Эфиоп эл жомогу: Эшек менен бөрү

Күн аябай ысып, аптап күчөп турган. Аптапка куйкаланып, өлөрчө чаңкап, араң илкиген карышкыр менен эшек сууну карай жанаша басып келатышты. Карышкырдын суусагандан улам акактаган оозунан кургап калган тили салаңдап, анын мээсинде бир гана сууга жетип ичиш тургандыктан ал эшекке көңүл буруп да койгон жок. Эшек дагы аптапта ушунчалык эрип кетчүдөй эзилгендиктен суудан башка эч нерсе эсине келбей, өзүн жеп койчуу жырткычтын жанында баратканын байкаган жок. Ошентип алар илкий басып жүрүп отуруп акыры дарыяга жетишти. Карышкыр болушунча суусунун кандырган соң дароо […]

Акыл гимнастикасы шахмат туурасында сөз

Кыргыз жөө жомокко жакын эл. Логикалык тапшырма, акыл мүшкүлүнө келгенде, баш оорутканды каалабайт. Ой жөндөмдү арттырар шахмат өнөрүнүн өрнөктүү ролуна маани бербей келебиз. А маани бергендер абыдан саналуу. Ошол саналуулардын бири бүгүнкү маектешибиз – белгилүү журналист Болотбек Жумабаевдин жакында “Шахмат залкарлары” аттуу китеби жарык көрдү. Мындай китеп ар бир үйдө турса жаман болбойт эле, бирок андай эмгектин кадырын түшүнөбүзбү?! Келечек муунду тарбилоо жаатында жалпы жумуриятыбыз менен жапатырмак киришер мезгил келип жетти көрүнөт… Прогресске багыт алган элдер жеткинчек муунду тарбиялоодо бала […]

ХУАН ЮНЬ-ЦЗЯО: Карыларга чапкенедей жабышмайын – башынан өткөндөрдү баяндабайт

(XVI-XVII к.к.), кытай жазуучусу Токтотууга мүмкүн эмес: картаң күйөөгө жаш колукту; кызганчаак жубайларга ажарлуу үй кызматчы. *   *   * Сүйкүмдүү дөөлөт: демдүү байбиче; айтканды аткарган уул; ыймандуу келин; курчооңдо тегеренген небере-чөбөрө. *   *   * Жакшылыкка алып барбайт: колуктуң үйдөгү улууларга орой мамиле кылса; ар бир сөздөн кыйкым издей берсең; аялдар бири-бирин кыдырып, имиш кеп жайылтса; колуктуң сөздөн сөз чыгарган жосунун тыйбаса; убактыңды бекерпоздорго арнасаң. *   *   * Итатайың келтирет: өзүнөн мансаптууларга жалган кошомат кылган аткаминер; базардагыдай жүрүм-турумдуу адам. *   *   […]

Жолдош ТУРДУБАЕВ: Компьютерде оңой иштеп, таза жазалы

Гезитке жиберилген тексттер электрондук форматта болсо иш алда канча ыкчам жүрөрү белгилүү. Бирок орусча гана тамгалары бар машинка менен иштегенсип, азыр компьютерде да “ө”, “ү” жана “ң” тамгаларынын ордуна “о”, “у”, “н” деп эле терип, “үйдү” “уйга”, “көнүмүштү” “конумушка”, “оңду” “онго” айлантып жатышат. Ушул үч тамганы кантип терип, гезитке даректелген текстти кантип туура даярдоо керектиги жөнүндө сүйлөшөлү. Кыргыз ӨҢҮ өчпөсүн Чындыгында Word программасы бар компьютерлердин баарында кыргызча тамгалар табылат. Текст тергенге ачылган беттин баш жагын карасак, файлдын шарттуу аталышынан кийинки […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: «Эжелүү кызга эски тон»

ЭССЕ Жалил менен Айсулуу, Күнсулуу деген бир туугандарым менен так ушул балдарым сыяктуу далай кучакташып жатканбыз! Убакыт өз энчисин алып, бизди чилдей таратты. Айсулуу Кочкорго келин болуп барып, үч баласын кучактап жатат. Күнсулуу Жалал-Абаддын Арсланбабына келин болуп барып, уул-кызы менен алек. Мен болсо шаардын ызы-чуусунда, Жалил болсо кара жердин кучагында… Эх, арман! Бир кезде бир төшөктүн ичинде, бир чатырдын алдында дүнүйө эмне экенин билбей баёо сезим балалык менен наристе кыялыбыз асмандата алып учуп жатар элек. Ким билиптир, турмуштун мынча таттуу […]

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН: Аруу дүйнө — илим-билим

Белгилүү тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин менен учур көйгөйлөрү туурасында маек. – Улут тагдырын тынчсыздандырар факторлор арбыды, бирок бизде добулбас каккан интеллигенция калыптанбаптыр. Бийлик чөйрөсүндөгүлөр болсо улут келечегине кайдыгер шекилдүү. Макул дейли, буга дейре элдин социалдык турмушу оор абалга кептелгенден улам билим, маданиятты унуттук. Арийне, азыр социалдык жакырчылыктан мурда рухий жакырчылык, рухий башаламандыктар күчөп: диний фанатизмге сугарылган ислам диктатурасынын арааны жүрүүдө. Мындан аркы жолубузду, багытыбызды кантип аныктайбыз? – Ушул суроону узатканың үчүн эле “уучубуз куру эмес экен” деп айткым келет. […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

<<<<<<<<<<Башы ПОВЕСТЬ Ал жердеги бойдоктордун үлпөтү коомдук клубдагы кечелердин карама-каршысы эле. Бул эки башка дүйнөнүн кайсынысы мага жакынырак экени өзүмө эбак белгилүү болгон. “Кудайдын кудурети” аталган жайда өткөн үйлөнүү үлпөтүнүн алдындагы кече каалоодон өрттөнүп өлгүдөй болгон испан кечилинин гана башына келгидей шумдуктуу бузукулук менен бүттү. Бул эки дүйнөнүн карама-каршылыгы мага, мен алардын кайсынысына жакынырак экенимди аңдап-билүүмө жардам берди. Аялдар келинчектин баш кийими менен көйнөгүн кийишип, алардын ар бири менен никеге турууну талап кылышты. Алардын жыйырма экиси мага өз махабатын жана […]