№12

Чыңгыз Айтматовдун адабий Олимпке карай жолу анын “Жамийла” повестинен башталганы коомчулуктун эсинде. Бир караганда шыдыр кеткенсиген ошол жолдо илгери үмүт жаш автор ийгилик эйфориясы менен бирге, кордолуу ызасын тартканын элдин билгени бар, билбегени бар. Мындай жагдайга, сыягы, Ч.Айтматовдун “Обон” деген аталышта кыргызча жазылган, бирок эч жерге басыла элек белгисиз повести “Жамийла” деп аталып, 1958-жылы орус тилинде, Союз кезиндеги эң авторитеттүү “Новый мир” журналынын №8 санына жарыяланып кеткени себеп болду көрүнөт.

Мындай жоромол повесттин тегерегиндеги окуянын андан ары өнүгүшүнөн улам чыгып жатат. Айтса айтпаса төгүнбү, бирин-серин аңгемелери жана повесттери чыкканы болбосо, эч кимге белгисиз, этибарга алынбай жүргөн автор М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтун бүтүп-бүтпөй жатып, совет адабиятынын көрүнүктүү, бедели бийик өкүлү. А.Твардовскийдин купулуна толуп, камкордугуна алынды жана 1958-жылы 14-25-сентябрда кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн декадасында жогору бааланды.

Ал аз келгенсип ошол замандагы ашкере кадырлуу жазуучу М.Ауэзов “Жолуң шыдыр болсун” деген макаласын “Литературная газетанын” 1958-жылдын 23-октябрындагы санына жарыялап жиберди. Ошого удаа “Жамийла” повести баштапкы “Обон” деген аты менен “Ала Тоо” журналынын 1958-жылдагы № 10 санына басылды. Ошол эле жылы 13-ноябрда, Кыргызстан жазуучулар союзунун Президиумунун отуруму декаданын жыйынтыгын карап, бир топ пункттан турган токтом (№26) кабыл алды. Токтомдун бир пункту декадага катышкан кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын инсценировкалоону жана экрандаштырууну сунуштаган СССРдин маданият министри Михайловдун катынын негизинде киргизилген.

Экрандаштырууга сунушталган 13 чыгарманын бири – Ч. Айтматовдун “Жамийла ” повести болгон. (фонд 56, опись 10, Eд.Хранения 447, стр. 113) Анан бийлик менен совет адабиятынын ниети түз өкүлдөрү таланттуу авторду минтип камкордукка алып жатса, анын жаңы повестине байланышкан жагымдуу имиш-имиштер көбөйгөндөн көбөйүп баратса, өздөрүнүн классик экенине өтө ишенип алышкан кыргыз жазуучуларынын ичтери күйбөй коймок беле? Ошо ичи күйгөн үчүн көрө албастык, тыңыраак чыккандарды ар кандай жол таап мүдүрүлтүү түшүнүгү менен жашаган, акыл чабыты чектелүү, түркөйчүлүктүн рецидивтеринен арыла элек адамдардын тобу басынтар башка шылтоо таппай, 1959-жылы 16-январда Кыргызстан жазуучулар союзунун партиялык чогулушунда, Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестинин тили деген маселени карашкан дешет Партиялык жыйналышта адабий чыгарманын каралып жатышы өтө кооптуу.

Анткени анда каралган чыгарманын же анын авторунун тагдыры ар кандай чечилип калышы мүмкүн экенин тарыхтан билебиз. Анын үстүнө “эл душманы” деп жазыксыз күнөөлөнгөн атасы жаңы эле реаблитацияланган Чыңгыз Төрөкулович үчүн мындай жыйналыштын чечими өтө оор болмок. Сыягы М.Ауэзов Ч.Айтматовдун чыгармасынын тегерегинде ич тардык, жээрүү, басынтуу атмосферасы түзүлүп калганын сезгенби же кабардар беле, айтор, макаласында “Жамийланы” кыргыз прозасынын кыртышындагы жаңы кубулуш, анын авторунун профессионалдык маданияты бийик, ал кылт эткенди кылдат байкаган сүрөткер деп бекеринен озунуп белгилебептир. Анын мындай аракети сейрек таланттуу авторду ага асылгандардан арачалап калуу максатында жаралганын туура баамдаган белгилүү орус адабиятчысы З.Кедрина кийин өзүнүн бир макаласында: “Мухтар Оморханович конкретүү бир жазуучуга арналган макаланы сейрек жазчу”, — деп айтканы бар.

Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестинин тилин карап, талкууга алган ошол партчогулуш жөнүндө үзүл-кесил маалымат көчүп-конуп жүрөт. Анда каралган маселе тагыраак кандай деп атаалары белгисиз. Чогулушта чыгып сүйлөдү  деген 23 адамдын кимдер экенин жана алар эмне деп сүйлөдү – аны билүүгө мүмкүн болбоду. Анткени кыргыз жазуучуларынын партчогулуштарынын аталган жыйынга тиешелүү материалдары, атап айтканда, 1947-1960-жылдардагы документтери, эмнегедир архивде жок болуп чыкты. Ошондуктан чогулуштун резонансы катары айтылып калган “аскерде жүргөн күйөөсүн таштап кеткен” деген моралист-коммунисттердин сөздөрүнө; “улуттун салтын билбейт” деген улутмансымактардын дооматтарына майдаланбай, Чыңгыз Төрөкуловичтин өз оозунан жазылып алынып жарыяланган немец жазуучусу жана котормочусу Фридрих Хитцердин маалыматына шилтеме жасоону туура көрдүк.

Анда минтип айтылат: “… повестим жарык көргөндө аттуу-баштуу өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абдан катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектигин, соцреализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи”.

Анан Ч.Айтматов “Жамийла” повестинин өз Мекенинде да, чет мамлекеттерде да чоң кызыгуу жаратканын, ага “классик” жазуучуларыбыздын гана сынтагып жүргөнүн, ошондой сынды өз кулагы менен бир партиялык жыйында укканын келтирет:

“Ошондо “классиктерибиздин” бири трибунага чыгып калды…

— Эртеден бери жаш жазуучуларды эмгекчилдик духунда тарбиялоо жөнүндө пикир алыштык. Бирок алар жаңылыш жолго түшүп алып, өзүлөрүнө жаңылыш пайдубал түптөп, адабиятты ууландырып жатса, кантип тарбиялайбыз?

Өткөндө командировкага Ысык-Көлгө барып калдым… жолдо кетип бара жатсам, аркаман бир арабакеч киши чыгып калды. … Бир маалда ал мага карап: “Сиз жазуучусузда,  Айтматовду тааныйсызбы? – деп калды. “Албетте, тааныймын,”- дедим мен. “Андай болсо ага аны аябай токмокторумду айтып койчу:”- дейт. “Эмнеге?- десем, ал айтат: «Жамийла жөнүндө бирдемелерди тантыраптыр. Эри фронтто жүрсө, башка бирөө менен качып кетет имиш. Ушундай китеп кантип жазылсын?! Мына, элдин пикири ушундай!» – деп улантты сөзүн “классик” жазуучубуз. “Мен элден уккандарымды гана сиздерге айтып отурам. Мына ошол жазуучу азыр биз менен буерде. Тилекке каршы, колубузда камчы жок. “Жамийладан” жей турган таягын мен азыр берет элем”,- деп сөзүн тамамдады.

Менин жан дүйнөмдү өрттөгөн ушундай сөздөрдү эмне кыларымды билбей, аргасыз тыңшап отурдум. Кишилердин баары мени карап, каткырып күлүп жатышты. Айрымдары мени түрткүлөп, чымчылап да жиберди. Кээ бирлери болсо:

— Туура, мындайларга токмок гана керек! Элди бузган ушулар! Бул буржуазиянын тааасири; Тап душмандары ушулардан баш көтөрөт! – деп кыйкырат.

Аларга жооп бербей, аргасыз күлүп гана кутулдум. Бирок чындыгында, мындай окуя менин көңүлүмдө өмүр бою калды…» (Ч.Айтматов. Балалык. Бишкек, 2014, 106-109 б.б.)

Эскерүүгө караганда партчогулушта повесттин тили жөнүндө сөз деле болбосо керек деген ой келет. Эгерде сөз болгондо, аны  Чыңгыз аке айтмак. Болжолу ал жыйын таланттуу жазуучуну жарга такап, радикалдуу чара көрүүнүн эле амалы сыяктанат. Бирок “Жамийланын” оппоненттеринин, чыгарманын сюжети партиянын идеологиясына ылайык келбейт жана бул буржуазиянын таасири! Тап душмандары ушулардан баш көтөрөт!»- деген расмий түрдөгү чагымчыл саясый айыптары ансыз да «эл душманынын баласы» аталуудан тагдыры ууланган, андан жаңы эле кутулуп, жаркын жашоого кадам таштаган жаш жазуучуну чыгармасы аркылуу коогалаңдуу 37-жылдардагы репрессиянын стандарттуу беренесине такап жатканына арам ойдон алыс Ч.Айтматовдун өзөгү өрттөнүп, кордолуунун айтып бере алгыс ызасын тартканы ушу азыр да сезилип турат.

Анан аны окуп бүткөндө, повесттеги чийди аралай качып бараткан Данияр менен ак жоолугу анда-санда кылактаган Жамийланы, арттагы жапайы сезимдерге уугуп, кан төккөндөн кайра тартпас куугундун жүрөктүн үшүн алган илебин сүрөттөгөн эпизод көз алдыга тартыла түшөт. Эгерде повесттин персонажы Осмондой ой жүгүртүүдөн алыстай албаган реалдуу турмуштагы галстукчан “куугунчулардын” ойлогон ойлору ишке ашканда, Ч.Айтматовдун тагдыры кандай болот эле? Муну элестеткенден коркосуң.

Ч.Айтматовдун сөзүнө караганда анын “Жамийла” повести бир эле партчогулуштагы талкуунун предмети болгон эмес окшойт. Атактуу жазуучубуз жөнүндө теңсинбеген маанидеги жана ич күйдүлүктүн сасыган түтүнүн “булаткан” сөздөрдү биз да угуп калдык. Кордолуунун канча бир ызасын тартып, жаны эзилгенине карабай, табиятынан айкөл, ички маданияты өтө бийик Ч.Айтматов алардын бирине да кек сактабай, атын да атабай өткөн экен. Биз да Чыңгыз акенин арбагын сыйлап, аны тымызын көрө албай ичинен түтөгөн адамдардын атын атап, кагазды булгабайлы.

Анткен менен “Жамийла” повестине тийешелүү айтыла турган фактылар да бар. Маселен, ошондогу чуулгандуу партчогулушка байланыштуу Интернетте: “Эки гана “жаш бала” — кийинки белгилүү сынчылар Камбаралы Бобулов менен Кеңешбек Асаналиев повестти жана анын авторун коргоого алган”, — деген маалымат жүрөт. Маалымат деген жүрө берет дечи, бирок повесть менен анын автору коргоого алгандай короо-жай же ЮНЕСКОнун тизмесине кирген маданий эстелик беле? Мындай “фактыларды жыйноого Айтматов таануучу, адабиятчы жана педогог Абдыкерим Муратов жардам бериптир”. Берсин, бирок болбогон нерсени болду деп жазып, тарыхый фактыны бурмалабаш керек эле. Анткени Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестине К.Бобуловдун макаласына чейин эле “Литературная газетага” адабиятчы Б.Зубавиндин (1958-ж, 16-октябрь), “Советская Киргизия” газетасына адабиятчы Р.Кыдырбаеванын (1958-жыл, 21-ноябрь) тамшануу мүнөзүндөгү пикирлери жарыяланган. Ал эми К.Бобуловдун макаласы 1959-жылдын 22-февралында “Советтик Кыргызстан газетасына”, Кыргызстан жазуучуларынын III съездине эки күн калганда басылган. Анда: “фронтто жүргөн күйөөсүн чанып, Жамийла Данияр менен качып кетти… Ал шайкелеңдик кылган жокпу… Же? Биз ушул талаш-тартыштуу суроого жооп берүүгө аракеттенип көрөлү”, — деген маселе коёт да, анан анын башкы мотиви катары Садыктын Жамийланы ала качып алганын жана Данияр менен Жамийланын ортосунда чыныгы сүйүү жаралганын карайт. Бирок Ч.Айтматовдун тилинде кээ бир жетишпегендиктер бар деген жыйынтык чыгарат. Ал эмне деген жетишпегендиктер экенин айтпайт. Анда тилинде жетишпегендиктери бар чыгарманы кантип түшүндү?

Экинчи бир “жаш баланын” – Кеңешбек Асаналиевдин Ч.Айтматовду “коргоого алган” макаласын библиографиялык көрсөткүчтөрдөн да таба албадык. Анын 1959-жылдын 24-25-февралында өткөн Кыргызстан жазуучулар союзунун III сьездине катышканы катышпаганы да белгисиз. Съездде жарыш сөзгө чыккандардын тизмесинде ал кишинин аты жок. Съездде жарыш сөзгө чыккандардын арасында К.Бобулов жүрөт. Бирок Ч.Айтматов жөнүндө ооз ачкан эмес. Ошончо жазуучунун ичинен жарыш сөзгө чыккан Т.Абдымомунов гана минтип айтыптыр: «Айтматовдун аңгемелерине көп сандаган окуучулардын жылуу-жумшак пикирлери айтылды. Ырас, Айтматов өсүп бара жаткан таланттуу жазуучу, бирок тил жагынан алганда бир аз мүчүлүштүктөр бар».

Бу киши да ал эмне деген мүчүлүштүктөр экенин сомолоп  болсо да айткан эмес. Тил маселесин биринен сала бири минтип айтып түгөтө албай жаткандарына караганда, атырылып чыккан ашкере талантка эптеп шылтоо таап, көө сүйкөөнүн  эле аракетиби деген ойдо каласың. Ушундай окуялардын фонунда Интернетте жүргөн (стили сакталды) айтматов таануучунун: “Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести кыргыз адабиятчылары Кеңешбек Асаналиевдин сөзү менен айтканда “чыгармачылык бешенесин ачкан жаш кезинин шедеври, колго бир тийген асыл заты”, Камбаралы Бобуловдун айтуусунда “сүйгүнчүктүү чыгармасы, көкүрөк баласы, айдыңдуу талаада эч кимден тартынбай бардык үнүн созуп ырдаган жаштык ыры,” – деген саптарын окуганда, авар элинин кеменгер акыны Расул Гамзатовдун перестройка убагында жулунуп бийликти “шыбаган” демократтарга карата: “Тигил жактан пулеметтун атпай турганын билип алышып, Александр Матросов болобуз дегендер көбөйдү,” – деген керкакшыгы эске тушөт.

Анын сыңарындай, Советтер Союзунун жана дүйнөнүн жазуучулары менен адабиятчылары жана расмий бийлик Ч.Айтматовду кастарлап, мактап жатса, кызыл тилди сайратып, эпитеттерге, салыштырууларга жык толгон мындай саптарды жазып салыш оңой. Эгерде ошол “эки жаш бала” партчогулушта жабыла “ташбараңга” алып жаткан жазуучуларды тик карап, “Жамийланын” авторунун таламын жаалданып талашкан болсо, аны Чыңгыз Төрөкулович айтат эле. А киши башканы унутса да башына ошондой мүшкүл түшүп турганда калыс пикирин билдирген адамды эзели эсинен чыгарбайт болчу.

30-жылдары жогорку бийликке пикирин тартынбай айтып алган кыргыздын ашкере таланттуу акыны Жоомарт Бөкөнбаев камала турганын билип, качып кетет экен. Жазуучулар союзунда аны партиядан чыгаруу жөнүндө маселе каралганда, өзүнүн эле бирге жүргөн калемдештери аны бир добуштан колдошуптур. Борбордук комитет жергиликтүү бийликтин чечимин жокко чыгаргандан кийин ишке келген Ж.Бөкөнбаевдин: “Бул эмне кылганыңар? Жок дегенде бир киши чыкпадыбы мени коргогон?” – деп жаны сыздаганын раматылык Кубанычбек Маликов айтып калчу эле.

Ошондон он беш-жыйырма жыл өтүп-өтпөй дагы бир партчогулушта кыргыз элинин атын алыс-жакынга угуза баштаган Ч.Айтматов кордолуп, басынтылып жатканда, ошол жоон топ жазуучулардын ичинен жок дегенде бирөөсү калыстык кылбаганы ичти өрттөйт.

К.Бобуловдун макаласы жарыялангандан эки күн өткөндөн кийин, 1959-ж. 24-26-сентябрында, Кыргызстан жазуучулар союзунун ІІІ съезди болуп өттү. Ага союздук республикалардан делегаттар катышты. Негизги докладды союздун төрагасы Азиз Салиев жасады. Докладда анча деле айта тургандай сөз болгон жок. Докладдын “Далилдүү жана иштиктүү сын үчүн” деген 4-бөлүгүндө жазуучулардын “Жамийла” повестине карата айтылган партчогулуштагы тенденциялуу сындарга баа берилиш керек эле. Ал сьезддин прерогативасы эмеспи. Бирок Ч.Айтматовдун оппоненттери да, башкалары да эч нерсе болбогондой аны бир добуштан Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгынын курамына киргизишти, Президиумга шайлашты, “Литературный Кыргызстан” журналынын редакторлугуна бекитишти.

Ч.Айтматовдун повестинде “тил жагынан жетишпегендиктер”, “тил жагынан мүчүлүштүктөр” бар деген дооматтардан улам мындай ой келет: тилге байланышкан маселе эмне үчүн анын мурда кыргызча жазылган чыгармалары жарык көргөндө чыккан эмес? Эмне үчүн андай дооматты “Жамийла” повести жарык көргөндөн кийин айта башташты? Балким, бул алардын мындан ары Ч.Айтматовдун деңгээлиндегидей чыгарма жарата алышпасын сезгенинен жана анын чыгармасынын кыргызчасы начар, орусчага оңдоп-түзөп которулганы үчүн гана мыкты көрүнүп жатат деген сөз таратып, ошол аркылуу коомдо анын беделин түшүрүүнү көздөгөндөн улам чыккандыр?

Ошентсе да калыстык үчүн, ошол дооматтар канчалык чындыкка жакын экенине ишениш үчүн архивден “Ала Тоо” журналынын 1958-жылдагы №10 санына “Обон” деген алгачкы аталышы менен басылган “Жамийла” повестинин кыргызча вариантын карап чыктык. Журналдык варианттын 1977-жылы “Кыргызстан” басмасынан чыккан “Жамийла” повестинен айырмасы жок. Чыны, биз дагы журналдык варианттан “жетишпегендиктерди” жана мүчүлүштүктөрдү кезиктире албадык.

Кызыгы, ошол журналдан дагы бирөө “мүчүлүштүктөрдү” издегенби, айтор, андагы айрым абзацтарды карандаш менен төгөрөктөп чийип, канча сөз экенин жазып, айрым айтылыштардын астын чийип, айрым сөздөрдү оңдомуш болуптур. Маселен, Орозмат бригадир менен Жамийланын кайненесинин диалогундагы: “Э, Сейит, сен кандай дейсиң. Бу апаң Жамийлага араба айдаталы деп жатсак, көнбөй жатат, өзүң айтчы…”- деген сүйлөмдөгү “деп жатсак” дегенди “десек” деп оңдоптур. Ушундан улам ошол мезгилдеги окурмандардын, ал түгүл жазуучулардын да, көркөм чыгарманы кабыл алуу жана интерпретациялоо деңгээли боолголоп божомол айтууга аргасыз кылат.

Белгилүү го, көркөм чыгарма уюштурулушу татаал бүтүндүк. Чыгарманын ички структурасын таанып билүү зарылчылыгы ошондон келип чыгат, атап айтканда, анын түзүмдөрүнүн айрымдарын бөлүп көрсөтүүдөн жана алардын ортосундагы байланышты аңдап түшүнүүдөн башталат. Ошолор эске алынбаса, чыгарма жөнүндөгү ой жүгүртүүлөрдүн далилдөө базасы начарлап, ал эмпиризмге алып келет. Натыйжада, биздин көркөм бүтүндүк жөнүндөгү түшүнүгүбүз жардыланат.

Көркөм бүтүндүктүн же көркөм чыгарманын структурасын түзгөн түзүмдөрдүн бири – көркөм сөз, көркөм речь. Ал адабияттын биринчи элементи, анын образдуулугун алып жүрүүчү материал. Сүрөттөлгөн дүйнөнүн бардык деталдары сөз менен белгиленип берилгенде гана көркөм мүлк катары жашоосун улантат. Ал эми чыгарма белгилүү бир улуттун тилинде жазылат. Жазуучу чыгармасында ошол жалпы улуттук тилдин байлыгын, сүрөттөө-туюндуруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланат.

Ч.Айтматовдун оппоненттери ушуларды эске алса болмок экен. Эгерде жазуучу жазып жаткан тилин жарытылуу билбесе, көркөм чыгарма жарата албасы айтпаса да түшүнүктүү. Ал эми ошол тилдин сүрөттөө-туюндуруу мүмкүнчүлүгүн чебер пайдалана албаса, чыгарманын мазмун, формасы ыдырап, көркөм бүтүндүк жөнүндө сөз да болмок эмес. Бирок Ч.Айтматовду аңтара изилдеген кыргыз адабиятчысы К.Асаналиев, белгилүү орус адабиятчысы З.Кедрина көп өтпөй “Жамийла” повести мазмун формасы төп келишкен ашкере ажарлуу чыгарма деп жазып чыгышты го? Демек, бул “Жамийла” повестинде Ч.Айтматов кыргыз тилинин лексикалык жана стилистикалык мүмкүнчүлүгүн рационалдуу пайдаланган дегенди билдирет.

Тилдин архаизм, неологизм, варваризм ж.б. лексикалык катмарларын, тропторун, синтаксистик ажарлуулугу сыяктуу көркөм каражаттарын чеберчилик менен колдонгондо гана жаңырып чыккан сөздүн жандуу интонациясы предметтик түр алып, чыгарманын структуралык түзүмдөрүнүн  ички байланыштарында бири бирине төп келген гармония жаралат.

Жогоруда биз Орозмат бригадирдин сөзүн мисалга тартканбыз. Кээде адабий  персонаждын речтик мүнөздөмөсү дегенди анын айткан-дегендери, ойлору менен аралаштырып жиберишет. Чынында персонаждын речтик мүнөздөмөсү деген такыр башка. М.Горький ошондон улам минтип жазып жатпайбы: “Дайыма эле эмне деп айткан маанилүү эмес, бирок дайыма кантип айткан маанилүү.” Персонаждын речтик мүнөздөмөсү так ушул “кантип” дегенде – речтик манерасында, анын стилистикалык шөкөттөлүшүндө, лексикасынын мүнөзүндө, интонациялык-синтаксистик конструкциясынын курулушунда ж.б. Эгерде ушул аксиомадан чыксак, персонаждын речтик мүнөздөмөсүн оңдоп, сулуулап жиберүүгө болбойт экен.

Ч.Айтматовдун оппоненттеринин ага койгон дооматтарынын дагы бири – Жамийланын “фронтто жүргөн күйөөсүн таштап, башка бирөө менен кетип калганын” жазганы болду, ошону ондогон жылдар бою ооздорунан түшүрүшкөн жок. Алар ошончолук эле ак жүрөк моралисттер экен, анда эмне үчүн жадакалса жөндөп катын ала албаган Садыктын мыйзамга да, салтка да жат жапайылыгын айтышпайт? Мындай чектен чыккан жоруктун ошол учурдагы адабий коомчулук тарабынан тиешелүү баасын албаганы өтө өкүнүчтүү.

Кыргыздарда аял алып, үй-бүлө күтүүнүн кылымдар бою сыноодон өткөн стандарты болгон. Ошого ылайык эл арасында баланы үйлөндүрүүнүн, кызды күйөөгө берүүнүн “бел куда”, “карын куда”, “сөйкө салуу” сыяктанган салттары колдонулган. Ошондой кудалашуу ритуалынан соң кызды “колукту” же “калыңдык”, жигитти “күйөө” деп расмий жарыялашкан. Эгерде кыз (калыңдык) макулдук берип же зордолуп башка бирөөгө кетсе, кыздын ата-энеси алган калыңын эселеп кайтарган, ала качкан баланын ата-энеси жана уруусу салтты, убаданы аткарбагандыгы үчүн эң чоң айыпка жыгылган.

Ал эми күйөө болчуу бала кандайдыр себеп менен куда түшкөн колуктуусун албай калса, анын берген калыңы кайтарылган эмес. Бул жазылбаган заң-мыйзам көчүп-конуп тирилик кылган, бир кишидей биримдикте жашаган кыргыздардын үй-бүлөсүн ыдырап бөлүнүп-жарылуудан сактаган жана стабилдүүлүктү камсыз кылган.

Ошондуктан салт боюнча башы байланган кыз бармактайынан өзүн үй-бүлөлүк милдеттерди бекем сактоого, бала-чаканы багып өстүрүп, тирилик кылууга даярдаган. Мына ушулар кыргыз кыздарынын генетикалык эс тутумуна жадыбалдай жазылып, кынтыксыз иштеген системага айланган. Анан ата салты боюнча кудалык каада менен сөйкө салдырып же сүйлөшүп алгандын ордуна, Жамийланы малга окшотуп уурдаган Садык советтик мыйзамды, улуттук салтты бузган кылмышкер болуп жатпайбы? Ал Ата Мекендик согушка барса да, айылда жүрсө да кылмышкер. Анда Ч.Айтматовдун оппоненттери повесттин автору менен анын адабий персонажы Жамийланы күнөөлөп, Садыкты жактап жатабы?

Советтик мыйзам боюнча да, улуттук салт боюнча да Жамийланын Садыктан кетип калууга акысы бар. Бирок ал кеткен жок. Анын калып калганы – ушул бүлөнү, Садыкты жактырганынан же коркконунан болгон жок. Кыргыз аялдарынын генетикалык эс тутумунда илгертен түптөлгөн бейаң деңгээлиндеги үй-бүлө стереотиби жашайт. Ошого ылайык босогону аттап келген жаш келиндин өз бет алдынча кайра кетишинин алдын торогон салттык, нравалык, адамдык ж.б. тыйуу салуулар (табу) бар. Алар “Таш түшкөн жеринде оор” деген макалдан көрүнүп турат.

Анан калса Жамийла башка бүлөгө келин болуп келгенине карабай, өзүн бала эле бойдон сезип, инерция менен жашаган. Кагылып-согула элек жаш неменин түшүнүгүндө турмуш деген ушундай: кыз күйөөгө тийип, бирөөлөрдүн келини болот, бала төрөп, үй тиричилигин кылат ж.б.  Ошентип, беймарал жашап жүргөндө, адабиятчы М.Борбугулов туура белгилегендей, Осмондун оюн-чындан айткан адепсиз сөзү Жамийланын мүнөзүн өзгөртүп (“Ала-Тоо” журн., №8, 1984., 135-142 б.б.), биринчи жолу өзүнүн аял экенин сездирген. Жамийла ошондон кийин  балалыктын ойноок, баёо сезимдеринен арылып, жашоого башкача караган аял болуп чыга келген.

Ошондон кийин анын жан дүйнөсүн жабалактап ээлеп алган сезимдер мурда этибар албай жүргөн ойлорду ойготуп, кимдир бирөөгө эркелегиси келип, кимдир бирөөнүн жанында болушун каалаган. Бир жолу да эзилишип сүйлөшпөгөн күйөөсү менен жашаган күндөрүнө кыска түштөй моокуму канбаган , ушул убакка чейин көӊүлү эӊсеген сөздү укпаган. Жамийланын ушундай абалын белгилүү философ, саясый илимдердин доктору Ж.Сааданбеков австриялык психоаналитик З.Фрейддин “Эдип комплекси” теориясында негизделген беймазаланып чоочулоо (тревога) жобосу менен түшүндүрөт. Анан ушул оюн ырасташ үчүн ал Жамийланы Садык сүйөбү сүйбөйбү, мындан аркы өмүр жолум, келечегим кандай болот деген жан чыдагыс ойлордун азабын тарткан, социалдык тепкичтеги ордун, келечектеги кесибин, билимин ойлоп, такай кыжалаттанган адам кылып жиберет.

Ошолордун баары Жамийланын жан дүйнөсүндө беймазаланып чоочулоону, коркунучту жана жалгыздыкты калыптандырарын айтат, алардан коргоочу психологиялык механизмдерди санап өтөт (Ж.Сааданбеков. Философия Ч.Айтматова, Б., 2013, 51-52 б.б.).

Арийне, З.Фрейддин улуу окумуштуу экенин танууга болбойт. Бирок анын психоанализинин көпчүлүк жоболору дүйнөлүк атагы бар илимпоздор тарабынан негизсиз деп табылганын да эстен чыгарбашыбыз керек. Былк эткендин баарын биологияга такаган Фрейддин теориялары иш жүзүндө адамдан жасаган иштери үчүн жоопкерчиликти алып саларын ошолор далилдебедиби. Ал эми неофрейдисттердин бири, личносттун социомаданий теориясын изилдеген Карен Хорнинин айтымында, беймазаланып чоочулоо (тревога), Фрейд белгилегендей, адам психикасынын зарыл компоненти болуп эсептелбейт. Ал спецификалуу келет жана личносттор аралык мамиледе коопсуздук сезиминин жок болуп жатканына реакция катары гана пайда болот экен. Бул биринчиден. Экинчиден, Ч.Айтматов өзүнүн персонаждар системасынын композициясында масштабдуу ойлогон, көрүнүктүү каармандарды көрсөтөйүн деген эмес.

Ал кедеринен кеткен кунарсыз, мааниси жок жашоонун демейки аӊ-сезимге мүнөздүү драмасын, ошондой чөйрөнү жээрип, андан суурулуп чыкканга жөндөдүү адам мүнөзүн ачып берүүнү максат кылган. Бул нравалык тандоого байланышкан маселе. Муну беленделип берилген схема аркылуу ачып берүүгө болобу? Сыягы, аналитикалык психология мектебинин ири өкүлү Карл Юнгдун Фрейд менен пикир келишпестиги ушул либидонун ролун баалоодон чыкса керек.

К.Юнг  З.Фрейддин “индивидуалдуу бейаӊдуулук” концепциясына өзүнүн “коллективдүү бейаӊдуулук” теориясын каршы койгону белгилүү. Ошол бейаӊдуулуктун мазмунун түшүнүүдөн чыккан принципиалдуу айрымачылыктар алардын бири-биринен алысташына алып келген дешет. Фрейддин пикири боюнча бейаӊдуулук басылып чыкпай жаткан сексуалдык жана агрессивдүү каалоолордун очогу, ал эми Юнгдун пикири боюнча анда, бейаӊдуулукта, интрапсихикалык (ички дүйнөдөгү) күчтөр жана образдар жатат. Алар индивидумдун жеке тажрыйбасы эмес, алар жалпы адамзаттык тажрыйбанын кутучасы катары болот жана бейаӊдуулук жолу менен берилет экен.

Ошол баалуулуктар “бейаӊдуулуктун” өзүндө мурда эле, негизинен, мифологиялык “архетиптер” түрүндө болгон. Биз баарыбыз аны аӊдап түшүнбөй, ошол жалпы адамзаттык “архетиптердин” алып жүрүүчүлөрүнөн болуп эсептелет экенбиз. Гениалдуу сүрөткерлер гана ошол, “архетиптерге” куду бүгүнкү күндөгүдөй тур-түспөл берип, репродукциялоо жана “жандандыруу” жөндөмүнө эгедер. Жамийланын Даниярды тандашы, аны менен кетип калышы, сүйүүгө деген мамилеси ушундай аспектте трактовкаланганда ишенимдүүрөк болмок деп ойлойбуз.

*          *          *

“Жамийла” повестинин союздук масштабдагы жана дүйнөлүк адабияттагы триумфу 1959-жылы апрелде аны ири акын жана жазуучу Луи Арагон француз тилине которуп, ага баш сөз жазып чыгаргандан кийин башталды окшойт. 1959-жылы “Ала-Тоо” журналынын май айындагы санына анын повестке жазган баш сөзү кыргыз тилинде жарык көрдү. Ч.Айтматовдун андан аркы адабий тагдыры белгилүү, бирок алчы-таасын жеген европалык окурмандарга айрым улутташ калемдештери ары түртүп, бери түртүп кодулаган Ч.Айтматовдун чакан повести эмнеси менен жакты?

Алалап жаткандай кабыл алынбасын, чыны, мен өзүм бул суроого кенен-кесири жоопту Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө чет өлкөлүк басма сөздөргө жарыяланган макалаларды анализдеп жалпылаган Л.Ф.Строиловдун эмгегинен (Л.Ф.Строилов. Творчество Ч.Айтматова в западноевропейской критике. – Ф.: Кыргызстан, 1988); Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы көркөм ачылыштардын табиятын эргип изилдеген аты кеӊири белгилүү адабиятчы ф.и.д., профессор К.Асаналиевдин эмгектеринен алгам.

Ушуга кошуп Ч.Айтматовду ажарлантып изилдеген адабиятчы, философия илимдеринин кандидаты Калык Бокоевич Ибраимовдун гениалдуу макалаларын, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын дүйнөлүк адабияттын контекстинде чечмелеген ф.и.д. И.Ж.Лайлиеванын эмгектерин айтпасам өз уятыма чыккынчылык кылган болом.

Ырас, кийинки эки автордун эмгектери түздөн түз “Жамийла” повести жөнүндө эмес. Бирок алар ХХ кылымдын экинчи жарымындагы дүйнөлүк адабияттын көз талыткан горизонтунда мунарыктаган анын интеллектуалдык бейнесин жана тарыхый-маданий белгилерин көрүүнү көксөткөнү менен мен үчүн баалуу болгон.

“Жамийла” жарыкка келген 50-жылдар адабий процесс саясатташкан, дүйнө капиталисстик жана социалисттик лагерлерге бөлүнгөн, “кансыз согуш” (“холодная война”) башталган, саясый чөйрөдө аӊ-сезимди манипуляциялоо механизмдери күчөгөн; ал эми искусстводо – постмодернизм жана “массалык маданият” менен белгиленген “керектеме цивилизациянын” негизги параметрлери түптөлүп калган доор катары мүнөздөлөт.

Бул мезгилде көркөм чыгармачылыктын реалисттик жана модернисттик моделдерине негизделген параллел эки парадигма калыптанып калган. Аларды шарттуу түрдө “маданий керектелме” (концептуалдык — автордук) жана “массалык керектелме” (массалык беллетристика деп аталган адабий “индустрия”) адабият катары аныктаса болот.

“Маданий керектелме” адабият көркөм чыгармачылыктын реалисттик моделинде жаратылат. “Массалык керектелме” адабият реализм жана модернизм сыяктуу моделдерден тышкары эле өнүгөт. Анда моделдин функциясын автор тандап алган жанр (детектив, фэнтези, триллер, хоррор, сериал ж.б.) аткарат. Мындай чыгармалар адабий продукциялардын негизги көлөмүн түзөт, аларда эстетикалык принцип коммерциялык кызыкчылыктардын кысымында калат.

Дүйнөлүк катастрофалардын кылымына айланган ХХ кылымда гуманизм кризиске кабылып, ал реализмди да чарпып өттү. Ушундан улам адамга, анын айкөлдүгүнө жана кайрымдуулугуна карата ишеним кетти, эми ал Кайра жаралуу доорундагы гуманисттер эсептегендей, “бардык жандуулардын таажысы” делгенден калды, агартуучулар эсепетегендей, накта Акылдын өзү болууга жарабады. Ал эми адамдагы бейаӊдуулуктун ыпылас мазмунун кылтыйтып ачкан З.Фрейд ошол көӊүл калууну ого бетер күчөттү. Реализм принциптери гуманисттик концепцияларды бекемдеш үчүн жетишсиз боло баштады. Ошондон улам реалист-жазуучулар жаркын жашоонун романтикасына жана руху бай личностторго  ыктаган классицизмдин традицияларына да кайрылышты. Адамды чыгырмачылыктын реалистик манерасынын алкагында даӊазалоого реализмдин багыттарынын (сынчыл реализм, италиялык неореализм, латынамерикалык “магиялык” реализм) бири – социалисттик реализм жетишти. Соцреализм принцибин аӊ-сезимд карманган жазуучулар совет адабиятында бүткүл дүйнөгө белгилшедеврлерди жаратканын эч ким  тана албайт.

Искусствонун жандуу жана жемиштүү кубулушунан догматикалык системага айлана электе соцреализм жаӊы эстетикалык программа катары чет элдик жазуучуларга зор таасир тийгизген. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ушул көркөм методдун позициясына өткөн жазуучулар (Б.Брехт, Р.Роллан, А.Зегере, П.Элюар, Д.Рид, М.Андерсен-Нексе, А.Барбюс, Н.Хикмет, Лу Синь, П.Неруда ж.б.) бүтүндөй адабияттын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон. Луи Арагон да сюрреализмден кол үзүп, ушул социалисттик реализмге жакындашкан. Аны Ч.Айтматовдун так ошол реализмдин, романтизмдин жана соцреализмдин эӊ мыкты белгилерин гармониялуу биримдикте бере алганы өзгөчө суктандырган.

Ошондон улам ал “Жамийла” басылып чыккандан кийин “Леттр Франсез” адабий жумалыгына жарыялаган “Сүйө алуу жөндөмү” (“Способность любить”) аттуу макаласында “Жамийла” менен бирге чех жазуучусу Я.Отченашектин “Ромео Жульетта жана туӊгуюгун”, казак жазуучусу М.Ауэзовдун “Абайын” анализдеп жатып айтканы бар: “Мен өзүмө дагы үч китепти көрсөткөнгө жол берем… алардын ар бирине баш сөз жаздым. Ошо менен бир нерсени айтайын дегем. Тагыраак айтканда, ушул сүйүү жөнүндөгү баяндоолор бизди көшөрүп кайра алып келүүгө аракет кылып жатышкан эски индивидуализмге кайнаса каны кошулбаган адабияттын эӊ жогорку формаларынан экенин көрсөтүштү…”

“Бизге сүйүү жөнүндө айтып берүүгө реализм гана жөндөмдүү экенине ушул жаш жазуучунун чакан китепчеси эртерек күбө болсо деген зарылчылык чыкты, анткени мен сезе ала тургандай жана аны теӊ бөлүшүүгө даяр кылгандай сүйүү чыныгы сүйүү болуш керек, ал эми ошону сыпаттап сырдана кылган искусство реалисттик болуш керек. Анан жанагы, эгерде реализм социализмдин күнүнөн жарык алса, анда андай сүйүү сөзсүз соолуйт деген сөздөр карандай ушактын эле өзү. Иш жүзүндө баары тескерисинче болот. Демейки сүйүү тарыхына социалисттик идеал гана сүйүүнүн чыныгы күчүн берет.” (Л.Ф.Строилов. Творчество Чингиза Айтматова в западно-европейской критике – ф: Кыргызстан, 1988)

Коомдук турмуштун бардык чөйрөсү коммерциялана баштаган, личностту стандартташтыруу коркунучу күчөгөн жана адамдардын ортосундагы эӊ ыйык делген мамимлелер дискредитацияга учурай баштаган мезгилге туш болгон Батыштын окурмандарына, сыягы ушул чакан повесттеги адамды аздектеп айоого, аны жалгызсыратпай бооруна басып, кайгы-кубанычын эч нерсесин аябай теӊ бөлүшүүгө негизделген сүйүүнүн өзгөчөлөнгөн, эстен чыккыс драмасы таасир берсе керек. Бул “Жамийланын” эстетикасынын адам жан дүйнөсүнө тийгизген эмоционалдык, интеллектуалдык жана личносттук деӊгээлдеги таасиринин канчалык экенин айтып турат.

Чын эле, повесттин финалындагы Жамийла менен Даниярдын чий аралап качып баратканын сүрөттөгөн эпизодду окуп бүткөндө, аларды жүрөгүӊ сыздап аяган сезимдер оюӊдан да, боюӊдан да орун калтырбай, ээлеп алат. Анан ошол сезимдер улам-улам кайталанып, сенин мүнөзүӊө, түшүнүгүӊө, ишенимиӊе айланат. Көрсө, “Жамийланын” чек ара деген чекти билбей, континенттерди аралай чаап, адамдардын жашына, улутуна карабай жагып, жакын көргөн персонажына айланып жатканы, өзүнүн гениалдуу авторун жана анын кыргыз деген элин дүйнөгө таанытканы ошондон окшойт.

Ошон үчүн “Жамийла” повестин, “Штутгартер цайтунг” газетасы 2000-ж билдиргендей, Германияда үй-жайсыз адамдарга (“бомждорго”) үндү катуу чыгарып окуп берүү колго алынса керек (Ч.Айтматов. Без книги человечество потеряет себя. “Слово Кыргызстана”, 16.06.2000; дагы, Т.Аскаров. “Дулдул”. “Кыргыз Туусу”, 30.01 – 05.02.2004.)

Ч.Айтматовдун “Жамийла” повестин коомчулук сүйүүнүн ашкере ажарлуу тарыхы деп билишет. Бул темага жазуучунун чыгармачылык өмүрүн эргиген эмоция менен изилдеген Осмонакун Ибраимов да кайрылган, анын илимий байкоолору кызыктуу жана баса отуруп окуганга арзыйт. Бирок кээ бир пикирлеринде полемикалуу моменттер бар. Маселен, Интернетте жүргөн “Айтматов жана анын Джокондасы” деген макаласында беле, ал Чыңгыз Төрөкуловичтин өмүрүнөн алынган өзүнүн бир байкоосун бөлүшпөй коё албасын, жазуучунун үйүнө кирип-чыгып, пикир алышуу артыкчылыгы барын айтып келип, 1985-жылы анын Москвадагы квартирасында жазуучунун аялы жана акыркы Музасы Мария Урматовнаны көрүп, төрт тарабы теӊ келишкен ушул жылдыздуу аял куду эле повесттеги Жамийланын өзү экен деп тамшанат.

Арийне, адабий образдын реалдуу адамга окшоштогу болот. Баарыбыз жактырган персонажыбызды ошондой кабыл алабыз. Муну илимпоздор адабиятка “баёо-реалисттик” мамиле деп жүрүшөт. Бул турмуштук жана көркөм реалдуулук бирдей деп каралгандан чыгат дешет, демек, бул окурмандын деӊгээлиндеги кабыл алуу. Ал эми жазуучу ой-кыялында жараткан образ, илимий көз караш боюнча, реалдуу адамга караганда анда канча бай жана эч качан ага окшошпойт, анткени ал ойдун автономдуу кайталангыс белгилери бар продукциясы, чыгарманын көркөм системасында анын аткара турган функциялары бар.

Адабиятчы Г.А.Гуковскийдин пикири боюнча (Гуковский Г.А. Изучение литературного произведения в школе) абсолютка айландырган баёо-реалисттик мамиле чыгармадагы көркөм мүнөздүн жөнөкөйлөнүшүнө, жардыланышына алып келет жана аны искусство чыгармасы катары жок кылат. Ырас, ошол мамиленин чыгарманы алгачкы, окурман деӊгээлиндеги кабыл алуу процессинде зарылдыгы бар, бирок ал илимий анализдин методологиялык негизи болуп калбаш керек. Ал эми белгилүү адабиятчы О.Ибраимовдун көркөм чыгармачылыктын өзүнчө бир этабын жараткан көп кырдуу адабий персонажга текей теришкен теӊтушундай жеӊил-желпи мамиле кылганы быйыл мартта көзү өткөн гениалдуу физик, кезинде Ньютон менен Поль Дирак башкарган кафедраны жетектеген Стивен Хокингдин: “…мени Ньютонго же Энштейнге салыштыруу көзгө бат чалдыгууну самап, сенсациялуу образдарды издегендерге керек”, – деп айтканын эске салат.

“Жамийла” Ч.Айтматовдун жабыккан жан дүйнөсүнөн тамырлап чыккан, анын акыл-кыялына бышырылып кагазга түшкөн керемет образ. Анын түркүн ойлорду түрмөктөткөн көп кырдуу көркөм бейнесин ар ким ар кандай кабыл алат, ал баса отуруп баяндап берүүгө сөз жетпеген орошон сүйүүнүн туундусу экенин түшүнүшөт. Бирок бул сүйүүнүн ары жагында ойносо оюнга канбаган, сүйлөсө сөзү түгөнбөгөн жаш келиндердин алаамат согуштун кесепетинен күйөөсүнөн айрылган күйүтү; эми оӊолобуз деп турганда ойроӊдогон согуш чыгып эри набыт болгон жесирлердин өзөктү өрттөгөн кайгысы; чийедей балдары менен бийликтин кодулоосунан коркуп, айылдан айыл которуп, кордолуунун токсон тогуз тозогунан өткөн өз запасы Нагиманын жана башка миллиондогон аялдардын тагдыры жатат.

Эс тартып калганда ошолордун баарын өз көзү менен көргөн, кан жуткурган кара кагаз алгандардын күйүтүнө күбө болгон Ч.Айтматов ошол аялдардын күлбөй калган күлкүсүн, көрсөтө албай калган сулуулугун, жан жыргаткан шайырлыгын, гүл сымал ачылбай арманда кеткен сүйүүсүн ушул Жамийланын образы аркылуу берген десек жаӊылган болбойбуз.

Үңүлүп повестти окуганда анын көркөм тулкусунан аёого, боору оорууга, ашкере кечиримдүү, ашкере жоомарт сүйүүгө жык толгон мунайым интонация баштан аяк коштоп жүрүп отурат. Анан “Жамийла” повести дүйнөнүн үрөйүн учурган алаамат согуштун азап-тозогуна моюбай, адамдык асыл наркын сактап калган АЯЛ затына улуу жазуучунун көркөм сөз менен көркүнө чыгарып шөкөттөгөн эстелиги деп тартынбай айтасыӊ.

Быйыл “Жамийла” повестинин жарык көргөнүнө 60 жыл болот. Ушул датаны утурлап, биз фрагментардык түрдө болсо да, ага тийешелүү айрым моменттерди эскерип коюуну ылайык көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.