Венгер эл жомогу: Иштегин мышык, иштегин!

Бир жигит кембагал болсо да байдын кызына баш кошот. Баары жакшы болот, бир гана жери үйлөнөрдүн алдында кыз ага “сага турмушка чыксам аялдай болуп үй жыйнап, тамак жасап, оокатыңды кылбайм, баарын өзүң жасайсың, урбайсың, тилдебейсиң” деген шарт койот. Жигит буга макул болот. Аялы менен үйү толо сеп келгени менен мындан жигитке кайдан жеңилдик. Баягыдай эле талаа-түздө баш көтөрбөй иштеп жүрөт. Же үйгө келгенде тамагы жасалуу, төшөгү салынуу болсочу. Ошентип мындай жашоодон бат эле тажайт. Аялынын “иштебейм” деген шартына көнгөнүнө өкүнөт. […]

Сулaймaн КAЙЫПОВ: Кыргыз эли жөн эл эмес, Aйтмaтов жөн жaн эмес

Кыргыз эли – кудaйдын мээри түшкөн оомaттуу эл. Aнтпесе, кечээ XX кылымдын босогосунa этек-жеңин делбиретип, эндей бойдон, aты жaнa боз үйү менен гaнa кирип келген көчмөн элдин, кудaй берген көрөнгөсү болбосо, бүгүн мынтип, өз aлдынчa эгемен өлкө болуп, кaтaрдa туу желбиретип турушу мүмкүн беле; бир жaгынaн болбосо, бир жaгынaн дүйнө элин тaң кaлтырып, “кaп десең, бизде мындaй неме жок, кыргыздa гaнa бaр” дедиртип, тaмшaндырып, кaйнaсa кaны кошулбaгaн пенделерди өзүнүн кaйгы менен сүйүнүчүнө ортокотош кылып aлa aлышы ыктымaл беле. Жок, aлибетте! […]

Сагындык ӨМҮРБАЕВ: Канаттуу жигит

АҢГЕМЕ Өнөр, бакыт жөнүндөгү өткөндөгү адамдардын түшүнүгү түштөй, анчейин көргөн түштөй гана бүдөмүк бүлбүлдөп, өнөрлүү, бактылуу болуу жөнүндөгү алардын таттуу тилеги кыйкырса үн, сунса кол жеткис күлүк кыялдай элес-булас, жарк-журк этип жеткирчү эмес. «Өнөр, бажыт» деп кылымдар бою таңдайы так катып өткөн ата-бабанын таттуу үмүтүнө алардын күлүк кыялы, тунук оюнан жаралган «Учуучу килем» өңдүү жомоктор айгак экени айдан ачык ко. Албетте, өткөн ата-баба «Учуучу килемди», «Сыйкырдуу күзгүнү», «Жер тыңшарды» күлүк кыялынан, тунук оюнан өздөрү жаратып, өздөрү айтып, өздөрү угуп: «атаганат […]

Афина БАКИРОВА: Көмүскө жашоом ыйык эл билбеген

Өзүн тапкан акын аз. Айрыкча бүгүн. Бүгүнкү сүрмөтоп акындар дээрлик окшош. Бирин бири кайталагандан жадай элек көбү. Бирөөнү бирөө тууроодон уялбайт дагы. Демек алар өздөрүн таба электир. Ал эми Афина Бакированын биз жарыялап отурган ырларындагы купуя сыр, жөн эле көз жүгүртүп окуп койбой турган саптары жыш кезиккен байыстуулугуна көңүлүбүз курсант болду. Ышкыдар көңүл күүсүн чертер поэзия демин сезген калемгер катары кыйла жетилиптир. Биз муну Афинанын секелек курагынан берки чыгармачылык өсүшүнө дайыма сереп салып, акындын өзүн жакындан билгенден улам кеп кылгандагыбыз. […]

Азис НЕСИН: Мен өз бактым үчүн сизге милдеттүүмүн

АҢГЕМЕ – Кымбаттум, мен бир аял менен тааныштым. Ал эми бир укмуш жан экен! – Ал ошончолук сулуубу?! – Сурайсың! Мына, кара, бул анын сүрөтү. – Чындыгында эле сулуу экен!.. Бекем карма, колуңдан чыгарып жибербе. – Жок ай!.. Менин ага болгон сезимимдин кандай жалындап жатканын сен билбейсиң да! – Алчы, анын сага мамилеси кандай? – Түзүк эле… – Ылдамда, анын жүрөгүн тезирээк ээле!.. – Аракеттенем да. *   *   * – Кандай? Эмне жакшы кабарың бар? – Баары сонун… Жакында мен […]

Конкурска: Айтматовдун “Жамийла” повести: тарыхый – адабий экскурс

№12 Чыңгыз Айтматовдун адабий Олимпке карай жолу анын “Жамийла” повестинен башталганы коомчулуктун эсинде. Бир караганда шыдыр кеткенсиген ошол жолдо илгери үмүт жаш автор ийгилик эйфориясы менен бирге, кордолуу ызасын тартканын элдин билгени бар, билбегени бар. Мындай жагдайга, сыягы, Ч.Айтматовдун “Обон” деген аталышта кыргызча жазылган, бирок эч жерге басыла элек белгисиз повести “Жамийла” деп аталып, 1958-жылы орус тилинде, Союз кезиндеги эң авторитеттүү “Новый мир” журналынын №8 санына жарыяланып кеткени себеп болду көрүнөт. Мындай жоромол повесттин тегерегиндеги окуянын андан ары өнүгүшүнөн улам […]