйкүм сулуу бариктер,
Өзүңөргө  бала күндү таштадым,
А мен менен кошо кетчү кимиңер?

Куштар үнү,
Сыйкырдуу таң.
Жомок айткан,
Алма гүлү,
Үнүңөрдө доошум калып баратат.
Эми өзүмө  үндөш болчу кимиңер?

Уйлар мөөрөп,
Кишенеген жылкылар.
Шыдыр-шыдыр,
Дайрасындай өмүрдүн.
Сууга толгон арыктар,
Агымыңда жаштык агып баратат,
А өзүмө жанаша алчу кимиңер?

Кетмен үнү,
Дархан талаа.
Күүгүм менен
Сыр бөлүшкөн жаргылчак.
Сыныңарда сыным калып баратат,
Эми мага сыр бөлүшчү кимиңер?
2009-жыл, октябрь

КОРОО ТУРЧУ
Короо турчу  тоо этектеп,
Кичинемде карап өтчүм.
Бийик эле менменсинип…

Эч кими жок жалгыз турчу,
Ээн талаага бий болуп.
Кичинемде карап өтчүү…

Бекем эле, түбөлүктүү сезилчү,
Ээн талаанын ээси болуп.
Кичинемде карап өтчүү.

Анда мен да бийик болчум,
Кичинемде ал коргондой.
Өз  дүйнөмө ээ болчумун.

Мезгил өтүп көрдүм ошол короону,
Орду калган өзү жок.
Жамгыр, шамал кемирип,
Жок болупсуң жешилип.

Жок болгонуң жакшыдыр,
Менде да жок – ал  кездеги бийиктик.

АТАМ МЕНЕН АПАМА
Апам  козгоп  мештин чогун таң  заарда,
Байпак токуп буттарга суук өтпөдү.
Атам өрүк, алмаларды көп тигип,
Дарак сайып асыроону үйрөттү.

А силерге канча ызгаар,
Канча суук өттү экен.
Турмуш желге канча ыргалтып,
Аттиң канча күбүдү?

А силерде  кандай күндөр өттү экен,
Ал кездерде кандай шамал сокту экен?
Кандай ойлор? Аттиң кандай сыноолор,
Саамайларга ак чач салып койду экен.

Апам болсо коломтосун өчүрбөй,
Күздөн, кыштан өтүп алдык үшүбөй.
Атам үйдүн бек көтөрүп чатырын,
Жазда, жайда гүлдөп алдык  күбүлбөй.

А силерди кандай түндөр күттү экен,
Ал кездерде кандай аяз болду экен.
Кандай өмүр, аттиң кандай түйшүктөр,
Жүзүңөргө бырыш салып кетти экен?

Туш тараптан бороон чапкан күндөрдөн,
Өтүп   алдык сабактардан үзүлбөй.
Ата,  апа силер берген дем менен,
Толуп алдык жарым болуп төгүлбөй.

А силерге кандай таңдар атты экен,
Ал кездерде күндөр кандай  батты экен?
Кандай мезгил, аттиң  кандай закымдар,
Каректерге карылыкты салды экен.
2009-жыл.

АТА СИЗ
Ата сиз кубат берип,
Ар дайым кучагыңа
Алдейлеп кыскан кезде:
Кызыңыз бойго жетип,
Уядан учкан кезде,
Конор тууруң башка деп
Кичинемден айткан жоксуз?

Ата сиз неге мага
Талпынып жаңы учканды
Үйрөтүп жаткан кезде:
Адашып кайра кайтпай,
Башка үйгө конорумду
Кулакка куйбагансыз?

Ата сиз неге мени
Анчалык жакшы көрүп,
Көөдөнгө кыскан кезде:
Көкүрөк бир кездерде
Бөлүнүп кетер күнүн
Кайталап айтпагансыз?

*   *   *

Тойдум!
Кары деп сыйлабаймын,
Сакалын ак басканда:
Ак сөзүн айта албаган,
Куту учкан дүжүр чалды.

Тойдум!
Эне деп сыйлабаймын,
Чачтарын бубак басып,
Небере күтсө дагы
Тыйынга бата берген,
Мастандай аялдарды.

Тойдум!
Устат деп сыйлабаймын,
Билими көк деңиздей
Көбүрүп турса дагы
Балдарга жол көрсөтпөй,
Шайтанга курал болуп,
Жан баккан агайларды.

Тойдум!
Сыйлабаймын:
Отуз күндүк айлык үчүн,
Өлкөнүн  келечегин
Кекиртектен кесип салып,
Бейкапар карап турган,
Ак халат кийгендерди.

Тойдум!
Сыйлабаймын:
Элимдин ырыскысын баса калып,
Колунан жулуп жеген бийлигиңди.
Элине душман болуп, бычак такап,
Сый сураган жетекчиңди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.