ПОВЕСТЬ

Суранчы менен Кудайберген ага-ининин балдары. Суранчы да мүнүшкөр, Кудайберген да мүнүшкөр. Кочкор ичиндеги атактуу мүнүшкөрлөрдүн ичинен Суранчыны Кудайберген жогору баалаган.

– Суранчынын башка мүнүшкөрлөргө караганда өзгөчөлүгү, — дечи Кудайберген, — ал куштун канат-куйругун кыйганда өзүнөн башка эч бир мүнүшкөр тиктеп олтуруп, ажыратып таба албайт. Анын ошондой кылдат чеберчилиги бар.

Биз бала кезибизде мындай сөздү көп жакшы түшүнө алчу эмеспис. «Куштун канат-куйругун кыят деген эмнеси? Сопсоо, бүп-бүтүн турган канат-куйруктарды жарашыктуу көркөмдөш үчүн атайылап тегиздеп коёт ко? Болбосо кандай?» деп таң калар элек. Көрсө, ал мындай болот экен. Кийин чоңоюп, эс тартканда кээ бир мүнүшкөрлөрдүн колунан ошондой куштардын кыйылган канат-куйруктарын өз көзүбүз менен көрдүк.

Көп салынган куштар өзүнөн чоң, кичине илбесиндер менен кармашып жүрүп, канат-куйруктун арасынан бирден жарымы тең ортолоп же түбүнө жакын жеринен сынып түшөт экен. Анан анын учуу аракети мурункудай болбой, качкан жаныбарга тез жетишин же өзүнүн душмандан шарт качып кетишин кемитип салат тура. Кадимки майып кишилердей болуп канаттын чалгындарынын же он эки кашка куйруктун (канаттуулардын куйруктары он эки талдан болот) экөө же бирөө кемип калса, анын ордун мурунку калыбындай толукташ үчүн башка (өлгөн) куштардын куйрук-канаттарынын бүтүнүнөн тандап алып келип, түтүкчөлөрүн да бир-бирине өзүнүкүндөй кылып кийгизип, эч бир жеринен өөн таппагандай жасап коюшат.

Мына буга калганда Суранчынын башка мүнүшкөрлөрдөн өзгөчөлүгү болсо керек. Суранчы бүркүттү да көп салган. Бүркүт учурган жаатынан Кудайбергенден ашсам ашам, кемибеймин деп ишенчү. Ышкысы кайнап турган учурда Жумгал тараптан ага бир бүркүт тартууга келип калат. Эртели-кеч ал бүркүттү көргөндөр Кудайбергенге кээси ашыра мактаса, кай бирлери болгонун болгондой айтып келе беришет. Чындыгында бүркүт өтө зор да, салмагы балдак майышкандай оор да болгон экен. Ал бүркүт туурда олтурганда азаматтын азаматы эки далынын ортосун кош колдоп басып, болгон күчү менен салмагын салганда да, жалпайып жатып калбастан, бир аз өбөктөй түшүп, анан туурду чирене тээп, үстүндөгү ыгырып турган кишини кайра так көтөрүп кетчү эле дешет көргөндөр.

Бүркүттүн даңкын күндөн-күнгө күчөтүп айткандардын кабарынан улам аны өз көзү менен көрүш үчүн Кудайберген бир күнү атайлап ат токунуп, Суранчыныкына келди. Келсе Суранчы үйдө жок. Бүркүт боз үй ичинде, туурунда олтурган экен. Суранчынын үй-бүлөсүнөн тышкары Жакып деген анын түлкү каккыч шакирти олтуруптур. Аны Кудайберген «Жайдары» деп чакырчу. Анткени Жакып дал ошол Кудайберген атаган атка арзып жайдары, шайыр жүргөн, кандай адамга болсо да жугуму күч, жүзүнөн күлкү кетпеген жигит болгон.

Кудайберген бүркүттүн жанына келип, керегенин башында илинип турган Суранчынын бүркүт кондурчу мээлейин кийип, анан бүркүттүн узун боосун чечип, аны туурдан өйдө көтөрүп, колуна кондурду. Башынан томогосун шыпырып, анын көкүрөгүн, жемсөөсүн, моюн-башын сылап, эки буттун ортосуна кол салып, куйругун ары-бери чайкап, эки канаттын мүрүлөрүнөн тартып чалгындын учтарына чейин сыдырып сылап, буттун арыштарын ченегендей карыштап, тырмактарын былкылдатып кармалап, шадыларын ары-бери чоймолоп, улам бирин мээлейден бошотуп, кычыратып кайрып көрдү. Оттой жанган эки кара көзүн тиктеп, иймекей орок тумшуктун учунан тарткылап, анын курчун, өткүрлүгүн текшергендей сол колунун сөөмөйү менен чертип-чертип койду. Анан балдаксыз кондурган колу тарылдыбы, бүркүттүн томогосун кайра катты да, тууруна алып барып, мурунку калыбындай кондуруп, ордуна байлап таштады.

Мээлейди керегенин башына кыстарып коюп, төр жактагы өз ордуна келип отурду. Буга чейин «Жайдары» Жакыптын ичи көөп, бук болуп кеткендей болду. Суроонун үстүнө суроо берип, бүркүт жөнүндө Кудайбергендин сынын уккусу келет:

— Бүркүт кандай, Куке? Сизге жактыбы? Мунун колунан эмне да болсо келет го? Табына келсе кара кулак шерди да алалат деп олтурабыз. Деги сиз кандай дейсиз? — деген сыяктуу суроолорду удаама-удаа жөнөтө баштады.

Кудайберген ордунан козголуп күйшөлбөй, төрдө олтурган калыбында бүркүттү дагы бир топко чейин тиктеп туруп анан:

— Кечинде Суранчы келсе айтып кой! Бул бүркүттү мага берсин. Ал мындай токтолуп калган бүркүттү сала элек. Көбүнчө уя-бала бүркүттөрдү салып жүрөт. Бул он бир, он эки барчын болуп калган бүркүт экен. Суранчы экөөңөргө чечилип боюн салбайт. Бекер кыйналасыңар. Эмгегиңер талаага кетет, — деди.

Андан башка үн-сөз болгон жок. Жакып да жооп кайтара албай, калтаарып туруп калды. Чайлангандан кийин Кудайберген айылын көздөй аттанып кетти.

Кечке маал Суранчы келди. Жакып алдынан тосо чыгып, айтаарга сөз таба албай шашкалактап:

— Суке, бүгүн Кукем келип кетти. Атайылап бүркүттү көргөнү келиптир. Башка деле жумушу жок көрүнөт, — деди.

— И… Эмне деди?

— Жактырды окшойт. Көпкө чейин сылап-сыйпап колунан түшүрбөй кондуруп олтурду.

— Анан эмне деди?

— Анан, кетээрде «Суранчыга айтып кой. Бүркүтүн мага берсин. Бул токтолуп калган бүркүт экен. Муну таптап салыш Суранчы экөөңөрдүн колуңардан келбейт» деп кетти.

Суранчы бир аз кабагын салып, чыртыя түштү. Бирок ички оюн Жакыпка ачык айтпады. Айтпаса да Жакып Суранчынын тиги бүркөлгөн кебетесинен Кудайбергенди ичинде «келжирептир» деп, жактырбай сөгүп жатканын билип турду.

*   *   *

Суранчы бүркүтүн туурга кырк күн олтургузгандан кийин учурууга даярдады. Ага чейин үндөккө, чыргаага келтирип, этинен ылдыйлатып, эки-үч жолу тирүү түлкүгө тирилеп, «силердин колуңардан келбейт» деген Кудайбергендин сөзү күн-түнү эсинен кетпей, өз оюнча эч бир жеринде кынтык жок ко дегендей тапка келтирди. Анан бир күнү кечинде Жакыпка айтты:

— Эми мунун болору болду, эртең Ортоктун тоосунан бирдемени көрсөтүп көрөлү. Карышкыр болбосо да түлкү табылар. Сен үйүңдөн атыңды токунуп минип, таңкы үрүл-бүрүлдө кел.

Эртеси Жакып Суранчы айткан үрүл-бүрүлдө даяр болду. Анан Ортоктун Каратоосун бет алып жөнөп калышты. Аларды ээрчиген экөөнөн башка бир да жан жок. Бүркүттү кондурган Суранчы алдыда, чыргаа бөктөрүнгөн Жакып артында баратты.

Орто жолдо Кудайбергендин айылы бар. Суранчы, Жакып айылдын үстү жагы менен бастырып баратышкан. Ошол тушка жакындаганда Жакып:

— Суке, Кукемки сүзмө-максым салчу эле, кайрыла кетсек кантет! — деди. Суранчы укмаксанга салып, көңүлсүз бастырды. Кайрылгысы келбеди окшойт. Ал эми Жакыптын ою максым ичиште эмес: Кудайберген тиги алгачкы учурганы бараткан бүркүттү көрүп калса, туура табындабы же жокпу, аныгын айтат болчу.

Ортодо сөз сүйлөнбөй бир аз тыным болду. Анда-санда гана жүрүштүү аттардын жайланган табышы менен күзгү боз кыроонун эртең мененки сыдырым майда желинин бет сылаган илеби билинип турду.

— Кайрылалыбы,— деди Суранчы артында келаткан Жакыпка мойнун буруп.

— Кайрылалы Суке. Бир-эки чыны максым жута кетели.

— Болуптур анда.

Экөө бура тартып, Кудайбергендикине түшүп калышты. Эки атты Жакып кыска байлаштырып салып, шапа-шупа Суранчыга эшик ачты. Суранчы бүркүтүн кондурган бойдон үйгө кирип, чыгдан тараптагы капшыттан орун алды. Андан ылдый Жакып олтурду. Ошол учурда Кудайберген жаңыдан багымдат намазын окуп бүтүп, жайнамазын жайып, бери жакка жүзүн буруп калган экен. Тулгага асылган чакан казанда сүзүлгөн максым (ал кезде бозону атынан айтпай «максым» деп ичишчү) ак көбүктөнүп, жылып турат. Жаңы жагылган куурайдын чогу өчө элек экен. Шааркан байбиче маңдайы кетилген кара сузгу менен максымды ары-бери чулгуп, аралаштырып олтуруптур. Саламдашкандан кийин Суранчыдан ылдый олтурган Жакыпты карап Кудайберген:

— И, Жайдары, бүркүтүңөрдү бүгүн «учуралы» дедиңерби? — деди.

Жакып шыпылдап, бөгөнөктөн тажаган аттай башын бат-бат ийкеп:

— Ооба, Куке, бүгүн алып чыктык. Бирдеме жолукса көрсөтөлү деп. Бүркүт кандай көрүнөт, Куке.

— Жакшы, жакшы. Байбиче, максымдан куй. Булар эрте бастырышкан экен. Азыр түлкүнү тапсаңар, жатагынан табасыңар. Шашпай бастырсаңар деле болмок. Ал каапырлар таң атканча жойлоп, тумшуктарына бирдеме илинсе илинип, кекилик менен чилдердин түнөгүн тапса барпырата учуруп тынчын алып, таппаса бирин-экин чычкан терип жеп, жерге жарык түшкөндө араң жатактан орун алышкандыр. Силер антип-минтип тоо таянганча күн да чыгып калат. Күн чыкканга чейин түлкү жойлобойт, — деп койду.

Суранчы ичинде: «Сен билгенди мен деле билем? дегенчелик кылып, сол колуна тийген чыныдагы максымды шылк-шылк эттирип жутуп калды. Оң колуна нык олтурган лакыйган сары бүркүт топ куйруктарын былкылдатып бачайыдай шуулдаган канаттарын шалдыр-шалдыр эттирип, силкинип койду. Майда тыбыт жүндөрүнүн арасынан чыккан бирин-экин какач тырптар коломтодо түтөгөн куурайдын созолонуп, өйдө көтөрүлгөн түтүнүнө кошулуп чамгаракты көздөй жеңил кыбырап, сызып баратты. Бүркүт караңгыга туюкталган эки көзүн бошотуп, айлана-чөйрөнү көргүсү келди окшойт, томогону оң мүрүгө бир, сол мүрүгө бир сөйкөп жанган болду. Калып алып калган томого чаптап салгандай козголуп койбоду.

Суранчы менен Кудайберген бири-биринин жүзүн тике карап сүйлөшчү эмес. Кудайберген Суранчыдан бир-эки жаш улуу боло турган. Ошонусуна караппы же өзүнүн кичи пейилдигиби, Суранчы агасын (Кудайбергенди) көзү барда да, көзү жокто да катуу сыйлоочу. Кудайбергендин канчалык жетишпеген сапаттарын билип, кемтиктерине көзү жетип турса да, бөтөн бирөөгө оосарланып четин кылтыйтып чыгарбай, ичинде сактоочу. Мактаса да ичинде мактап, сөксө да ичинде сөкчү. Суранчыга карата Кудайбергендин мамилеси да ошондой эле. Бул жолу да Кудайберген Суранчыдан айбыккандай жүзүн жашырып, Жакыпты карап сүйлөдү:

— Бүркүтүңөрдүн томогосун тартып көргүлөчү, Жайдары.

Жакып Суранчыны караганча, Суранчы сол колундагы бошогон кесени жерге коё коюп, бүркүттүн томогосун тартып, шыпырып алды. Бүркүттүн оттой жанган балбылдаган эки көзү тунук каухардай жарк дей түштү. Учу иймекей орок тумшугу менен Суранчынын кокосун жулуп алчудай болуп ормоңдоп, кундуздун жүнүндөй жалтылдаган жүнү бар койкойгон мойнун алдына бир, артына бир буруп, үйдүн ичин тегерете эки-үч жолу карап, анан башын кыйшайтып чамгарактан көгөргөн көктү, ачык асманды көрдү. Учуп кетчүдөй кас тамандай калып, алакандары менен мээлейдин ичиндеги Суранчынын оң колун ыктап-ыктап, көкүрөгүн салаңдата ылдый эңкейе түшүп, кайра өйдө көтөрүп обдулуп койду. Сыягы жылт этип асман көрүнгөндө учуу эркиндиги эсине түштү окшойт.

Бүркүт тынчый түшкөндө: «Эми томогосун катып койгула» деди Кудайберген. Жакып чыдай албай кетти.

— Куке, бүркүт кандай?! Табына келген бекен?!

— Жакшы-жакшы…. Аракетиңер мыкты болгон экен. Бүгүн бирдеме таап, учуруп калсаңар, алса — жакшы кокус жазып калса — үч кыр ашырып кармайсыңар го,— деп койду.

Суранчы бул сөздү уккандан кийин экинчи куйган кеседеги максымды ичкен жок. Ордунан обдулуп, жаман көзү менен Жакыпты акшырая карады да: «Түз кетет элек, капкаяктагы ойдо жок максымды ойго салып» дегенчелик кылып бурк этти:

— Ач эшикти?! Тарт аттарды! Кеттик.

Суранчынын бузула түшкөн түрүн байкаган Кудайберген «Олжолуу кайткыла» деген болуп, үйүндө кала берди.

Айылдан бир аз узап, алды-артын тороп, аттардын куйругуна асылган ажаан иттердин ажылдаганы басылгандан кийин:

— Жакып, — деди Суранчы мойнун артка буруп. Жакып атын ыкып койду эле, Суранчыга жанаша түштү. — Муну улуусунтуп сыйлап, дамамат өйдө карап сүйлөчү эмес элем. Эми сага оозуман чыгып кете турган болду. Бул сөз ичиңде болсун, Жакып. Бул ушундай кудайдын каарына калган киши!.. Муну эл Кудайберген дейт. Кудайберген дебей эле кудай урган десе эмне болмокчу? Же кудай мындан башкага бербей эле, жалгыз ушуга берипби?! Өзүнөн бөлөк жан кишинин кылган ишин жактырбайт. Оң ишти тетир алат. «Мүнүшкөр Кочкор өрөөнү боюнча жалгыз өзүм» деп ойлойт окшойт. «Канаттууну менден мыкты билген мүнүшкөр жок» десе керек. Былжырайт! Бүркүттүн табын мындан ашык билсем билем, акыры кем билбейм. Өзүң билесиң, менин илгерки Кара-Барчынымды. Карышкырга сала алган жокмун, анан түлкүнү узатчу эмес. (Мунусу ырас, Суранчынын бир жылдарда уя-баласынан тартып он-он беш барчын болгончо салган атактуу Кара-Барчын деген бүркүтү болгон. Анысы акыры түлкүгө баратып, күч менен зоого тийип өлгөн).

— Билем, билем, Суке, — деди Жакып. Анан Суранчы сөзүн кайра улады: — Мына, муну карачы. Эч бир жеринде кылт эткен өөнү жок бүркүт. Кыл табына келип, жеткен жери ушул. Мындан артык таптоого мүмкүн эмес. Болбойт. Эми ушундан өөн таап, кетик издеп турганын кара. «Үч кыр ашырып кармайсыңар…» Ушундай ичи тар акмак киши да. Куке, Куке деп сөзүн кайтарбай, шагын сындырбай жаман үйрөткөнбүз да муну! Мындан ары Кукелебей эле Кудайберген же Кудайурган десем эмне кылып алмак?.. Колунан «бок» да келбейт.

Суранчы бир топко чейин бууракандап, ачуусун токтото албай жүрүп олтурду. Жакып анын сөзүн чукул коштоп, ого бетер шыпшынып, Суранчы бирди айтканча ал экини айтып баратты…

Көк-Сайдын оозуна жеткенде Жакыптан бөлүнүп, кырдап бастырды Суранчы. Бийик чокуну карай бет алып, улам өр тарта жүрүп олтурду. Жакып болсо кокту өрдөдү. Ал этек-жеңин чапкылап, эки үзөңгүсүн бир-бирине кагыштырып, үн чыгарат. «Айт-айтка» салып, кыйкырат.

Жакыптын добушун тоонун аскалары коштойт. Алар да жаңырып, үнгө үн кошот. Ошентип баратканда бир коюу түп алтыганынын арасынан барак көгүш түлкүнүн куйругу булак этип, Жакыптын көзүнө чалдыга түшкөнсүдү.

— О… кетти, Суке, кетти! Ылдый жагыңа көз сал!

Заңкылдап ачуу кыйкырган Жакыптын үнү тиги чокуга жакындап калган Суранчынын кулагына шак дей түштү. Бүркүтүн калдаңдаткан Суранчы атын аңыраңдата чаап, туу чокунун үстүнө чыкты. Томогону тартаары менен колунан Сары-Барчын атып кетти. Суранчы бүркүтүн коё бергенден кийин төмөнтөн өйдө кокту өрдөп келаткан көк барак түлкүнү көрдү. Бүркүт алыскы бийиктен кош канатты куушуруп, эки бутун салаңдатып сунуп, чеңгелдерин арбайтып, бороондой күрүлдөп, көптөн бери бийиктен учпай асманын сагынган берен күр-күр, күр-күр этип, жерге жакындагандан жакындап келе жатат.

Асмандагы күркүрөгөн кош канаттуу жалаңкычтын добушун сезе калган куу түлкү алда кандай жорук болор экен дегенсип, кулактарын тикчийтип, колдорун бооруна алып, арткы эки буту менен кишиче типтик соксоюп тура калды. Балаа жакындагандан жакындады. Добушу эң эле сүрдүү. Түлкүнүн коркунуч тегеректеп кыбыңдаган көздөрү бүркүттүн ажал алып келаткан тырмактарынын учтарынан өтүп кетти. Арбайган ач тырмактар эки көздүн карегине сайылчудай көрүндү. Алыстан келаткан коркунучтуу жоонун айбат-сүрүнө чыдабай качууга аракеттенсе, кокус тик турган калыбынан тайып, акылын жоготсо, булак этип бурула качса, анда бүттү… Өмүр оту жалп этип, ажалынын жеткени ошол.

Сары-Барчындын чеңгелине кирип, уу тырмактарынын учуна сайылып, уучуна кетти дей бер. Жок. Андай болбоду. Амалдуу түлкү амал тапты. Ал мындан кыйын жоруктарды далай жолу башынан өткөргөн, нечен тузакты үзүп, нечен капканды кур чаптырган. Азыр да Сары-Барчындын каардуу зордугунан мунуку ашып түштү. Бүркүт күрүлдөп жап-жакын кирип келгенче тике турган калыбынан жазган жок. Арбашчу жыландан бетер эки көзүн жумбастан, каккан казыктай какайды да, калды. Качан бүркүт келип, көр тырмактарын эки өпкөгө матыра турган болгондо, ага өлчөөлөп турган көк барак лып этип жерге жата калды. Анан бүркүттүн башынан алыс типтик түйүлүп, түндүк бою секирди. Бийиктин бийигинен күү менен катуу келаткан бүркүт челек чапкандай күп этип жерге чабылды. Жыгылган балбандан бетер бозала чаң болуп, топуракка оонап, кур жерди кучактап, жалпайып жатып калды Сары-Барчын.

Көк барак түлкүнүн кубанычы койнуна батпай, куйругун ары бир, бери бир булгалап, тиги жайылган үзүктөй жалпайып жаткан Сары-Барчынга: «Чала болот сага, дал ушуну көрмөксүң акылсыз дардак» дегенсип, табасы кангандай желе-жорто басып, кырдан кыр ашып кете берди.

Сары-Барчын нары салмактуу, нары олбурлуу экенине карабай, ошончо бийик чоку, ал аз келгенсип, андан да өйдө көкөлөп, деле кой, асманга тийчүдөй көтөрүлүп, анан эки канатын бооруна кыса өз боюн типтик ылдый таштап жиберип, бирок алам дегенин ала албай, көкүрөгү менен жерге тийген неме о далайга чейин боюн жыя албай жер кучактап жатты.

Бир оокумда араңдан зорго баш көтөрдү. Ошондо да топурак-чаңга аралашкан тула боюн кагынып-силкинүүгө чамасы келбеди. Баштагысындай далбаң-балбаң баса албай калды. Жап-жакын турган сокудай соксойгон кара ташка тула боюндагы болгон күчүн чогулткандан кийин араң сүйрөлүп барып, чыгып олтурду.

Сары-Барчындын мөңкүп чыгып кетчүдөй түрсүлдөп соккон жүрөгүнүн добушу көптөн кийин жайлады. Кысталган деми сууп, көкүрөгүнүн ачышканы басылды. Акыл-эси анан ордуна келди. Башынан буга чейин көргөн-билгени, өткөн-кеткени оюна түштү окшойт, өзүнчө бушайман болуп жаткансыды: «Атаңдын көрү, тагдыр деген ушул экен го! Бир кезде көк тиреген жалама бийик зоолорду айланып учуп, терең капчыгайдын аркар, кулжа, эчки, текелерин дыргыта кууп барып, анан бирин чабуудан серпип, көк желкесинен мыкчый кармап, эңип алып, тиги тоо менен бул тоонун аркы өйүзүнөн берки өйүзүнө бөктөрө чаап, уядагы балдарыма бир кийиктин тулкусун жүк катары көрбөй ташып келип жүргөн жаным, ушул саксайган жаман көкбарак түлкүнүн мант берип кетерин билбей, ошого алдатып, койдой кордук көрүп, минтип мыш болуп отурганымды карачы?»

Аңгыча жогортон аңды-дөңдү карабай чаап келаткан Суранчынын үнү чыкты.

— Оо Жакып, чыргаа тарт, чыргаа тарт!

Жакып тээ ылдыйтан кара ташты кучактап олтурган Сары-Барчындын караанын көргөндө «куу-куулап» чыргаа сүйрөттү. Чыргаа эмес өз бою өзүнө жүк болуп талмоорсуп, өзүнөн ылдыйкы жаман кишиден кагуу жеген адамдан бетер салаңдап олтурган Сары-Барчын калыбынан козголуп да койгон жок. Кара таштын үстүнө кадалган немедей көпкө чейин олтуруп алды. Аңгыча өйдөкү бийик беттен таш калдыратып, кум эшилтип, типтик ылдый чаап келаткан Суранчы көрүндү.

— О… Жакып, тарт чыргааны, тарт!

Жакып кайта-кайта «куу-куулап» чыргаа сүйрөп жатты. Сары-Барчын кебелбеди. Качан гана жогору жагынан Суранчы жакындаганда бирөө сүйөп-таягандай ордунан козголуп маңдайындагы жапыз кырга далбактап барып конду. Суранчы дагы артынан ээрчий чаап, Жакыпты карап кыйкырды:

— Оо, Жакып, чыргаа тарт, чыргаа тарт!

Жакып дагы чыргаасын сүйрөтө чаап «куу-куулады». Сары-Барчын карап да койгон жок. Жемге келбеген аттай болуп, жер карап олтуруп алды. Суранчы дагы жакындап кирип келгенде Сары-Барчын мурдагысынан тыңыраак көтөрүлүп учуп, экинчи кырга барып конду.

— О, Жакып, чыргаа тарт, чыргаа тарт!

Атын кара терге түшүргөн Суранчы бүркүттүн артынан калбай дагы эле кубалап жүрөт. Жакып бүркүт конгон тумшуктун учун айланып «куу-куулап» дагы чыргаа тартты. Бүркүт карабай койду. Качан гана Суранчы чукул кирип келгенде мурункусунан да тыңыраак, андан да бийигирээк көтөрүлүп учуп, үчүнчү кырга барып конду.

Суранчы ат тизгинин жыйып, ылдый карай жайлап бастырды. Жакып дагы чыргаа тарта турган болуп, тиги бүркүт олтурган кырдын коктусун көздөй айлана чаап баратканда Суранчы алыстан үн салып кол жайкады/

— Токто-от, чыргааңды!

Жакып токтоп калды. Суранчы бастырган бойдон Жакыптын жанына келди:

— Күн ысып, эти көөп калды. Эми учурсак алыстап кетет.

Өзүлөрү да, аттары да кара терге чөмүлгөн экөө ээрден көрпөчөлөрүн шыпырып алышып, жерге жая салышты да, жамбаштап жатып, эс алууга киришти. Куюшкандарга кыска байланыштырылган аттардын кош таноолорунан энтиккен сайын ак буу атылып күш-быш, күш-быш болуп жатты. Сом туяктары менен майда таштарды кычырата басып, көпкө чейин бир орунга токтолбой, ооздуктарын кемире чайнап, тегеренип турушту. Аңгыча күн көтөрүлүп, улуу шашке болду.

Сары-Барчындын жоругунан кийин катуу ыза болгон Суранчы, Жакыпка карап бир ооз да сөз катыштырган жок. Жазылыгы кере карыш, таз баркыт менен этек-жеңинин учтарын тегерете көбөлөткөн кара саксак ак тонун айкарасынан жамынып, козунун карынындай болтойгон казысын сол колу менен сүйөгөн болуп, далысын Жакыпка салып, жатып алды. Жакып да күр териден ышкын түп менен өңдөлүп жасалган сары тонун жамынып, жакасынын астынан эки көзүн жылтыратып, култуюп жатат. Анын курсагы күлкүгө чымчып буума. Тарс этип жарыла албай араң турат: «Кокус жазып калса, үч кыр ашырып араң кармаарсыңар» деген Кудайбергендин сөзүн эстебейин десе да, эстеп туруп алды.

Бул учурда Суранчы кандай ойдо болуп жатты экен? Балким, Кудайбергендин эртең мененки сөзү анын жүрөгүн да түрсүлдөтө тепкилеп жаткандыр. Жакып менен Суранчы Көк-Сайдын тар коктусунда жамбаштарына таш өтүп, кечки сыдырым жел жүргөнчө жатышты. Бир кезде чукуранып, Суранчы баш көтөрдү:

— Жакып?

— Ов…

— Тур, чыргаа тарт.

Ушуну күтүп тургандай, Жакып ордунан ыргып турду. Узун танап жиптин бир учунан кармап, чыргааны ары бир, бери бир сүйрөп, булактатып «куу-куулады». Кырда олтурган бүркүт ордунан жай көтөрүлүп, калдактап келип, чыргааны басты.

Суранчы шашкеден бери уйку-соонун ортосунда кырынан жатканы менен бүркүткө көз кырын чаптырып турган. Анын таранып-силкинип, мойну-башын койкоңдотуп, учуп кетчүдөй канат күүлөп, ормоңдой баштаганын Суранчы байкаган. Кандай гана болбосун кечки чабыттууда чыргаага түшөт, эгер түшпөөчү болсо пейили бузулганы ошол. Улам бийиктеп учуп, кырдан кыр ашат да, асманды сагынган карт каапыр: «Кызыл сөөк кайдасың?! Кош бол, Кочкор-Ата! Кош бол, Суранчы, Жакып» деп кете берет, Канча кылган менен Кудайбергендей болбосо да, алынча мүнүшкөр эмеспи. Ошону билип күн көтөрүлгөндө Жакыптын чыргаасын токтотуп койгон.

Суранчы аттанып баратып, мээлей менен балдакты Жакыпты көздөй ыргытты:

— Ме, сен кондур?

Алар Көк-Сайдын коктусунан үйдү карай шыр жөнөштү. Суранчы алдында, Жакып артында, жолду-жолдото дабыш чыгарбай жүрүп олтурушту. Мына, Кудайбергендин айылынын тушуна да келип калышты. Баягы айылдын жабалактаган топ иттери булардын алдын тороп, дагы тосуп чыгышты. Суранчы ат үстүнөн артына бурулуп:

— Жакып, — деп бурк этти. Жакып жооп кайтарганча, — алпарып бер тигиге, — деп кол шилтеп коюп, алды-артын карабастан үйүн бет алып, катуулагандан катуулап кете берди.

Бул учурда Кудайберген тиги келаткан экөөнүн карааны алыстан көрүнгөндөн тартып, үйүнүн тегерегинде ары-бери басып турган. Ал бүркүттү Суранчынын колунан эмес, Жакыптын колунан көргөндө булардын бүгүн эмне болгонун билип койгон.

— Мм… Жайдары, бүркүтүңөрдү учурган жоксуңарбы? — деди Кудайберген Жакып жакын келгенде.

— Учурдук, Куке!

— Алдырдыңарбы?

— Ээ… Куке, алдырмак түгүл, араң кармадык.

Андан кийин сөздүн аржагы жок болду. Жакыпты «кудай урду», баягы курсагын чытырайта тээп, чыңалып турган күлкүнүн капкагы атылып кетсе болобу… Колунан бүркүттүн түшүп кеткенине карабай, эки көзүнөн жаш чыкканча каткырып олтуруп, боору эзилип, өлүп кала таштады. Болгон сөз:

— Баягы сиз айткан!.. Баягы сиз айткан…

*   *   *

Кудайберген Сары-Барчындын ойдогудай тапка келгенин эртең менен томогосун тарттырганда эле билген. Ал түгүл токтолгон бүркүттүн азаптуу түйшүгүнөн тажабай, көгөрүп олтуруп, бала бүркүттөй ийкемге келтирген Суранчынын мүнүшкөрлүгүнө бир чети таң калып, бир чети ичи жылып кубанган. Суранчынын бир гана жаңылыштыгы качырганын серпе албай калса, кексе арамдын көңүлү бузулуп, айныкейи кармап кетерин билген эмес. Ал ойлогон: «Мурунку салып жүргөн бүркүттөрүмдөй жазып калган күндө да, чыргаага кайрылып келбей койбойт» деп. Ал эми Кудайберген болсо мындай картаң бүркүттөрдүн неченин салган. Андайлар качырганын алып калса аны менен алек болуп, кармаша берет. Жанына ким келгенин билбей да калат. Качуу-бозуу деген анын оюна да келбейт.

Анан мүнүшкөр алганын ажыратып, бүркүтүн томоголоп албай, жаны жокпу? Кокус жазып калса, уя-бала болбогондон кийин анын чыргаага келмеги азап. Бул жагын Суранчы Кудайбергенден кем билбейт. Ошон үчүн ал аттарды байлаштырып коюп, кечки жем жээр чабытуусун күтүп олтурган да.

Сары-Барчындан кийин Суранчы колуна бүркүт кондурган жок. Ителги-кушун үзбөй салып жүрдү. Ал өзүн бүркүт боюнча Кудайбергенден жеңилдим деп эсептеди. Кудайберген Сары-Барчын колго тийген күндөн баштап ага көзүнө көрүнгөндөрдүн баарын алдырды.

Карышкырды түлкүдөй, түлкүнү коёндой эңчү болду.

КӨК ЖАЛ

Ортоктун тоосунун жонундагы жылкычылардын тынчы кетти. Кайдан ооп келгени белгисиз, бир көк жал дөбөт карышкыр күн алыстап бирден жабагы, болбосо колтойгон эле кунан чыкмадан жеп отурчу болду. Кыштын кычыраган чилдесинде күн баткандан таң атканча көз ирмебей жылкыны имерип туруш деген оңойбу. Узун түндүн аязы канчалык жылуу кийинсең да эки беттин отун, мурундун учун жалап-жуктап турат го чиркин. Күндүн кыры чыгыштан көрүнүп, тоо-тоонун чокуларын жалап-жуктап келатканда оту күйүп жаткан жолбун үйүнө калдырап-шалдырап кирип келген жылкычыны үйдө калган жолдоштору аласала көргөндө тааныбай да калышат эмеспи.

Кайдан тааныйт, кийим кечеси, бүткөн бою, өңү-башы көрүнбөй аккүп балапандардай сакал-мурут, кирпик кашына чейин бубактап муз болуп турса. Анын үстүнө буту, колу какшап отко жылыганча оозу-мурду камтууга келбей сүйлөй албай жатса. Ортоктун жонунда кыш чилденин каардуу аязы ушундай болот. Түнкүсүн бетегелүү жыбыттарга имерип таштап, күндүзүндө барып түгөлдөп туралы дегенге ит-куш жанды коюп жатабы. Карышкыр күч эмеспи.

Жылкычылардын айласы кетти. Тайдын жаш эти менен жылуу канга ыксыраган көк жал карышкырды таңга маал көрүнө калганда укуруктарын таптап, күлүк айгырлардын күчүнө салып айкырып-кыйкырып артынан сая түшүп кууп да көрүштү жылкычылар. Болбоду. Улам артын карап коюп куугунчуларга өлчөп чуркайт. Алар жакындаса катуулайт, алыстап калса акырындайт. Анысы аз келгенсип арылап качып кетпестен итче чочоюп жылкычыларды шылдың кылган немедей артын карап туруп калат. Күндүз кайда барып бекинээри белгисиз, түнкүсүн даяр. Мынтык атсаң тоотуп да койбойт. Кечкисин чогулган жылкынын туш тарабына тезек түтөтүп от чыгарып да жүрүштү. Буга да болбоду. Айласы кетишкенде арык-торук кулун тайларын жакага жеткиришип, залкар бээлерин гана алып калышты жылкычылар.

Арадан үч-төрт күн өткөндөн кийин Көкжал бээлердин да четинен жарып кирди.

Күндөрдүн биринде тоо катмарларында бүркүт салып жүргөн Кудайберген жондогу жылкычылардын жолбун үйүнө туш келип калды. Үйдө олтуруп жайланышкандан кийин кызуу сөздөр башталды. Сөз жалгыз Көкжал карышкыр жөнүндө болду. Жылкычылардын айласы кетип жатканын толук түшүнгөндөн кийин Кудайберген сөз баштады:

— Ал карышкыр силердин ыгыңарды алган экен. Тоюту канган жерден карт бөрүлөр кетпейт. Түнкүсүн жылкыга чабаарда кай жерден, кайсы колот, кайсы жыбыттан же кандай борчуктун түбү менен жашырынып келип качырарын билет, анан кол салат. Кол салганда да дардайып качырып келип кол салбайт. Коктуча-жыбытчалардан эки кулагын жапырып боору менен жылып, жылаанча сойлоп келип кол салат. Төрт таманы менен жер тырмактап олтуруп качан гана мерчемдүү жерине жеткенде, ошондо да жылкылардын ичинен жуушап жатканы барбы же жылкыдан обочо четтеп оттоп турганы болобу, ириде ошону басат. А дегенде чабуусун жарып, анан бычак менен мууздагандай кокосун жулуп алат. Бул учурда жылкылар кошкурук атышып үрккөн бойдон алда кайда кетет. Аттын үстүндө ээрдин кашына бооруна жөлөп уйку-соонун ортосунда үргүлөп турган жылкычынын ээ-жаа бербей жылкы шатырап үрккөндө эки көзү умачтай ачылып, өзүн тебелеп кетчүдөй атырылган жылкылардын алдын токтото албан «ак-ак», «так-так» деп жүргөндө тиги «баатыр» жарган бээсинин этине тоюп алып эчак жолуна түшкөнүн көрөсүң. Ошол түнү жылкычы сайда саны, кумда изи жок капкайда бириндеп кеткен жылкыларын чогултуп караңгыда түгөлдөмөк кайда. Эртеси тиги карышкыр жарган бээсин улуу шашкеде анын тарпына түшүп жаткан жору-кузгундарды көрүп, ошондо оозун ачып калат эмеспи.

Карышкыр кол салаарда ириде жылкыны имерип турган адамды байкайт. Ал ат үстүндөбү же атып тушап коюп коңурукту кош тартып жылкынын четинде дардайып уктап жатабы, ошону көрүп калса аны шылдың кылгандай үстүнөн аттап секирген бойдон тайманбастан барып жылкыга тиет. Бул учурда тушоолуу аты тушоосу менен үркүп жылкылар менен кошо кетет. Ага да жан керек да. А жылкычы болсо уйкулуу көзүн ача албай, бир чака муздак сууну башынан ылдый жаба куюп жибергендей апкаарып «а-а-аалап» энтиккен бойдон ордунан мүдүрүлүп жыгылып, ар кай жерде жаза басып темтеңдеп-тамтаңдап турганда жылкы алда кайда кетпейби. Кашабаң ашпай-шашпай бирди жарып жеп, жылуу канга малган тумшугу менен эки ууртун жаланып-жуктанып, куйругун сыртына салган бойдон адам жетпей турган төрдүн башына барып, бекинчү жерине бекинет да калат.

Кудайбергендин сөзүн угуп олтурган жылкычылардын кай бирлери тигиндей окуяны өз баштарынан да өткөрүшкөн эмеспи. Алар баягы менин окуямды тапты дегенчелик кылышып оозунан жел чыгарбай тымпыйып отурушту.

— Эми муну кантебиз, Куке? Айла кетти. Биздин колдон келчүдөн эмес — деди жылкычынын бирөө. — Түндө эле бир бээни жардырып жибердик.

— Ал бүгүн бери болгондо Бузулган суунун башына барып жатты. Бээнин ич этин бүт жегендир.

— Жептир, жегенде да казы-картасын бүт жептир. Шылып алгандай, кабыргалары соройгон бойдон турат.

— Дөбөт карышкыр бир катуу тоюп алса он күнгө чейин тамак оюна келбейт. Ушул бүгүн уктап жаткан жеринен таап үстүнөн чыкчу болсоң кулагынан тартсаң да ойгонбойт. Айрыкча жылкынын казы-картасына жык тойгон неме өлүп калган немедей төрт бутун төрт жакка керип, курсагын күнгө кактап дардайып уктап жаткандыр. Атаганат, ошерге бүгүн мергенчилер жетсе мынтыгынын учун чекесине такап туруп атып алар эле.

Кудайберген жылкычыларга акыл кеңешин айтты:

— Силер карышкыр күч болуп турганда түнкүсүн жылкыны жалгыз кайтарбагыла. Эки-үчтөн болбосоңор алдырганыңар алдырган. Мен үйгө барып бүркүттү дагы чыңап курчутуп турайын. Жылкыңарга сак болгула. Тиги Көкжал көпкө чейин келбейт. Кокус Көкжалдын шеги билинип жылкылар доңшуп калса, ошол күнү бириңер чаап жеткиле.

*   *   *

Кудайберген Сары-Барчынды жума бою ууга алып чыккан жок. Сары-Барчын көгөргөн көк асманды эңсеп, эртели кеч чабытуусу келгенде тууруна токтобой кайта-кайта шаңшып талпына берди. Мүнүшкөр анын эригип турганына карабады. Көптөн бери тынч бир орунда байланып жатып эттене түшкөнүн байкады. Күн алыстап ак жем берип турду. («Ак жем» деп жылкынын жаш этин сууга эки-үч жолу чайкап туруп даамын кетирип бергенди айтат). Томогосун тартканда көзүнө көрүнгөнгө ыкыс берип, делбетап болуп күүлөнө берчү болду.

Болоттун мизиндей илеп тартып курчуп турганын Кудайберген байкады. Дамамат Сары-Барчынды чоңго көрсөтөрдө ушундай абалга келтирип коёр эле Кудайберген. Бүркүтүнүн чоң аларына көзү жетип, этине келип калганын билгенде ээк астынан качкан түлкүгө да томогосун тартчу эмес. Мына бүгүн Сары-Барчын ошол калыбына келди. Бүркүтүнө ишенген Кудайберген алдынан карышкыр эмес жолборс чыкса да шилтей турган.

Эртең менен эрте жылкычылардын бирөө Кудайбергендикине чаап келип, баягы Көкжал эки күндөн бери мал-жандын тынчын алып жаткандыгын кабарлап кетти. Кудайберген угаары менен жондогу жылкычыларга Сары-Барчынын кондуруп жетип барды. Жылкычылар көптөн бери түн баласында ат үстүнөн түшпөй, кирпик ирмеп көз жумбастан таң атырышып, Көкжалга бир баш да жылкы алдырбай сак-сактап турганын айтышты. Кудайберген:

— Ал бүгүн түнү да келет. Тоюту канбагандан кийин алыстаган жок. Ушул тегеректеги борчук таштардын биринде бекинип жатат. Таң атканча алдырбай сак болгула. Аттарыңарды тандап айгырлардан кармап мингиле. Колдоруңарда бирден союл же укурук болсун. Таң сүрүп жерге жарык киргенде жылкыны өз жайына таштагыла да туш-тушка барып жашынгыла. Силер узагандан кийин жылкыга кол салат, ага да карабагыла. Ошондон кийин бирөөңөр мага чаап жеткиле.

Кудайберген айткандай жылкычылар таң атканча көз ирмебеди. Көкжал карышкыр улам бир капталдан качырып жатты. Алдырышкан жок. Төрт жылкычы төрт жагынан имерип, улам жылкы кошкурган жакка чаап жетип, укурук таптап турса кантип кол салат. Көкжалдын айласы кетип, амалы түгөндү. Таң аппак атканда жылкынын жанынан жылкычылар обочолонуп жайыла-жайыла бастырып кетишти. Дал ушуну гана күтүп турган Көкжал борчук арасындагы бугуп жаткан коңулдан козголуп, жылкыдан четтеп оттоп турган сур бээни чабуудан тартып тарс көтөрүп чапты. Сур бээ чыңырганда жылкынын бири да калган жок. Бээнин ичи эшилип ичеги карды жерге түштү.

Жан курусун, өйдө көтөрүлөйүн дегенде тиги Көкжал баш көтөртпөй шак алкымдан аткый тиштеп кокосун жулуп алды. Бул Көкжалдын көнүмүш ыкмасы эле.

Мууздоодон шаркырап кан кеткенден кийин сур бээнин козголоорго чамасы калган жок. Аяк серперге алы келбей жан берди. Көкжал сур бээнин көөдөнүнө тумшугун житирип, жүрөктү колко-солкосу менен сууруп алды да, анан бээнин үстүндө төрт тамандап туруп-туруп, жылуу кан-саны менен казы-карта ич эттерин үстөккө-босток акылдатып, көптөн бери ачыгып калган түгөнгүр шаша-буша чоң-чоң аткып сугунуп, келки-келкиси менен чайнабай жутуп жатты. Бул учурда жылкы үрккөн бойдон жолбун үйдү тепсеп кете жаздап бир орунда токтой алышпай улам-улам кошкуруп-бышкырып, артын тиктешип элеңдеп турушту. Кантишмек анан жарыктыктар бүгүн да бирөөнөн ажыраганын билишти да.

Жылкычылардын бири адыраңдата чаап келип Кудайбергенге бир тийди. Ошол учурда Кудайберген да үрккөн жылкылардан шек алып, бүркүтүн кондуруп желе жорто бастырып утурлап калган. Кыр-кырларга далдаланып жашынып турган жылкычылар Кудайберген келгенче тиги Көкжалдан көзүн айрыбай орду-ордунда таштай катып турушту. Кудайберген баш көтөрбөй бээнин этин үзүп жулкуп жаткан карышкырды өйдөкү кырга чыкканда көрдү.

Карышкыр ойдо, Кудайберген жондо болуп калды. Бул сары барчын үчүн оңдой берди болду. Бүркүттүн томогосун да тарткан жок. Качан гана карышкыр этке тоюп, оозу-башын жаланып чыга бергенде Кудайберген жылкычыларга үн салып кол шилтеди. Жылкычылар айгырлардын күчүнө салып жердин тоңголок аң-дөңүнө карабай кыйкырык сүрөөнгө алган бойдон карышкырды кууп жөнөштү. Кудайберген карышкыр коктудан өйдөлөп, капталга жабыша бергенде Сары-Барчындын томогосун тартты. Бүркүттүн көзү кандай гана өткүр, кандай гана курч аа. Томогосун шыпырар менен Сары-Барчын колдон атып кетти.

Карышкыр узагандан узап, жылкычылардын илик салынбаган улоотап айгырлары бардыгып, алда кайда алыс калды. Карышкыр улам жогорулап өйүзгү кырды ашып кете турган болду. Көкжал жер менен жер болуп, капталдын бооруна көкүрөгү тиер тийбес-тиер тийбестей сүрдүү жоонун чукул кирип келгенин байкаган да жок. Ал жылкычылардан алыстаганына кубанып жонго жакындай бергенде бүркүттүн бороондой күркүрөгөн добушун ошондо араң туйду.

Карышкыр кайрылып мойнун бурганча бүркүттүн ачуу тырмактары аны таңынан серпкен бойдон өйдө көтөрүп, түндүк бою бийик алып чыгып кайра жерге таштап жиберди. Сары-Барчын мурунку карышкырды түлкүлөрдөй эле шыпырып алып жүрчү. Мунун чоңдугун, Көкжалдыгын чукул барганда байкап, анан анын каруусун кетирип туруп жайлагысы келди окшойт, сур бээнии казы-картасына ынтыга тойгон арам таштуу жерге зор денеси менен тийгенде челек чапкандай былч дей түштү. Сары-Барчын асманга атып чыгып кетти. Ошонун ортосунда тиги Көкжал даңгыл жерге жыгылган балбандай сендиректей түшүп, анан тура калды да кыйралактаган бойдон өйдөлөй албай каптал ылдый салды.

Сары-Барчын жогорку бийиктен типтик ылдый карай эки канатын куушура бүктөп, балтырларын салаңдата сунуп жиберип арбайган алакандарын ачып, аткурдай тырмактарын оркойтуп келип карышкырды мурунку жолу серпкен жеринен адашпай аткый кармады да, дагы түндүк бою көтөрө түшүп жерге таштады. Карышкыр ордунан очорулуп далайга чейин козголо албай жатты. Сары-Барчын акыркысында асмандап бийик көтөрүлбөй, үзүктөй эки чоң канатын эки жакка жазып шашпай имерилип келип, тиги ордунан козголо албай тамтаңдап калган карышкырды он колу менен баштан, сол колу менен таңдан мыкчый кармап белин түпкүчтөй ийип турганда, карышкырдын төрт буту төрт жакка тыбырап, жан талашып жер чапчый берди. Карышкырдын оозун кабыштыра кармаган оң колунун жем басары көк жалдын сол көзүнүн түбүнө чейин кирип кеткен экен, көз тостоё чанагынан чыга түшүптүр. Карышкыр менен Сары-Барчын булгалакташып жатканда Кудайберген менен жылкычылар аттарын койгулакка алып күшүлдөп-бышылдап жетип келишти.

Карышкырдын жүрөгүнө бычак уруп сулк таштап коюп, Кудайберген кайта-кайта энтигип жаткан Сары-Барчынын колуна алды. Сары-Барчын эки канатын жая албай көпкө чейин акактап, эки өпкөсүн уруп жатып анан барып жазылган канаттарын жыйып алды. Сыягы күйүккөн жүрөктүн түрсүлдөп урганы жайлагандан соң калыбына келип, эс-учун жыйды окшойт. Кудайберген бүркүтүн эркелеткендей канат-куйрук, мойну-башын сылап, аягынан башына чейин бир сыйра карап чыкты. Эки канаттын чалгындары бүт аман, кашка куйруктун бир талы гана сыныптыр. Буту-колдун тырмактарына чейин кадимкидей экен.

Мүнүшкөрлөр алганынан да кыраанынын аман калганына кубанат эмеспи. Кудайберген менен жылкычылар Сары-Барчындын эрдигина кубанышты.

Жылкычылар суналып жаткан карышкырдын өлүгүн аяк-башына чыгып кайта-кайта тиктеп жатышты. Карышкырдын чоңдугу кунан оопастан чоң десе чоң, андан кем калбайт. Мойну буканыкындай жоон. Желкеден тартып эки далынын кошконуна чейин камандыкындай көк буурул жалы бар. Жаагынын азуулары буураныкындай оркоёт. Аны менен далайды жарган да.

Тай-кунандар мындай турсун чалкайган бээлерди козудай көрбөй, кармаган жеринен кан чыгарып, тиш салары менен көтөрүп чаап жатканы ошол болоттой курч жоон азуулар эмей эмне дейсиң?!

Көкжалдын өлүгүн көргөндө жылкычылардын айгырлары алда кайдан жер чапчып кошкурушат. Араңдан зорго үч-төрт жылкычы ордунан козголтушуп, бир жоошураак чоң айгырдын ээрине арта салып өңөртүштү. Жылкычылардын жолбун үйүнө жеткенче Көкжалдын башы менен арткы эки буту жер чийип сүйрөлүп олтурду.

Ушуну коркпой барып алган бүркүттүн эрдиги менен күчүнө кандай деп баа берсе болот?

Уландысы>>>>>>>>>>>>

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.