Убагында Чынгыз Айтматовдон: “Сиз кай жерди өз үйүм деп эсептейсиз? Сиздин чыгармаларыңыз болсо бүтүн дүйнөдөн өз ордун тапты” деп сурашкан экен. Берген жообу: “Калыбы менин үйүм XX кылым болсо керек. Бул кылымдын башынан аягына чейин болуп өткөн окуялар кудум менин өмүр баянымдын бир сценарийи сыяктуу болду” болуптур.

Чынында эле XX кылым согуштары, төңкөрүштөрү, жаатташмалары, глобалдашмасы, жок кылгандары жана баш айланткан табылгалары менен адам баласын кан жуткуруп капа кылган да, азап тарттырган да, ошол эле учурда маңдайын жарып сүйүндүргөн да таң калычтуу бир кылым болбодубу. Бул кылымда болуп өткөн окуялардын оомалуу-төкмөлүү жолдорун, чыныгы жүзүн чагылдырам, тарыхын жазам деген далай жазуучу, илимпоз анын бороон-чапкынына кабылып жер менен жексен болуп кетти.

Айтматов да бул кылымдын перзенти болчу. Анда туулуп, анын койнунда  өстү,  ачуу-таттуусун татты, тандап алган жолундагы өз милдетин аткарды жана ошол кылым менен кошо улгайды. Теңир насип кылган 80 жылдык өмүрүнүн ар баскычы менен жуурулушкан  бул кылымдын оор жүгүн көтөрүп жашады.

Анын генийлиги — дүйнөдө болуп жаткан нерселерди кай жерде болбосун: кыргыздын элет бир айлында, казактын ээн талаасында, бир океан ачыгында же болбосо космостун учсуз мейкиндигинде туруп баяндаса да, бүткүл адам баласы үчүн шарапаттуу саналган сапаттарды, дөөлөттөрдү таап, аларды өз чыгармаларында чагылта алышы болду. Бул сезимдер адам баласы жашаган ар жерде бирдей болгону үчүн, дүйнө эли Айтматов чыгармаларынан өздөрүн көрдү  жана бул асыл дөөлөттөрдү миллиондор менен тең бөлүшүү үчүн ондогон тилдерге которду.

Жазуучунун кыштын бир суук күнүндө, өз доорунун  суук бир жылында көзүн ачкан дүйнө, алааматтары удаама удаа кезектеше келип жаткан кооптуу бир дүйнө болчу.

Кыргыздын бир элет кыштагында дүйнөгө келген Айтматовдун бүт дүйнө жазуучусуна айланышын даярдаган тагдыр анын жолун ушунча бир керемет кылып сызды дейсиз: бул бала аябай жапа чексин, жокчулук, айласыздык ичинде чоңойсун, адамдардын шайтанга айланып кетчү аркы жүзүн көрсүн, көргөн күндө да адам бойдон калыштын бир жолун тапсын деп. Бул азаптарды ашып жатып боору ташка айланбасын, жүрөгүнө кастык орнобосун, тагдырдын ага шилтеген ар муштумуна каршы алаканын жалгыз гана кайыр дубалар  үчүн ачсын деп. Жараткандан кайырды өзү же эли үчүн эмес, бүтүн дүйнө үчүн тилесин деп. Теңирдин берген акылын, калеминин күчүн бүтүн дүйнөдө тынчтыктын, адамкерчилик сапаттардын бүр алышы үчүн  колдонсун деп.

Анын ушундай алдын ала сызылган бир тагдырды жашаганына канчалык ынансак да, өмүрү, чыдамы, пайгамбар сабыры, даанышмандыгы алдында бир топ суроонун жообун издөөдөн баары бир өзүбүздү кайра тарта албайбыз. Алсак, кандай болду да кенедейинен Сталиндин, аркасынан Гитлердин кыргындарына күбө болуп, дагы “душман” сөзүнүн маанисин так биле элек чагында “душман баласы” атыгып өгөйлөнгөн, окууга алынбаган, аты-жөнүн ачык айтуудан тартынып, жашоонун чыныгы кордуктарын тарткан Чыңгызда адамга болгон сүйүү мынча таза жана бийик кала билди?

Кандайча болуп бул өспүрүм айлана-тегерегиндеги өлүм, ый, ачкалыктын арааны жүрүп, үмүттөрдүн түгөнгөн жеринде мынча сулуулукту көрө билди жана заманы келгенде жандырмак үчүн акыл-эсине, жүрөгүнө жат кылып түйө билди?   Кандай болду да өзүнө жасалган ошончо кыянат, адилетсиздик, атадан ажыраткан жексурлук  кек болуп, өч болуп жүрөгүн ташка айлантпастан акыл болуп, талант болуп, мээрим болуп, анын адамдык жана жазуучулук көрөңгөсүнөн орун алды? Канткенде ал бала өзүнө аян болгон бул асыл туйгуларды бүтүн адамзат менен тең бөлүшүүгө, өмүрүнүн, табийгат тартуулаган талантынын мүдөөсү кылып алып, тандаган кесибин таштап, адабияттын татаал жолуна түшүүгө бел байлады? Мындай  күчтү жана эркти кайдан же кимден алды?

Жообу мындай болушу мүмкүнбү?

Тагдыр кыргыз калкына дүйнө адабиятына Чыңгыз Айтматов сыяктуу бир албан жазуучу берүү таалайын туш кылды. Таалайын туш кылды дегенибиз, анын туулуп өскөн жери Талас, Айтматовго туулгандан берилген тубаса жөндөмүн баамдай билишине, ал жөндөмүн жөнүктүрүүчү өжөрлүккө, жаңы бийиктиктерди ашууда талыкпаган кайратмандыкка, өзү жараткан чыгармаларын чөйрөдөн келе турган ар кандай соккуга каршы коргой ала турган акылга жана жөндөмгө  ээ кылып тарбиялады. Кудум байыркы замандан бери жер катары Талас, эл катары Кыргыз атын жоготпой  коргоп келгени  сыяктуу.

“Талас согуштары” аты менен даңкы чыккан тарыхтын  эң  маанилүү эки согушуна – б.з.ч. 36-жылы хундар менен кытайлардын жана б.з. 751-жылы араптар менен кытайлардын арасында  болуп өткөн кандуу согуштарга сахна болгон Талас, бул жолу XX кылымга келингенде койнунда бүт дүйнөгө “Согушка наалат!” ураанын көтөрүп чыга турган ак ниет, асыл бир баланы  асырап жаткан эле. Кыргыздын 1000 жылдык тарыхын “Манас” аттуу бир эпоско сыйдырып жашата келген Талас, бир чыгарманын кантип жаратылганы сыяктуу эле кантип корунушу керектигинин да миңдеген жылдык тажырыйбасына эгедер болчу.

Чыңгыз Таласта чоңоюп келатканда “Манас” эпосу башта болгон кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгы дагы эле өнүгүшүнүн туу чокусун жашап жаткан.  Ошондуктан Айтматов өнөр көрөңгөсүн адабияттын так ошол мөлтүр булагынан  уучтап жутуп түптөдү. Кечкисин Айымкан чоң энеси менен Каракыз эжесинин айткан жомоктору, уламыштары ага күндүз көргөндөрү менен уккандарын унуттура турганчалык калкан болду.

“Ак кемедеги” аты жок бала сыяктуу анын өзү куруп алган таптаза, кичинекей дүйнөсүнө  не Сталин, не Гитлер  кире алмак эмес. Элдин кыялынан жаратылган бул жомоктор аны аёосуз шум дүйнөнүн жамандыктарынан коруган, жакшылык, сулуулук тартуулаган терезелер болду.

Согуштун, өлүмдөрдүн, муң-кайгынын так ортосунда ал Жамила менен Даниярдыкындай таза сүйүүнүн жараларына, бир аялдын коңшусунун акыркы үмүтү болгон уюн уурдап напсисине жеңилген эрин милийсага кармап бере турганчалык абийир сотунан кече аларына, эртеңдер бүгүндөн дагы айдың болсун деген бир мугалимдин жанын да  кечип, атканадан жасап алган мектебинде 5-10 балага арип таанытууга далбас урган кайратына ошол кенедей дүйнөсүнүн терезесинен карап ишенди жана түбөлүккө эсине түйүп алды. Булар – дүйнөдө канча караөзгөйлүк  бар болсо, аны жеңе ала турган ак пейилдиктин андан эселеп да көп жолугарына адамдарды ынандыра алган Айтматовдун дүйнө адабиятына кошкон эң күчтүү салымы болду.

Айтматов ошол кичинекей дүйнөсүндө түптөлгөн аруулуктан кийин залкар жазуучу болгон кезде деле баш тарта албаса керек. Анткени анын каармандары кандай иш кылса да, кандай  күнгө туш болсо да ак ниет, адал  бойдон кала алышат. Жашоолорунда “чоң” болуп жогорку мансаптарга жете алышпайт, “Фудзиямадагы» Сабырдын айрым жолдоштору сыяктанып, мансап, атак-даңкка ээ болуп, каалаганын жасай алышпайт “Тоолор кулагандагы”  Жакынкы Чыгыштан тээтетиги  Орто Азияга жолборс аңчылыгына аттанган арап магнаттарычылап, жада калса “Ак кемедеги” Орозкул кептенип бир токойдун билерманы да боло алышпайт. Бирок алардын ошол жакырчылыгы, бечаралыгы, кордолгондору, ал түгүл өлүмдөрү Айматов тарабынан адамкерчиликтин үмүт шооласы катары  айдың берет.

Дүйнө окурманы аларды сүйдү, ошол кордолгон, шылдыңдалган, өгөйлөнгөн,  жеңилген Момундарды, Абуталиптерди, Танабайларды сүйдү.  Ал түгүл Гүлсары атты, Каранар буураны,  ургаачы бөрү Акбараны, Жаабарс жолборсту да өтө сүйдү, сүйүп эле тим болбой, так жандарында адам баласы тарабынан барган сайын баркы кетирилип, тукуму соолтулуп, бирөөлөрдүн агыткан напсилерин канагат алдырган үлпөт оюнчугуна айландырылып бараткан бул “жандыктардын” тагдырын дагы бир жолу  ойлогонго мажбур болушту.  Бул ак ниет “кичинекей кишилерди” жана жаратылыштын күнөөсүз макулуктарын сүйдүрүшү, ойлондурушу Айтматовдун бир адабиятчы катары жазуучулук жана адамдык албан милдетин аткарышы болду.

Айтматов эң мыкты чыгармаларын Совет цензурасынын күчөп турган маалында,  социалисттик реализм калыптарынан тайганга  кымындай кечирим берилбей турган чакта жазды. Бул чыгармалар ошол эле учурда режимдин чириктерин, бараткан жолдун опурталдуу багыт алганын ачып  көрсөткөн совет адабиятынын алгачкы чыгармалары болчу.  “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн” – булар чындап келсе бир жазуучуну  ар нерсесинен: эркиндигинен, партия мүчөлүгүнөн, кесибинен ажыратып коё турган, баш көтөрүү катары баалана турган опурталдуу нерселер эле. Бирок күтүлгөндөй болбоду. Ал чыгармалардын ар бири борбордук газета-журналдарда  айлап сүргөн сын пикирлерге, талкууларга учураса да, коркулгандай  деңгээлге жеткен жок.

Айтматов сынчылардын окторун майтара ала турган жоопторду бере алган сыяктуу эле, журт ичинен жана тышынан ар качан күчтүү колдоо алганга да жетишти.  Бул анын жалгыз эле күчтүү талант ээси эмес, жазгандарынын аркасында туруп, аларды коргой ала турган күчтүү кишилигинин да далили болду.

Бир жазуучу эгер коомду күтүп турган коркунучтарды көрө билсе, анын жакындап келе жатканы тууралуу эскертүү жасай алса, ал чыныгы жазуучу, чыныгы айдың  демек. Айтматовдун акыркы жазган “Кыямат”, Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда” романдары глобалдашма менен катар келген балакеттерден адам баласын коргоого чакырган анын даанышмандык чакырык, кыйкырыктары эле.  Бул чыгармалар адам баласынын акыры түбү Жер планетасына да сыйбай, душмандыктарын космоско чейин ташып чыгара ала турган, жаратылыштын тартибин каалагандай бузуп, каалагандай ойной ала турган табиятын, адамдын тулкусун, ал түгүл тукумун да акча булагына айландырып, жандаштарынын колуна салып бере турган бүгүнкү жексур  анатомиясын ачып берген чыгармалар болду. Айтматов эми бир дүйнө жазуучусу катары дүйнө маселелерине үңүлүп, адабияттын үнүн дүйнө калкына абийирине багыттачу болду.

Ооба, Айтматов дүйнө адабиятынын баш сыйлыгы болгон Нобель сыйлыгын ала алган жок. Бирок дүйнө калкы анын чыгармаларын 150дөн ашык тилге которуп, өз тилдеринде окушунун өзү эле анын талантына дүйнөлүк таажы кийгизилгенин  айгинелеп турган жокпу? Тагдыр аны кыйынчылыктары менен канча сынаган болсо, акыбетин да ошончо кайтарды. Бир кишинин көзү тирүүсүндө көрө ала турган урмат-сый, шаң-шоорат, атак-даңк, наам, сыйлыктарынын эч биринен өксүк кылбады.

Ушундай бир инсандын, ушундай бир дүйнө жазуучусунун жердеши болуш оңой эмес. Боордошу болуш да оңой эмес. Бизге калтырылган бул улуу мураска татый тургандай ээлик чыгышыбыз, анын философиясын туура алгылап, туура чечмелеп, түшүнүп окуш, түшүндүрүп окутуш мойнубуздун парзы.

Проф. Др. Гүлзура Жумакунова

Анкара университети, Түркия

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.