Калмак эл жомогу: Куу молдо

Бир калмактын энеси өлөт. Ал гелюнгдан (калмактардын будда молдосу) апасын түз эле бейишке жөнөткүдөй сыйынуу ырын ырдап берүүсүн өтүнөт. Гелюнг жардамчы баласын ээрчитип калмактын үйүнө жөнөйт. Ал ушул ирээт да жакшы иштеп табыш үчүн куулукка бармай болот. Бул үчүн жолдо келатып талаадан чычкан кармап, жардамчысына берет да, качан сыйынуу ырын ырдап бүтүп калганында аны үй ичине коё берүүнү буюрат. Капысынан пайда болгон чычканды көргөн калмак апасынын жаны катары кабыл алып, гелюнгга ыраазы болуп, жакшы төлөп берет. Ушинтип сүйлөшкөн экөө калмактын […]

Мезгил ИСАТОВ: Сагынганда

ЭССЕ Жылт этип жыл кетти, Жылдыз өчтү… Каршы-терши узанган көчөлөр. Ойлор сыяктуу карама-каршы. Баскан сайын, ойлонгон сайын адаштырат. Тиги көчөдөн бул көчөгө өтөм. Дагы башкасына. Көчөлөрдөн көчөгө жүгүрөм. Эски күндөрүмө келдим. Эски досторума… Артта калган жалгыз күндөрүм менен азыркы жалгыздыгымы көргөнү. Ошол эле ойлордо бак аралап бараттым. Күз күүгүмү күндөгүдөн башкача. Бактылуу белем? Билбейм… Сенин жогуң коркутат мени. Аны билбешим керек. Балким… Балким деген эч нерсе жок. Өмүр боюнча жетпей турганың же капыстан жоготуп алаарың бар. Кубаныч-кайгысы аралашкан жашообуз толкун. […]

Жалалидин РУМИ: Каптагы кум

Чоң төөсүнө теңдеп эки кап арткан, Чөл аралап, бир бедуин[1] бараткан. Жолдон анан жолугуп бир жолоочу: – Жүгүң эмне? — берилди анын суроосу. Жооп узатат ээринде түз олтуруп: “Бир кабыма буудай салгам толтуруп. Экинчи кап шыкаганмын кум менен, Теңдеп алгам, ообойт жүгүм бул менен.” Жолоочу анда үн чыгарып акырын, Бедуинге айтат минтип акылын: “Кумду төк да жеңилдеткин жүгүңдү, Буудайды бөл, теңештириш кыйынбы? Ашыкча жүк, төөңө дагы, сага да, Ашык түйшүк жаратарын кара да.” “Оо жолоочум, акылыңа суктанам! Көп жыл жашап, […]

Кызматынан  өсөм дегендер үчүн кыска аңгемелер

“Уугум сага айтам, уулум сен ук! Керегем сага айтам, келиним сен ук!” Элдик накыл Биринчи сабак: Жылаңач аял Аялы чыгары менен душка күйөөсү кирди. Ошол учурда күтүүсүздөн эшиктин коңгуроосу кагылды, кийинип үлгүрбөгөн аял чоң сүлгүгө оронгон боюнча эшикти ачып бир аз шыкаалады. Караса, кошунасы Боб туруптур. Боб аял оозун ачкыча болбой, мындай деп жиберди: “Азыр сен алдагы сүлгүңдү алып ыргытсаң — мен сага 800 доллар берем.” Бир аз ойлонгон аял сүлгүрдү алып, өзүнүн сулуу денесинин бир чекитин да жашырбай Бобдун […]

1916-жылдагы тарыхый окуяга жаңыча көз караш: «Мисмилдирик» романы

1916-жылдагы тарыхый окуя кыргыз адабиятында тереңдетиле иштелген темалардын бири десек жаңылбайбыз. Айрыкча, прозада аталган тема ар тараптуу көркөм иликтөөгө алынып, тарыхый процесстин ар бир этабында түрдүү аспекттен көркөм чечмеленип келгендиги кызыгуу туудурат. Кыргыз адабиятынын жаралуу жана калыптануу мезгилинде, т.а. 20-40-жылдардагы көркөм чыгармаларда аталган тарыхый окуя жеке адам тагдырын сүрөттөө аркылуу чагылдырылган болсо, адабиятыбыздын күрдөөлдүү өнүгүүсүнө туура келген 70-90-жылдар аралыгында жазылган чыгармаларда тарыхый окуянын социалдык, нравалык-философиялык жактан көркөм чечмеленип берилгенин көрөбүз. Аталган окуяга кайрылган тарыхый чыгармалар эгемендик мезгилинде гана жазылды. Алсак, […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Бирөөлөр үчүн кайгы менен бүткөн, бирөөлөрдү канааттандырган сырдуу окуя

АҢГЕМЕ Бул сырдуу окуяны мага ички ооруларды жана балдарды дарылаган врач айтып берген эле. Мен кеп кылайын деген врач, чачын текши ак басып, кыйла эле жашка барып калган неме болчу. Чачы ушул окуядан улам агарганбы же убагы келдиби, сурабаптырмын. Агарса куруп кетсин дечи, өзү үнү да кырылдап, мукактанып чыккан жагымсыз неме көрүнгөн. Үнү эмне ичкенден бузулганын ким билсин, дегинкиси сөз төркүнү анда деле эмес. Бир курдай киши кирбегенге бук болуп, кейиштүү ойго батып, кабинетимде отургам дейт. «Азыркы бейтаптарыӊ да алчы-таасын […]