Эфиоп эл жомогу: Акылдуу балапан

Карыган карга өз балапанына акыл айтып атты: – Уулум, адамдардан этиет болгун. Алар коркунучтуу. – А адам деген ким өзү? – Анын тоголок башын кыл баскан, канаттын ордунда арбайган эки колу бар, буттары айры. Ал абдан куу. Эгер адам эңкейсе, демек ал жерден таш алып сени чабат. Мындайда ойлонуп турбай уча качып кутул. – Ата, адам ташты чөнтөгүнө же коюнуна катып алышы мүмкүн. Анын куулуктарын билип болбойт. Ошон үчүн аны көргөндө эле уча качыш керек. Андан жамандыктан башканы күтүп болбойт. […]

Олжобай ШАКИР: Улут тагдыры (1-макала)

«Эл кайсы бир убакытка чейин чоң жазуучусуз деле жанын сактай берет, а чыныгы журт башысыз жок болуп кетет». Тимур ЗУЛФИКАРОВ Бизде топ башкаргандар көп чыкты, асти, журт башкарар лидер чыктыбы? Журт башкарып, журт атасы болуу мүмкүнчүлүгү 2005-жылы К.Бакиевге келди. Бирок ал тарыхый озуйпасын түшүнбөдү. 2010-жылы Отунбаевага мүмкүнчүлүк келди, тилекке каршы, толук мүмкүнчүлүк беришпеди ага… Тек, кыска мөөнөт аралыгы болсо да, мүмкүнчүлүгүнө жараша мамлекеттүүлүгүбүздүн түркүгүн сактап калууга кудурети жетти. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасындагы ыйкы-тыйкыларга карабай, аял башы менен тик турду. Эң […]

Гүлзада СТАНАЛИЕВА: Сүйүү эмне эңшерилткен дүйнөнү?

БАЛАЛЫК ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА Токтогулга барабыз деп камынып Жүрсө апам, сен башкача сүйүнүп. Ээликкениң эсимде бир ошондо, Көрүнгөнгө сүйүнчүлөп күйүгүп. Чыктык жолго, күүгүм талаш жеткирди Токтогулга эски жеңил машине. Таякемдин үйүн көздөй жөнөсөк, «Барбайм, — дейсиң таякемдин үйүнө, Токтогулга барабыз деп айттың го, Алпар мени комуз черткен кишиге», — Чатак салдың кыйнап бизди чаң жолдо, Бештердеги бала болчуң кичине. Апам байкуш алдап-соолап тарткылайт: «Таякеңдин үйүндө да Токтогул». Ишенбейсиң, короодогу кишини, «Тайкем, — дейсиң, таанып турам Оштогу». Ал аңгыча көчө баштан бир […]

Ырысы жок элдин жылышы жок

Биздин чоңдор кызматтык автоунааларын каалагандай минет. Той-ашка мингендери кеп эмес, кааласа катын-балдары базар кыдырат. Ал тургай чоңдун балдары KG номурлуу автоунаалары менен бей-бечара бирөөнү жабырлатып кеткен учурлар турмушубузда канча кайталанып келет?! Кээси МАИ инсекпекторун көзгө илбей чалчаңдап, айтор, карапайым элди каакым ордуна көрүшпөйт. Атүгүл KG номурлуу автоунаалардын айбаты күч кезде баңгизаттар ташылганы коомчулукта канча чуу жаратты? Кезинде каратүнөк кылмыштуу топтор менен алакалаш бийиктин даражалуу кызматында отургандын далайы өздөрүнүн көмүскө иштерин KG номурлуу автоунаалар менен жүргүзөрүнө жол бербеш үчүн KG номурларын […]

Азис НЕСИН: Арзан жумушчу

АҢГЕМЕ Чоң фабриканын кожоюну эртең мененки ысык кофеге ырахаттанып кабинетинде отурган эле, каалга капыстан шарт ачылып, босогодон самсаалаган бирөө көрүндү. Иш издегендердин каадасы эмеспи, калпагын кабыштыра кармап алган: – Мен жумуш издеп жүрөм, бейэфенди! Кожоюн козголбостон кыйлага  кылыя сынай карап туруп, анан барып сурады: – А сенин колуңдан эмне келет? – Мен кол өнөрчүлөрдүн окуусун бүткөм, биринчи класс слесармын. – Бизге токарлар керек, – кожоюн кофеден ууртады. – Мен Германияда чоң заводдо беш жыл токарь болуп иштегем. Менин сунуштамам да […]