*   *   *
Улуу тоолор бийик бойдон калышат,
Мен адаммын… андыктан да сыздадым.
Сезимдерим акыл менен жарышат,
Качан, кантип бир өзүңдөн муздадым?

 

Жолдор бирге… ойлор башка… табышмак,
Күтөт бизди дагы кандай сыноолор?
Ойлоп көрсөм тең салмактап калыстап,
Күч жетчүдөй эмес ошол сыноого…

 

Менин жашоом – жалгыздыктын аралы,
Дүйнөм катаал… ал дүйнөдө бороондор.
Ой деңизин кечем… дайым санаалуу,
Ал жолдордо пайда болуп… жоголгом.

 

Тоолор гана бийик бойдон калышат,
Аянычтуу жүрөк ооруп сыздадым.
Аралыктар уурдап назик сүйүүмдү,
Качан, кантип жаным, сенден муздадым?..

*   *   *
Күз да келет, күмүш шыңгыр үн менен,
Жалбырактар күн түсүнөн уурдашып.
Мына ошондо кусалыгым айга айтам,
Түнү бою бир уктабай сырдашып.

Күз да келет, жан дүйнөм да тазарат,
Арыктарда суулар тунуп калгандай.
Ушул дүйнө күздө башка, ажайып,
Күздөн башка күндөрүм бүт армандай.

Себеби бар, сени тапкам күзүндө,
Шамал жорткон бир ажайып кеч эле.
Өкүнгөнүм, ошол назик сезимдер,
Бутагынан үзүлүштү тез эле…

Күз да келет күмүш түстүү бариктер,
Жай каалгышып төгүлүшкөн гүлзарга.
Таксыр тагдыр бербей бизге кечирим,
Жалгыз басам өзүң сүйгөн гүлзарда…

УЛАНДЫН ЭЛЕСИНЕ
Аптап… аалам тыптынч үргүлөйт,
А мен тыңшайм жүрөк ыргагын.
Беймазадай бүгүн көңүлүм,
Келди неге тынбай ыйлагым?

Жаз гүлүндөй назик үлбүрөп,
Жакшы адамдын кыска өмүрү.
Ичке батпай көздүн жаштары,
Керек окшойт бүгүн төгүлүүм.

Колдон келбес алуу тирилтип,
Ыйласам да тынбай күн бою.
Кеттиң окшойт шилтеп колуңду,
Кош бол эми чындык символу.

*   *   *
Жол ыргагы асте алдейлеп,
Мемиреймин көзүм жумулуу.
Саамай чачым желге желбиреп,
Суктандырат асман тунугу.

Чеги жоктой кенен мейкиниң,
Сибирь жери жайда кулпунган.
Кучагыма кысып гүлдөрүң,
Сүйгүм келди назик ууртуңдан.

Билем, билем кышың ызгаарлуу,
Аябаган жансыз, жандууну.
А мен келдим сага кышта эмес,
Эркелеткен жайда таң нуру.

Көрсөм дегем талаа, токоюң,
Көрдүм мына жүрөк толкундап.
Көркөмүңдү сенин арттырган,
Кайыңдарың мынча солкулдак.

Жай болсо да салкын шапата,
Жүрүп баары гүлдөп жашарат.
Табигаттын ушул көркүнөн,
Көңүлүм да сергип тазарат.

Издер калат… издер өчпөстөй,
Эгер түшсө дагы жол ошо.
Келээримди эми билемин,
Боройлогон кышта борошо.

Сезиш үчүн ызгаар илебин,
Келээримди кышта билемин…

*   *   *
Эмне мынча өрттөнгөнсүйт,
Июлдун бул асманы.
Карайтты го жүрөгүмдү,
Сагынычтын тактары.

Унутууну чечтим чыны…
Көздөрүңдү муңайым.
Акыркы ирет ошентсе да,
Актанууңду угайын.

Жолдор кайчы, жолдор туман,
Ал жолдо жок биригүү.
Коштогонсуп айрылууну,
Асманда ай илинүү.

Эмне мынча алоолонот,
Июлдун бул асманы?
Эми мага маанисиздей,
Күндүн чыгып-батканы…

*   *   *
Кусалыкка кулап көңүлүм,
билбейм деги кимге таарындым.
Көздөн учуп салкын таңдары,
шамал жорткон күздү сагындым…

Күздө эргүүлөр күттүрбөй келет,
күздө ошол мөлтүр махабат.
Талыкшытып жанды кыйнабай,
бүтсө дедим ушул жай, аптап…

*   *   *
Эсиме түштү кымбатым,
Ошол кыш, ошол арзуулар.
Канатым болсо кайрылып,
Ал күнгө учуп баргым бар.

Ал күндө сен бар, ырлар бар,
Өзүң деп кайра жангым бар.
Ойлогон ойго карабас,
Ортодо жалкы тагдыр бар.

Алыста билем асманың,
Алыста сенин түнөгүң.
Калтырып бирок кеткенсиң,
Колума ысык жүрөгүң…

*   *   *
Асманы ачык көлдөй шаңкайып,
жайы салкын, кышы борошо.
Ак кайыңдар үнсүз мемиреп,
орус жери мынча орошон…

Деңизиңде бирде жыргасам,
баткагыңды бирде кечемин.
Жашоо, сени сүйгөн чыгаар ээ,
мендей болуп ошол Есенин.

Бул жарыкка салкын көз салып,
жокко-барга бирдей карадым.
Сенде калган ушул күндөрдү,
анык эртең кайра самаарым.

Ак кайыңдар сулуу азгырып,
келээримди да бир сеземин.
Орус жери мынча орошон,
жашап өткөн бир кез Есенин..

*   *   *
Шаар бөлөнүп кызыл-тазыл гүлдөргө,
мен кубанып сени тапкан күндөргө.
Муздар эрип жүрөгүмдөн жеңилдеп,
алкоо сунам бирге болгон түндөргө.

Көзүм тойбой розалардын көркүнө,
денем ысыйт махабаттын өртүнө.
Жаным эми кайыктабыз калаксыз,
бек бололу улуу сезим шертине.

Сенде, менде аягы жок кыялдар,
кыялдарды кыйналабыз тыялбай.
Шаар сулуу, андан өтүп биз сулуу,
сактайт сүйүү эми бизди тумардай…

*   *   *
Баасы кымбат ушул өмүрдөн,
анык дечи бир күн кетерим.
Жетегинде куру кыялдын,
жыя албадым тирлик этегин.

Ак кайыңдар орус мейкинин,
ээлеп өсөт кайгым туйбастан.
Шуудуруңар жаным алдейлеп,
араладым улам кыйбастан…

Талыкшытып тирлик түйшүгү,
таба албадым мезгил эсебин.
Көркүңөрдөн көздү талдырган,
көп эргиген чыгар Есенин.

Жолум түшүп орус жерине,
кыдырамын кооз жерлерин.
Толукшуган тунук асманың,
жибиткенсийт көңүл черлерин.

Асман көздүү кызың ажарлуу,
буудай ыраң кербез уланың.
Ахматова жазган баяндап,
кылым үнүн сенден угамын.

Болсо болгон чыгар бактылуу,
жашап өткөн сенде акындар.
Алар эми сенин жүрөгүң,
алар эми бүтпөс закымдар…

*   *   *
Апакай болуп алчалар тегиз гүлдөгөн,
дарактар көккө бой керип текши бүрдөгөн.
Табигат эне талыкшып боюн жазганда,
жаз менен келдиң агылып жашыл дүйнөмө.

Сен барда толук, сен барда дүйнө керемет,
сезимге турчу ак жамгыр болуп себелеп.
Сагынып жытың гүлзарды бойлоп келемин,
чалынган торго өзүмдү улам жемелеп…

ТООДОГУ АЙДЫН ОН БЕШИ
Ай жарыгы… тоо боорунда гүлдөр жыпар жыты аңкыйт.
унутабыз бүгүн ошол жабыктырган тирликти.
Сен жанымда ыр окуйсуң, бейтаанышым, таанышым,
кайчы жолдор кайдан жүрүп бүгүн билбейм бирикти…

Куйма кулак кымбатым ай… сен билбеген ыр жоктур,
ошол ырлар бул жашоонун маани жана маңызы.
А мен эмне… мен билбеген сыр жоктур…
жаным жыргайт угуп мобул тоо суусунун дабышын.

Болсок кана… ушул суудай чайпалбас да чаалыкпас,
шапатасы кулак жарып кылым аккан жай гана.
Биздин жолдор кайчы, бирок сезим бирге ар качан,
сен сонунсуң, сенден өтүп кандай кооз айлана.

Ай жарыгы… тоо боорунда гүлдөр жыпар жыты аңкыйт.
унутабыз бүгүн ошол жабыктырган тирликти.
Сен жанымда ыр окуйсуң, бейтаанышым, таанышым,
кайчы жолдор кайдан жүрүп бүгүн билбейм бирикти…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.