“Уугум сага айтам, уулум сен ук! Керегем сага айтам, келиним сен ук!”
Элдик накыл

Биринчи сабак: Жылаңач аял

Аялы чыгары менен душка күйөөсү кирди. Ошол учурда күтүүсүздөн эшиктин коңгуроосу кагылды, кийинип үлгүрбөгөн аял чоң сүлгүгө оронгон боюнча эшикти ачып бир аз шыкаалады. Караса, кошунасы Боб туруптур. Боб аял оозун ачкыча болбой, мындай деп жиберди: “Азыр сен алдагы сүлгүңдү алып ыргытсаң — мен сага 800 доллар берем.”

Бир аз ойлонгон аял сүлгүрдү алып, өзүнүн сулуу денесинин бир чекитин да жашырбай Бобдун астында турду. Бир нече секунд карап туруп, кошуна 800 долларды берди да кетип калды. Кайрадан сүлгүрүнө оронуп, бети-башы бир аз чымыраган менен алеки заматта бекер пайда тапканына ыраазы болгон  аялынан, күйөөсү сурады: «Ким келиптер?» «Кошунабыз Боб эле», — дейт аялы эч нерсе болбогонсуп. «А жакшы! Ал  800 доллар карызы бар эле, ошону алып келиптирби?» — дейт эри.

Мораль: Өзүң менен чогуу жүргөн адамдардан маанилүү маалыматты жашырба, уят болуп калышың мүмкүн. Экинчиден, сунуштун баары эле чын ниеттен чыга бербейт.

Экинчи сабак: Башчы жана жин

Мекеменин катчысы, менеджери жана башчысы түшкү тамакка чогуу баратышкан. Анан жолдон капыстан эле май чырак таап алышпайбы. Анын бетиндеги жазуусун окуп көрмөк болуп сүргүлөп тазалап киришти эле, ал май чырактан буу көтөрүлүп, жинге айланды. “Ар бириңердин бирден тилегиңерди аткарайын, мени бошоткула”, — дейт жин. Биринчи каалоосун катчы айтты:  «Багама аралына барып тез жүргөн моторлуу катер айдап, эч нерсе менен ишим жок эс алгым келет!»

Айтылды – аткарылды, катчы өмүрүнүн аягына чейин аралда эс алуу үчүн жөнөтүлдү.

«Мен Гавай аралдарында, сулуу катындардын кучагында түгөнбөгөн коктейлдерди ичип эс алгым келет!» — деген менеджер оозун ачып жапкыча, ал Гаваяда болуп калды. «Кана, айтыңызчы, эмки кезек сиздики», — дейт жин башчыга. Башчы көп ойлонбой эле мындай дептир: «Тиги эки бекерчи, түштөнүү убактысы бүтөрү менен иш орундарында болушсун».

Мораль: Башчыңдан озунуп сүйлөбөй жүр.

Үчүнчү сабак: Поп жана 129-эреже

Үйүнө кайтып бараткан поп жол боюнда турган кечил аялды көрүп токтоду да, аны жеткирип коймой болду. Аял астыңкы отургучка эки бутун кайчылаштырып отура кетти. Анын ачылып калган этегинен аппак балтырлары булайып ачылып калды. Дин кызматкери балыктай бултулдаган чымыр сандардан көзүн тартып ала албай, аз жерден аңга кирип кете  жаздады.

Машинесин түздөп жолго салып алган соң, байкамаксан болуп колун акырын жылдырып, кечил кыздын санына койду. Тигил попко карап мындай дейт: «Атакебай, 129-эреже сиздин эсиңизде барбы?». Поп уялып кетип колун тартып алды. Бир нече убакыттан кийин поп чыдабай кетип, кыздын санына кайрадан кол сойлотту. «Сиз 129-эрежени эстедиңизби?» — дейт кечил кыз кайрадан. «Кечирип кой карындашым, пендечилик кылып, напсимди агытып жибердим окшойт», — актанган поп тынчып калды да, андан кийин тийишкенин койду. Жетер жерине жеткенде кыз попту кылыктана карап койду да, коштошуп алып жолуна түштү.

Эртеси поп чиркөөгө келип, чиркөө китебинен 129-эрежени бир карап коюуну чечти, ал эрежеде  мындайча айтылыптыр: «Максат койдуңбу, андан кайтпа, ошондо гана ийгиликке жетесиң».

Мораль: Ишиңе тиешелүү маалыматтар менен чала тааныш болсоң, көп мүмкүнчүлүктөрдү колуңдан чыгарып жибересиң.

Төртүнчү сабак: Жалкоо коён

Бакта бир карга керээлдин кечке эч иш кылбай жыргап отурганын көргөн коёнго ал аябай жакты. «А мен ушинтип күн бою иш кылбай бекер отуруп, эс алсам болобу?»— деп сурады коён каргадан. «Алибетте болот, эмне үчүн болбосун?»,— дейт тиги. Коён ошол замат дарактын алдынан ыңгайлуу жерди тандап алды да, көздөрүн бекем жуупм жата кетти. Көздөрүн жумар замат, бул дүйнөнүн бары-жогун эсинен чыгарып коюп, суналып кечке жатты. Кечинде жыргап жаткан коёнду түлкү көрүп калды да, эч кыйналбай кармап алып жеп салды.

Мораль: Эч нерсе кылбай бош, жыргап олтуруу үчүн, олтурган жериң аябай бийик болуш керек.

Бешинчи сабак: Жинди үндүк

Үндүк буйволго сырын ачты: «Билесиңби, мен тээтиги бийик дарак турбайбы, ошого чыккым келет, бирок чыгайын десем алым жок». «Анын жарасы жеңил, —дейт буйвол. – Менин жампамдан чокуп жей бер, анда пайдалуу заттар аябай көп, бат эле кубат алып, күчүңө толосуң». Үндүк буйволдун кеңешин угуп, анын жампасын чокулап жей баштады. Жеген сайын күчүнө толуп, бир  күндөн кийин ылдыйкы бутактарга, экинчи күнү андан жогору, үчүнчү күнү андан жогору, төртүнчү күнү өзү самап жүргөн дарактын кылда чокусуна чейин учуп жетти.

Фермер жинди болуп, бактын башында жүргөн үндүктү таамай атып жерге түшүрдү.

Мораль: Ар кандай сасыган нерселер менен жагымсыз окуялардын жардамы аркалуу кызматыңдан өйдөлөп чыга аласың, бирок алар сени ал жакта кармап тура алышпайт.

Алтынчы сабак: Жампанын алдында жалпайган чымчык

Кичинекей чымчык келгин куштардын үйүрү менен түштүккө учуп бара жаткан. Капилеттен суук түшүп, канат-куйругу суукка тоңгон чымчык дал талаанын ортосуна кулап түштү. Ошол кезде жанынан өтүп бараткан уй былчыйтып жампа таштап жиберсе, жампа чымчыктын үстүнө түшүп көөмп калды. Чымчык денесине жылуулук келип, тоңгон канат-куйругу жибип, өзүн жакшы сезип калды. Ал мындай күтүлбөй келген жыргалдан ырдап да жиберди. Анын дабышын эшиткен мышык бара жаткан жолунан бурулуп, жампанын астында ырдап жаткан чымчыкты таап алды да, жеп салды.

Мораль:

  1. Үстүңө чычып кеткендин баары эле душман эмес.
  2. Жампадан куткарып алгандын баары эле досуң эмес.
  3. Эгерде бокко түшүп калсаң, оозуңду жаап, унчукпай отур.

Интернеттен алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.