Канча жашка чыкканын өзү да билбеген, “жер каймактаганда эле төрөлгөм” деп сурагандарга жооп берген абдан кары кемпир болуптур. Бир күнү өзүндөй эле кемпирге айланган чөбөрөсү андан мынчалык көпкө жашаганынын сырын сурады.

— Мен эмгекчилдигиме жараша ууру кылбагам, ушак сүйлөбөгөм, бирөөлөргө жамандык кылбагам, ошондон го, — деди кемпир.

— Буга ишенбейм, — деди чөбөрөсү. – Менин апам — сенин неберең деле сендей түз жүргөн аял эле, бирок ал сенин жарым да жашыңа жетпей өлүп калбады беле. Сенин өлүмдү алдаган башка бир сырың болсо керек, ошону айтып берчи, — деп такып туруп алды чөбөрө кемпир.

— Мен өлүмдү алдаганым чын, — деп кемпир ошондо чөбөрөмө сабак болор деген ойдо чечиле сүйлөдү. – Мага биринчи жолу өлүм келгенде токсондо болчумун. Бирок тың элем, жашоого тойбой тургам, андыктан ал келгенде жалынып-жалбарып дагы өмүр сурап, жүз жашка чыкканымда келүүсүн сурандым, ак көңүлү кармай түштү окшойт; ал дагы беш жылдан кийин келерин айтты, мен дагы жети жыл сурадым, анын бул ирет жини келе түшүп, үч жылдан кийин келерин айтты. Ушинтип менин өмүрүмдү улам кыскарткан сайын мен өчөшкөндөй сурана берип, акыры ал мага бир гана күн берип чыгып кетеринде башыма бир ой келип, кууланып мындай дедим:

— Демек, эртең келет экенсиң да.

— Келем эртең, даярданып тур, — деди ал.

— Сөзүңө турасыңбы, же андан эрте келип аласыңбы?

— Сөзүмө турам, бир күн көп деле эмес го.

— Мен негедир ишенбей турам, ошон үчүн каалгама “эртең келем” деп жазып кетчи, — дедим. Ал буга көп ойлонбой макул болуп, каалгама оңою менен өчкүстөй кылып “эртең келем” деп жазып кетти. Мага ушул гана керек эле, эртеси күнү келгенинде “Сөзүңө турбайт экенсиң, эртең келем деп жазып кетип бүгүн эле келип алдың го” деп сөзгө жыктым. Ошондо гана өлүм мага алданганын, эртең деген убакыт эч качан түгөнбөсүн түшүнүп, качан гана бул жазуу каалгамдан өчкөндө келмей болуп жолуна түштү.

А мен болсо ал каалганы көзүмдүн карегимдей сактап, кайда көчсөм ошол үйгө алып барып, тагып алып жүрдүм. Бирок түбөлүктүү эч нерсе жок экен, жүз жылга жакын убакыт өткөндөн кийин өлүм жазган “эртең келем” деген сөз окулгус болуп таптакыр өчкөндө – жашоого дале тойо элек мен айламды таппай калдым. Өлүмдөн жашынбаган жайым калган жок, акыры бал куюлган челекке түшө калдым, кайра бул жерден таап аларынан коркуп, чыга калып, аялдар жаздык жасап жаткан тоок жүндөрү салынган капка кире качтым эле, канаттын баары денеме жабышып, жер жүзүндө жок желмогуздай боло түштүм, дал ушул учурда кирип келген өлүм мени көрүп таанымак тургай жүрөгү түшкөн бойдон качып кетти.

Чын эле аябай коркуп калса керек, ошол бойдон өлүм мага келе элек. Кийинки келгенинде жөн эле ээрчип кетейин деп жатам, — дегенинде бул чөбөрө кемпирге жомок сыяктанып ишенбеди, андыктан мындай деди:

— Жакшы жомогуң бар экен, чоң эне, бирок өлүмдү алдаганың менен коркутканыңа ишенбейм, жана айтканыңдай жөн гана эмгекчилдигиңе жараша ууру кылбай, ушак сүйлөбөй, бирөөлөргө жамандык кылбай түз жашап келатканың үчүн Кудуретим сага өлүмдү жибербей жатса керек… (Жомок котормочунун көп кошумча-алымчалары менен эркин которулду.)

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.