«Эл кайсы бир убакытка чейин чоң жазуучусуз деле жанын сактай берет, а чыныгы журт башысыз жок болуп кетет».
Тимур ЗУЛФИКАРОВ

Бизде топ башкаргандар көп чыкты, асти, журт башкарар лидер чыктыбы? Журт башкарып, журт атасы болуу мүмкүнчүлүгү 2005-жылы К.Бакиевге келди. Бирок ал тарыхый озуйпасын түшүнбөдү. 2010-жылы Отунбаевага мүмкүнчүлүк келди, тилекке каршы, толук мүмкүнчүлүк беришпеди ага… Тек, кыска мөөнөт аралыгы болсо да, мүмкүнчүлүгүнө жараша мамлекеттүүлүгүбүздүн түркүгүн сактап калууга кудурети жетти.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасындагы ыйкы-тыйкыларга карабай, аял башы менен тик турду. Эң оор сыноо мезгилине туруштук берди. Бийлик кумарына азгырылбай, мерчемделген өз мөөнөтү бүткөндө да кызматын кылчактабай тапшырып берди. Саясый маданиятты калыптоо өрнөгүн көрсөттү. Опурталдуу тарыхый кырдаалдын учурунда тар жол, тайгак кечүүгө кептелген улут тагдырын башкалар үчүн оң жолго салып берди. Мырзалардын колуна! Бак-дөөлөтүбүз кайра тайыды. Мырзалардын бири да жоолукчан Отунбаевача боло алышпады…

Андан соң журт атасы болуу мүмкүнчүлүгү А.Атамбаевге келгенсиди. Анын жолою да түз кетпеди. Бийлик кумары аны да тез азгырды. Башында элге чопулдатып тил эмизген убадаларын алты жылда аткара албай, анын да мөөнөтү бүттү. Артында толтура жаманаттысы калды. Өлкөнү карызга батырып баса берди. «Жаманга жакшы сөз жарашпайт» деп кыргыз бекер айтпаптыр, айланасындагы кошоматчылардын мактоосуна көмүлгөн АША көзүн тез эле май басканын көрдүк. Май баскан көзүн коррупция тунартты.

Тирүүлөр тургай, 7-апрелде өлкө тагдыры үчүн жанын курман чалган баатырлардын арбактарынын алдында берген убадалары бийлик мөөнөтү соңуна жеткенче абийирин ойготподу. Тескерисинче, бийлик тизгининде колу карышып, табакташтары (!) менен коррупциялык схема орнотуп койгону биринин артынан бири булайып чыгып, С.Жээнбеков досуна бийликти мураскорлукка калтыруу ниети тез эле ойрон болду. Сыягы, ал деле кокусунан болуп кеткенсиди. Аны ылдыйда сөз кылабыз…

Агер АША алешемдикке барбай, Соке досунунун көздөй иниси Асылбек Жээнбековго асылбаганда, азыркы президент экөөнүн ныгайып мамилесине мүмкүн мынчалык доо кетпей, көшөгө артындагы таасири менен эле өлкөнү дагы далайга башкара берет беле, бирок тагдыр буйругу АШАнын саясый эсеп-кысабын бузуп таштады. Эки достун касташуусу курчуганын көргөн жамы журттун болсо кыбасы канып турду.

Оома калк экенбиз, Атамбаевди жабыла жек көргөндөр көбөйдү. Ажо кезинде ага сөз тийгизбегендер, жеберине жеткире сөктү. Башкасы башка, эң мурда КСДП ичиндеги иркектеш, санаалаш командасы С.Жээнбеков тарапка эшектин чала артылган куржунундай ооп берди. Түзөп кетер калыс эч кимисин көрбөдүк. Башкаруу бийлигиндеги таасири чоң деп саналган КСДП ичинде тең салмактуулукту кармап калар күчтөр жок экенине караламан калктын көзү жеттиби, жеткен жокпу, бирок акыйкат ушул: баарынын ычкыры бош экен, саясый сойкулуктун соодасы күчөдү. Анын маани-маңызы береги метафорада сыпатталат>>>>>>>>>>>>>>>.

Айтор, тарыхый тамсилдеги >>хрущёвдор биз күткөндөн да кыйла көп экен. Даяр турушуптур.

Жамы журттун жакасын уучтаткан саткынчылык

Токмогу катуу болсо, кийиз казык жерге киргендей, АША доорунда ооз ачпай келген парламентчилердин көбүнө тил бүттү. Бирок тил бүткөн менен, өлүү коёндун терисинин ичине тирүү коёнду тыксаң да, коён деген коён. Ал тирүү болсо да, өлүү болсо да коркок. Андыктан мындай эрендер менен эч качан парламенттик башкаруу системасын куруу мүмкүн эмес. Парламенттик башкаруунун маани-маңызы чыкпайт.

Арам жол менен байыгандын көбү парламентке келген үчүн алар коёндой коркок, түлкүдөй куу. Ошол арам жол менен табылган оокаттарын коргош үчүн гана депутаттык мандат десе касам ичип, тузга сийип ант берсе да аларды элдин эртеңкиси, мамлекеттин келечеги ойлондуруп аткан жок. Аларды жаздыкка баш койдурбаган убайым-санаа – арам жол менен табылган байлык-мүлк, бизнести коргоп калуу аргасы. Бирок ага болбой Сооронбай Шарипович парламенттик башкарууну күчтөндүрөм дегени – азырынча курулай сөз.

Оболу, парламанттик башкаруу түзүмүн негиздөө үчүн ошол парламентте отурган депутаттар өлүү коёндун терисинин ичине тыгылган тирүү коёнго окшобогон тирикарак болушу керек эле. А азыркы парламент курамындагы 120 депутаттын тирикарактарынын саны беш манжадан ашса ашат, айтор, тирикарактары саналуу.

Көпчүлүк эл өкүлдөрү (!) үчүн парламент төрагасы же фракция төрагаларынын сөзүнө караганда Президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун сөзү алда канча өтүмдүү. АША менен Сокенин ортосунда чатактын баары ошондон чыкканын КСДПнын курултайы айдан ачык көрсөткөн жокпу? Ошол курултайдан кийин гана эки жактын тиш кайрашы күчөгөн мезгилде парламентте хрущёвдор пайда болду го…

Арийне, Президент С.Жээнбеков камырдан кыл сууруган саясый чеберчиликке салып, коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз парламенттик башкаруу жолу менен кетишибиз керек» дегенин – тек гана тактикалык ат жүрүштөн экенин аңдаганыбыз ийги. Эзели азыркы парламент курамындагыдай оозуна чөп албаган, принциби олку-солку эл өкүлдөрү менен парламенттик башкарууну күчтөндүрөм дегендин өзү – С.Жээнбековдун реалдуу чындыкка тике кароо мүмкүнчүлүгү жоктугунан кабар берет…

Албетте, ошентсе да Сооронбай Жээнбековго журт атасы болуу мүмкүнчүлүгү келгени менен, бирок ал киши да элге чоң ишеним жарата албай туру. Агер илең-салаң бу жүрүшү улана берер болсо, опурталдуу саясый оюндардын бурганагына туруштук берери күмөн.

Кандай саясый бороон болбосун, азыр анын айланасында ишенимдүү командадай көрүнгөн көлөкөлөр толтура. Бирок даанышман Абай айтмакчы: «Бийик мансап – бийик жарташ». Ошол жарташка учуп-конгон кыраан да чыгат, сойлоп жүргөн жылан да чыгат. Сооронбай Шарипович мына ушунун кайсынысы? Абайдын айтканындай: «Жаман дос көлөкөдөй: күн ачыкта артыңан калбайт, күн бүркөктө жаныңан таппайсың» болуп, айланасындагы көлөкөдөй караандар ар дайым эле ишенимдүү болбос. Бийликтин бийик жарташынан кулагандардын канчасын көрдүк? Андыктан, Президенттин парламентке ишеним артып турганы деле анын аргасыз чарасы сыяктанат.

Арийне, кийинки парламенттик башкарууга чейин Президент С.Жээнбеков өз таасирин карапайым эл ичинде өстүргөнү оң. Анын бир жолу бар, маселен: ушул күнгө чейин Президенттик Аппарат бөлүмүн жетектеп кетер ишенимдүү адам табылбай турган мезгилде, эмнеге экс-президент Роза Отунбаевага ушул орунду ыраа көрбөйт? Канткен менен анын карапайым эл ичинде да, эл аралык коомчулукта да таасири чоң инсан. Өлкөбүздүн дипломатиялык байланыштарын чыңоода да тажрыйбасы мол.

Кыргызстандын ички-тышкы ыйкы-тыйкы саясатында калыстыкты карманган экс-президент Отунбаева үчүн азыркы президенттин Аппарат бөлүмүн башкарып берүү – улут тагдырын оң жолго салып кетүүгө кыйла өбөк болор ишеним жаратышы толук ыктымал эле. Ошол эле убакта С.Жээнбековдун башкаруу курсун аныктоодогу бул кадамы карапайым калк арасында сөзсүз түрдө кубаттоого ээ болбойт койбойт.

(Уландысы бар)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.