Нурлан ТАГАЕВ: Түрк кризиси кандайча болду?

Түркия валютасы лиранын кескин төмөндөгөнүнүн себеби жалгыз эле америкалык пастор Эндрю Брунсонго байланыштуу эмес. Түркиянын экономикалык кризиске кептелүүсү дүйнөлүк финансы чөйрөсүндө эбактан эле айтылып келинген абал болчу. Белгилүү экономисттер, эл аралык финансылык курулуш компаниялары Түркиянын экономикасы ылдыйлап баратканын белгилеп, буга туура мамиле кылуу зарыл экенин эскертип келишкен. Түрк өкмөтү эскертүүлөргө көңүл бурган жок. Тескерисинче, каршы туруп берди. Жыйынтыгында: күтүлгөн абал пайда болду. 2007-жылдары Федералдык резервдик банк (FED) арзан долларларды АКШ банктарына бере баштады. Банктар болсо бул арзан долларларды Американын ичинде […]

Венгер эл жомогу: Кемпир менен өлүм

Канча жашка чыкканын өзү да билбеген, “жер каймактаганда эле төрөлгөм” деп сурагандарга жооп берген абдан кары кемпир болуптур. Бир күнү өзүндөй эле кемпирге айланган чөбөрөсү андан мынчалык көпкө жашаганынын сырын сурады. — Мен эмгекчилдигиме жараша ууру кылбагам, ушак сүйлөбөгөм, бирөөлөргө жамандык кылбагам, ошондон го, — деди кемпир. — Буга ишенбейм, — деди чөбөрөсү. – Менин апам — сенин неберең деле сендей түз жүргөн аял эле, бирок ал сенин жарым да жашыңа жетпей өлүп калбады беле. Сенин өлүмдү алдаган башка бир […]

Сабыр ИПТАРУУЛУ: Кыргыздын бийиги – Адам

Дүйнө тааным окууларында адегенде («А» дегенде) жаратылыш жаралган, андан адам төрөлгөн, анан коом курулган. Адам – бул экөөнүн данакери. Демек, табият менен коомду таанып-билүү адамдан башталып, адамдан бүтүш керек. Ошондуктан, Адам «улуу» деп табияттын мыйзамын урматтап, «кичүү» деп коомдун эрежесин сыйлашы парз. Кыргыз баласы «ушул жерим», «бул жериме» деп денесин көрсөтүп сүйлөйт. Жер менен адамдын денеси киндиктеш, тамыры бир. Адам төрөлгөндө өзүнүн атын оозанат: (аа-а) А-дам. Кыргыз наристелеринин тили да ушул тыбыштан баштап чыгат: «Ата» (ат берет), «А-па» («ап» – […]

Жалалидин Руминин суфийлер боюнча икаялары

Бакалея сатуучусу жана анын тотукушу Бир бакалея товарлары менен соода кылган адамдын тотукушу бар эле, ал кайда барбасын анысын мактаганын койчу эмес. Анын сөзүнө ишенсек, тотукуш ал жокто дүкөнүнө көз болчу, соода кылганы келген сатуучулардын көңүлүн аччу. Чындыгында эле ошондой болчу. Бир жолу, ал кайрадан дүкөнүн тотукушка калтырып кеткен эле, акшактар менен  түрдүү чөптөргө шыкалган каптардын ортосунда олтурган тотукуштун жанынан, капысынан эле мышык чуркап өтпөспү. Чочуп кеткен тотукуш канаттарын калдаңдатып, ордунан ыргып кеткенде, жакын жерде турган жыты буркураган суюк май […]

Калык ИБРАИМОВ: Турмуш – деңиз

ХРОНОС-ЭРОС Жашоо бүтпөй жаңыланып турмагы, Жаратканга жадыбалдай керек ко. Жатып албай жан бүткөндүн бүт баары, ошон үчүн баш урат да Эроско… *   *   * Жаралгандан кудуреттүү Демиург: “Урпак ула, тукумуңду курутпа”, — деген үчүн дээринде бүт баарын, баш үйүртмө кылган тура урукка… *   *   * Бул жашоонун экстазы эрос деп, жазылган соң Жараткандын жарлыгы. Ошон үчүн турмуш турат токтобой, Ошон үчүн жанталашат баардыгы. *   *   * Адам баштап ар макулук-жандыктар, ошон үчүн оргазмга батышат. Анан балкып лаззатында кумардын, бала болчу […]

Жан дүйнөңдү кытыгылаган кыска аңгемелер

<<<<<<<<<<<<<<<<Башы Станислав СЕВАСТЬЯНОВ: Бийик сезим Сүйүү кээде бийик сезимдерди жаратат. Күүгүмдө сүйүү кумарына суусаган студент Крылов жанаша группада окуган сүйгөнү, студент кыз Катя Мошкинанын үйүнө келип жамгыр суусу ага турган  түтүктөр аркылуу, балконго түшүп, сүйүүсүн билдиргиси келген эле. Чыгып баратканда ал кызга айтчу сөзүн кайра-кайра кайталап атып, убагында токтобой өтүп кетти. Ал эртең менен өрт өчүрүүчүлөр келип түшүрүп алгыча, тогуз кабат үйдүн чатырында кайгырып отурду. АЖАЛЫ ЖОК ЖИГИТ Ал аны көпкө чейин карап, ага суктанчу, жолукканда сүрдөп турчу: ал  күнүмдүк […]

«Жемкор система» Жээнбековго неге кымбат?…

13-августа Улуттук Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков партиялык тизме менен шайлоону жактады. Мындай жол менен Жогорку Кеңешке депутаттарды  шайлоо Кыргызстандын эгемендүүлүк доорунда  кандай натыйжаларга алып келди? Мына ошого байкоо салып көрсөк: Кыргызстанда 2005-жылдан тартып Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен шайлана баштады. Мындай ыкма менен шайлоонун максаты партияларды өнүктүрүү болгон. Мына ошону менен партиялык тизме менен шайлоонун оң жагы бүттү десек болот. Ал эми терс жактары көбүрөөк болду. Аны төмөнкү фактылар ырастай алабыз. Биринчиден, партиялык тизме менен шайлоодо Жогорку Кеңеш шайланбай […]