Жолдош ТУРДУБАЕВ: Сүрөткер болуш оңойбу?

Атын атаса, куту сүйүнөт дегендей, Боз Торгой адабий ысымын жакшы тандаптыр. Албетте, атына заты төп келгенге чейин далай изденип, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңушу, пир туткан чоң акындарынын таасир чөйрөсүнөн суурулуп чыгышы, өзүнүн кайталангыс стилин тапканга чейинки үйрөнчүк баскычтан да өтүшү керек. Бирок дээринен ыр дүйнөсүнө жакын экендиги ыргагы менен ички лирикалык мазмуну шайкеш чыккан саптарынан эмитен эле байкалат.

«Сүрөткер» («художник») деп кыл калеми менен боёкторду колдонуп пейзаж, портрет ж.б. тарткан адамдарды эле эмес, көркөм өнөрдүн (искусствонун) башка чөйрөлөрүндө: кино менен музыкада, айкелчилик (скульптура) менен бийде, архитектура менен адабиятта – таланты менен таанылып, нукура көркөм чыгармаларды жарата алган инсандардын баарын жалпы аташат (кээде мунун ордуна «чебер», «устат» /«мастер» дегендей эпитет, наамдар да колдонулат). Сөздүн уңгу маанисинде бул түшүнүк көркөм сүрөттөө, элестетүү даремети менен байланышкандыгын айтып, адегенде биздин автордун дал ушул темага жакын бир ырын окуп көрөлү.

Бул ырды автордун поэзиядагы мүдөөсүн туюндурган чыгармаларынан десек болот. Мында акындын портрет тарткан кыл калемчиге сыр бөлүшүүсү канчалык таасирдүү чыккан?

Бир караганда тааныш сүрөтчүсүнө кезектеги портретин тарттырып жаткан аялдын эркелешиндей көрүнөт:

…Сүрөтүмдү бүгүн кандай тартасың:
Жылмаямбы, кабагымды бүркөймбү?

Лирикалык МЕН (автордун доошун угузган шарттуу кейипкер) өзүнүн сырткы өң-келбетин эле «дал өзүндөй» чагылдырылышын эмес, ички дүйнөсүндөгү карама-каршылыктуулуктун туюнтулушун каалайт окшойт:

«Күлкүсү аз…» — дешти мени көпчүлүк,
Күлкүсү көп болсун менин сүрөтүм…

Бул саптардын ыргагын шыдыр келтирип, тыбыштарды үндөштүрө башкачараак жазса деле болмок, мисалы:

«Түнөрүңкү жүрөсүң дейт көргөндөр –
Ачык-айрым, шайыр болсун сүрөтүм», —

деп. Боз Торгойдун калеми курчуй электигинен уңгулаш сөздөрдү («көп», «күлкү», «мен») кайталап калганбы? Же атайылап басым жасап, кошумча маани бериш үчүн ушинткенби?..

Кийинки саптарды окуганда, лирикалык кейипкер өзү да чыгармачылыкка, тактап айтканда, сөз өнөрүнө жакын экендигин баамдайбыз:

Ачык түстүү сөздөн болсун боЁктор[1],
Сөз тирилтет, сөздөр кайра өлтүрөт…
Жасалмасыз болсун – арзан болбосун,
Арзан сөздүн аз мөөнөттө өңү өчөт…

«Ачык түстүү» сөз айкашы «Күлкүсү көп болсун менин сүрөтүм» деген биринчи строфадагы саптын маанайына үндөшүп тургандыгы жакшы. Бирок калган саптар Сөз жөнүндө айтыла, жазыла берип жалпыга тааныш болуп калган ойлорду эле кайталап койгон жокпу?..

Эгер акыркы кош сап болбосо, бул ыр жазыш үчүн эле жазып коюлгандай таасир калтырмак экен:

«Сүрөтүмдү бүгүн кандай тартасың:
Сөздөр – боЁк, аткан таңдар – ак барак?..»

Демек, бул ырдагы кеп адамдын портретин сөз менен тартып берүү эле эмес, жашоонун өзүн чыгармачылыктай өнүмдүү, маани-маңыздуу жашап өтүү жөнүндө экен. Ушул кош сап бул ырды башка кемчиликтерине карабай окуп чыгууга арзыгыдай кылыптыр. Дурус. Бирок автор мындан алда канча жакшы жазышы керек. Жаза алат.

Сүрөт темасына тиешелүү дагы бир ырды окуйлу:

«Дүйнөмү өзүмө өзүм түзүп алган,
Ирээттеп кайра баштан карап көрдүм:
Мен кымбат көрүп жүргөн адамымдын
Арзандап баасы кыйла төмөндөптүр…

Жакын деп жүргөндөрүм алыс кетип,
Жанымда жат адамдар өздөй жүрөт.
Кооздоп тарткан экем бир адамды –
Ал азыр дубалдагы муздак сүрөт…»

Бул ырдын башындагы жана эң акыркы кош саптар мыкты жазылыптыр.

Ырас, катташпаса жакын тууган жат болот дегендей, реалдуу турмушта өз ара күйүмдүү мамиле болбосо, сүйүү да, достук да сакталбайт. Бирок…

Ырдын төртүнчү сабындагы сөздөр («Арзандап баасы кыйла төмөндөптүр») товарга карата өтө көп колдонуларын эске алуу керек эле. Ушул турушунда бул сап адамды да акчасына, байлыгына, кызматына ж.б. карай «баалагандарды» элестетет. Ошондуктан муну кайра иштеп чыгып, кийинки эки саптагы ойду тереңдеткидей бир строфа кошумчалаш керек деп ойлойм. Антпесе, лирикалык кейипкердин бейнесине көлөкө түшүп калган сыяктанат.

Эми Боз Торгойдун кыйла чыйрак жазылган башка ырларынан келтирип, сөзүмдү дагы бир кулак кагыш менен аяктайын. Борис Пастернактын айрым ырларынын бир нечеден варианты сакталыптыр. Адабиятчылар ал тексттердин ар бирин толук бүткөн, эч кынтыксыз мыкты чыгарма деп баалашат. Бирок акын алардын ичинен бирденин гана тандап, китептерине кошкон экен.

Автордун кыргыз поэзия мейкиндигинде уккулуктуу сайраган чыныгы Боз Торгой болуп чыгышын башка окурмандардай эле тилеп, бул мүдөө ишке ашырылышы үчүн чыгармачылыгына талапты катуу коюшу, көп окуп, издениши зарылдыгын эсине сала кетем[2].

Боз Торгой

Муздак жамгыр
Жамгыр, бүгүн тамчыларың мупмуздак,
Карга айланып кетээриңден күмөн жок.
Коркпо, мени муздактыгың үшүтпөйт,
Мага өзүң муңдаш-сырдаш курбум бол?…

Кол чатырым алган жокмун атайы:
Көз жашыма ээ боло албай кулатсам,
Жашым эмес, сенин тамчың көрүнсүн,
Көз карашка бир таң кала[3] узаткан…

Коркпойм эртең суук тийип ооруудан,
Денем ысып, эки күндө айыгам,
Айыга албас башка ооруга чалдыккам,
Сынып калган ишенимдин айынан…

*   *   *
Жамгыр, жамгыр, дагы жамгыр – анан жаз,
Тамчы, тамчы, дагы тамчы (же көз жаш?..)
Дүйнөмдү ээлеп тилсиз, үнсүз жалгыздык,
Жакындарга өзмүн өзүм… дүйнөм жат…

Шам болдумбу жарык берген түгөнгөн?
От болдумбу өрттөгөн же өрттөлгөн?
Кыйылдымбы кышта, мүмкүн күзүндө –
Тамырмынбы жазда кайра көктөгөн?…

Көлөкөмдө корголгондор аптапта,
Күндүн буга кереги жок дешиптир.
Түшүндүрбөйм, айтпайм мен да дүйнөмдү!
…Унчукпоомду макулдук деп чечишсин…

(Өзөк ойду сырдуу бойдон калтырыш үчүн ыр ушундай аяктаганбы же уйкаш кубалап, ыргактын күүсү менен эле мааниси бүдөмүк саптар тизилип калганбы? – Ж.Турдубаев)

*   *   *
Жашыл, кызыл жарыктарга тескелген
Баягы шаар, сен билбеген көчөлөр…
Кечиксе жаз, адашса кыш – көнүмүш,
Шаңдуу, шаттуу бизсиз өткөн кечелер…

Ушул шаардан түмөн-түмөн эл баткан,
Кээде-кээде жоготкондо ордумду,
Чатырынан бийик-бийик үйлөрдүн
Учкум келсе – коё бербе колумду?…

Коё бербе, кармаба да… Керексиң
жолдо чукул, кадамдарда бурулуш.
Капастагы канат мага керексиз –
Сага керек коштоп учкан эркин куш…

(Бул ырда сызыкча менен дефис айырмалабай коюлган жерлерин оңдодум. – Ж. Турдубаев)

*   *   *
…Мага эми кимдердин ким экендиги
маанисиз. Өткөн өттү, кеткен кетти…
Мен билбей, мени билем дегендердин
билгеним – бир өмүргө кечигиши…

Ыйымды күлкү менен жашырам да,
Күлгөндө көз жашымды кошо күлөм.
Башкалар төмөндүктөн тастыкташты:
Куласам эми кулайм бийигимден…

Урунуп канатымды тытсам дагы,
Өз эрким менен түшкөн капасыңда.
Эркиндик – каалаганда учуп чыгуу,
Эссиздик – мейкиндиктен кайтуу анан…

Мен үчүн бекилбеген ичтен, сырттан,
Барымда, жогумда да чайпалбаган
Төрүңө келгем – төрдөн узатылам,
Же өздөй орун табам улагаңдан…

(Айтмакчы, макаланы жазып бүткөнүмдө, Боз Торгой орус тилине которулган ырларын мага жиберди – арасында бул жердегилерден кыйла жакшы жазылгандары бар экен. Ал ырларды өзүнчө жарыяла деп Олжобайга сунуштайм. – Ж.Турдубаев).

[1] Лингвистикалык кыстырма: Окурмандардын көңүлүн буруш үчүн «Ё» тамгасын атайылап чоңойтуп койдум, анткени автор мунун ордуна «е» деп жазыптыр. Бул катаны кайталагандар көп болгондуктан, түшүндүрө кетейин: орус тилинде «ё» тамгасынын ордуна «е» деле жазыла берет да, сөздөгү ордуна карай катасыз окулат. Бирок кыргызчада андай эмес экендигин эске алуу зарыл.

Ырлардагы тыныш белгилердин коюлушун да оңдоп чыктым. Көпчүлүккө бул майда-бараттай көрүнүшү мүмкүн, бирок кеп интонациялык басым келген жерлерге сызыкча, кош чекит, үтүр ж.б. коё бербеш керектигинде эмес. Ырды жөн гана «көркөм окуп» коюу опоңой, анын ичкериде катылган маанисин, ал тартуулай турган маанайды жетик кабылдоо көбүнчө кыйын. Окурман ушул «майда-баратка» алагдыланбай, ырдын өзүн бүтүн кабылдай алышы үчүн ар бир тыныш белгисин сарамжалдуу колдонуш керек.

[2] Ушул жерден бир жагдайды белгилебей коё албайм: адабиятта автордук субъективизм деген көрүнүш бар (дал ушундай термин колдонула элек болушу ыктымал; бирок мындай учурлар кеңири эле талдоого алынып жүрөт). Автор өзү айтмакчы, туюнтмакчы болгон ой, маанай өзү толук түшүнгөндөй, өзү терең билгендей деңгээлде окурманга да жетет деп ойлошу мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, сөздөрдүн, сөз айкаштарынын тийиштүү контекстте (ыр сабында, строфада, синтаксистик татаал бүтүндүктө) ээ болгон объективдүү мааниси кыйла башкача чыгышы же автордун оюндагыга такыр туура келбей калышы ыктымал. Мындай болбошу үчүн автор башкалардын чыгармаларын, алар жөнүндө мыкты адабиятчы, сынчылар жазган макалаларды, китептерди; адабият таануу боюнча эмгектерди, ошондой эле лексикология,  морфология, фразеология, синтаксис, стилистика боюнча окуу китептерди; синонимдер, фразеология, түшүндүрмө ж.б. сөздүктөрдү окуй жүрүшү кажет.

[3] Анча-мынча оңдолгон жерлерин курсив менен белгиледим; автор тыныш белгилердин коюлушун мурдагысы менен салыштырып карап чыкса, эмне үчүн жылыштырганымды, мындан эмне өзгөргөндүгүн түшүнүүгө аракет кылса жакшы болор эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.