АҢГЕМЕ

Чоң фабриканын кожоюну эртең мененки ысык кофеге ырахаттанып кабинетинде отурган эле, каалга капыстан шарт ачылып, босогодон самсаалаган бирөө көрүндү. Иш издегендердин каадасы эмеспи, калпагын кабыштыра кармап алган:

– Мен жумуш издеп жүрөм, бейэфенди!

Кожоюн козголбостон кыйлага  кылыя сынай карап туруп, анан барып сурады:

– А сенин колуңдан эмне келет?

– Мен кол өнөрчүлөрдүн окуусун бүткөм, биринчи класс слесармын.

– Бизге токарлар керек, – кожоюн кофеден ууртады.

– Мен Германияда чоң заводдо беш жыл токарь болуп иштегем. Менин сунуштамам да бар.

Фабриканттын өңүндө кызыгуу пайда болгондой көрүндү:

– М-м-м… бизге дегиңкисин модел жасоочулар керек эле.

– Мен биринчи класстагы мастер-моделчимин,– деди мейман шыпылдап.

Кожоюн өзүнчө ыраазы боло күбүрөндү:

– Столяр болгонуңда эмне…

– Билип койсоңуз болот, төрөм, мен Америкада туура төрт жыл бою столярдык цехтин начальниги болуп иштегем.

Дурус неме туш болгонуна кожоюн ичинен кымыйды, ошентсе да бул шүмшүк өтө эле көп сурабас бекен деп андан ары тамырын тартты.

– Мунун баары жакшы, бирок досум чынын айтсам, бизге кишинин кереги жок.

– Мен жумуш эле болсо иштөөгө макулмун, төрөм.

– Анда мындай, сен жаман жигит көрүнбөйсүң, антсе да мен сага ачык айтышым керек: сага көп төлөй албайм, ооба, сени штаттан сырткары алып жатпайымбы.

– Ырахмат, бейэфенди, дегеле бергениңизге эле ыраазымын.

– Биз биринчи класстагы мастерлерге 5 лирден төлөйбүз. Сени штаттан ашырып алып жаткандыктан, эң эле көп болгондо… эң эле көп дегенде…  билбей турам… мейли, күнүнө эки лирден болсун!

– Ушунуңузга деле ырахмат, эфендим. Эки болсо эки да!

Кожоюн тигинин жообуна жумула түштү.

– Оо-о-ба, мен дагы айтпай кетиптирмин,– деди ал тез унчугуп, бизде жумуш күнүнүн узактыгы такталган эмес. Фабрикада эч ким 11 сааттан кем иштебейт. Анан күңкүлдөбөгүдөй бол. Кээде бирөөнү аяп, боор оорусаң, боорго тээп кетмейи да болот.

– Эч нерсе эмес бейэфендим, 14 саат болсо да иштейм, колго жукмак беле.

Кожоюн уккан кулагына ишенбегенсип, дагы улантты:

– Анан эскерткен эмес деп жүрбө, биздин фабрикада иштей турган жайлар караңгы, ным.

– Андай болсо эмне экен.

– Ии унутуп бараткан турбайымбы: сага иштээриң менен эле төлөй койбойм. Эгер сенин ишиң ыраазы кылса, акыңды бир айлык сыноо мөөнөтүнөн кийин аласың.

– Мейли, ошондой эле болсун.

– Эми дагы бир шарт: айлыгыңдын 2 пайызын кармап турам, бул кокустан брак чыгарып же машинаны бузуп койсоң, ошого чыгымдалат.

– Албетте, аныңыз туура.

– Дагы бир нерсе. Сага эң сонун машиналарды берем, а сенин эмне деген мастер экениңди ким билсин.

– Билбейсизби, төрөм…

– Ошондуктан, банкка алдын ала миң лир өткөрүп коюшуң керек.

– Чынымды айтайын бейэфенди, атамдан калган ураган там бар. Биз аны эптеп тургузуп, бир нерсеге жаратаарыбыз менен эле кутулам.

– Андай болсо жөнө цехке, барарың менен ишке кирише бер.

Тиги бечара жаңы эле кетери менен фабрика кожоюнунун кабинетине эки полицей кирип келди.

– Бейэфенди, сиздин фабрикага бир селсаяк кире качты, ал жиндиканадан качып чыгыптыр. Көпкө жумушсуз жүрүп, айнып калган  экен. Биз аны издеп жүрөбүз…

Түрк тилинен оодарган Аалы МОЛДОКАНОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.