Бар экен, жок экен: бир абдан сылык коёнек болуптур. Ал бир жолу дыйкандын чарбагынан капустага чоң тоюп чыгып келатса, тоокканага кире албай томсоруп ачка келаткан түлкү кубалайт. Чуу койо чуркап, буйт бере качып, ач түлкүнүн азуусунан кутулуп, аңгыча алдындагы чоочун ийинди көрүп кире качары менен тарбиялуу неменин корккону калып, чоочун жайга уруксатсыз киргени үчүн уятынан ийиле калып, абдан сылык түрдө кечирим сурап жиберет:

— Саламатсызбы, ак көңүл ийин! Уруксатсыз киргеним үчүн кечирим сурайм. Бул жоругум үчүн абдан уялып турам!

Бул ийин мындай коёнектерди бүкүлү бойдон жутуп койчу абдан чоң жыландын турагы болчу. Ал эч качан өз курмандыктары менен сүйлөшүп койчу эмес. Бирок азыркы коёнектин сылыктыгы ушунчалык жагымдуу болгондуктан – ал байкабай үн чыгарып, өзү да билбей, кандайча сылык жооп бергенин билбей калды:

— Кириңиз, кириңиз!

Коёнек бул кышылдаган үн кимге тиешелүү экенин дароо биле калып:

— Кечиресиз, таптакыр унутуп калыптырмын, мени бөжөктөрүм күтүп жатышты эле, жакшы калыңыз! – деп шарт бурулуп чыга качканда, мурдунун учуна келген олжосун качырып умсуна түшкөн жылан өз куйругу менен өзүн башка чаап:

— Жылуу сөз жыланды да ийитет деген ушул да! Ай ушул коёндун сылыктыгы ай! — деп кейип жиберет.

Коёнек өз ийинин карай каргый-каргый секирип качып баратып, сылык сөзү өзүнө эч качан зыян келтирбегенин ойлоду.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.