Кыргыз жөө жомокко жакын эл. Логикалык тапшырма, акыл мүшкүлүнө келгенде, баш оорутканды каалабайт. Ой жөндөмдү арттырар шахмат өнөрүнүн өрнөктүү ролуна маани бербей келебиз. А маани бергендер абыдан саналуу. Ошол саналуулардын бири бүгүнкү маектешибиз – белгилүү журналист Болотбек Жумабаевдин жакында “Шахмат залкарлары” аттуу китеби жарык көрдү. Мындай китеп ар бир үйдө турса жаман болбойт эле, бирок андай эмгектин кадырын түшүнөбүзбү?! Келечек муунду тарбилоо жаатында жалпы жумуриятыбыз менен жапатырмак киришер мезгил келип жетти көрүнөт…

Прогресске багыт алган элдер жеткинчек муунду тарбиялоодо бала бакча, мектеп жашындагыларга акыл гимнастикасы катары шахматты милдеттүү түрдө окуу программаларына киргизсе, а биз али күнчө көмчөн доорго кылчактаган бойдон келатабыз. Ошо артыбызга кылчактап, мектеп жашындагыларга «Манасты» окутуу менен убарабыз. Ооба, «Манас» эпосу бул кыргыз үчүн улуу дөөлөт, улуу рухий мурас, керек болсо улуттук энциклопедия катары кыргыз тукумуна жайылталы. Тек, «Манас» эпосу баарыбызга рухий азык, а шахмат өнөрү келечек муундун ээси болор балдарыбызды глобализация шарына даярдай турган акыл гимнастикасы катары кеңири жайылса, эгерим кем болбойт элек ко.

Шахмат өнөрү кыргыз тукумунун кабат-кабат ой жүгүртүү жөндөмүн арттырып, бүгүнкү менен эртеңки глобализация мейкинине чыккан дүйнөлүк жарышта алдыга озоор жаңы генерациядагы стратег улан-кыздарыбызды тарбиялап өстүрсөк, улутубуздун учугу узарбай коёбу?..

Биз бүгүн билим берүү тармагында реформа жасоонун жолун таппай буйдалып турган кезеңде, алдыны карай ыкчам өнүгүү жолуна түшкөн Грузия, Монголия, Армения, Казакстанда мектеп окуучулары үчүн шахматтык гимназия, шахматтык академиялар ачылууда. Себеби адам ресурсу эбегейсиз байлык экенин башкалар түшүндү. Биз копшолгон жерибиз жок. Ошондон улам арабыздан бир адам копшолуптур – Болотбек Жумабаев. Биз бүгүн аталган китептин автору менен шахмат өрнөгүнө атайы аңгеме-дүкөнүбүздү арнадык…

— Болотбек байке, биринчиден «Шахмат залкарлары» аттуу китебиңиздин чыгышы менен куттуктайм! Чынында мен бул жаңылыкты укканда, шахмат күйөрманы катары абыдан кубандым. Мен тургай менин үй-бүлөм үчүн да кубанычтуу жаңылык болду! Шахмат туурасында китеп жазууну мен да балдарыма какшап жүрдүм эле, кудай жалгап Сиз чоң эмгек жаратып коюптурсуз. Себеби кыргыз тилинде мындай эмгек жаратуу эч кимдин эле колунан келе бербей турган иш. Эмесе бүгүнкү маегибизди “Шахмат залкарлары” эмгеги кандайча пайда болгону туурасында баштасак. Не дегенде сиздин спорт темасына, анын ичинде шахматка кандайча аралашып калганыңыз окурмандар үчүн да, өзүм үчүн да абдан кызыктуу.

— Мунун таржымалы тээ 80-жылдары башталган. Ал кезде СССР деген улуу держава бар эле. Ошол  өлкөнүн шахмат боюнча чемпионаты Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт экен деген жарыя окуп калдым. Мен ал кезде жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинде иштечүмүн.

— Спорт бөлүмүндөбү?

— Жок, мен комсомолдук турмуш бөлүмүн жетектечүмүн. Спорт бөлүмүн Садырбек Чериков  алып барчу. Өзү спортко абдан  ынтызар эле. Ал тургай марафондорго катышчу. Бирок шахматка көп кызыкчу эмес. Күндөрдүн биринде редакторубуз Калыбай Жусупович Осмоналиев  планеркада “СССР чемпионатына карата эмне беребиз?”- деп калды. Мен бул суроого даяр элем. Мүмкүн болсо чемпионатты мен чагылдырып берейин дедим. Бейиши болгур Калыбай Жусупович демилгени дайыма колдочу. Дароо макул болду.

— Шахматтык таржымал редакциянын тапшырмасы менен башталган турбайбы?

— Ошентсе да болот. Ал кезде Гарри Каспаровдун жылдызы жанып турган мезгили. СССР спорт билермандары  кийинки дүйнөлүк таажы талашка  бакулук жаш вундеркинд Гарри чыгат деп болжолдоп жатышкан. Мындай  божомолго  толук негиздер бар эле.  Он беш жашар окуучу СССРдин жогорку лигасында азуулуу гроссмейстерлер менен теңтайлашып, тизгин талаша баштаган. Он жети жашында гроссмейстер наамына татыктуу болуп, мектепти алтын медаль менен аяктаган. Жаштар арасында дүйнөнүн чемпиону  болгон.

Мына ошол Гарри Каспаров менен жолуксам деп абдан кызыктым. Ага жолугуш үчүн ал кездеги республикабыздын шахмат федерациясынын жетекчиси Акылбек Муратбеков аксакал менен байланыштым. Чемпионаттын жагдайын сурадым. “Эртең кечинде чучукулак тартабыз. Бүрсүгүнү башталат”, -деди мелдештин түйшүгү менен чуркап жүргөн Акылбек байке.

Эртеси кечкисин Кожомкул атындагы спорт сарайына кара көсө тартууга бардым. Ара чолодо Гарриге жолугуп каламбы деп ойлодум. СССРдин чемпионатына өлкөнүн мен деген чыгаан гроссмейстерлери келмек.  Ал кезде СССР шахматтык держава эмес беле. Ошондуктан СССРдин чемпиону ким болсо, ошол дүйнөлүк таажы үчүн ат салышчу адам деп эсептелмек.  Чемпионаттын катышуучуларынын арасында дүйнөнүн жаштар арасында чемпиону Артур Юсупов, таажы талашка түшүшү мүмкүн деген Александр Белявский менен Лев Псахис дагы бар. Албетте, эң негизги талапкер Гарри Каспаров эле.

Аңгыча аты аталган шахматчылар сахнага көтөрүлүп, кара көсө тарта башташты. Кара көсө тартууга  кирээрде мага Каспаров келе элек, самолету кечигип жатат деп айтышкан. Гарринин  жок экенин билип, эми анын кезегинде чучукулакты ким тартат деген ойго кеттим. Аңгыча сахнадан: “Гарри Каспаров” деп жарыя кылып калышты. Шарт эле ордуман ыргып туруп, сахнага чыгып көсө тарттым. Кичинекей орустардын матрешкасы өңдөнгөн куурчак түрүндөгү жыгач кутучаны ачып, 7 номер,- дедим дагы сахнадан түшүп кеттим. Гарри менен жолуксам эстелик катары матрешкасын өз колуна тапшырайын деп ойлогом. Бирок  илгеркиче айтканда ар бир шахматчыны комсомолдук кызматкерлер шефке алышкан экен. Ошолор матрешканы  “Каспаровго мейманканадан тапшырабыз” -деп менден алып кетишти.

— Кийинки жолугушууларыңыз дагы ушул сыяктуу кызыктуу болсо керек…

—  Шахмат Олимпине кокусунан келген инсан болбойт. Дүйнөнүн ар бир чемпиону – өзүнчө залкар шахматчы десек жаңылбайбыз. Алардын ар бири шахматка өз салымын кошуп, аны өнүктүрүүгө түрткү берет. Ошондуктан ар бир чемпион – өзүнчө узун кепке арзыйт.

Тагдырдын буйругу менен мен дүйнөнүн он экинчи чемпиону Анатолий Евгеньевич Карпов менен  да көп ирет  жолуктум. Көп интервью алдым. Аңгемелештим.  Жеке баамымда Анатолий Евгеньевич – заманыбыздын залкар шахматчыларынын бири. Ал он үч жашында эл аралык ири мелдешке кокусунан катышып, баш байгени жеңип алган.   16 жашында  уландар арасында Европанын чемпиону болгон. Он сегиз жашында  — уландар арасында дүйнөнүн чемпиону. Он тогуз жашында — эл аралык гроссмейстер. Жыйырма төрт жашында – 1975-жылы чемпиондук таажы киет. Он жыл планетанын эң күчтүү шахматчысы наамын коргой алган.  Эң жогорку сыйлык – “Шахмат Оскарына” беш ирет татыган. 1985-жылы шахмат тарыхында эң узакка – 48 партияга созулган  таажы талашта Гарри Каспаровго чемпиондук наамды өткөрүп берген.

Анатолий Карпов интуициясы укмуштуудай күчтүү жана  эске тутуусу феноменалдуу деп жүрүшөт. Өмүрүндө бир көргөн адамын эч качан унутпайт экен.

— Заманыбыздын мындай залкар шахматчылары менен кайдан, кандайча жолугушуп жүрөсүз?

— Сексенинчи жылдары Кыргызстандын шахмат федерациясын Акылбек Муратбеков деген аксакалыбыз жетектечү. Өзү экономика илимдеринин доктору эле. Кыргызстанда шахматтын азыркы өнүгүшүнө ошол адам зор салым кошкон деп айтсам аша чаппайм.

КР Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов дүйнөлүк гроссмейстер А.Е.Карпов менен.

— Эмнеге аша чапкандык, биз Акылбек Мураталиев туурасында азыркы муунга кенен сөз кылар жердебиз. Чын-чынында шахмат өнөрүн ошол кишинин доорундагыдай өнүктүрө алганыбыз жок да. Ал кишиден кийин КР Шахмат федерациясынын уюштуруу иштерин кайсы жетекчи жогорку деңгээлде улап кете алды? Менимче, Шахмат федерациясынын азыркы президенти Милан Турпанов гана азамат экен, мурдагыдан кыйла жандантып койду. Эларалык, дүйнөлүк мелдештерде босогодо калбаган сыйлыктарды жеңип келип атышат. Болбосо Мураталиев аксакалдын убагындагыдай дүйнөлүк шахматчыларды Кыргызстанга мейманга чакырып, шахмат өнөрүн жайылтуу иши көптөрүнүн колунан келген жок, муну тайманбай айтышыбыз керек. Тилекке каршы, Акылбек Мураталиевдей залкар инсандын даңазасын бүгүнкү күндө да унутпашыбыз керек дейм. Керек болсо ошол кишинин ысымын өчүрбөй, ал кишинин акыл гимнастикасы шахматты өнүктүрүүдөгү эмгектерине мамлекеттик деңгээлде мамиле болсо кана?!

– Ал киши чынында Кыргызстандын шахмат федерациясын дээрлик чейрек кылым жетектеп, улуттук шахматты өнүктүрүүнүн башатында турду.

Мезгил өткөн сайын мындай адамдардын жасаган эмгегинин баасы  даана көрүнүп келатат. Айрыкча азыркы учкул заманда – жарма мекенчилдердин арааны жүрүп турганда чыныгы мекенчил адамдардын элге кылган кызматы, эмгегинин чыныгы баасы билине баштады.

Акылбек аксакал Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү үчүн республикада партиялык жетекчилердин дагы, союздагы спорт комитетинде дагы кызматкерлердин тилин таба билген. Комсомолдун Борбордук Комитетиндеги жаш жетекчилерди дагы  ынандыра алган. Ал гана эмес, шахмат чөйрөсүндө таасири чоң дүйнө чемпиондору менен дагы сүйлөшө билген.

Ошол кезде Акылбек аксакал Фрунзе шаарын шахматтык борборго айландырууга көп күч жумшаган. 1981-жылы СССРдин эркектер арасында чемпионаты борборубузда өткөрүлгөн. Аялдар арасында СССР чемпионаты дагы 1986-жылы бизде өткөрүлүп жатпайбы. Аксакал дүйнө чемпиону Анатолий Карпов менен жеке жакшы мамилеси бар эле. Анатолий Карпов байма-бай Кыргызстанга келип, Ысык-Көлдө эс алып кетчү. Андан тышкары дүйнөнүн экс-чемпиону Михаил Таль, Тигран Петросян, Виктор Купрейчик, дүйнөнүн чемпиону Майя Чибурданидзе дагы бизде мейман болуп келгени кокусунан эмес.

– Мына, мунуңуз абыдан акыйкат кеп болду. Мен негедир Акылбек Мураталиевдин эмгеги унутта калып келатканына ичим ачышып жүрчү эле, Сиз ал кишинин эмгектерин ырасында баса белгилеп өттүңүз…

– Тынымы жок аксакалдын аракети менен ат тезегин кургатпай Фрунзеде эл аралык шахматтык турнирлер өткөрүлүп турду. 1987-жылы Фрунзеге дүйнөнүн беш жолку чемпиону Виши Ананд келип, байгелүү үчүнчү орунду ээлеген. Азыр  ал киши гана эмес, андан башка дагы көп иштер көмүскөдө калып жатпайбы. Мен башкасын коюп бир гана мисал айтып берейин, аксакал тууралуу. 1978-жылы Филиппиндин  Багио шаарында  Анатолий Евгеньевич Виктор Корчнойго каршы чемпиондук таажыны коргоп калыш үчүн ойноп жаткан. Ошол таймашка Кыргызстандан Акылбек аксакал дагы барган экен. Акыркы партиясында Карпов утса чемпиондукту сактап калмак. Бирок ал партия аяктабай  кийинкиге калтырылган. Акылбек аксакал  Кыргызстандан атайын даярданып, Филиппинге ак калпак ала барган тура. Партия ойнолчу күнү акырын сахна жакка жакындап турат. Негизи оюн  узакка созулмак эмес. Бир мезгилде караса, шахмат калысы экөөнө жакындап калыптыр. Оюн токтотулаар менен чуркап барып Анатолий Евгеньевичтин колун бек кысып, Акылбек аксакал башына ак калпакты кийгизе салат. Эртеси дүйнөнүн бардык гезиттерине  Карпов  кыргыздын ак калпагы менен чыгып жатпайбы…

– Ал киши ошонусу менен улуттук шахматчыларыбыздын зоболосун көтөрүү саясатын көрүп келген тура!

– Айтмакчы, Акылбек аксакал СССР шахмат федерациясынын президенти учкуч-космонавт Виталий Севастьянов менен да жакшы мамиледе болгонун айткан эле. Космосту багындырган баатыр Кыргызстанга тез-тез каттап, Ысык-Көлдө эс алганы келип турганын көпчүлүк жакшы билет. Бирок көпчүлүк Виталий Иванович 10-15 адам болуп келип жүрүшкөнүн, аларды дайыма тынчы жок Акылбек аксакал жандап, сөзгө тартып, кымызга алып барып жүргөнүн айрым гана адамдар билсе керек…

Чагымда Вишванатан Ананд менен да Акылбек аксакалдын жардамы менен жолуккансыз го?

— Жолукканым менен тил билбегенимдин айынан кеңири аңгемелеше албадым. Анын үстүнө ал кезде Виши көп көзгө илине элек кези. Бирок Акылбек аксакал мени Виши менен тааныштырып, бул – келечеги кең жигит. Индиянын үмүтү деп айтканы эсимде. Негизи Акылбек аксакал абдан кылдат, камкор адам эле. Айрыкча Майя Чибурданидзеге, анын апасы Пелагея апага жасаган мамилеси абдан жакчу. Майя менен көп ирет жолуктурганга ошол Акылбек аксакал жол  тапчу. Ал кезде грузин кыздарынын жылдызы жанып турган кез. Чемпиондук наам грузин кыздарынын колунан колго өтчү. Дээрлик отуз жылга жакын аялдар арасында дүйнө чемпиондугу Грузияда сакталып турганы тегинен эместир. Баса, Фрунзедеги аялдар арасында СССР чемпионатында  да Грузиянын татыктуу кыздарынын бири Нана Иоселиани чемпион болгону да ошондон эмеспи. Ошондо мен Нана менен маектештим. Ошондо “Нана, кошунаңдан дүйнө таажысын тартып алууга үмүтүң барбы?” деп сурап жатпаймбы. Нана жарк этип күлүп, “үмүтсүз адам болчу беле” деп каткырып алган.

— Грузин кыздарынын мындай феноменин кандай деп чечмеледиңиз эле?

— Алардын айтымында Грузияда кыздарга сеп бергенде сөзсүз Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” китебин анан шахмат кошулуш керек экен. Мындайча айтканда, өлкөдө, айрыкча кыздар арасында шахмат оюнуна өзгөчө көңүл бөлүнөт экен. Чыгаан шахматчы кыздардын бири Нана Александрия менен беттешкенимде дагы ал ушул ойду айтып жатпайбы.

— Нана менен шахмат тактасында таймаштыңыз беле?

— Ооба. Андай окуя да болгон. “Ленинчил жаштын” кабарчысы катары 1985-жылы Жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк фестивалына катышкам. Ошол фестивалдын алкагында Москвада шахматтык чоң майрам уюштурулган. СССРдин ал кездеги чыгаан шахматчылары бир мезгилде 1050 тактада сеанс өткөрүп жатпайбы. Мен андайды текке кетирет белем. Сеанска барып катыштым. Анткени сеанска катышат дегендердин тизмесинде дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов, дүйнөнүн экс-чемпиондору Василий Смыслов менен Михаил Таль, Александр Беляевский, Юрий Балашов, Рафаэль Ваганян, Лев Полугаевский, Артур Юсупов, Нана Александрия, Марта Литинская өңдүү дүйнөгө  белгилүү ысымдар бар эле.

Чынымды айтсам, мен Анатолий Евгеньевичтин столуна олтурсам деп ойлогом. Бирок уюштуруучулар  гроссмейстерлердин кимиси кайсы столдо ойноорун алдын ала айтпай коюшту. Мен деле жакшы болжолдоп келипмин, бирок бош стол жогун көрүп, жанындагы столдон орун алгам. Ал жерде грузиялык  шахмат чебери Нана Александрия  сеанс бермек экен. Ошентип тагдырдын буйругу менен айтылуу грузин кыздарынын бири Нана Александрия  менен таймашып калган жайым бар.

— Охо, мындай шыбага ар кимдин эле тагдырына туш келе бербестир! Анан ошол Грузиянын шахматчы  кызы менен таймаштын жыйынтыгы кандай болду?

— Кандай болмок эле. Мен утулдум да. Нана чемпиондук наамга жетпегени эле болбосо таажыга талапкерлердин тизмесинен эч качан түшчү эмес.

— Бир-эки курдай журналисттер арасында уюшулган шахматтык мелдеште Сиз экөөбүз да беттешип калдык эле, бирок кимибиз утулганыбыз эсимде калбаптыр… Сиздин эсиңиздеби?

– Сен экөөбүз беттешкенибиз эсимде, бирок кимибиз уттук эле ошондо?..

– Билбейм… Андан көрө Сиз экөөбүз бир күнү баарын жыйыштырып коюп беттешкидей экенбиз…Болбосо тирлик деп жүрүп, жашоо ыракатын да унутуп коёт экенбиз кээде.

– Буюрса, бир чыгынып беттешербиз, Олжоке.

– Чындыгында эле кызыктуу жолугушууларыңыз көп  болгон экен. Негизи сиздин шахмат боюнча атайын билимиңиз же спорттук наамыңыз барбы?

— Жо-ок. Катардагы эле шахмат ышкыбозумун. Анан ошол ышкыбоздугумдун аркасында чогулган материалдарды топтосом жакшы жыйнак болот экен деп окурмандарга тартуулоону чечтим. Азыркы учкул заманда  жок дегенде бир өспүрүмдүн шахматка кызыгуусун ойготсом  – ошол жетиштүүдүр. Азыркы компьютердин жана интернеттин заманында кереметтүү оюнга кызыгуу басаңдап жатпайбы. Ушул жагдайда кыргыз балдарына, айрыкча өспүрүмдөргө кызыктуу болор деген ой. Анын үстүнө  байкасам кыргызча  шахмат боюнча  китеп жок экен. Билимдүү өлкө, маданияттуу эл бололу десек, адамзаттын ойлоп тапкан акыл оюнуна четте калганыбыз  туура эмес го?

Аталган китептин автору Б.Жумабаев

— Болот байке, мен бул боюнча далай жаздым, далай чоңдорго айтып, тилим да тешилди. Болбосо шахматты бала бакчалардан тартып, мектептерге чейин милдеттүү түрдө атайы окуу предмети катары киргизсек кандай сонун болмок! А биз окуу предмети катары милдеттүү түрдө киргизмек тургай, мектептерге кружок түрүндө киргизүү да колубуздан келбай атканы кейитет. Бул маселени мен «24.kg» маалымат агенттигинде иштеп жүргөнүмдө далай жаздым, канчалаган депутат досторума парламент тарабынан мыйзам сунушун көтөргүлө, концепциясын өзүм деле жазып берейин дедим, бирок ишке ашыруу эч кимисинин колунан келбеди! Болуптур эми, кепти сиз жарыкка чыгарган «Шахмат залкарлары» аттуу жаңыдан жарык көргөн китебиңиз менен жыйынтыктайлы. Дегеле аталган китепке кыргызстандыктар да аралаштырдыңызбы?

— Шахмат оюну – эл аралык оюн эмеспи. Кыргызстандыктардын да сыймыктанчу шахматчылары аз эмес. Алардын бир тобу менен маектешкен жайым бар. Айталы, аялдар арасында алгачкы чемпион кыргыз кызы Бакыт Самаганова, айылдан чыккан чемпион Эмил Молдобаев менен аңгемелешкен учурлар болгон. Айтор, байыркы оюндун кереметтүү касиети  Кыргызстанда да акыл оюнуна көбүрөк аралаштырса элибизге, келечегибизге жакшы. Байыркы  акыл оюну, залкар шахматчылар жөнүндө китеп өзүн маданияттуумун  деп санаган ар бир кыргыздын үйүнүн китеп текчесине ылайыктуу деп ойлойм.

— Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!

Маектешкен Олжобай ШАКИР

P.S. “Шахмат залкарлары” китебин “Нуска”, “Раритет” китеп дүкөндөрүнөн сатып алсаңыздар болот.

Китепти сатып алуу  боюнча  0555363373, 0700122966  телефондоруна кайрылыңыздар.

Эскертүү: бул материал боюнча төмөндөгү комментарийлерге кирип өз пикириңизди калтырууда бирөөнү келекелеген же басмырлагандан алыс болуңуз. Эрежени сактабаган окурмандардын пикири жарыяланбайт!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.