Белгилүү тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин менен учур көйгөйлөрү туурасында маек.

– Улут тагдырын тынчсыздандырар факторлор арбыды, бирок бизде добулбас каккан интеллигенция калыптанбаптыр. Бийлик чөйрөсүндөгүлөр болсо улут келечегине кайдыгер шекилдүү. Макул дейли, буга дейре элдин социалдык турмушу оор абалга кептелгенден улам билим, маданиятты унуттук. Арийне, азыр социалдык жакырчылыктан мурда рухий жакырчылык, рухий башаламандыктар күчөп: диний фанатизмге сугарылган ислам диктатурасынын арааны жүрүүдө. Мындан аркы жолубузду, багытыбызды кантип аныктайбыз?

– Ушул суроону узатканың үчүн эле “уучубуз куру эмес экен” деп айткым келет. Албетте, ар кимдин өз кемчилиги бар, бирок азыркы тапта биз бир гана универсал кишини эмес, жалпы айдыңдардын иш-аракетинин жалпы тыянагын күтүшүбүз керек.

Менимче, ар ким өз жүгүн адистигине жараша көтөрүп жүрөт. Мисалы, Эмил Шүкүров агай экологиялык маселелерди козгосо, Эсенбай Нурушев, Кусейин Исаев, Топчубек Тургуналиев, Ташманбет Кененсариев, Сулайман Кайыпов, Аалыбек Акунов, Алмазбек Акматалиев, Кыяс Молдокасымов сыяктуу публицист, саясат таануучу, тарыхчы, этнограф, философ ж.б. адистер коомдук өнүгүү өңүттөрү тууралуу талкуу кылып келишет. Өз чыгармалары жана ишмердиги менен жаңы дем жараткан Кеңеш Жусупов, Шайлообек Дүйшеев, Акбар Рыскул, Меңди Мамазаирова, Топчугүл Шайдуллаева, Бурулкан Сарыгулова, Султан Раев, Арслан Капай уулу сыяктуу калемгерлер, Сейтек Качкынбай, Аида Салянова, Чоробек Сааданбек, Жанар Акаев сыяктуу жаш саясатчылар, Өмүрбек Абдыракманов,  Манас Саматов сыяктуу жаңы баба дыйкандар, ж.б. да өзгөчө сөзгө алынууга арзыйт. Бул сапка Аскер Сакыбаева, Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Кадыр Кошалиев, Олжобай Шакир, Эрнис Кыяз, ж.б. журналисттерди, “Азаттык”, Би-Би-Си ж.б. эл аралык медиа каражаттарында үзүрдүү иштеп жаткан улутташтарыбызды, бир нече миңдеген эркин блоггерлерди кошуубуз абзел.

Чолпон Жакупова, Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова, Өндүрүш Токтонасыров, Токтайым Үмөталиева, Турсунбек Акун сыяктуу укук коргоочу инсандарыбыз да биздин атуулдук коомубуздун байлыгы.

“Ислам диктатурасы орноду” деп так кесе айтпас элем. Секулярдык (айдыңдык, орусча — “светский”) коомдун жетишкендиктеринен азырынча айрыла элекпиз. Биздин жумуриятыбызда талиптердей жана ваххабийлердей эскичил көз караштагылар, кудайга шүгүр, өтө чабалдык кылышат. Нагыз бир тараптуу динчил мамлекетти — “халифатты” курам деген күчтөр, албетте, бар, бирок алардын бул мүдөөнү жүзөгө ашырууга шаасы жетпейт.

“Бийлик” сөзүнүн өзү, негедир, асманды каптаган кара туман сыяктуу кабыл алынып калды. Бирок бийликтегилердин арасында Досалы Эсеналиев сыяктуу көптөгөн таза кишилер деле бар эмеспи. Мумияны музейге кайтаруу маселесин чече албай мажүрөө болгонуна карабастан, министр Султан Жумагулов деле ак иштеп жатат деп ишенем (аткаминерди “априори” айыптоонун өзү туура эмес).

Менимче, бийликке келип-кеткендерден мурдагы президент Роза Отунбаева, мурдагы премьер Темир Сариев, мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев, мурдагы тышкы иштер министри Алик Жекшенкулов, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, мурдагы акимдер Эмил Каптагаев, Койсун Курманалиева, ж.б. деле “колдон келишинче өзгөрүү кылалы” деп реформатор катары далаалаттанышкан. Мурдагы Ош акими Мелис Мырзакматов тууралуу да бир беткей, жалаң гана терс баа берүүгө болбостур.

Азыр дагы реформачыл кадрларды тынбай өстүрүү керек. Улукбек Кочкоров сыяктуу жаш саясатчыларды чечүүчү кызматтарга тартуу абзел.

Биз атуулдук коомду чыңдоо, басма сөз эркиндигин тереңдетүү, коомдогу атуулдук жигердүүлүккө таянып, бийликке көзөмөлдү күчөтүү аркылуу нукту илгери уланта алабыз.

Болочокто нагыз парламенттик башкарууга өтүү үчүн азыркы шайлоо системасынын “уңкул-чуңкулун түздөп” оңдоо керек.

Оболу партиялар идеялык платформаларын жана аракет программаларын такташы зарыл. Эмнеге өзүн либерал деген партия исламчыны же коммунистти өзүнө кошуусу керек? Эмнеге партиялардын жетекчилери капчыктуулардын тузагында калуусу керек?

Менимче, азыркы тапта Чехия, Балтика бою, Грузия, Монголия сыяктуу пост-коммунисттик өлкөлөрдүн жакшы коомдук тажрыйбасын өздөштүрүүбүз керек.

“Кой аксагы менен миң” дегендей, бизде кемчиликтер көп, бирок алгылыктуу жактарыбыз да аз эмес. Мен жекече пикиримди билдирип жатам. Коомубуз мындан да оор абалдардан чыга келген. Азыр бурулуш баскычтабыз дээр элем.

Жакында болсо илим чөйрөсүн каптаган коррупция боюнча Башкы прокуратура тарабынан Билим берүү министрлигине караштуу Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш иши козголду. Көзөмөл мекемесинин ырастоосуна ишенсек, 40тан ашуун «эмгек» плагиаттык жол менен жакталганы эмнени туюндурат?

– Мындай тазаруу аракеттери башка мамлекеттерде да үзгүлтүксүз жүрүп турат. Маселен, соңку жылдары Германияда жана Чехияда айрым министрлер плагиаттык диссертациялык иштери үчүн кызматтарынан айрылышты.

“Колу туткактык” бизде гана эмес, КМШнын башка мүчө өлкөлөрүндө да арбын болду. Диссертация жактагандан 30 жылдан кийин да аны текшерип, плагиаттыгы далилденсе, анда автор өлүп калган болсо да, анын илимий даражасын алып салуу тууралуу мыйзамдык механизм түзүү керек.

“Кымтыкейлик” илимдеги башка тармактарда да болгон. Мурда Ак Үйдөгү кызматына таянып алып, жеңил-желпи жол менен академик жана мүчө кабарчы болгондор бар эле. Себеби алардын “телефон укугу” деген өзгөчөлүгү бар болчу. Саясый эмес, бюрократтык коньюнктура менен академиктик наамды Кушбек Үсөнбаевге эмес, Владимир Плоскихке ыйгарууну багыттагандардын “ана башылары” – Аскар Акаев менен Аскар Какеев деп жүрүшөт. Алардын көзү тирүүсүндө муну да айтып калалык, эгерде бул сөз калп болсо, анда аны четке кагышсын. Кыргыздын туңгуч арабисти, чыгыш таануучусу Өмүркул Караевге УИАнын мүчө кабарчысы наамы “буюрбагандыгы” — бул дагы илимге тийешеси жок оюндардын кесепетинен болгон.

Менимче, мындан ары интернет барактары маалымдуулуктун улам жогорку сересин тартуулай берет. Плагиаттарга өтө оор болот. Айкындуулуктун шартында жашай берсек, айрым каталарды түздөөнүн эрте-кечи жок.

Арийне, коомдун эң прогрессчил, эң потенциалдуу алдыңкы катмары делген илим-билим чөйрөсүндө эле коррупцияга ушунча жол берилип жатканы жаканы уучтата турган көрүнүш эмеспи?..

– Албетте, аруу дүйнө — илим-билим. Коррупциянын, жемкорлуктун, илимге жат көрүнүштөрдүн да түрлөрү бар.

Мисалы, тиги дүйнөдөгү бир манасчынын руху менен баарлаштым деп жанын жеп, Манасты 670-жылы августта туулган экен деп “жар салган” бир бакшы эжени көкөлөтүп кинорежиссёр, тилчи, жазуучу, акын, депутат ж.б. тарапкерлери (“жайсаңчыбыз” деп өздөрүн өздөрү атагандар) чыкты. Ошолорго ишенип алып, бир тарыхчыбыз (Өскөн Осмонов) 2012-жылы ЖОЖдор үчүн кыргызча жана орусча чыккан тарых окуу китебинде 670-жылы августта Манастын туулгандыгы тууралуу маалымат “чындыкка жакын” деп уялбастан жазып, көп нускада жарыялады.

Ал китептеги Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи азыр да расмий түрдө кайтарылып алына элек. Бул автордун дагы башка бир калемдештери менен жазган окуу китеби жең ичинен өткөн “сынакта жеңди” дешет. Бул айтылгандар чын болсо, анда дагы бир чуу чыкчудай.

Бул — коррупция эмей эмне?

Мумия чатагы, борбордук тарых музейин жасалгалоону каржылоодогу алешемдиктер — мунун бардыгы биздеги интеллигенция (айдыңдар) чөйрөсүндөгү кризистин бир көрүнүшү.

Улуттук аң-сезим, маданиятыбызды көтөрүүнүн кандай механизмдерин иштеп чыгууну сунуштаар элеңиз?

– Бардыгын айта албайм, ар кыл адистерден да иштеген тармагына жараша ойлорун сурашыбыз керек.

Дегиңкиси, акча менен эсептелбей турган, бирок дурус каржылоону талап кылган абдан айырмалуу тармактарыбыз бар. Аларды ЮНЕСКОдо жалпы жонунан “заттык эмес маданият” деп коюшат.

Манасчылар, төкмөчүлүк, уздар менен усталардын кылым карыткан өнөрү, ж.б. ушуга кирет. Бул тармактарга демөөрчүлүк кылгандарга салыктык жеңилдик берүү зарыл.

Көчмөндөр оюндарынын каржылык мүшкүл жүгүн  азыр өзгөчө сынга алып жатышат. Бирок туура уюшулган учурда, бул — эл аралык спорт оюндары гана болуп чектелбестен, кыргыздын улуттук мурастарын сактоо жана даңазалоо аргасы катары да кызмат өтөп жатканын кантип унутабыз?

Жемкорлук болбогон шартта бул сыяктуу иш-чаралар улуттук маданиятыбызды сактоонун заманбап аргаларынын бири катары даңазаланат деп ойлойм.

“Ала-Тоо” журналы, “Кыргыз маданияты”, “Чалкан”, “Байчечекей” сыяктуу басылмаларды өкмөт каржылашы керек, алардын интернет барактарын чыгарууга камкордук керек; ал эми “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана” сыяктуу басылмаларды таптакыр эркин койо берүү абзел.

Мен болочокко карай утурулап, кыргызча чыгармалардын тексттерин интернетте бир эле учурда кирил, арап жана латын ариптеринде жарыялаган долбоорлорду өкмөттүн көмөгү менен баштоо абзел деп эсептейм.

Кытайлык кыргыз айдыңдары ушундай жакшы долбоор башташкан. Алар бир эле баракта кирил жана арап тамгаларынан кыргыз тексттерин жарыялап киришкен. Демек, жүзөгө ашырса болот экен да! Кейиштүүсү, азыр ал долбоорлор КЭРде жабылып калды окшойт. Биз, демек, үч алфавитке тең кыргызча текст жайгаштырчу узак мөөнөттүк интернеттик долбоорлорду ойлонуштурушубуз зарыл.

Оболу муну “Манас” эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен баштасак болот. Бул көөнөргүс мураска эч бир коңшу мамлекетте цензуралык бөгөт коюлбастыр.

Элге китеп окуу маданиятын канткенде жайылта алабыз?

– Бир илеп менен жооп узатуу кыйын. Бардык аргаларын көрүү керек. Анын ичинде мыкты көркөм чыгармаларды интернетке кыргыз тилинде акысыз жайгаштыруу усулу да алгылыктуу. Анан бул баалуу интернет баракты Фейсбук сыяктуу коомдук тармактар аркылуу андан ары даңазалоо керек.

Азыр жазуучулар 300 нускадан 2 миң нускага чейин гана китеп чыгарышат. Жалпы жумуриятка жана чет өлкөгө кеткен айдыңдарга аларды жеткирүүнүн бирден-бир жолу — интернет.

Мыкты акын-жазуучулардын кечелерин өткөргөн кербен уюштурсак, дубандарды кыдырсак — бул дагы жакшы. Бирок бардыгы каражатка барып такалат. Балким, сыналгы каналдары аркылуу “китеп сармерденин” сунуштоо керектир?

Издесе — арга чыга берет. Мисалы, баткендик, нарындык, таластык ж.б. калемгерлер онлайн интернет шеринеси аркылуу бир эле учурда өз чыгармаларынын талкуусуна катышаар? Аларга Бишкектин сынчы, адабият таануучу же окурман өзүнүн кошуусу мүмкүн. Мындайды “РухЭш” интернет барагы деле жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, корлордун Аскар Салымбеков сыяктуу демөөрчүлөрдүн көмөгү менен уюштура алат. Сөзсүз эле жергиликтүү бийликтен акча сураштын кажети жок.

Атаганат, арак-шарап бөтөлкөсүн талкалаш үчүн акча чогулткандар, андан көрө, ошол акчаларына борбордон китептер сатып алып, арзан сунушташса, экологдор да, башкалар да ыраазы болмок.

Китеп окуу маданиятынын дагы бир өңүтү — жер-жерлерде китеп дүкөндөрүн жайылтуу. Бишкекте кыргызча китептер тирелип турган  “Нуска” китеп дүкөнү бар экенин далай аткаминерлерибиз билбейт. Дареги: Эркиндик гүлбагы, 56 (Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин батыш маңдайында).

Азыр айылдарда атаандашып арак жана азык-түлүк сатышат, бирок дүкөндөрдүн көбүнүн китеп текчелери жок. Бул жаатта да жер-жерлердеги дүкөнчүлөрдү кызыктыруу керек деп ойлойм.

Чехияда бир нече коомдук жайда китеп текчелерин көрдүм. Таштандыга ыргытпастан, өзү окуган китепти ошол текчелерге тизип кетишет. Аларды алып бекер окуган киши кайра ордуна же башка жайдагы текчеге жеткирип койот. Эч ким “китеп уурдап кетти” дегенсип аңдыбайт. Бардыгы — аң-сезимдүүлүктүн жана ыктыярдын негизинде.

“Ботом, тарсалар деле гумандуу го?” деп айткысы келгендер чыгаар. Жөн гана гумандуу болуп чектелбестен, алар бизге, мусулмандарга, татынакай өрнөк көрсөтүп жатышат. Моюнга алуу керек…

Дегиңкиси, жогорудагы татаал суроого жоопту коомчулук менен чогуу издеп, улам-улам ачык талкуу кылышыбыз керек.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.