Амаду Жоржи (1912-2001) – Бразилия жазуучусу, академик. “Какао”, “Тер”, “Жансыз деңиз”, “Учу-кыйырсыз жер”, “Кызыл тандар” ж.б. ондогон романдардын автору. Чыгармалары дүйнөнүн элүүдөн ашуун тилдерине которулган. Бир катар эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

Кырк беш жыл жазуучулук менен шугулданып, жыйырма роман жазыпсыз. Эмне үчүн жана кимдер үчүн?…

— Менин өмүрүмдүн да, чыгармаларымдын да өзөгү эл турмушунда. Колумдан эмне келсе, ошонун баарын эл турмушу үйрөттү, мен дагы бүт чыгармачылыгымды ошого арнадым. 1931-жылы жарык көргөн “Карнавалдар өлкөсү” романымдан баштап, “Күрөшө берип, күчтөн тайган Батиста Терезага” чейинки бүт чыгармачылыгым бразилия элинин, асыресе Баия калкынын арасында жетилип, эрезеге жетти.

Бразилия аймагынан башат алган Баия керемети келишкен жер, дүйнөдөгү эң зор какао талаасы ошояктан башталып созулуп жатат. Мен жазганды өтө жаш кезимен баштадым, менин балалыгым Баияда өтө эркин, бакыбат өттү, мен эки өлкөнүн ашташкан жеринин кулунумун, билген, көргөн, жазгандарымдын баарын ошояктан алдым.

— Жазгандары отуз жети тилге которулган “Баия жазуучусу” эмне үчүн ушунчалык универсалдыгын угуза айталабы?

— Универсал деп кимди айтабыз? Өз өлкөсү менен өз мезгилинин жазуучусун, өз элинин чындыгына чымырканып ой жүгүртө билгендерди. Жер жүзүнүн булуң-бурчундагы адамдарды бир кызыктырса, менин баия элим кызыктырат. Эсеби маселең, мен жазуучу формалист болсом, көңүл бурууга анчалык деле арзымак эмесмин. Ал жаатынан атак алган жазуучулар Европада менсиз деле эбегейсиз көп…

— Эларалык атак-абройго ээ болгонуңуз турумушуңузда эмнелерди өзгөрттү?

— Эч нерсени. Мен жазып аткан учурда гана жазуучумун, башка учурда жашоо үчүн жан талашкан, жашоону жанындай жакшы көргөн жөнөкөй эле адаммын. Жолдош-жоролордон айрыкча жолдуумун. Бул жердеги, мен 1948-жылдан 1950-жылга чейин жашаган Париждеги досторумдун изи али сууй элек. Мындан жыйырма жыл мурда “жыңайлак катташа” баштаган чакан ресторандын ээси үчүн мен болгону “китеп жазган бразилиялык сеньормун”. Көчөдөн же базарлардан жолуккан баиялык жердештерим мени “Жоржи” деп эле жакадан алат. Албетте, жүз миңдеген нускада  чыккан чыгармаларымды көптөгөн адамдар окууру бышык, анткени алар менин романдарымдан өздөрүн таанып атыр. Бирок тааныса, тааныбаса да мен аларга жөнеле “Жоржимин”

— Өмүр бою жазгандарыңызды жалпылай келгенде алардын бардыгы “эл чындыгы” менен эриш-аркак деп ойлойсузбу?

— Балким жазгандарымдын баары өз элимдин кулк-мүнөзү менен өзөктөш десем жарашар. Биз аябай ар кошкондон бир кошкон калкпыз: ак расадан, асыресе португалдардан, анан индейлер менен негрлерден тараганбыз. Биздин элдин чымыр-чыңдыгы менен чыдамкайлыгы, шатра-шатман жашоосу негрлерден калган. Канаатташ калктарга, эсеби маселең, мексикалыктарга караганда бизде индейлердин каны азыраак, андыктанбы, бразилиялыктар кайгы-капага анчалык алдырбайт. Анын үстүнө биздин өлкөнү португалдарга караганда өлүм тууралуу өтмө катар ойлонгон, адамдык ыкыбалы жагынан армандуу аң-сезим ташыган испандар басып алган эмес.

Айтору мындай аргындашуу, кан менен расанын минтип камыр-жумур аралашуусу бизде адамдарды түр-түспөлүнө карап бөлүү, укум-тукум сүрүштүрүп өчөгүшүү өңдүү маселелерди өзүнөн өзү өчүргөн. А андай маселе көп өлкөлөрдө, айталы АКШда али бар. Менимче, Бразилиянын дүйнө гуманизмине кошкон өбөлгөсү – бул калктардын табигый аргындашуусу, ошол эле учурда өз уңгусун эч качан өчүрбөгөн талантынын оригиналдуулугу жана турмуштук каруусунун кабаттыгы. Менин китептеримде ушул касиеттердин учкундары бар.

— Мындан он эки жыл мурда Бразилиянын аскерий режими орноткон идеологиялык көзөмөл жана аны колдой чапкан, ач айкырык, куу сүрөөн кандайдыр бир өлчөмдө өлкө маданиятын байлаган тамыр, суу ичкен башатынан алыстатып койбойбу?

— Алыстатуу аракети, маданий өнүгүштүн бизге мүнөздүү эмес формасын таңуулоо биз улут болуп уюгандан бери эле кайталанып келаткан кадыресе иш. Арийне, биз анын бирине да моюн сунбай, улуттук маданиятыбыздын учугун улап келебиз. Ачыгын айтсам, андай коркунуч бар, болгондо да бир кыйла кооптуу, бирок мен элимдин рухий түркүгү эбегейсиз бекемдигине ишенем, андай түркүк бразил интеллигенциясында да түптүү, өзгөчө. Ошол түптүүлүгү менен кандайдыр бир эрдикке тете иш жасап жаткандай сезилет.

Эсеби маселең, Шико Буарки ди Оланда сыяктууларды  айталы: ал атактуу композитор, анын музыкасында элдик ыргактар эң маанилүү орун ээлегенине байланыштуу цензура кастарын катуу тикти. Менимче, өз ариет-арын таза сактоо, сатпоо, бардык күрөшкө башын сайып даяр туруу, иштин жайын илгиртпей  түшүнүү жагынан  көп өлкөлөрдүн интеллигенция өкүлдөрү Шикодон үлгү алса болот. Анткени ал кууганына жетпей күйүгүп, көздөгөнүн алалбай сынып калбайт. Айталы, ал  беш ыр жазат, цензура бешөөнө тең тыюу салат, ал алтынчысын, жетинчисин, айтору, кайсыдыр бирөө өлмөйүнчө жаза берет, цензура качан эсине келип, “кандуу кылычын” кындан сууруганда кеч болуп калган, анын ырлары эбак эл оозунан түшпөгөн абалга айланган.

— Демек, цензура эстрада ырларына, телевидение менен радиого гана катаал карайт, а адабиятка анчалык эмес деп түшүнсөкпү? Бул аларга караганда адабият анчалык кооптуу эмес дегенди билгизбейби?

— Мен антип айтпас элем. Эгер тарыхый-адабий процессти бүкүлү карай келсек, адабият аябагандай курч курал болгонун байкоо кыйын эмес. Телевидение радио сыяктуу эле бүгүн бар, эртең жок кубулуш. Учурдун музыкасы мүмкүн алардан узагыраак жашайт. Ал эми мыкты адабият кылымдарды карытат. Грегорио Матос сыяктуу акынды алалы. Ал миң алты жүз неченчи жылдары жазган, арийне анын ырларынын али сыры качып, сыны кетелек, ал али айыгышкан күрөштүн акыны болуп келет, анын ырлары азыркы адамдарга да кадимкидей канат байлап, дем берет. Иш жагдайы башкада. Айталы, телевизордун ошол замат тийгизер таасири күч. Жакшы программаны он бештен жыйырма миллионго чейинки адам көрөт. Ал эми китепти, он миң нуска менен үч ирет басылган Калладонун китебин алалы. Аны беш киши окуду десек, окурмандар саны 150 миңге араң жетет. Жыйырма миллион телекөрүүчүнүн алдында бул эми кыпын да. Цензура иштин андай ыңгайын аңдабай коймокпу, аңдайт, андыктан массалык маалымат каражаттарын баса калып аңдыйт, а көркөм адабият аларга көптө жетет.

Цензура эмне үчүн сизге эч качан кастарын катуу тикпеген?

— Аны кеп кылуу бир жагынан мага өтөле ыңгайсыз, арийне мен Бразилияда атагы ашкан жазуучумун. Цензура мага окшогон жазуучулардан айбыгат. Суроого суроо менен жооп берейин: Бразилия эмне үчүн жалаң Оскар Немейердин долбоору менен курулууда? Анткени ал бу дүйнөдөгү эң улуу архитектор. Мен албетте, анчалык улуу жазуучу эмесмин, Баиядан чыккан майда жазуучумун, бирок элим мени сүйөт, мени чет өлкөлөр билет, андыктан мени менен цензура айыгышкысы келбейт.

Бул бир жагынан. Экинчи жагынан 1971-жылы Бразилия бийлиги алдын ала цензурадан өткөрүү демилгесин көтөргөндө менин чыныгы досум, азыр арабызда жок Эрико Вериссиомо экөөбүз андай болсо биз китептерибизди Бразилиядан чыгарбайбыз деген билдирүү менен чыкканбыз. Аны бүт Бразилия жазуучулары менен художниктери колдоп кеткен. Ошентип алдын-ала цензурадан өткөрүү демилгесинин деми аргасыз сууган…

— Сизди, Жоржи Амадуну “саясат чакырыгына” кызмат кылган жазуучу катары карашат. Эзелтен келаткан түбөлүк жаңы тема: бирөө “саясат чакырыгысыз” жакшы чыгарма чыкпайт дешет, бирөөлөрү жок, “саясат чакырыгы” адабиятты бузат дейт, башка бирөөлөрү адабият чыгармачылыгы менен алышкандар  саясаттан ат чабым алыс болуш керек дегенди карманат. Сиздин оюңуз кандай?

— Иш үстүндө бир дагы жазуучу саясатты кыйгап өтпөйт. Мүмкүн аңдабай калаар, мүмкүн атайлап жасабастыр… Менимче “саясат чакырыгы” чыгарманы жакшы кылып жибербейт, жаман да кылбайт. Чыгарманын жакшы же жаман болмогу таланттын бардыгы же жоктугуна байланыштуу.

Хорхе Луис Борхести алалы. Саясый жактан анын чыгармалары менен макул болбосо болот, мисалы менин саясый көз карашым аныкынан таптакыр башка. Арийне башкалыгы үчүн анын улуу жазуучу экендигин таналбайм да. Жакшы жазуучуну “саясый чакырыкка” кошулганы үчүн жаман көрүү, айыптоо жөнсүз. Жакшы адабиятты кай жактан карасаң да мартабасы бааланат.

“Саясый чакырык” жакшы чыгарма жаратууга жардам берет деп эсептебегеним менен ал жакшы жазуучуга ар дайым эл тарабында болууга, эл душмандарына, элди эзгендерге карышып каршы турууга жардам берет деп ойлойм.

Дагы бир суроо. Сиз “сыйкырдуу жер” тууралуу жаздыңыз, ошол эле учурда сизди реалист дешет. Адабияттагы реализм маселесине мамилеңиз кандай?

Реализмдин ченеми, чеги болбойт. Ким ага чек коём десе, реализмди бурмалаганы ошол… Реализм күн нуруна чайынган, түн ыгына табынган, жөнөкөйлүгү ашкан, керемети ташкан турмуш чындыгынын көркөм чагылдырылышы.

— Өлүм,- бул адабий өлүм дегенибиз,- тууралуу ойлор сизди кыйнабайбы?Сизди, маселен, жүз жылдан кийин окуйт деп ойлойсузбу?

— Ишенип койгула, антип ойлобойм. Мага болгону жазган, ошону менен турмушка кандайдыр бир салым кошкон жагат. Тирүү кезиңде окулуп, өлгөндөн кийин окулбай калган жазуучулар бар, ошол эле учурда тирүүсүндө окулбай, өлгөндөн кийин окулгандар бар. Тагдыр кимдин маңдайына эмне жазганын ким билсин!

Бирок мен үчүн бир нерсе айкын: агер жазуучунун каны китептеринде да айланса; агер китептеринде турмуш кайнап, жазуучунун жүрөгү соксо; агер китептеринде элдин майданы да, майрамы да даана байкалып турса, андай китептерден бирдеме калат деп ойлойм.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.