Бир калмактын энеси өлөт. Ал гелюнгдан (калмактардын будда молдосу) апасын түз эле бейишке жөнөткүдөй сыйынуу ырын ырдап берүүсүн өтүнөт. Гелюнг жардамчы баласын ээрчитип калмактын үйүнө жөнөйт. Ал ушул ирээт да жакшы иштеп табыш үчүн куулукка бармай болот. Бул үчүн жолдо келатып талаадан чычкан кармап, жардамчысына берет да, качан сыйынуу ырын ырдап бүтүп калганында аны үй ичине коё берүүнү буюрат.

Капысынан пайда болгон чычканды көргөн калмак апасынын жаны катары кабыл алып, гелюнгга ыраазы болуп, жакшы төлөп берет. Ушинтип сүйлөшкөн экөө калмактын үйүнө келишет. Гелюнг сыйынуу ырын узакка ырдап, акыры аны аяктайт. Бирок жардамчысы чычканды коё бербейт. Ыры түгөнгөн гелюнг анын аягына мындай деп кошот:

— Чычканды-ы коё-о бэ-эр! Чычканды-ы коё-о бэ-эр!

Жардамчысы жооп берет:

— Мэ-эн чычканды-ы өлтүрү-үп алды-ым! Мэ-эн чычканды-ы өлтүрү-үп алды-ым!

Жини келген калмак:

— И-иттин гана-а баласы-ы! И-иттин гана-а баласы-ы! Ү-үйгө барганда-а өпкөңдү-ү үзө-өм!

— Ү-үзүп эле-е кө-өр! Ү-үзүп эле-е кө-өр! А-алдагандарыңды-ы бү-үт кал-мак-к-а-а жа-йа-мын! Бү-үт калмактарга-а айта-мын! – деп жооп берет жардамчы.

Гелюнг менен жардамчысын угуп отурган үй ээси алардын эмне деп ырдап жаткандарын түшүнө калып, экөөнө эч нерсе бербей сыртка кубалап чыгат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.