№13

Маданияттын калыптануусунан улам искусство, этика, эстетика сыяктуу эле адабият деген түшүнүктүн келип чыгышы маалым. Адабият айдыңында адамдын ой жүгүртүүсү башкы орунду ээлейт. Баарыга белгилүү болгондой,  айрыкча,  адамдын жан дүйнөсүнө басым жасалат. Чыгармадагы каармандардын жан дүйнөсүнүн тазалыгы же анын адеп-ыйманы кайсы гана жанрда болбосун тазалыгына, боорукерлигине, сабырдуу жана кечиримдүү болууга багыт берет. Бул коомдун өнүгүшүндө эң маанилүү фактор болуп берет. Мына ушунун бардыгы келечек ээлерине, өсүп келе жаткан жаштарыбызга багытталып турганы бекеринен эмес.

Айрыкча, кыргыз элинин эгемендик күнгө ээ болгон кезинен берки кыргыз адабияты, анын ичинде балдар адабиятын сөз кыла турган болсок, окумуштуу, жазуучу Сулайман  Рысбаевдин  бараандуу салымы эске түшөт. Биз өткөн жылы “Бийиктик плюс” басмасынан жарык көргөн “Өч алба” (Бишкек, 2016) жыйнагы колубузга тийгенге чейин анын ондогон балдар чыгармаларын окуп, анын алган адабий чабытынын, дүйнө таанымынын, тарбиялык билиминин, көз карашын башкача нукта, учурдагы улуттук баалуулуктарды калыптанууга буруп, жаңы маселелерди көтөрүп чыккандыгы айкын. Балдардын башкача жашоо образына кайрылганын ар бир окурман аңдай алат.

Түшүнгөн адамга тутанган турмуштун, жалбырттаган жашоонун өзү адабият тура. Мен Сулайман Рысбаевдин “Өч алба” китебин окуп отуруп ушундай бүтүм чыгарып отурам. Бул жыйнакка эки повесть, төрт аңгеме, беш уламыш, кыргыз элинин аңыз кептеринен беш аңгеме  киргизилген. Китептеги кайсы гана чыгарманы албайлы, көркөм-адабий деңгээлде жазылганын ар бир окурман таасын аңдай алат. Китептин басымдуу көлөмүн “Өч алба” повести ээлейт.

Бул чыгарманын баалуулугу – анын оргиналдуулугунда. Повесть 2009-жылы эле жазылса да,  бүгүнкү турмушту элестетип, окуяга күнү бүгүнкүдөй аралашасың. Жолдубай менен Гүлеркенин сүйүүсүнүн алгачкы тутанышы Сулуу жайлоосунда башталат. Чыгармадагы окуянын башталышы да Сулуу жайлоосу.

“- Эй, байке! Помидор, картошкаңыз канчадан? — деп өкүм унчуккан Гүлерке.

Карандашы менен толтуруп жаткан “Баш катырмасын” таштай салып, маңдайында атчан турган татына кызды кадала карап калды. Жолдубай Сулуу жайлоосунун кыздары да сулуу болот экен деп ойлоп, аны карап тура берди. Тиги кыз суроосун кайрадан кайталап, атынан чапчаң түштү. Анда да Жолдубай эсин жыйбай кызды карап тура берди.

— Баалары жазылып турбайбы, — деди кыйладан кийин.

— Арзандатасызбы?

Кыз Жолдубайга көңүл буруп да койбой, аңыздан жаңы гана үзүлгөн татынакай помидорлорду кызыга карап, шоктоно минтти:

— Эмне, бешташтыктар огороддоруңардын түшүмүн өзүңөр жебей эле сата баштадыңарбы?

Жолдубай да ага шоктоно жооп узаткан:

— Өзүңөр деле жайлоодо туруп, бири-бириңерге кымызыңарды сатып калган турбайсыздарбы?

— Жоок, бири-бирибизге кымыз сатуудан кудай сактасын. Сатса силерге окшогон коммерсанттарга саткандар. Себеби, силер деле товарыңды бекер бербейсиздер да.

— А-а, ошондойбу? Болуптур.

 Кыз сөзүн башкага бурду:

— Помидордон эки кило, анан картөшкөдөн …

— Жарайт. Бирок кечиресиз, карындаш! Мен сиз айткандай коммерсант эмесмин,- деди ал дагы да актангысы келип.

— Анан кимсиз?

— Мен жөн эле, эриккенден…

— Эриккенден? Фуу…!

Кыз ууртунан жылмая помидорлордон тандап берип таразага өзү сала баштады. Кыздын сөзү, көзү, татынакай аппак манжалары, деги эле баары Жолдубайга жагып калды. Эки жаш мына ушинтип таанышып, арты жалындаган өрткө айланып кетерин алар билишкен да эмес».

Чыгарманы улам тереңдеп окуган сайын Жолдубайдын агасы Капаш менен Гүлеркенин агасы Майрамбек достук оту тутанып отуруп, чыгарма чиеленишип, Майрамбектин Капаштын айынан улам каза болуп өз ара үй-бүлөлүк мамилелер өрткө айланат. Бул жамандык арактын кесепетинен болгонун, аялы Зыйнат “бүгүнчө эс алсаң боло, алдагы кебетең эмне? — дегенине карабай Капаштын аары челегин көчүргөнү барып, каргашалуу окуяга кабылганы Жолдубай менен Гүлеркенин арасын алыстатып коёт. Майрамбектин туугандары “кун алабыз”, “канга кан” дегенге чейин барышат.

Баса, Агүкү жеңесинин демилгеси менен Зыйнат аяш жеңеси экөө макулдашып, өткөн кырсык болор алдында Гүлеркенин ата-энесине атайын барышкан. Элдин салтын жасашып, ырымын кылышып, кызга сөйкө салып келишкен. Ээ, десең. Ошол жакшылыктын аягы минтип күтүүсүз кайгы менен аяктаганына арзышкан эки көңүл да нааразы. Бирок алардын мындай ички дүйнөсүн, арзууларын жан билбейт.

Канчалык Капашка күнөө койгон менен алар менен чогуу болгон он чакты адам көрүп-билип турган. Ар кимисинин атынын канжыгасында эки литрден спирт куюлган конистра кол чаначтын ордун алмаштырып калганын көркөм сүрөттөйт. Улам  Майрамбек арак ичкен сайын чый-пыйы чыгып, кичинекей бала: “Ичпеңизчи, байке, кыштакка кантип кетебиз”,- деп жатты  жалдырап.

Бул коогалаң окуяны Жолдубайга мындайча элестетет: «Батып бараткан күн алыскы тоолорго илинип-илинер кезде сиз ошол кызуу абалыңызда “үйгө кетейин, эс алайын” деп рулга отурбадыңызбы. Биз сизди кетиргибиз келбей, уктап эс алып алыңыз деп канча аракет кылдык. Сиз болбодуңуз. Тракторду от алдырып жөнөй бердиңиз. Трактор жылып жөнөй бергенде телешкасы ордунда кала берди… Сиз аны байкабадыңыз. Баарыбыз “чур” этип! Эй-эй, Майрамбек телешкаң калды, — деп кыйкырып жибердик жабыла. Тим турбай жабыла ышкырдык. Тракторду жолдун четине буруп, башыңызды кабинадан чыгара бизди карадыңыз. Сааттай болуп, баягы Капаш байкем ыргыткан  илгич темир!…

 Ах, ошол темир Майрамбектин чыкыйына барып такалды! Ал башын салаңдата рулга бир колу менен жармашып туруп жерге кулап түштү… Жыгылган боюнча кыймылсыз жатып калганын көрүп эл жетип барышты. Катуу тийген темирдин учу кулак түбүндөгү сөөктү тешип кеткен эле.

“Кантели, бир эл экенбиз, элдигибизди унутпайлы, өлөр бала өлдү” деп жатып, ак сакал, көк сакалдар ортого түшүп, чыр  бас-бас болгонун Майрамбектин мүрзөсүнө келгенде элестетти…»

Чыгарманын өтө чиеленишип, чыңалган окуя — Үч-Булак айылына зорго жетип, Баястын үйүнө келип, ажал арбап турса да Жолдубайдын Гүлеркеге жолугуп, Баястын колуна түшүшү.

— Эмне?! Сениби… — деп алды Баяс.

— А тиги ким?

— Мен Жолдубаймын,- деген үлдүрөгөн үн чыкты.

— Жолдубай? Эмне кылып жүрөсүң биякта, ыя?! Түшчү бери! Түш деп жатам!

— Байке. Айланайын байке… Кечир, мен кылдым.. Гүлерке Баястын мойнунан кучактап ыйлап жиберди.

— Мен азыр мунун канын ичем! — деп буулугуп сүйлөп жатты Баяс.

— Урба, байке,- деп артынан жармашып жүрдү Гүлерке. Гүлеркени алибеттүү Баяс бир серпип ыргытты эле ары жакка кулап түштү.

Ачуусуна буулуккан чала кызуу Баяс Жолдубайдын коюнундагы жолго айбар болор деп ала чыккан аш бычагын анын өзүнүн кекиртегине такады…

— Мууздап таштайынбы азыр…

— Байке, бейкүнөө адамга эмне бычак такап жатасың? Кыйын болсоң Майрамбекти өлтүргөн кишинин өзүн таап күпүлдөбөйсүңбү? Мында эмне акың бар?- деди үнүнүн бардыгынча бакырган Гүлерке.

— Өч алам… — деди Баяс киркиреп, – Майрамбек үчүн ушу азыр өч алам…

— Койгун! Болду, суранам! Суранам…

— Жок… Өлүмгө өлүм. Канга кан!…

— Суранам, байкебай!

Гүлерке анан “эми башка сөзүм жок”- деп буркурап ыйлап, агасынын тизесин аткый кучактаган бойдон жыгылды. Ошол жыгылган бойдон Баястын буттарын тыткылап, жинди болгон немече өзөндү жаңыртып озондоп жатты:

— Мен аны сүйөм! Сүйөм! Айттым го, сүйөм! Ансыз жашабайм. Эгер Жолдубайдан өч алам деп жамандык кылсаң, өз жанымды кыйып коём. Угуп койгун! Менин сөөгүмдү Майрамбектин жанына өз колуң менен коёсуң! Уктуңбу? Уктуңбу? Уктуңбу? — деп жатам…

Гүлеркенин бул сөзү Баястын денесин чагылган ургандай дүркүрөтүп жиберди. Эсине келе калды окшойт Баяс. Карышып калган колдорун бир карап алды да, бычакты жерге таштады. Башы айланып кетти. Аны көрүп Гүлерке да эңгиреп  отуруп калды. Жолдубай болсо көзүнүн жашын тыя албай жерде сулк жатты. Баяс болсо ачуусу менен “өч алам” деп адам өлтүрүп ала жаздаганын ойлодубу, ай жарыкта жаркырап  жаткан шап бычакты ары тээп, өзү жолдун чекесине көчүк басты. Анын көңүлүндө Гүлеркенин чагыландай сөздөрү кайталанып кетти. Баягы “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” дегендей, агамды өлтүргөн Жолдубайга карындашымды катындыкка берет экенмин да!…” деп ойлоп жатты.

Чыгармада окуянын чечилиши да кызык. Акылына келген Баяс өзүнүн трактору менен Жолдубайды айылына  узатып келет. Анын карышкырга жем болорун туюп койбой, бел ашып, түн ката жалгыз келген Жолдубайдын өлөрмандыгын, карда калган өжөр  изин көрүп таңдана берет. Жалгыз келген жөө адамдын өжөр изи дагы деле алдынан тосуп, көрүнбөгөн сыр бардай улам  артта калат. “Өч алам дебе”- деп баратты Баяс өзүнө өзү,- Жамандыкты улантпа. Майрамбектин өчүн Капаштан алсам,  Майрамбектин үч жетимине дагы үч жетим кошулмак. Жесир дагы бир жесирге көбөймөк. А өзүмчү?… деген ой аны “селт” эттирип жатты. Трактор айдап бараткан Баястын көз жашы дагы деле болсо жаагынан ылдый таамып: “Өч алба! Өч ал-ба! Өч  ал-ба!”- деп сезиминде кайталап жатты.

Ооба, бул чыгармадан улам бир ой-сезимге аргасыздан келет. Бул мезгилдеги болуп жаткан коомдук өзгөрүүлөрдү көркөм сөзгө айландырып жаза салыш өтө кыйын. Бул чыгарма окуяны турмуштун өзүнөн өз көзү менен көрүп, акыл элегинен өткөрүп, анан гана жазылгандай. Баары келип С.Рысбаевдин табигый көрөңгөсүнө, жан дүйнө таанымына баа берүү менен, бийик руханий интеллектуалдык-философиялык ойлору менен жуурулушкан чыгарма экенин өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.