Афоризм – бул, ашык жерлери кыскартылган роман!

*   *   *

Акынга эргүү көп эле жолу издеп келди, бирок аны бир да жолу тапкан жок.

*   *   *

Бут кийимиң кысып жаткан убакта башыңа күтүлбөгөн ойлор келгенин айт!

*   *   *

Өзүңө келген атак-даңк тынч уктооңо жолтоо болсо, бирөөнүн атак-даңкы дегеле уктатпайт.

*   *   *

Өзүңдү күзгүдөн карап туруп, адамга суктанбай коё албайсың!

*   *   *

Эзоптун өзү эмес, анын сөзү кызык.

*   *   *

Өмүр бою материалдык байлыгым, жан-дүйнөмдүн байлыгына ичи тарып келет.

*   *   *

Эл атынан чыгып сүйлөш үчүн, өзүңдүн атың болушу анча деле зарыл эмес.

*   *   *

Саясатта шапалакты колдонуу, катып калган пряникти жедирүүнү көздөйт.

*   *   *

Сойлоп көнгөн элди, тизелете албайсың.

*   *   *

Акылы эшектикиндей болсо да арстан арстан боюнча кала берет.

*   *   *

Эшек алдыга кетип баратам деп ойлоп алса, аны ордунан жылдыра албайсың.

*   *   *

Канатым болсо ылдамыраак сойломокмун деп ойлонуптур жылаан.

*   *   *

Аялдар жаралбаса, үй-бүлөнү эмдигиче эркектер башкармак.

*   *   *

Үчүнчү жолу үйлөнүү – мурдагы экөөнүн жаңылыштык эместигинин далили.

Учурдагы аял — эринин башкаруу борбору, учурдагы эркек — аялынын жасалма спутниги.

*   *   *

Сен менин жылдызымсың! — деди жигити, – Сен да менин жылдызымсың, — деп жооп берди колуктусу. Оо жараткан, алар бири-биринин канчалык алыстыкта турушат!

*   *   *

Сүйүүлөр келет кетет, а балдар кала берет.

*   *   *

Сени эсимден тангыча сүйөрүмдү дайыма унутуп калам.

*   *   *

Аялың унчукпай отурганда, аны менен сөз талашыштын зарылчылыгы барбы?

*   *   *

Эгер аялыңды жеңгиң келсе, аны менен сөз талашпа.

*   *   *

Ар бир аялды сен сулуусуң деп ишендирсе болот, бирок бир да эркекти сен акылсызсың деп ишендире албайсың.

*   *   *

Эркектер, аялдарды сактагыла, алар силерди курчап турган айлана-чөйрөңөр!

*   *   *

– Ойчул адамдарды жактырам! – деди окумуштуу.

– А мен ыймандууларды, – дейт, молдо.

– А мен ишкерлерди жактырам – дейт банкир.

– А мен ийининде башы бар, адамдардын бардыгын жактырам! – дейт төртүнчүсү. Ал баш алгыч желдет эле.

*   *   *

Жиндилердин саны азайса да, сапаты өсүп жатат.

*   *   *

Ар бир отоо чөптүн өз талаасы бар.

*   *   *

Бирөөнүн акылы менен жашап, айлыгы менен оокат кылган он акылдуудан бай жашагандар бар.

*   *   *

Кадыр-барк Египет пирамидасы эмес – аны кум үстүнө кура албайсың.

*   *   *

Эмгектенүү – жалкоолуктан эс алуунун эң жакшы жолу.

*   *   *

Ишенбесек, ушунчалык калп айтылат беле!?

*   *   *

Астыңда кетип бараткандан ашам дебе, балким ал башка жакка бара жатпасын?

*   *   *

Жиндини шылдыңдаба, ал балким сенден акылдуу болуп жүрбөсүн?

*   *   *

Сен жеткен атак-даңкты досторуңдун баары эле көтөрө албасы эсиңде болсун!

*   *   *

Өлбөстүк да түбөлүктүү эмес…

*   *   *

Караңгы болбосо жарыктын ылдамдыгы нөлгө барабар болмок.

*   *   *

Жашоодо көп жолдор бар, бирок бирөөнөн да өзүңдөн качып кете албайсың.

*   *   *

Башкалар көтөргөн жүк дайыма жеңил.

*   *   *

Карылыкты сыйла, ал сенин келечегиң.

*   *   *

Өсүп-өнүгүү маанилүү эмес, анын багыты маанилүү.

*   *   *

Колтугунда котур ташы бар адамдын колу кучакташканга дайыма бош.

*   *   *

Ийгилик көчүгүн көргөзсө, аны өппөй коюу акылсыздык.

*   *   *

Адамдын жашаган, жашабаганы ал өлгөндөн кийин билинет.

*   *   *

Жаратылыш боштукту сүйбөйт, ошондуктан бир жинди өлсө, экинчиси анын ордун басат.

*   *   *

Эң кымбат нерселериңди курмандыкка чалып жеңип алган кулдугуңду кантип сүйбөйсүң?

*   *   *

Менин өткөнүмдү кайрып бергиле, анда менин бактылуу келечегим бар болучу!

*   *   *

Бирөөнү эле башыңа чыгарып жиберсең, анын артынан узун кезек пайда болот.

*   *   *

Карылыктан коркпогула, ал деле өтүп кетет.

*   *   *

Жалкоолук — энергияны үнөмдөөнүн эң жогорку мыйзамы.

*   *   *

Ар бир улуттун өз еврейлери бар.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.