АҢГЕМЕ

Өнөр, бакыт жөнүндөгү өткөндөгү адамдардын түшүнүгү түштөй, анчейин көргөн түштөй гана бүдөмүк бүлбүлдөп, өнөрлүү, бактылуу болуу жөнүндөгү алардын таттуу тилеги кыйкырса үн, сунса кол жеткис күлүк кыялдай элес-булас, жарк-журк этип жеткирчү эмес. «Өнөр, бажыт» деп кылымдар бою таңдайы так катып өткөн ата-бабанын таттуу үмүтүнө алардын күлүк кыялы, тунук оюнан жаралган «Учуучу килем» өңдүү жомоктор айгак экени айдан ачык ко.

Албетте, өткөн ата-баба «Учуучу килемди», «Сыйкырдуу күзгүнү», «Жер тыңшарды» күлүк кыялынан, тунук оюнан өздөрү жаратып, өздөрү айтып, өздөрү угуп: «атаганат болсо?!»— деп тамшанышкан да, санаасы жетсе ал жеткен эмес. Бирок бир доордогу өздөрүнүн урпактарынын колунан бул иш акыры келерине ынанышкан да өздөрү ошо учуучу килемге түшкөндөй канагат кылышкан.

Бул жомоктор кылымдарды кыдырып келатса да, булар жөнүндө сан кайталанып ой жүгүртүлсө да бүгүнкү жаңылык сыяктуу кулакка жакын. Анткени бул жомоктор бүгүнкү күндө гана чындыкка айланып, кылымдар бою караан көргөзбөй келген күлүк кыялга адам бүгүн гана кууп жетип, анын канатында зуулдап, а түгүл кыялдын өзүнөн озо чаап баратпайбы! Эмне тилесе, эмнени эңсесе биздин күндө, биздин коомдо ага жетери айныксыз го.

Ана, күнү кечээ эле энесинин көкүрөгүн тыңшап ойноп, ден соолукка дитин койгон эселек— бүгүн врач. Үйдөгү бөбөктөрүнө арип тарттырып, тескеп эжейин туураган секелек — бүгүн мугалим. А тиги кагаздан модель жасап учуруп, асмандагы модель менен өзүнүн наристе кыялын кошо учурган тентек бүгүн учкуч! Ооба, кечээ эле кагаз моделин өз үйүнүн жанынан көкөлөтүп кубанган наристеге бүгүн биздин зор Мекендин түпсүз кең асманы анын өз үйүнүн чамгарагындай тааныш да, жакын. Анткени ага учкул канатты да, корккус жүрөктү да, кетилгис эркти да биздин коом, биздин өлкө берди.

Ыраакы Чыгыштагы биздин күжүрмөн чек арачалардын органы болгон бир газетадан тааныш өңдү, тааныш сүрөттү көрдүм. «Ырас эле тааныш өңбү, же?..» минтип ойлогонумча ал сүрөттүн жанындагы бадырайган жазууну көзүм чалды: «Тянь-Шандын канаттуу уулу». Ырас, жаңылган эмес экемин. Тааныш. Тааныш болгондо мага анын сүрөтү гана, иши гана. А өзүн көзмө-көз көрө элекмин.

Мындан сегиз жыл мурда ушул газетага ушул эле кийими менен учар алдында түшкөнүн көргөм, аты-жөнүн окугам: «Учууга камынган лейтенант О.Дыйканов өзүнүн истребителине отуруп жатат. Бүгүн Дыйкановдун алдында өтө бийик учуу милдети бар. Ал бул ишке даяр. Жаш лейтенант бөлүккө жакында гана келсе да реактивдүү истребителде күндөп-түндөп машыгып, учуу ишин эң сонун өздөштүрдү». — Мына ушундайча баяндын үстүндөгү кыргыз уулун каадалана карагам.

Ошондогу эле калбаат тулку, кайраттуу жүз… Жоо, ошондогу эмес, учкучтун жүзү андан да сабырдуу, сүрдүү. Кабак баягыдан да бийик тартып, калыңдап, ойлуу көз тереңди, алысты карап… Балким ущул азыр ал, туулуп өскөн жергеси алыскы — Кыргызстанды көз алдына келтирер. Бөпөлөгөн эне, атасын эскерер. Же өзүн таптаган түпсүз тунук асманда анын тунук ою зымырар…

Айтор береги айбаттуу азамат бийик асканын башында шаңшып, түптүз асманды карай күркүрөөгө обдулган тоонун кыраан бүркүтүндөй сүрдүү да, шаңдуу! Баса, бул азаматтын бүгүнкү сыймыктуу ишин сүйлөөдөн мурун анын буга чейинки баскан жолуна көз чаптырсак, бала чагынан бир аз кабар алсак ашык болбос.

Айтмакчы, биздин күндүн канаттуу саякатчысы да күжүрмөн кабарчысы да басма сөз го, газета го. Газета болбосо бул алыстагы кыргыз учкучунун ич жылыткан ийгиликтери бизге жеткиче узак убактар өтөр эле.

Учкуч Дыйканов… Эстей отурсам бул атты мен бүгүн эле эмес, бала күндөн билет экенмин.

1946-жыл. Андагы он үч жашар Омор Дыйкановдун окуудагы ийгилигин баяндаган «Кыргызстан пионери» газетасынын бир саны күнү бүгүнкүдөй эсимде. Окуунун отличниги он үч жашар Омордун наристе тилеги жөнүндө «Кыргызстан пионери» газетасы кыска баян эткен. Эски барактагы өчүп бараткан жазууну окугандай унутулуп бараткандай эетей-эстей таап алдым. Деги бул окуя, анан мынабу колумда турган сүрөт мага бир көркөм чыгарманын ичке өзөгүндөй, бул учкуч жакшы чыгармадагы сүйүктүү каармандай мени кызыктырып, көзүмөн кетпей туруп алды.

Он үч жашынан бери сүрөтү менен, иши менен сүйлөшүп келаткан азаматты көрүүгө куштар болдум. Аны менен оозмо-ооз сүйлөшүүнү эңседим. Бирок кантип? Ал Ыраакы Чыгышта.

Акыры издегенди адам таппай коёбу. Мен анын жек-жаатын издей, сурай жүрүп, анын ата-энесин ушу Фрунзеден таптым да алар аркылуу уулунун отпускага келер учурун күтүп жүрдүм.

Омор отпускага өткөн күздө келди. Көп жыл бою эсимде, көзүмдө жүргөн каарманым менен коңур күздүн жылуу күндөрүнүн биринде көрүштүм.

Көптөн көрө элек жашыл шаарын жаңы көргөнгө кубанычтуубу кандай? Анын өңү мага өзүм көрүп жүргөн сүрөттөрдөн жаш да, жайдары көрүндү. Бүгүнкү булутсуз асмандай жүзү да, көзү да жаркырап, так ошо чайыттай асманды карагандай жайнап ачык карайт экен адамды. Күлгүн кара сур жүзү көлкүгөн сабырдуулукка, жаркыраган шаттыка толтура. Келишимдүү шыңга да чың боюнда шайдооттук, шамдагайлык бар. Сүйлөөрүндө күлмүң эткен оттуу көзүнөн, кайраттын, эрдиктин учкуну жарк этип, кайра балача жадырайт. Анын карашында кай бир жаңы жолуккан адамдыкындай жатыркоо да, чоочуркоо да жок, демейки кезиге жүргөн тааныштардай жакынсуу бар экенин байкадым да, ага батыраак батындым.

Менин оюмду сезген Омор күлө сүйлөп, чечиле кетти. Ал бала чагынан берки көргөн-билгенине суу кошкон жок. Кемчилигин жашырбады, асты көтөрүлгөн жок. А түгүл, өз жетишкенин айтууга келгенде атайын кысылып, кыйналып, өзү бир ыңгайсыз абалда калып турган сыпаа-уяңдыгын сездим.

Бирок мен да аны аяр чегип, баарын толук угууга дилгирлене бердим. Кесиби жөнүндө өзү сүйлөп, кээ бир билгенин эне, атасы кошумчалап отуруп, аздыр-көптүр айтып бергени бу болду:

…1944-жылдын кышы, Согуш аязы менен кыштын аязын чогуу көтөргөн жерге чыйрыгып турган. Каардуу чилде шаарды каарып, суук кабар кулакты каарып» мунун баарына бой бербей кары-жаш кайратында, жапырт аракетте.

Ана таңынан мектебине келаткан 10—11 жашар үч баланын, ажырагыс үч достун да сөзү кандуу согуш жөнүндө, андагы жоокерлер жөнүндө. Эрдик көргөзгөн учкучтар жөнүндө. Бул үчөөнүн тилеги да эрдик көргөзүү, учкуч болуу. Үчөөнүн бирөө — ушул Омор. Берки экөө бул шаардагы учкучтардын балдары — Борис менен Слава.

Ырасын айтканда, Омордун учууга талпынган адепки наристе сезимин ойготкон да мына ушул балдар. Анан жайдары мүнөз учкучтар болду го. Алар айрылгыс үч досту кээде өздөрү менен чогуу ала барып,четке коюп коюшчу. Конуп турган самолётту кызыга караган балдар, качан ал көтөрүлүп жана асман мелжип кетмейин ошол арада жүрө берүүчү.

Жылдыздаган самолётту көз талыта караган Омор өзүнүн күлүк, ширин кыялын да ошол самолёттун артынан зымыратчу. Учкан самолёт анын өңү түшүнөн кетчү эмес. Бирок самолётко түшүү, учуу бала үчүн тиги самолёт көкөлөп кеткен бийиктей көз жетчү эмес. Омор тиги алыста согушта жүргөн атасын да эстечү. Атасы мында экенде анын аткарган кызматын да, аны айткан сөздөрүн да эстечү. Омордун атасы — Жумабек кайраттуу чекист эле. Коммунисттик партиянын мүчөсү болучу. Атасынын баскан-турганы да сүйлөгөн сөзү да уулунун жүрөгүнө жат.

1930-жылдардагы биздин өлкөнүн ички-тышкы душмандары — кулактар, басмачылар менен жан аябай салгылашкан Жумабек бул уулунун кулагына, сезимине эрдик, патриоттук түшүнүктү сиңирген: «Тууган элдин эрки үчүн курман болуу — бакыт. Биз эл, жер менен бактылуубуз, уулум. Бактыны коргоодон түк баш тартпа!» Согуш жылдарында Омордун кулагына ар дайым атасынын үнү угулуп, өңү көрүнүп, жаркын элеси тартылып турар эле. Бул мотурайган кара бала атасынын кесибин абдан сүйүп, атасынча курал асынып, атасынча басууну, атасынча сүйлөөнү адат кылчу. Атасынча эл коргогон жоокер болууну күсөчү. Азыр анын өңү-түшүнөн самолёт кетпей, учуу, жоокер — учкуч болуу анын наристе сезимине уялап, тынчын алууда.

Жергебизге жеңиш келди. Жеңиш алып, Оморлордун аталары келди. Ата Журтун сагынган жоокерлер. Ата Журтун күткөн бейкут күн келди. Жаркырап чыгып, магдырап баткан ар күн биздин жергени так өзүндөй толукшутуп, өзүндөй магдыратып жатты. Бейкут күндөр, согуш ызгаарынан арылган бейкут жерге ак эмгекти, маңдай терди сүрөп, даңазалып жатты.

Жерге тынчыгандан бери жети жыл өтүп, андагы ойноо бала Омор эми бой тарткан улан болду.

1952-жылдын жайы. Фрунзедеги № 6-мектепти жакшы бүтүргөн Омор эми бая наристе кезинен берки таттуу тилегинин гана изине түштү. Ошол эле жылы ал Фрунзедеги авиомектепке адеп киргендеги кубанчын айтууга кээде өзү да кеп таппай калат. 1955-жыл. Туулуп өскөн шаарындагы учкучтар мектебин ийгиликтүү бүткөн улан алыска канат күүлөдү. Омор Ыраакы Чыгыштагы Уссури крайына кызматка жиберилди.

Кыргыз Ала-Тоосунан келген уланга алыскы чытырман токойлуу жер койнун ачты. Чексиз деңиз жээгинин катаал кышына, мээлүүн коңур күзүнө үйүр алышып, күжүрмөн кызматын өтөп жатты. Ыраакы Чыгыштын түпсүз асманы ага өз тоосунун, өз шаарынын асманындай жакын да, ысык көрүнүп, учкуч Омор ушул асманда күндө ойноп, ушул асманда мекендеп жүрдү. Оморго өз кызматы күндө кайталанчу көнүмүш да, күндө жүрөк дегдеткен кызык да. Кызыгы — күнү кечээ гана наристе балалык кыялынын канатында дегдеп, учкуч болууну эңсеген Омор бүгүн адам акылынан, илим менен техникадан ширелген өнөр канатында.

Ана, учкул тилек кыргыз уулу Омор чагылгандан тез СУ-7 истребителинде. Укмуштуу учкул канатты да, ченде жок кубаттуу алп жүрөктү да ал өзү башкарат. Ооба, учкул канат анын өзүнүн эки колу өңдөнөт, кубаттуу, сүрдүү мотор анын өз жүрөгү сыяктанат да, учкуч азыр асманда эмес жерде жүргөндөй ашыкпай да апкаарыбай, ынанымдуу да, сабырдуу.

Учу-кыйры жок, түбү жок асмани океанында ал шердене чабак урат. Омор башкарган СУ-7 чагылгандай атылып, бир паста жерден алыс кетип, күндү карай зымырап, жылдыз менен сүйлөшүп бараткансыйт. Үндөн тез зымыраган ага жел жете албай, кыялдан озуп, жер да, булут да караан үзүп алда кайда калды. Истребителди чукул буруп типтике төмөн шукшурулган Омор көз ачып-жумгуча алыс калган булутту көзөп, бороон-чапкынды жарып жерди көрдү. Ооба, ал жерди көрдү. Дөбөлөр чөкчөйүп, өзөндөр кан тамырдай салаалап, ана жолдор, кыштактар бал челектей жыбырап көз алдыда чимирик атат.

Ана, жерге жапжакын калганда кайра асманды карай типтике атылып чыккан учкучтун истребителинен бурт эткен бир нерсе бөлүнүн, өзү кайра ошо замат көз жеткис бийикте жүрдү. Бирпаста татаал маневр жасап асмандан жерге, жерден асманга чагылгандай чуу эткен Омор адепки жолу ташшырманы так аткарганын кайра жерге түшкөндө жолдошторунан укту.

Канаттуу азамат күн сайын чыңала, күн сайын сынала берди, Асман, Жер арасында чагылгандай ойногон учкуч көзгө илешпес кароолду дал атып, тапшырманы так аткарып сүймөкчүлүккө ээ боло берди. Ийгиликке, эрдикке чек жок. Омор мойнуна алган, Омор аткарып жаткан тапшырмалар татаал да, таңкаларлык, кыйын да кызык.

Мына бүгүн да жаңы жоопту тапшырма. Өз кашына чакырып алган командир Оморго салабаттуу да, сүрдүү көрүндү.

— Иш мындай,— деп баштады командир.— Биздин учкучтардын алдында өтө жооптуу ишти аткаруу милдети турат. Иштин кыйындыгына карабастан күн сайын, аба ырайынын ар кандай шарттарында учууга туура келет. Кыскасы, күндүн ороюна карап отурбайбыз.— Учкуч аткарчу ишти, тапшырманы баштан аяк айтып бүткөн командир акырында минтип кошумчалады: — Мындай ишти биз даярдыгы мыкты, коммунист учкучка гана дайындайбыз. Буга кандай дейсиз? — Мындай ишенимдүү иштен ким деген баш тартат. Омор иш башталчу убакты сурады да учууга камынды. Кыйын сапарга чыгар учкучту анын жолдоштору гана эмес аба ырайы кошо сынап жатты.

Көк кайда экени көрүнбөй, асман, жер чалмакей болуп лапылдата кар жаап турган. Омордун истребители артынан сары жалын атып, бурганактаган карды, бороон-чапкынды жиреп жөнөдү. Кар, бурганакты жиреп, булуттун үстүнө чыга түшкөн учкуч учуу скоросту жайлап баратканын көрө койду, бирок шашкан жок, апкаарыбады, чукулунан буруп истребителди кырынан сала койгон ал ошо замат ылдамдаганын билди.

Кайра жерди карай шукшурулган учкучка жер көрүнөр эмес, «конуу өтө кыйын! Жерде бурганак!» деген кабар келди. Мындай учурда кандай айлакерлик, кандай билгичтик керек экени ар кимдин оюна тез келе койбойт эмеспи. Азыр бир эле минут, бир эле кирпик ирмем зор мааниге ээ. Омор башкарган истребитель чагылгандан тез, үндөн ылдам шуулдап барат. Жер көрүнбөйт. А кокус жерге тиерине аз калгандыр! Көз ачып-жумгуча бетонго барып бир тиер да бырын-чырын болор?! Бирок учкучтун акыл-эси өзүнүн истребителинен тез иштеди. Ал жерди, өзү түшүүчү аэродромду акыркы метрине чейин өзүнүн сергек сезими менен так ченеп алды. Ана, истребителдин дөңгөлөгү жерде чимирилди. Тапшырма так аткарылды.

Истребителди сыноо, учкуч өзүн-өзү сыноо муну менен бүтө калган жок. Асман, жерди ушул чагылгандан тез канаттын күүсү менен ченеп алыска учуу болду. Омор үн жеткис алыска зуулдап баратты. Ана, алды жакта биздин зор өлкө, чагылгандан тез учкул канаттын астында биздин зор өлкө зымырап… Өзү менен кыялы зымырап. Ага азыр эле өзү учуп чыккан Ыраакы Чыгыштан тиги түндүк муз Океанына чейинки зор өлкөнүн үнү угулуп, деми келет. Ага бул Омор өзү ымыркай кезде ушул Түндүк муз океанына жетип, биздин тууну сайган папанинчилердин алп карааны кадимкидей көрүнүп, кечээ эле жер шарын айланып чыккан кесиптеши Гагарин менен классташ, парталаш досу — Андриан Николаевдин жер шарына айткан айбаттуу, сүйкүмдүү саламы угулат.

Ооба, канаттуу кыргыз уулу Омор, күжүрмөн тапшырмасын аткарып жатып, өзүнүн эл, жерине, эл, жери тапкан баатыр жердештерине, кесиптеш досторуна сыймыктанат. Анткени ал жолдоштордун изине түшүп жер шарын айланар күн же айды карап сызар күн биздин Оморго алыс эмес! Анткени ага учкул канат берген алп мекени! Күнү кечээ эле мектеп босогосун жаңы аттап, өзүнүн наристе кыялынын канатында жүргөн бала бүгүн өнөрдүн, илимдин кубаттуу канатында. Кечээ катардагы курсант — бүгүн сыналган учкуч, капитан.

Учкуч Омор Дыйканов, Ыраакы Чыгыштан батышка чейинки зор өлкөсүнүн, өзү туулган карт Тянь-Шанынын асманы дайым ачык турушуна жан-дили менен кызмат кылгакдыгы үчүн жакында ал «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйланды. Сапарың куттуу болсун кыргыздын канаттуу уулу!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.