Бир жигит кембагал болсо да байдын кызына баш кошот. Баары жакшы болот, бир гана жери үйлөнөрдүн алдында кыз ага “сага турмушка чыксам аялдай болуп үй жыйнап, тамак жасап, оокатыңды кылбайм, баарын өзүң жасайсың, урбайсың, тилдебейсиң” деген шарт койот. Жигит буга макул болот.

Аялы менен үйү толо сеп келгени менен мындан жигитке кайдан жеңилдик. Баягыдай эле талаа-түздө баш көтөрбөй иштеп жүрөт. Же үйгө келгенде тамагы жасалуу, төшөгү салынуу болсочу. Ошентип мындай жашоодон бат эле тажайт. Аялынын “иштебейм” деген шартына көнгөнүнө өкүнөт. Бир айла таап керээлдин кечке эч нерсе кылбай кошуна аялдар менен ушак чойгон аны тарбиялабаса болбой турганын түшүнөт.

Жакшы аткан таңдардын биринде анын башына жакшы бир ой келери менен аялынын жанында жаткан мышыкка ороюраак кайрылат:

— Эй мышык, мен жумушка кетип баратам. Кечинде келгенимде үй жыйналуу, кийим жуулуу, тамак жасалуу болсун! Болбосо менден бирди көрөсүң!

Муну уккан келин “Менин күйөм акылынан айнып калган го, мышык менен сүйлөшүп” деп таңгалат. Тамашалап жатат деп ойлойт. Жигит жумушка кетет, келин үлпүлдөй тартып үйдө отурат. Ал улам меш түбүндө бейкапар уктап жаткан мышыкты көргөн сайын күйөсүн эстеп күлүп калат, ал сыяктанып мышык менен сүйлөшө кетет.

— Иштегин мышык, иште! Болбосо күйөмдөн токмок жейсиң.

Кечинде жигит жумуштан келип эле мышыкты ыргыта тээп:

— Эмне үчүн үйдү жыйнап койбойсуң ыя! Эмнеге тамак жасалуу эмес! Мен эртең менен эмне деп кеттим эле! – деп кыйкырат.

Келин эмне дээрин билбей туруп калат.

Жигит эртеси жумушка кетип атып да кайрадан мышыкка эскертет:

— Эй мышык, кечинде келгенимде үй жыйналуу, тамак жасалуу, төшөк салынуу болсун!

Бул жолу күйөөсү тамашалап жатпаганын билгени менен мышыктын колунан келбеген ишти тапшырып жатканына күлкүсү келет. Мышык болсо кечээки ээсинин ыргыта тепкенин унутуп, меш түбүндө бейкапар уктап жата берет. Зериккен келин мышыкка күйөөсүнүн тапшырмасын эскертип:

— Иштегин мышык, иште! Кожоюнуң эмне деп кетти эле? – дегени менен кечээкидей күлө албайт.

Жигит кечинде жумуштан келип мышыкты мыяалаткан бойдон чыбык менен аябай сабап, үйдү үч көтөрө кыйкырыкты салат:

— Эмне үчүн айтканды аткарбайсың ыя! Эмне үчүн жеп-ичкениңди актабайсың!

Анын жаалданган бул кебетесинен келиндин да жүрөгү түшүп:

— Мышык деген эч нерсени түшүнбөйт да, түшүнгөндө деле жумуш жасаганды билбейт да, — деп жиберет.

— Түшүнбөсө койсун, билбесе койсун, бирок айтканды аткарбайбы! Кечке кетмен чапканым аз келгенсип, үйгө келип да жумуш жасаймбы?

Эртеси да ушундай окуя кайталанганы менен бул ирет жигиттин ачуусу мурункудан да катуу келип, мышыкты тимеле өлөрчө сабачудай болуп ызырынат. Ошондо келин күйөсүнүн алдын тосо калып:

— Байкуш күнөөсү жок макулукту сабабачы, анын ордуна мен үй жыйнап, тамак бышырып, бүт үй жумуштарын кылайын! — деп жиберет.

— Ыя, чын элеби? Мейли анда… Кандай гана боорукер жарым бар! — деп сыр алдырбаган жигит колуктусун кучактайт.

Ошондон кийин бул эки жаш жубай мурункудан да жакшы жашай башташыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.