Гүлзура ЖУМАКУНОВА: XX кылымдын жүгүн аркалаган адам

Убагында Чынгыз Айтматовдон: “Сиз кай жерди өз үйүм деп эсептейсиз? Сиздин чыгармаларыңыз болсо бүтүн дүйнөдөн өз ордун тапты” деп сурашкан экен. Берген жообу: “Калыбы менин үйүм XX кылым болсо керек. Бул кылымдын башынан аягына чейин болуп өткөн окуялар кудум менин өмүр баянымдын бир сценарийи сыяктуу болду” болуптур. Чынында эле XX кылым согуштары, төңкөрүштөрү, жаатташмалары, глобалдашмасы, жок кылгандары жана баш айланткан табылгалары менен адам баласын кан жуткуруп капа кылган да, азап тарттырган да, ошол эле учурда маңдайын жарып сүйүндүргөн да таң […]

Дагыстан эл жомогу: Үч дос

Укканыбызга караганда жаңгактын кабыгы, бир тоголок катыган талкан жана чымын дос болуптур. Бир күнү алар саякатка чыгып, бир топ жол жүрүшкөн соң алдыларынан аккан суу чыгат. Аркы өйүзгө өткөндөн башка арга жок эле, андыктан эки досуна караганда жүрөктүүрөк жаңгак кабыгы: — Өзүм биринчи өтөйүн! – деп сууга секирери менен катуу агым аны аласалдыра алып жөнөйт. Досун куткарыш үчүн катыган талкан артынан секиргенде дароо эле эзилип, түшкөн жери агара түшкөнү болбосо, дайынсыз кетет. Ал эми үчүнчү дос – чымын наркы өйүзгө […]

Олжобай ШАКИР: Кара кыргызды караңгы элге айланткан динчилдер

Э кайран эл, кайран эл! Ача жолдун кай жагына түшөсүң?! Диний тескөөдөн тыш (светтик) өлкө делгени менен Кыргызстан бүгүн Конституциялык жол менен жашап жаткан жери жок. Расмий бийлик өкүлдөрү да Башмыйзамга эмес, жайнамазга баш уруп калганын кечээки Курман айт күнү көрдүк. Болгондо да мыйзам чыгаруу институту делген Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламент депутаттарынын атынан (!) куттуктады элди. Жетеленме парламент депутаттары каникулда жүрсө да. Ошол 120 эл өкүлүнүн атынан куттуктоо айтууга укугу бар беле анын?! Же 120 депутаттын баары эле […]

Конкурска: Өзүңдү ойлосоң өч алба, келечегиңди ойлосоң, кек сактаба!

№13 Маданияттын калыптануусунан улам искусство, этика, эстетика сыяктуу эле адабият деген түшүнүктүн келип чыгышы маалым. Адабият айдыңында адамдын ой жүгүртүүсү башкы орунду ээлейт. Баарыга белгилүү болгондой,  айрыкча,  адамдын жан дүйнөсүнө басым жасалат. Чыгармадагы каармандардын жан дүйнөсүнүн тазалыгы же анын адеп-ыйманы кайсы гана жанрда болбосун тазалыгына, боорукерлигине, сабырдуу жана кечиримдүү болууга багыт берет. Бул коомдун өнүгүшүндө эң маанилүү фактор болуп берет. Мына ушунун бардыгы келечек ээлерине, өсүп келе жаткан жаштарыбызга багытталып турганы бекеринен эмес. Айрыкча, кыргыз элинин эгемендик күнгө ээ болгон […]

Мукай ЭЛЕБАЕВ: Бороондуу күнү (шедевр)

АҢГЕМЕ Буга көп заман болду. Кай жыл экени жадымда жок, январь айынын бир суук күнү жол келе жатып, кеч кирип бараткан кезде бир үтүрөйгөн боз үйгө бурулдум. Бул бир кашаттан түшө бериште, сарайчанын жанында жалгыз үй болучу. Күнү бою жөө басып, чарчап, анын үстүнө алдымдан утур карды-бороон болуп кетип, эми мындан ары жүрө турган чама жок эле. Үйдүн эки-үч эркеги бар экен. Мен барганда мурунтан согуп отурган аңгемелери бөлүнгөн да жок. Жанындагы кишиге аркасын ыктай, отту карай демитип, этегин жамаачылаган […]

Жетиген АСАНБЕК: «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» – адамзатка рухий аманат

Ушул чыгармасы аркылуу Айтматов эмнени айткысы келгенин ар бир окурман өзү үчүн өзү таап алар. Мага эмне дегени менен бөлүшкүм келди. Эмнени түшүнгөнүмдү, эмнени көрүп-тааныганымды айтыш үчүн, чыгарманын айрым жерлерин кыскартып баяндадым. Повесттин өзүндө белгиленгендей чыгарма 1976-жылдын декабрь, 1977-жылдын январь айында, Байтик айылында жазылып бүткөн. Повестте сүрөттөлгөн деңиз жээгиндеги бөксө тоолор боорунда ала-телек болуп жаткан кары менен ала дөбөттөй болуп көрүнөт. Деңиз аңчылыгына чыккан мергендер ал боорду ала дөбөт деңиз бойлой узатып келатат деп, көрүнбөй калган кезде үйгө кайтты деп, […]

Машайык ЭРГЕШОВ: Баладай таза бойдон кетти деп атамды жаш баланын мүрзөсүнүн жанына коюшту…

“Карайм күндү көздөрүмө жаш толуп, Калат эми канча ырым жазылбай. Менин кайгым тогузунчу валл болуп, Жүрөгүмдөн сапырылат басылбай…” – деген оттуу саптары бар ырларды жазып, кыргыз адабиятынын асманында башкаларга окшобогон алоо саптары менен түбөлүктүү ордун тапкан акын Тургунбай Эргешовду кимдер билбейт… Кырчындай болгон 35 жаш курагында бул жарыкчылык менен кош айтышып, тирүүсүндө бир да китеби жарык көрбөстөн арманы ичинде кете берди. Бирок талант дегениң дат баспаган алтын сыяктуу. Акындын мурасын эл ичинен жыйнаган тун уулу Машайык “Булбулдардын тукуму аз” деген […]