Түркия валютасы лиранын кескин төмөндөгөнүнүн себеби жалгыз эле америкалык пастор Эндрю Брунсонго байланыштуу эмес. Түркиянын экономикалык кризиске кептелүүсү дүйнөлүк финансы чөйрөсүндө эбактан эле айтылып келинген абал болчу. Белгилүү экономисттер, эл аралык финансылык курулуш компаниялары Түркиянын экономикасы ылдыйлап баратканын белгилеп, буга туура мамиле кылуу зарыл экенин эскертип келишкен. Түрк өкмөтү эскертүүлөргө көңүл бурган жок. Тескерисинче, каршы туруп берди. Жыйынтыгында: күтүлгөн абал пайда болду.

2007-жылдары Федералдык резервдик банк (FED) арзан долларларды АКШ банктарына бере баштады. Банктар болсо бул арзан долларларды Американын ичинде эмес, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө иштетишти. Түркияга окшогон өлкөлөр арзан акчаны алып, иштете баштады. Түрктөр көбүнчө үй, заңгыраган соода борборлорун, жолдорду, кымбат көпүрөөлөрдү курууга жумшады. Экспортко таасир этүүчү өндүрүшкө, фермермерлерге маани берилген жок. 2013-жылы болсо АКШнын борбордук банкы мындан ары “таркатылган» долларларды кайтарып алуу аракети болорун айтып чыкты. Акырындап бир-бир жарым жыл ичинде арзан долларлар кайтарылып алынды. Долларлар бүт дүйнөдө кымбаттай баштады. Арзан акчаны туура эмес колдонгондор албетте, кыйын абалга дуушар боло башташты.

Бирок түрк кризисинин себебин бир-эки фактор менен эле чектеп коюу канчалык туура? Түркиянын мамлекеттик жана жеке курулуштардын учурдагы карызы 303 миллиард долларга жетти. Импорт, экспорттон 7 айда 50 миллиард доллардан көп болду. Инфилация 18,8 пайызды түзүп, жумушсуздук 11 пайыз болгон. Ал эми 3 миллион жарандын кредиттик карызы сотко өтүп кеткен.

Кризистин себептери

Биринчиден, эң негизги себеп — Түркияда режим алмашты. Парламенттик система президенттик башкарууга өттү. Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда өткөн Конституцияны (режимдин алмашуусун камтыган) өзгөртүү жөнүндө референдумга чейин эле түрк лирасы төмөндөп баштаган. 2015-жылдын башынан эле өлкө бир кишилик режимге карап жөнөгөндө, чет өлкөлүк инвесторлор кача баштаган. Буга байланыштуу доллар жай темп менен болсо да тымызын көтөрүлүп келе жаткан. Экономистердин байма-бай эскертүүсү (экономистер акчаны бетонго эмес өндүрүшкө сарптоону сунуштап атышкан) Эрдогандын өкмөтүнө таасир берген жок. Тескерисинче, «тышкы күчтөр» доллардын курсун көтөрүп жатат» деген ички саясаты козуган саясый жооптор менен чектелген.

Экинчиден, начар башкаруу экономикага таасирин тийгизди. Өкмөттүн финансылык саясаты базар экономикасы менен төп келишкен жок. Жумуш ордун көбөйтүүчү, экспортту арттыруучу иштер жасалбай калды.

Үчүнчүдөн, мыйзам чегинен чыгуу бизнестин өнүгүшүн токтотту. Өлкө 2014-жылдан бери укуктук талаадан алыстады. Өзгөчө 2016-жылдын июль айында болгон төңкөрүш аракетинен кийин, Түркияда өзгөчө абал жарыяланды. Өлкө Конституциясыз башкарыла баштады. 15  милиард АКШ доллардык жеке менчик мүлктөр, фирмалар өкмөт тарабынан мыйзамсыз тартылып алынды. Булардын көпчүлүгү жумушун токтотту. Бул абал инвестордун өлкөдөн чыгып кетүүсүн дагы да тездетти.

Төртүнчүдөн, ачык-айкындыктын жоголуусу коррупцияны күчөттү. Өлкөдө бирин-серин оппозициялык ЖМКдан башка, дээрлик баардык оппозициялык ЖМКлар биринин артынан бири  жабылды. Өкмөт айрымдарын күчкө салып жаптырып салды.

Бешинчиден, товарларды экспорттоого караганда импорттоо кыйла өсүп кетти. Бул абал бюджетте таңкыстыкты жаратты. Тышкы саясаттын начардыгынан экспорт кескин түрдө азайды. Жаратылыш газы, күйүүчү май сыяктуу ресурстардын толугу менен импорттолуп келиши  экономикага түздөн-түз таасирин тийгизди. Натыйжада, карыз көбөйдү.

Алтынчы, жогорку даражалуу чиновниктердин, өзгөчө президенттик апараттын ысырапкорчулугу экономикага терс таасир берди. Түркиянын тарыхында болуп көрбөгөндөй ысырапкорчулук пайда болду. Президент үчүн эле 1 милиард долларга жакын акчага хансарай салынды. Айлык каржылоосу 20 милион доллар. Ар бир министр өзгөчө кызматтык учактар менен уча баштады.

Жыйынтыгында

Эрдоган 11-август күнү эл алдында чыгып : “Бизнесмендер уккула. Банктардан валюта сатып албагыла. Элди ойлоо жалгыз эле өкмөттүн иши эмес. Бул бизнесмендин да иши. Мени Б,С  пландарын аткарууга мажбур кылбагыла.”  ББС Түрк кызматынын маалыматына ылайык, Эрдогандын Б,С пландары — банктардагы элдин валютасын тоңдуруу.

Бозгундагы экономист Семих Ардычтын жазгандары боюнча, Эрдогандын Иран менен кылган ”бизнеси”,  Сириядагы радикал уюмдарды колдогон (ИГИЛ) оор кылмыштары, Түрк аба жолдорунун жана ТИКАнын катышы болгон курал-жарак ташуу иштери АКШ менен Туркия ортосундагы мамилени бузуп турат. Анын азабын түрк калкы тартып жаткан жагдайга келди.

Адатта, экономикалык кризистерде каршылык көрсөткөн Түркия борбордук банкы ортодо такыр  көрүнбөйт. Түркиянын Дүйнөлүк Валюта Фондуна баруудан башка чарасы жоктой. Бирок АКШ менен сууган мамиле буга каршы болуп койобу?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.