“Карайм күндү көздөрүмө жаш толуп,
Калат эми канча ырым жазылбай.
Менин кайгым тогузунчу валл болуп,
Жүрөгүмдөн сапырылат басылбай…” – деген оттуу саптары бар ырларды жазып, кыргыз адабиятынын асманында башкаларга окшобогон алоо саптары менен түбөлүктүү ордун тапкан акын Тургунбай Эргешовду кимдер билбейт…

Кырчындай болгон 35 жаш курагында бул жарыкчылык менен кош айтышып, тирүүсүндө бир да китеби жарык көрбөстөн арманы ичинде кете берди. Бирок талант дегениң дат баспаган алтын сыяктуу. Акындын мурасын эл ичинен жыйнаган тун уулу Машайык “Булбулдардын тукуму аз” деген ат менен акындын китебин чыгарса, кенже уулу Ураанбек “Сүйүнчү” деген ат менен акындын ырларын топтоп жыйнак кылып чыгарды. Мына ошол Машайык уулунун эскерүүлөрү окурман назарында…

Атамды бала чагымда аз көрдүм…

Эс тарткандан чоң атамдын колунда өстүм. Апам менен ажырашканда атам мени талаша бергенинен таятам кой, баланы бербесең мунуң кетпейт дегенде аргасыздан апама беришкен экен. Апам Ибадат орус тили жана адабияты сабагынан мугалим эле.  Кара-Суудагы Токтогул орто мектебинде сабак берип жүрүп Алайкууга турмушка чыгып кеткен. Ал турмушунан эки кызы бар. Атам менен ажырашкандарынын себеби, кызганычтын айынан болгон деп уккамын.

Абаларыбыз жарашасың деп бир жагына балтаны, бир жагына бычакты коюшканда Тургунбай атам муну менен жарашканча башымды балта кескени артык деп туруп кеткен дешет. Кызык жери – атамдын тагдырын мен да кайталадым. Эжем (апам) менен Кызгалдактын (карындашым) жаш айырмасы менин кызым менен уулумдун жаш айырмасы менен бирдей. Атам инисин, мени ээрчитип барып 2-классымда кайра апам менен тааныштырган. Ошондо апам бой жүргөн кези экен, иниси жеңемдин башы бош экен, кайра жарашып албайсызбы дегенде атам: “Иним, жеңеңдин жүрөгүн бир ооруткам, эми кайра ооруткум келбейт, себеби менин жашоом аз эле калды” деген экен.

Куршабда үйүбүз бар болчу, ага чоң атам экөөбүз көп келер элек, атам да бизге келип турчу. Советте (Кара-Кулжа) чоң атамдын көзү өткөнчө жашадым, атам ошол жылдар ичинде үйгө көп болсо 3-4 жолу гана барганы эсимде.

Оору – тагдыр

Турмуштун ысык-суугунан ооруган болушу керек. Өмүрүнүн акыркы жылдарында туугандардын үйүндө жашап жүрдү. Өзгөндө ооруканада жатканда акыркы жолу жолугуп сүйлөшүп калдым. “Агымен, — деди ошондо атам мени алып барган инисине. – Машайыкты дагы бир жолу алып келесиңби?”. Бирок кайра бара албадым, бат эле сөөгү келип калды. Мен ошондо 4-класста окучумун. Акындын сөөгү өзүнүн туулган жерине коюлду. Айылдын мүрзөсү бар, мүрзөнүн үстү жагында жаш баланын сөөгү коюлган экен, бул да ошол баладай мүнөзү таза бойдон кетти дешип, элдин каалоосу менен ошол баланын жанына коюшту.

Кыяз, Садык деген айылдык достору бар эле. Көп жылдар бою ооруп жүрдү, өпкөсүнүн жарымын алдырып чыккандан кийин оорусу катуулай баштаган болуш керек. Мен 3-класста окуп жүргөндө атам дарыланып, өңүнө чыгып, жакшынакай болуп калган экен, ошондо үйгө көңүлү ачык, жаркылдап келип кеткени эсимде… Атам принцибинен тайбаган, бир сөздүү киши болчу. Анан боорукердиги бар эле. Чоң эжесиникине кетип баратсак, жолдо кумурскалар бар экен, мен аны тебелеп кетип баратсам, атам: – Машайык, бери кел, булардын да жашоосу бар, экинчи тебелебей жүр, — деди. Ырларын жатка айтчу.

Сүрөттө солдон оңго: акындын 1-жубайынын иниси Акматалиев Абжалил жана 2-жубайы Чокмоева Сурмакан (Ураанбектин апасы).

Кийинки үйлөнүшү

Атам экинчи жубайы Сурмаканда ээрчитип келгенде каршы болгон жокмун, себеби өз апамды деле элес-булас билчүмүн да. Ал апамдын деле кыял-жоругун билгидей болгон жокмун, анткени алар бир жарым жылдай эле чогуу жашашты. Ураанбек атамдын экинчи жубайынан туулган уулу, менин – иним. Ошко издеп барсам, үйүндө тагасы бар экен, азыр келет, күтө тур деди. Ошентип, иниме жолуктум. Атамдын мүнөзү момун, оозунан жаман сөз чыкпаган адам болгон деп айтышат. Абаларым Тургунбайга деп атайын капкан коюшчу, бир жолу барсак түлкү түшүп калыптыр. Атам түлкүнү коё бер дейт, абам коё бергиси келбейт, акыры атам жеңип, түлкүнү коё берүүгө аргасыз болдук.

Айылга барганда айыл адамдарына ыр окуп берчү, бирок кандай үн менен, кандай окуганы эсимде жок. Чоң энеси 104кө чыгып каза болду, 107ге чыкты деп жерге беришти. Чоң энем айылда жашаган жаш балдардын кайсы жылы, кайсы айда төрөлгөндөрүн бүт жатка билчү, эске тутуусу абдан күчтүү болгон. Айылда ооруган элдин бары чоң энеме келишчү. Айылга сый-урматы чоң болгон. Мен чоң атамдын көкүрөгүн жыттап чоңойдум. Өз атамды Тургунбай аке деп эле жүрчүмүн. Атам балам десе, мен атам сен эмес, тиги чоң атам деп урушчумун. Чоң атам менен чоң апам бир жылда удаа кетип калышты.

Китеп базарда да жүргөмүн

Бой жетип, атамдын ырларын топтоп жүрдүм. Кол жазмасындагы мага арнаган ырын окуп отуруп: кой, мен ушуну чыгарайын деп белсендим. “Өлбөгөн жанга жаз келет” деген алгачкы китебиндеги ырлары мурун эле басмага даярдалып жүргөн. Ооруканада жатсам, мынабу палатага жатасыз дешти, карасам жанымдагы керебеттин тумбасында атамдын китеби жатыптыр. Ал керебетте жаткан Курманалы Сарысейитов деген акын экен, китепти колума алып, “бул кайсы акын болду экен” десем, “ой, бул китептеги ырларды өзүм топтогом” дейт. Сен кимиси болосуң дегенде уулу болом десем чочуп кетип, ой баласы жок дебеди беле деп ыңгайсызданып калды.

94-жылдар болуш керек, Курманалыны цирктин жанынан жолуктуруп калдым. Жакында Ошко барып келейин, анан бүтүрчү иштер бар деди, бирок аны да акыркы жолу көрүшүм экен. “Булбулдардын тукуму аз” деген китебин, кол жазмаларды топтоп алып басмакана издедим. Ошентип Жумадин Кадыровго туш келдим. Кандай китеп дегенинен ырлар, поэзия десем, азыр ыр китеп өтүшү кыйын деди, мен кандай болбосун чыгарышым керек дедим. Кайсы акын дегенде Тургунбай Эргешовдун ырлары десем, анда кайра отуруңуз деди. Бир кызга барып, дароо ырларды тердире берүүмдү тапшырды. Бул 2002-жыл эле.

Ошону менен 3 жыл китеп менен иштедим. Базарлардын баарына үстөлдөрдү койдуруп алып (Жаныбек Эсеналиев, Мирлан Самыйкожолор) китеп сатмай болдук. Өзүм Ош базарда милиция болуп иштегем да, сатыштан уялам, китеп сатаарга келгенде баарыбыз качып кетебиз, Жаныбек уялбайт, ал калат. Анда окурмандар атагы чыккан жазуучулардын белгилүү чыгармаларын, анан жеңил чыгармаларды көбүрөк окушчу. Мислаы, Зуура Сооронбаеванын чыгармаларын кайрадан бүт Жумадинге айттырып чыгардык. Күлчоро Аскаровдун “Эки жүрөк, бир сүйүү” китебин бир жигит келип сураганын баасы 500 деп тамашалап койсок (анда бул чоң акча), унчкупай төлөп алып кетип калды.

Жаңы китеп баяны

Атамдын “Сүйүнчү” жыйнагын чыгарып атканда Ураанбек Москвада жүргөн мага чалып, ушундай, атамдын жаңы китебин чыгарып атабыз, “Булбулдардын тукуму аз” деген китебиндеги ырларынан да кошолу деп калды. Мен макул болдум. Жалпак-Таштык Мамат деген кишиге тааныштарым аркылуу чыгып, сизде атамдын ыр дептери бар экен, бересизби дегенде ал киши чындап эле уулу болсоң берейин деди. Ураанга дайындап, өзүм Москвага кеттим. Өкүнүчтүүсү, атамдын ал дептерин тиги-буга шылтоолоп, эмдигиче бере элек. Азыр Оштон атамдын дагы бир ыр дептеринин дайыны чыгып атат.

Атамдын кол жазмаларынын баары Ураанбекте турат. Ага баарын өткөрүп бергемин. Улуу уулу болсом да акындын мурасына ээ чыккым келбейт. Өзгөндүн Мырза-Акесинин Адыр айылына атамдын ысымы берилди. Ата даңкынын аркасы менен акын-жазуучулардын көбү менен тааныштым.

Чыңгыз Айтматовго коңгуроо кылып сизге жолугайын дедим эле десем уулум, мен эртең Жогорку Кеңеште боломун, ошол жактан жолугалы деди. Ал жерден кезигиштик, ал киши күлүп, ээ балам, сен төрөлгөндө көп эле арак-шарап ичкенбиз деди. Төрөлгөндө чачым агыраак болуп турганынан, Байдылда акынга айтышса, аа, машайык туулган турбайбы деген экен. Ошондон улам атым да Машайык коюлуп калган го… Машайык десем күлө беришчү да, анан мен атың ким десе Чыңгыз деп койчумун.

Тагдырым атама окшоп кетет

Айылында өткөн акынды эскерүү кечесинде окуучулар атамдын өмүр жолун абдан элестүү кылып аткарып беришти. Ыраазы болуп, ар биринин колуна 500 сомдон карматтым. Бир гана өкүнгөн жерим, атам үйгө бир келгенде колундагы орустун чоң кара чемоданы толтура ырлары бар эле. Керектүүсүн чемоданына салып алып, бир чоң таңгак кагаздарды булардын кереги жок деп там башына чыгарып койгону эсимде…

Ошол чыгарып койгон кагаздары да, кара чемодандагы кол жазмасы да жоголуп кеткенине ичим ачышат… Азыркы турмушумдан 2 уул, 1 кызым бар. Аялым жаш кезде арзып сүйгөн кызым эле, аны ала качып кетишкен, мен да башкага үйлөнүп алгамын. Анан ал беш жыл жашап ажырашып, мен да турмушумдан ажырап, экөөбүз кайра табышып калдык. Атамдын тагдырына тагдырым окшош дегеним ошондон улам…

Жазып алган Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.