Кыргыз эл жомогу: Карышкырдын камкордугу

Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы бар экен. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш болуптур. Улуу баласынын аты — Ормон, ортончу баласыныкы —  Коргон, кичүү баласыныкы — Болгон. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет. Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Сүрөткер болуш оңойбу?

Атын атаса, куту сүйүнөт дегендей, Боз Торгой адабий ысымын жакшы тандаптыр. Албетте, атына заты төп келгенге чейин далай изденип, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңушу, пир туткан чоң акындарынын таасир чөйрөсүнөн суурулуп чыгышы, өзүнүн кайталангыс стилин тапканга чейинки үйрөнчүк баскычтан да өтүшү керек. Бирок дээринен ыр дүйнөсүнө жакын экендиги ыргагы менен ички лирикалык мазмуну шайкеш чыккан саптарынан эмитен эле байкалат. «Сүрөткер» («художник») деп кыл калеми менен боёкторду колдонуп пейзаж, портрет ж.б. тарткан адамдарды эле эмес, көркөм өнөрдүн (искусствонун) башка чөйрөлөрүндө: кино […]

Конкурстук эмгектер топтому

Белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдык мааракесине арналган сын макала, адабий изилдөөлөр үчүн жарыяланган конкурстук материалдардын топтому. Эскертүү: эң биринчилерден болуп №1 номуру менен жарыяланган автор өз каалоосу менен аталган конкурстан баш тарткандыгы үчүн автордун өтүнүчү эске алынып, ал макала тизмеден алынып салынды. Андыктан жүйөөлүү себепке байланыштуу кийинки жарыяланган эмгектердин тизмеги кайрадан иретке салынды. №1 Кыргыз аңгемелеринин контекстинде – «Кызыл өрүк» №2 Акыркы могикан Райкандын “Жинди суусу” №3 «Өлбөй туруп өлүп көрүү – чоң эрдик!» №4 Турар Кожомбердиевдин балдарга […]

Назгүл ОСМОНОВА: Кайчы жолдор кайдан жүрүп бүгүн билбейм бирикти

*   *   * Улуу тоолор бийик бойдон калышат, Мен адаммын… андыктан да сыздадым. Сезимдерим акыл менен жарышат, Качан, кантип бир өзүңдөн муздадым?   Жолдор бирге… ойлор башка… табышмак, Күтөт бизди дагы кандай сыноолор? Ойлоп көрсөм тең салмактап калыстап, Күч жетчүдөй эмес ошол сыноого…   Менин жашоом – жалгыздыктын аралы, Дүйнөм катаал… ал дүйнөдө бороондор. Ой деңизин кечем… дайым санаалуу, Ал жолдордо пайда болуп… жоголгом.   Тоолор гана бийик бойдон калышат, Аянычтуу жүрөк ооруп сыздадым. Аралыктар уурдап назик сүйүүмдү, Качан, кантип […]