<<<<<<<<<<Башы

ПОВЕСТЬ

Ал жердеги бойдоктордун үлпөтү коомдук клубдагы кечелердин карама-каршысы эле. Бул эки башка дүйнөнүн кайсынысы мага жакынырак экени өзүмө эбак белгилүү болгон. “Кудайдын кудурети” аталган жайда өткөн үйлөнүү үлпөтүнүн алдындагы кече каалоодон өрттөнүп өлгүдөй болгон испан кечилинин гана башына келгидей шумдуктуу бузукулук менен бүттү.

Бул эки дүйнөнүн карама-каршылыгы мага, мен алардын кайсынысына жакынырак экенимди аңдап-билүүмө жардам берди. Аялдар келинчектин баш кийими менен көйнөгүн кийишип, алардын ар бири менен никеге турууну талап кылышты. Алардын жыйырма экиси мага өз махабатын жана баш ийүүнү сунуш кылышса, мен да аларга туруктуулугумду, өмүрүмдүн акырына чейин аларды колдоп жүрүүнү убада кылдым.

Ошол түнү мен алдын алууга мүмкүн болбогон кырсыкты туюу сезиминен бошоно албай, уктаган да жокмун. Таң агарды, а мен сааттын кагышын күтүп, ал жетини какмайынча кирпик ирмебедим, саат жетиде чиркөөдө болушум керек эле. Телефон саат сегиздерде тынбай шыңгырай баштады, ошол бойдон бир саатка чейин өжөрлөнүп шыңгыроосун токтотподу. Мен коңгуроого жооп бермек турсун, дем алган да жокмун.

Саат ондордо эшикти каккылай башташып, тааныш, жек көрүмчү үндөр угула баштады. Мен алар кызуулук менен каалгамды талкалап салышат ко деп корктум, бирок он бирлерде кырсыктын алдында гана болуучу жымжырттык өкүм сүрдү. Ошондо мен ыйлап, өзүм үчүн да, ал үчүн да келме келтире баштадым жана кудайдан аны менен өмүрүмдүн акырына чейин жолуктурбашын сурандым. Ыйыктардын ким бирөөсү мени укту болуш керек, себеби Химена Ортис ошол эле түнү өлкөдөн кетип, жыйырма жылдан кийин мага турмушка чыгып, менин балдарым болушу мүмкүн болгон жети балалуу болгондон кийин гана кайтып келди.

Коомчулукка таштаган бул чакырыгымдан кийин “Диорио-де-ла-Пастагы” ордумду жана колонкамды сактап калыш үчүн күч жумшашка туура келди. Бирок менин гезиттеги бетимдин он биринчи бетке жылып кетишине жогоруда айтылгандар себеп болгон жок, жөн гана жашообузга жыйырманчы кылым шуулдап кирип келди.

Шаарда баарысы прогресс тууралуу сүйлөп жатышты. Өзгөрүүлөр көп эле, самолеттор учуп, кайсы бир заманбап ишкер адам “Юнкерстен” бир мүшөк каптарды чачып, авиапочтаны ойлоп тапты.

Өзгөрүүсүз калган жападан жалгыз нерсе – бул менин гезиттеги жекшембилик байкоолорум эле. Жаш муун аны өткөндүн саркындысы катары баалап, өрттөп салуучу мумияга теңешти, бирок мен жаңычылдыктын шамалына баш бербей, мурдагы эле күү-шаа менен жазуумду уланттым. Эчтекени укпаган керең болдум. Жашым кыркта эле, жаш редакторлор менин гезиттеги ордумду “Жел өпкөнүн колонкасы” аташты. Директор мени иш бөлмөсүнө чакырып, жазгандарыма жаңыча түс берүүнү суранды. Азыр эле ойлоп таба койгондой салтанаттуулук менен ал мындай деди: “Дүйнө алдыга карай баратат”. “Ооба, — дедим мен, — ал дайымкыдай эле алдыга баратат, бирок күндү айланып”.

Директор жаңылыктарды чагылдыруучу башка адам таппагандыктан менин жекшемби күнкү ордумду өзгөртүүсүз калтырды. Бүгүн мен анын айтканы тууралыгын түшүндүм. Менин муунумдун жаштары турмуш агымына туруштук бералбай агып баратышып, денеси менен да, кан-жандары менен да келечек тууралуу эңсеп, бирок жашоо келечек алар күткөндөй эмес экендигин аларга далилдегенде кусаматка түшүп калышкан. Менин жекшембилик байкоолорум да турмуштун өзүндөй картаң, өткөндүн элестериндей археологиялык табылга сыяктуу болгон үчүн да жаштарга керек экен. Жазгандарым кайрадан эң окумдуу беттердин катарына кирип, атүгүл биринчи бетке да чыга баштадым.

Мен менден сурагандардын бардыгына чындыкты гана айтып жооп берчүмүн: сойку аялдар мага үйлөнүүгө убакыт калтырышкан жок. Бирок чынын айтсам, бул ой менин башыма ошол токсон жашка толуп, Роса Кабаркастын үйүнөн мындан кийин эч качан тагдырды сынап көрбөшкө өзүмө сөз берип чыгып баратканда гана келген болчу. Мен өзүмдү башка адам сездим.

Үйгө келсем Дамиана эңкейип алып тактай жууп атыптыр, жашына ылайык келбеген сыйдаң жылаңач балтырларын арт жагынан көргөнүмдө эбак унутулган калтырак денемди басты. Ал да муну сезди көрүнөт, дароо юбкасын төмөн түшүрө койду. Мен өзүмдү кармай албай андан мындай деп сурадым:

— Айтчы Дамиана, сен эчтекени эстеген жоксуңбу?

— Эчтекени эстеген жерим жок, — деди ал, — бирок сиздин сурооңуз албетте эсиме салды.

Көкүрөгүмдү бирдеме кысканын туйдум.

— Мен эч качан сүйүп көргөн эмесмин, — деп мойнума алдым. Ал дароо жооп кайтарды:

— А мен сүйгөмүн. — Анан тактайды жууганын токтотпостон сөзүн мындай деп бүтүрдү: — Мен жыйырма эки жыл бою сиз үчүн ыйлап жүрдүм.

Жүрөгүм туйлап алды. Абалдан уят болбой чыгып кетиш үчүн мындай демиш болдум:

— Биз жакшы түгөй болмокпуз.

– Эмнеликтен муну айтып атасыз, — ал кызаңдап кетти, — бул кебиңиз мени сооротконго да жарабайт.

Унчукпай үйдөн чыгып бараткан мага караган Дамиана жөн салды гана мындай деди:

— Сиз мага ишенбейсиз, бирок кудайга шүгүр, мен дагы деле кыз бойдонмун.

Кийинчерээк мен ал үйдүн ичин толтуруп, ар кай жерге вазаларга кызыл розалардан салып, жаздыгыма “жүз жашка жете жашашыңызды каалайм” деп жазылган открытка коюп койгонун көрдүм.

Кезектеги макаламды редакциянын кабыл алуу бөлмөсүнө таштап, үйгө кете берейин дегениме болушпады. Редакция кызматкерлери толук бойдон менин туулган күнүмдү белгилеш үчүн жыйналып олтурушуптур.

Имаратта оңдоп-түзөө иштери жүрүп, акыр-чикир үйүлүп жатканына карабастан, жумушту майрамдын урматына токтотуп коюшту. Ичимдиктер, белектер баары болду. Эстеликке баарысы мени менен сүрөткө түшүп бүткөнчө фотоаппараттардын жаркырагынан көзүм көрбөй, кулагым укпай калды.

Кубанган жерим, ал жерде радио жана гезиттерден келген журналисттерди көргөнүм болду. Биерге эртең менен чыгуучу консервативдик “Пренса”, либералдык таңкы “Эральдо” жана “Насьональ”, ушактар менен жан баккан кечки гезиттердин журналисттери келишиптир. Алардын баарынын бир жерге чогулушканы таң каларлык эмес эле. Маршалдар басма согушу менен алек болушуп жатканда жөнөкөй жоокерлердин дос бойдон калышканы жакшы көрүнүш болчу…

Уландысы>>>>>>>>>>>

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.