Мурза Гапаров – кыргыз адабиятында бөтөнчө стили бар жазуучу. Аны көп окуп, аз жазган деп айтышат. Мунун чындыгы бар. Мурза Гапаров чын эле батыш адабияты менен чыгыш адабиятынын синтезинен өзүн жараткан, ошонусу менен башкалардан кескин түрдө өзгөчөлөнүп, өз стилин таба алган жазуучу.

Табиятынан сезимтал Мурза Гапаров батыш жана америкалык улуу сүрөткерлер Кафка менен Хемингуэйди, Фолкнер менен Маркести казып окуган. Ал эми чыгыш адабиятынан жапон адабияты менен кытай адабиятына өтө жакын болгон. Адабиятчылар анын жапон адабиятынын өкүлү, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ясунари Кавабатадан да таасирленгенин айтып келишет. Таасирленүү башка, а нукура көркөм бийиктикти улут адабиятынын кыртышында, улуттук мүнөздө кайрадан жаратуу таптакыр башка кеп.  Бул жагынан алганда, Мурза Гапаров улуу дөө-шаа жазуучуларды сокур туураган эмес, а дүйнөлүк адабияттын алдыңкы үлгүлөрүн тереңден өздөштүрүп, батыш менен чыгыш адабиятынын көркөм баалуулуктарын өз чыгармаларында айкалыштыра билген, аларды кыргыз дүйнөсүнө сиңирип, кыргыз турмушун жаңы эстетикалык сапатта сүрөттөөгө жетишкен. Б.а., Мурза Гапаров нукура эстетикалык көркөм сапатка кантип көтөрүлүш керектигинин жообун ушулардан тапкан.

Айрым жазуучулар өзүн жалаң батыш адабиятынан же орус адабиятынан издесе, кээ бирлери чыгыш адабиятына ашык болуп, ошол адабияттын жетегинде чыгармачылыгын уланытышы мүмкүн. Ал эми чыгармачылык шыгы күчтүү, билим көрөңгөсү бай, турмушту таануу жөндөмү жогору жазуучулар дүйнөлүк адабияттын казынасындагы асыл дөөлөттөрдү батыш, чыгышка бөлүп отурбай, алардын арасынан өзүнүн эстетикалык көркөм табитине, турмуштук көз карашына, жашоо принцибине, сүрөткерлик чеберчилигине жакын тургандарын тандап алып, өмүр бою казып окуй турган көркөм мураска айлантат тура.

Мурза Гапаров да өзүн башкалардан издеп табуу керектигин туура түшүнүп, ошону түшүнгөнү үчүн изденүүнүн узун жолуна түшүп, өзүн өзү ача алган жазуучу. Турмушта кудай берген талантты багып, өркүндөтүп кете албаган, өзүн өзү таба албай, өзүн өзү ача албай калган жазуучулар да болот. Мурза Гапаров бул жагынан бактылуу жазуучу.

Мурза Гапаровдун чыгармачылык диапазону кеңири, жараткан көркөм образдары да көп кырдуу, чагылдырган темалары да ар кыл. Анын чыгармачылыгына саресеп салып көрө турган болсок, жазуучу “Кыштакча” повести менен “Түш”, “Айгүл тоо”, “Жол кырсыгы”, “Байчечек” аңгемелеринде өзүн өзү издеген каармандын дүйнөсүн аңтарган, ал эми “Күнөстүү арал” повести менен “Наташа Ростованын биринчи балы” аңгемелеринде жашоо менен сүйүүнүн маңызын издеген кыздардын эң сонун образдарын жараткан.

А “Кара-Көлдүн каздары”, “Дарыялардын шоокуму”, “Буурул түндө туулган кыз” чыгармаларында өчкөн кыял-тилек тууралуу, жете албай калган бакыт тууралуу, өмүрү бүтүндөй күтүүлөрдөн турган каармандардын тагдыры тууралуу баяндаган. Алтургай, ал кыргыз жазуучуларынын көбү даай бербеген диний мотивдин негизинде жазылган “Экөө ээн бакта” аңгемесин да жазган. Ошону менен катар Мурза Гапаровдун чыгармаларынын арасында нукура магиялык реализм  багытында жазылган укмуштуудай “Аялдар деңизи” аңгемеси да бар.

Мурза Гапаровдун модернисттик багытка ыктаган чыгармаларында көбүнесе элет турмушу жана карапайым элеттик адамдын дүйнөсү сүрөттөлөт. Анын каармандары совет учурундагы көпчүлүк жазуучулар жараткан образдар сыяктуу коомдук-саясый күрөшкө чыккан совет адамынын кейипкери эмес.

Бир карасаң, Мурза Гапаровдун каармандары өз башынын көйгөйү, жеке сезимдери менен алышкан гана адамдар сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок алар аркылуу сезимтал жазуучу адамдын табышмактуу, сырдуу дүйнөсүнүн ар түрдүү кырларын ачып бергенин көрүүгө болот. Экинчиден, Мурза Гапаровду жазуучу катары адамдардын ички сезим-туйгулары, бейаң сезимдин түпкүрүндө жашырынып жаткан кыялый эңсөөлөрү, эргүүлөрү, коркуулары, иллюзиялары, фантазиялары кызыктырат. Бул чыгармачылык мүнөзү менен Мурза Гапаров модернисттик адабиятка өтө жакын турат. Ал эми үчүнчү тараптан, жазуучу чыгармаларында түштүк калоритин мыкты колдоно билген, түштүк диалектисинде ийменбей эле эң сонун жазууга боло турганын айкын далилдеп берген.

Чындыгында түштүк жеринин кооздугун, ичкилик кыргыздардын тилин, үрп-адатын, көп кырдуу жашоо-турмушун чагылдыруу боюнча тарыхый романист Төлөгөн Касымбековду эске албаганда (эми ал таптакыр башка нуктагы жазуучу эле да), Мурза Гапаровдон ашып түшкөн же ага жеткен анын учурунда да, азыр да эч ким чыккан жок. Төртүнчүдөн, Мурза Гапаровдун чыгармаларында жетилген курч конфликттерди да учуратуу мүмкүн эмес. Анын каармандарынын арасында терс мүнөз күткөн каармандар да жокко эсе. Мурза Гапаровдун чыгармалары окурмандын эсинде жаркын образдары менен, алардын турмушка жасаган сезимтал мамилеси менен калат. Мына ушундай өзгөчөлүктөрү менен М.Гапаров башка жазуучулардан кескин түрдө айырмаланып турат.

Ноокат жергесинин кулуну болгон жазуучунун чыгармачылыгы үчүн түштүк кыргыздардын элеттик турмушу каза берсе түгөнгүс кенч болуп берген. Арстанбаптын жаңгактуу токою, Баткендин аппак болуп гүлдөгөн өрүкзары Мурза Гапаровдун жазылып бүтпөс темасы эле. Ал өзү өрүкзарды көрүү үчүн, анын көз тайгылкан көркү менен сулуулугунан, акактай энергиясынан чыгармачылык эргүү алыш үчүн Баткен жергесине өмүрүнүн аягына чейин көп жолу барыптыр. Алтургай, калемдеш досторун, шакирттерин да өрүкзарлуу түштүк жергесине далай жолу ээрчитип алпарган экен. Мурза Гапаровдун өрүкзарга болгон арзуу-сүйүүсү кинодо да орун алып, анын сценарийи боюнча «Бабалар өрөөнү» аттуу көркөм тасма тартылган.

Жазуучунун “Айгүл тоо” деген аңгемесинде Иса аттуу чыгармачылык менен алпурушкан баш каармандын Айгүл гүлү тууралуу бир жаш кыздан угуп, ошол гүлдү да, гүл менен кошо ошол сулуу кызды да көргүсү келип, Айгүл тоого түндөлөп барганы сүрөттөлөт. Чыгармада кандайдыр бир чырмалышкан окуянын өнүгүшүн деле көрбөйбүз. Автор мында Исанын ички туюм-сезимдерин сүрөттөөгө ашыгат. Чыгармадагы Айгүл гүлү – бул тазалыктын, аруулуктун символу. Айгүл гүлүн бир көрүү үчүн Иса борбор калаадан күндөп-түндөп жүрүп отурат, аны көрүп, ошону менен гана канааттаныш үчүн Иса караңгы түндө, болгондо да жер жаңырган Нооруз майрамы күнү, Жаңы жыл жаңырган күнү ээн тоонун башына жалгыз  келгени да жөн жерден эмес.

Исага буга чейин турмушунда жолуктурган мамилелеш болгон аялдарды эстейт.  Алардын баары Иса үчүн бирдей. Исанын өзүнүн мамилелелеш аялдарды эскерип жатышы да бекеринен эмес. Сан гүлдөрдүн арасынан өзгөчөлөнүп, ай бата элек кезде гана бажырайып көрүнгөн Айгүл гүлдөй болгон Айзада Исанын жашоодо жолуктурган аялдарына түк окшобойт. Ошондуктан, элеттик маданияттын жылуулугун, баёолугун, ак пейилдигин алып жүргөн Айзадага өзүнүн жашы улгайып баратканына карабай, Исанын көңүлү түшүшү, балким, анын турмушунда жолуктурбаган аруулукту, тазалыкты андан көргөнүнөн да болсо керек.

Дегеле Мурза Гапаровдун каармандары сулуулукту издеген, ага куштар болгон каармандар. Ошондуктан, анын чыгармаларындагы трагизм да ачык-айкын көрүнбөгөнү менен, сулуулукка, аруулукка жетпеген арман болуп, ал арман бүтүндөй адам турмушунун трагедиясы экендигине көңүл бурдургусу келет. Бирок М.Гапаровдун чыгармаларындагы трагизм кайгы-касыретке толгон каңырык түтөө эмес, а тескерисинче, жаркын, жайдары, жарыкка умтулткан трагизм. Трагизмдин мындай көркөм чагылдырылышы анын дээрлик бардык чыгармаларында кездешет. Алсак, “Эки ирет гүлдөөчү алмалар” аңгемесиндеги эне-атасы ажырашып, өгөй атага батпай, атасынын жаңы бүлөсүнө да даай албай ара жолдо калган өспүрүм баланын психологиясы, анын ата-энеси чогуу түтүн булаткан күндөргө болгон терең кусалыгы, өктө-зары шумдуктуудай трагизмде сүрөттөлөт. Бирок анткен менен, чыгарманын соңун автор баланын өгөй атанын заарын да эсине албай, капылет жолуктурган мурдагы итин ээрчитип кайрадан жолго түшүшү менен бүтүргөнүн көрөбүз.

Мындай көрүнүштөр “Газала” чыгармасынан да орун алат. Балакатка толуп толо элек баланын көзү менен баяндалган кайгылуу окуя канчалык жүрөктү эзбесин, чыгарманын соңунда каармандардын жашоого болгон кумарын, суктануусун сүрөттөө менен аяктаганы буга ачык далил. Кыскасы, Мурза Гапаровдун каармандарынан жашоо, турмуш канчалык оор, канчалык татаал болбосун, ага наалат айткандарын, тагдырына нааразы болгондорун таптакыр учуратпайбыз. Жазуучу алардын кирсиз ички дүйнөсүн, алпейим, боорукер мүнөздөрүн, жакшылыктан үмүт үзбөгөн маанайларын тамшандыра жазат. Мисалы, М.Гапаров “Түш” деген чакан аӊгемесинде эле бири-бирине чоочун аял менен эркектин түндү чогуу өткөргөн бир учурун гана сүрөттөө менен алардын ички дүйнөсүн ачууга, көлөмдүү чыгарманын мазмунуна тете адам тагдырын чагылдырып берүүгө үлгүргөн.

— Сүйүктүүм…- деп шыбырады аял саалдан кийин. – Сага чейин эч бир эркек мени минтип атаган эмес. Каухар… Бул өтө эле таза зат, сүйүктүүм. А менде эч кандай тазалык калган жок. Ал мага ылайыксыз… Ошентсе да, сенин айтканың унут калган жакшы обон сыяктуу угулат. Каухарым…

— Каухарым, — деп шыбырады Акун, аялдын коюу кара чачтарына жүзүн жашырып. Анан өзүн өзү тыңшап, токойдун шуулдаганын, алыскы дарыянын обонун укту.

— Ох!… Сүйлөчү… Сүйлөчү өзүң жөнүндө.

— Макул. Ук эмесе. Атым – Анар. Пенко-джугутта иштеймин… Ой койчу, мунун эмнесин угасың?

Токой шуулдап, алыскы дарыя өз обонун ырдап жатты.

— Дагы, — деди Акун. — Дагы, каухарым…

— Ах…

— Аял башын Акундун ийнине кынап, оң колу менен анын чачтарын уйпалап, кайрадан анын чатыштарын жазып эрмек кыла баштады.

— Эмесе, уктайлы.

— Уктайлы? – Аял таңдана сурады.

— Эмне сенин уйкуң келелекпи?

— Мм… Келди…

Экөө көпкө унчугушпай жатышты. Бир маалда Акун өз көкүрөгүнө тамчылаган ысык жашты туйду.

— Сага эмне болду? – деп чочуп сурады ал. Аял эми өксүп-өксүп ыйлай баштады.

— Эчтеке… эчтеке эмес, сүйүктүүм.

Аял башын көтөрүп, көз жашын сүртүндү.

— Негедир, сен мага, бир түндүк аял эмес, кандайдыр кадырлуу мейманың катары мамиле кылып жатасың… – Аял бирпаска унчукпай калып, кайра сүйлөдү… – Сен мени кечирип кой. Мен ушундай акылсыз аялмын…

— Каухарым, — деп шыбырады Акун аялдын кулагына, өзү уктап баратып, — сен түк акылсыз эмессиң…

— Көпкө шыпты карап жатып, акырында аял да уктап кетти.

— Ушинтип, бул экөө, бул, дайыма жалгыздыкка көнүшкөн эки чоң жетим, бүгүн кокусунан бири-бирин таап алышып, бири-биринин сөзүнүн жылуулугуна жылынышып, бири-биринин денесининин жылуулугуна жылынышып жатып, акырында күнөөсүз уктап калышты.

Дегеле Мурза Гапаровдун чыгармачылыгында аялдардын дүйнөсү өзгөчө орун ээлегенин көрүүгө болот. Алсак, “Кызыл беде”, “Аялдар деңизи”, “Наташа Ростованын биринчи балы” өңдүү чыгармаларында жазуучу аялдардын психологиясы таасын ачып бере алган. Мурза Гапаров аял дүйнөсүн жакшы түшүнгөн, ошондон улам болсо керек, анын чыгармаларында аялдардын бийик образдарын көп учуратабыз. Мисалы, анын “Кызыл беде” чыгармасында үч аялдын, Марал, Алийма жана Жыпар дудуктун тагдырлары баяндалат. Үчөө тең акыл эстүү, ажарлуу, сулуу. Тагдыр бул үч аялды ар түрдүү сыноосуна салып сынап көрөт. Маралдын кыз кезинде алданып, турмушу баштала элек сынганын көрөбүз. Ал эми Алийма күйөөсүнө кадыры жок экендигине ичи ачышып, күйүгүп, ойдо жок жоругу үчүн же күйөөсүн кечире албай же өз бетинче турмуш күтүп кете албай ара жолдо калат.

Булардын ичинен Жыпар дудуктун тагдыры оор. Ар кимге бала төрөп берүү үчүн гана аял болуп, анан баласы да жок, үйү да жок, күйөөсү да жок, кайрадан жалгыз калган Жыпар дудук акыркы күйөөсүнөн кичинекей кызын уурдап качып, белгисиз тагдырдын колунда калат. Жазуучу турмушта басынган, тебеленген аялдардын бийиктигин, аруулугун, кайратын, боорукерлигин, жоомарттыгын суктана сүрөттөйт. Чыгармада үчөөнүн бир жолдо кездешкен учуру сүрөттөлөт. Автор ошол жолугушууда үч аял бири-бирине аяр мамиле жасап, бири-бирин тереӊ түшүнүп, бири-бирине колдоо көрсөткүсү келгенин көрсөтөт. Бул үч аялдын тагдыры кесилишпейт, бараткан багыттары да ар башка, бирок көкүрөктөгү жарааттары үчөөнүкү тең бирдей оор.

Мурза Гапаровду жазуучу катары адамдардын ички сезим-туйгулары, бейаң сезимдин түпкүрүндө жашырынып жаткан кыялый эңсөөлөрү, эргүүлөрү, коркуулары, иллюзиялары, фантазиялары кызыктырат дедик. Мындай психоаналитикалык таризде каармандарынын ички дүйнөсүнүн, бейаң сезиминин түпкүрүнө дүрбү салуусу Мурза Гапаровдун чыгармачылыгын модернисттик багыттагы изденүүлөр катары кароого негиз берет. Дегеле кыялый дүйнөнүн түрдүү кырлары, ирреалдуулук, интуитивдүүлүк, иррационалдуулук М.Гапровдун чыгармачылык чеберчилигиндеги өзгөчө карала турган сапат. Себеби, мурда-кийин Гапаровдой каарман дүйнөсүн өтө майдалап микроскоптон карагандай көркөм иликке алуу кыргыз адабиятында сейрек учурачу.

Ырас, мындай сапат модернист жазуучу Кубатбек Жусубалиевде да орун алат, бирок анын масштабы башкараак. Ал Гапаровго караганда турмуш чындыгын кенен алкактан карайт. Ал эми Мурза Гапаров, тескерисинче, кенен масштабдан качат, аны турмуштун майда-барат учурлары кызыктырат. Турмуштун ошол майда-барат көрүнүштөрүнөн каармандардын мүнөз-сапатын, психологиялык абалдарын ачууга умтулат. Анын өзгөчөлүгү да ушунда.

Мурза Гапаров батыш жана чыгыш адабиятынын алдыңкы үлгүлөрүнөн таасирленгенин, алардан турмуш чындыгын көркөм чагылдыруунун, мүнөздү ачып берүүнүн, образ түзүүнүн жаңы кырларын өздөштүргөнүн айтып өттүк. Анын модернисттик багыттагы аракеттери чындыгында кыргыз адабиятына жаңы сөз, жаңы көркөм табылгаларды алып келген. Алсак, М. Гапаров предметтерди эмес, а идеялар менен образдарды чагылдырууга умтулат, ой менен эмоцияларды айкалыштырып, түрдүү ассоциативдик көрүнүштөргө басым жасайт, символдорду жыш колдонот. Мындай көркөм сапаттар айрым учурларда окурмандан белгилүү бир деңгээлде даярдыкты да талап кылат.

М.Гапаровдун турмушту көркөм чагылдыруунун ушундай жаңыча ыкмаларын колдонуу тажрыйбасы анын чыгармачылыгынын модернисттик багытта өнүгүп-өөрчүшүн шарттаган. Алтургай, анын айрым чыгармаларында магиялык реализмдин толук үлгүсүн да көрүүгө болот. Буга “Аялдар деңизи”, “Экөө ээн бакта” аңгемелери мисал боло алат. “Аялдар деңизи” чыгармасынын башын окуганда эле адаттан тыш сүрөттөлөрдү, адаттан тыш жомоктогудай баяндоону көрөбүз.

Саратандын айлуу түнүндө аягы суюк аялдардын аралынан алты аял качып чыгышты. Алтоо бир кайыкка тыгылып отурушуп, шашып-бушуп жанталпезге түшүп, деңиздин алыскы жээгин көздөй сүзүп жөнөштү. Арадан жарым саат убакыт өтүп-өтпөй алдыларынан жыныс оорусу менен ооруган аялдардын аралы көрүндү, кийин жин тийген аялдардын аралын жандап өтүштү, гулгуна оорусу менен күн кечирген аялдардын аралын, кылмыш кылып кесилген аялдардын аралын аралап артка калтырышты. Аралдар азыр тыптынч, баскан-турган адам көрүнбөйт, иттери үрбөйт, карарган жыгач тамдардын шамы эчак өчкөн, бирок алардын айга чагылышкан терезелеринин артынан чачтары чачылган эрксиз катындар кайыктагы качкындарга көзү күйүп, аларды үн-сөзсүз узата карап турушкансыйт.  

Түн ортосу ооганда кайык жээкке келип жетти. Арып-чарчаган аялдар араңдан басып курган жерге чыгышып, бетин ак туз баскан калың кумга бойлорун ташташты. Алар көпкө чейин энтиге дем алып, кеп-сөзгө келбей солуп жатышты. Акырында узактан угулган сиренанын үнү булардын эми эле эс алып келаткан жүрөктөрүн уйгу-туйгу туйлатып, мылтыктын үнүн уккан эликтердей ордуларынан чапчып тургуздурду. Аялдар дароо бири-бирин нарыдан бери өпкүлөп, “Кош! Кош! Деген кыска сөздөр менен коштошуп, алтоо алты жакка бет алып жөнөп беришти. Ар кимисинин алды жагында ай астында мелтирген бейтааныш бетпак чөл жатты

Ал эми Мурза Гапаровдун “Экөө ээн бакта” аңгемеси анын чыгармачылыгында диний мотивде жазылган бирден бир жаркын чыгарма. 2009-жылы жазуучунун чыгармалар топтому ушул чыгарманын аты менен жарык көргөн. Чыгарма Адам ата менен Умай эне тууралуу диний сюжеттин негизинде жазылган. Негизи диний сюжеттик-образдык материалга кайрылуу жазуучудан атайын даярдыкты, философиялык-эстетикалык ой жүгүртүүнү, өзгөчө көркөм дүйнөтаанууну талап кылат.

Көпчүлүк учурларда диний мотивдер аркылуу көркөм ой айтуу опурталдуу да. Дүйнөлүк адабиятта диний мотивдер ар түрдүү аспекттен каралып, ар түрдүүчө көркөм иштелгени белгилүү. Ар бир жазуучу диний сюжет, мотивдерди ошол өзү жашаган доордун өзгөчөлүгүнө жараша, дүйнө кабылдоосу, акыл көрөңгөсү жана адабий табитине жараша ар түрдүүчө иштеп чыгат. М.Гапаров “Экөө ээн бакта” аңгемесинде диний мотив аркылуу күнөө жана бейкүнөөлүк, тазалык жана ыпластык түшүнүктөрү тууралуу баяндагысы келген. Жазуучунун ушул түшүнүктөрдү көркөм чечмелөө үчүн диний сюжетке аң-сезимдүү түрдө барышы чындыгында чыгармачылык эрдик десек да болот.

Мурза Гапаров драматург катары “Туздуу чөл”, “Чагылгандын огу”, “Темир корук”, “Мээримдүү Мээри”, “Өлгүм келет, спонсор керек” пьесалардын да жазган. Ал киносценарист катары да белгилүү. Анын сценарийлери менен «Күнөстүү арал», «Көчө», «Квартирант», «Бабалар өрөөнү» деген толук метраждуу көркөм фильмдер тартылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.