БИР ЫРДЫН УЛАНДЫСЫ
Турмушуңдан өзүңө алган жазаң бул —
Туура чыкпайт кадамыңдын бардыгы.
Азыр мени көп ойлонтот качандыр
Мен жаңылткан адамдардын тагдыры.

Өткөнүмдөн өчпөй турган сөз калды…
Өрткө айлантты түшүнбөстөр ойнумду.
Аял болуп бул дүйнөгө көз ачып,
Аялдарга азап берип койдумбу?..

Өлчөп көрүп таразамда өзүмдү,
Өзүм неге актап кетер сөз таппайм?!
Бирде күлүп, бирде жаштап көзүмдү,
Бир билгеним: ушул жолдон көп каттайм.

Азгырыгы, түйшүгү көп бул жолдун,
Аягына кандай күндү жазды экен?
Мээримсиздик көп ыйлатты… Соорондум.
Мен кылчайбай койгон жандар кантти экен?.

СЕН УКТАГЫН
Сен уктагын. Эске салдың көптөрдү…
Мен кайрылгым келип турат өткөнгө.
Билсең мени дүйнө бүгүн өзгөрттү,
Бир күн жетет күйгөнгө да, өчкөнгө.

Сен уктагын. Мен эсимди аңтарып,
Эски сүйүү, эски күнгө кездешем.
Ал күндөрдө ара жолго ташталып,
Арзуу калды, максат калды жетпеген.

Сен уктагын. Сурап эмне жол учун,
Кайсыл жерден башталганы эсте жок.
Эми эстеп, эми жүрөк оорутуп,
Эми өкүнүп, эми ыйласам кеч болот.

Сен уктагын. Күндөр менен жалгыз кой,
Күлкүсү да, күйүтү да ырларда.
Карап өтөр сени дагы жалгыз бой,
Кайтып келип качанкы бир жылдарга.

*   *   *
Бизди бирдей таштап кетип башкалар,
Бир кеч эле жүрөгүбүз буюккан.
Кайрыктары карегимди жаштаган,
Сен түшүнбөс сезим менен ыр уккам.

Каршыбызда кабат-кабат үйлөрдүн,
Жарыктары көптө барып өчүшкөн.
Сен азабын айтып алгач сүйгөндүн,
Мен акыркы сүйүүм үчүн көп ичкем.

Башаты ушул, алды жакта жол узак,
Дагы далай сүйүү келет, күт дегем.
Сен ойлогон максатыңды жобурап,
Мен тек гана коюу түндү тиктегем.

Бир кеч эле… Жүрөктөргө так салып,
Бизди бирдей таштап кеткен башкалар.
Мендик эсте – тентек кезиң сакталып,
Сендик эсте — ошол чоочун жаз калар.

КУРБУМА
Айтып бергим келди сага жан сырым,
Айыктырар жаратымды барбы ырың?
Мен толкунун Ысык-Көлдүн сагындым,
Сен калаанын сагынгандай жамгырын.

Калаада не? Баары өзүн билгендей,
Кадыр билбес жандар кетти бир келбей.
Күлбөй калдым, күңүрт болду күндөрүм,
Сүйбөй калдым ошондогу сүйгөндөй.

Өткөн өттү… Өчтү жалын андагы,
Оор мага жалгыздыктын салмагы.
Ортобузда айтылбаган суроо-жооп,
Оор сага турмушуңдун салганы.

Кездерде ошол жүрөк тунук, күн тунук,
Кол жетпеген көп нерсеге умтулдук.
Биз дүйнөнү багынтабыз дечү элек,
Бир түйшүккө багындык да, унтулдук.

Биз дүйнөнү багынтабыз деп жүрүп,
Көр түйшүккө багындык да унтулдук.

*   *   *
Кар жааган кеч … Карагайлар… Узак  жол…
Катарлашым катамдай да, бактымдай.
Үн-сөзү жок басып келип олтурган
Ушул ордум ордой дагы, тактымдай.

Көп күткөнүм, көксөгөнүм сен белең?
Азгырылбас акыл кана? Эс кана?
Туман жүрүп, тунжураган кеч менен.
Туман тагдыр сунуп келдиң сен мага.

Жолдо калып, жол издеген күндөрдө,
Мен эсинде калдым экен кимдердин?
Эч бир адам токтобогон дүйнөмө,
Сенин токтоп калышыңды тилендим.

Кар жааган кеч. Карагайлар, жол туман…
Катарлашым катамсың да, бактымсың.
Күнөөлөргө, күтүүлөргө кол сунган,
Өзөгү ушул өзүң берген тагдырдын.

*   *   *
Бакыт берем десең чындап чочудум,
Бул сөз менен мен да көптү алдагам.
Бакыт берем дебе… Билсең, Чоочунум.
Аны мага эч ким бере албаган.

Өткөндөрбү? Өткөндөрдү сураба.
Оттой күйүп, оңой өчтүм жаш чакта.
Кайчы түшкөн жолумду жөн улаарда,
Катамды айтып, жазамды айтып чарчатпа.

Билип туруп отко-сууга таштаган,
Өз тагдырым өзүмө азыр кол жоолук.
Күндү көрүп көлөкөсүн салбаган,
Күл болгончо күйгүм келген от болуп.

Оо, ошондо кандай керек болчусуң!
Мени мендей сактоо үчүн өзгөртпөй.
Бакыт берем дебе эми, Чоочунум.
Бакыт мага жарашпаган көйнөктөй.

ЖҮРӨККӨ
Кечтер өттү … Калдым эстелбей,
Баары унтулат… Башка не деймин?
Бир сүйүүдөн качып  келгендей,
Бир сүйүүдөн качып кетээрмин.

Келди беле тынчып жашагың,
Кечирип кой мени, жүрөгүм?!
Тарта берип сүйүү азабын,
Өзүм дагы абдан жүдөдүм.

Өзгөлөрдөй болбой калдык да.
Өмүр бүгүн боштой сезилди.
Терезени тиктейм, а сыртта,
Жыл аягы… Жаштык кетилди.

Жыл аягы. Сүйүү түгөндү,
Кечтер өттү. Өттүм кечтердей.
Жүрөк сенде бүгүн бирөө өлдү,
Жашайт эми, жашайт эстелбей.

МЕРЕЗ ДОСКО
Эртеңиме эрки бекем күн каалап,
Эшикте жаз шамал жорткон түн жатат.
Мерездигин чоочун жердин көп айтып,
Мерез досум алыс жерден үн катат.

Мээрим төкпөс чоочундукту байкапсың,
Мерез, ооба, бирок, жылуу жай таптым.
Жанганыңды эске сактап бир жолку,
Жалганыңды жакшы ырларга айланттым.

Алып кеткен жаштыгымдын бир учун,
Туругу жок шамал эле турушуң.
Жомок болчу ошол сендик жашоодо,
Жок ордумду жоктогонум курусун.

Күндү көрүп миң кубулма, өзгөрмө,
Күлкү табып, күйүтүмдү көмгөндө.
Мерездигин чоочун жердин көп айтып,
Мерез досум мени аяган өңдөнбө.
Мерез досум эми аяган өңдөнбө.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.