Белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдык мааракесине арналган сын макала, адабий изилдөөлөр үчүн жарыяланган конкурстук материалдардын топтому.

Эскертүү: эң биринчилерден болуп №1 номуру менен жарыяланган автор өз каалоосу менен аталган конкурстан баш тарткандыгы үчүн автордун өтүнүчү эске алынып, ал макала тизмеден алынып салынды. Андыктан жүйөөлүү себепке байланыштуу кийинки жарыяланган эмгектердин тизмеги кайрадан иретке салынды.

№1 Кыргыз аңгемелеринин контекстинде – «Кызыл өрүк»

№2 Акыркы могикан Райкандын “Жинди суусу”

№3 «Өлбөй туруп өлүп көрүү – чоң эрдик!»

№4 Турар Кожомбердиевдин балдарга арналган ырларындагы бала психологиясы

№5 «Суунун сурагы» – өз окурманын тапчу чыгарма

№6 Абалың кандай, ыр дүйнө?

№7 Эненин балага арналган гимни же “Күнбала” поэмасы тууралуу

№8 «Суунун сурагы» — өмүрдүн сурагыбы?

№9 Кеңешбек Асаналиевдин сынчылык чеберчилиги

№10 Ыр саптарга сереп

№11 Жан дүйнөнү каптаган кара туман

№12 Айтматовдун “Жамийла” повести: тарыхый – адабий экскурс

Бул аталган конкурс жыйынтыгы ушул жылдын 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнүнө карата чыгарылат. Азырынча байге фондубузда 50 000 миң (элүү миң) сом. Конкурс жыйынтыгына чейин демөөрчүлөрдүн колдоосу менен байге фондубуздун суммасын көтөрүү мүмкүнчүлүгү да каралууда.

Арийне, белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдыгына арналган бул конкурстун жыйынтыгы бир гана профессионал адабий сынчылар тарабынан каралбастан, жалпы окурмандар журту тарабынан да өз баасын алса деген пикирлерди эске алып, уюштуруучулар тарабынан конкурстук материалдарды баалоонун эки критерийи каралууда.

1) Жарыяланган адабий сын, адабий изилдөөлөр профессионал адабиятчылардын курамынан турган калыстар тобу тарабынан 5тен 10го чейинки баллдык өлчөмдөр менен жеңүүчүлөр аныкталат.

2) Жарыяланган адабий сын, адабий изилдөөлөр жалпы окурмандар тарабынан 5тен 10го чейинки баллдык өлчөмдөр менен жеңүүчүлөр аныкталып, «Окурман сүймөнчүгү» аттуу өзүнчө байгелик орундар каралат.

Андыктан, урматтуу окурман, эгерде Сиздин сүймөнчүгүңүзгө татыган кайсы бир адабий сын же адабий изилдөөгө өз бааңызды билдиргиңиз келсе, жарыяланган материалдардын соңундагы комментарий калтырган жерге 5тен 10го чейин балл коюп чыгууңузду суранабыз… Арийне, бир макалага бир эле окурман тарабынан берилген баа кайталанып жарыяланбайт. О.э. ар бир окурман өзүнүн аты-жөнү жана электрондук почтасы аркалуу гана өз баасын бере алат.

Агер комменттарийиңиздер болсо, аны сайттын өзүндө эле эмес, өз баракчаңыздарга алып чыгып жасасаңар да болот, бирок сайттагысын калыстар сөзсүз карап чыгат…

Конкурс Жобосу менен береги шилтемеден тааныша аласыз>>>>>>>>>>>>>

Конкурстук материалдар 2018-жылдын 10-декабрына чейин кабыл алынып, 12-декабрда сыйлык ээлери коомчулукка жарыяланат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.