Э кайран эл, кайран эл! Ача жолдун кай жагына түшөсүң?! Диний тескөөдөн тыш (светтик) өлкө делгени менен Кыргызстан бүгүн Конституциялык жол менен жашап жаткан жери жок. Расмий бийлик өкүлдөрү да Башмыйзамга эмес, жайнамазга баш уруп калганын кечээки Курман айт күнү көрдүк. Болгондо да мыйзам чыгаруу институту делген Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламент депутаттарынын атынан (!) куттуктады элди. Жетеленме парламент депутаттары каникулда жүрсө да.

Ошол 120 эл өкүлүнүн атынан куттуктоо айтууга укугу бар беле анын?! Же 120 депутаттын баары эле роботпу ага?! Мейли анысын. Мүмкүн ал парламент депутаттарынын жалпы добушу менен төрагалык кызматка бекигени үчүн эл өкүлдөрүнүн атынан сүйлөөгө укугу бар дейли, а мунун моралдык жагы кандай?..

Андан аркы сөзүндө Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын насааттарын көңүлгө түйүш керектигине басым койгон ЖК төрагасынын кеби кандай болуп калат? Муну ким кандай кабылдайт?.. Көрсө, Дастан Жумабековдун түшүнүгүндө: «Дин башкармалыгынын айтылган жакшы ниеттерин, насаат сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак, Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү тездейт» экен! Түркөй болбосоң коё кал!

Дүйнөдө кайсы өлкө, кайсы эл диний көсөмдөрдүн насаатын жүрөгүнө түйүп өнүгүп атыптыр бүгүн?! Дүйнөдө динге баш урган элдер дүркүрөп өнүгүп кеткен бир мисал барбы?! Тескерисинче, диний таасирден чыгалбаган өлкөлөрдүн баары дүйнөдө өчөйүп өнө албай атыр.

Бизди бүгүн төрт бутунан тушалып калган макулуктай артка тартып турган түркөйлүк эмне? Дал ошол Дастан Жумабековго окшогон бийликтин эң жогорку тепкичиндеги жетекчилердин адеп-аклак ориентациясы мээбизге установкалык түшүнүктөрдү калыптап келгендигинде! Караламан калктын караңгылыгы чочулатып аткан болсо, мамлекеттик жетекчилер ушундай тариздеги ниеттерин ооздорунан чыгарат беле?! Жок!

Элди прогрессчил идеялар менен алдыга сүрөгөндүн ордуна, караламан калкка диний башкармалыктын «насыятын» жүрөккө түйүп алуу чакырыгын таштап отурган даватчы спикердин Конституциялык норманы сыйлабаган мындай жосунун ашкерелеп бир да ЖК депутаты үн катпай отурганы да кызык! Эй жолуң болгурлар! Байтактуу тарых жолу бар кыргыз элине кайсы доордо, кайсы кылымда диний насаат айткан адамдар рухий жол башчы болуп келди эле?!

Кыргызстандын элин бүгүн робот-таксырлардын насаатына ээрчитүү ниетин ачык туюнткан Дастан Жумабековдун акыл чөйчөгү менен биз кайда барарыбызды аңдап атасызбы, окурман? Ансыз да каршылашуу менталитети мээсине бекем орногон диний чөйрөнү башкарып келаткан селдечендердин кейпин көрүп атабыз го. Кыргыздын каада-салтын, наркын, байтактуу баалуулугун танып, диний түшүнүгү эркин улуттук аң-сезимибизди исламий рамкага сыйдыруу саясатын ачык түрүндө да, көмүскө түрүндө да жайылтуу тапшырмасын алган арапкул таксырлардын жолоюна түшүүнү туура көргөн спикердин бул айтканы– демек, мамлекеттик өнүгүүнүн жолу деп түшүнгөнү өтө кооптуу! Болгондо да парламенттик башкаруу жолуна түшкөн биздей эң чабал өлкө үчүн.

Экономикалык жана рухий жакырчылык жакабыздан алып турган кезеңде, прогрессил жаркын идеяларды жайылткандын ордуна аянттагы кылкылдаган элге КР Президентинин Аппарат бөлүмүнүн жетекчиси, ЖК төрагасы, КР Өкмөт мүчөлөрү алакан жайып турушу – демек, расмий бийликтин жогорку эшелонундагылар баш болуп борбор калаанын Ала-Тоо аянтында (!) диний даватчылыктын араанын күчөткөнү, кайран кыргызды кайда апарар экен?!

Мындай мамлекеттик саясат менен Кыргызстанда жакынкы жылдарда ыкчам өнүгүү жолун таап кетүүбүз өтө күмөн!

Буга дейре ошол эле Ала-Тоо аянтында канча мерте китеп жарманкелери уюшулду, бирок расмий бийликтин эң жогорку тепкичиндеги аткаминерлер эмнеге ошол маданий иш-чараларга намазга жыгылчу күндөгүдөй чогулуп барышпайт?! Акын-жазуучулардын адабий кечелерине же театр, кино, музей искусствосундагы олуттуу жаңылыктарга эмнеге жабыла барышпайт да, намаз дегенде жабыла чуркашат?! Анан кайдан бизде маданият, адабият, искуство жана элдин аң-сезими өнүгөт? Себеби бизде чоңдордун баары рухий-маданий даватчылыктын маани-маңызын али аңдай элек. Бизди бүгүнкү караңгылыкка камаган эң чоң коркунуч ушул!

Агер мамчиновниктер маданий иш-чараларга намазга жабыла барган сымал барар болсо адабият-маданият, илим-билим өнүгөр эле. Светтик өлкөнүн өрнөгү ошол болмок. А бизде…

Кыргызстанда бурч-бурчек сайын курулган мечиттер арбын, а бирок ошол Кудайдын үйү делген мечитте окулар намаз, борбор калаанын Ала-Тоо аянтында окулуп келатканы – мамчиновниктер өздөрү баш болуп диний даватчы болуп кетишкени чочулатат. Башмыйзамдагы нормада светтик өлкө аталган Кыргызстандын барар жолу ушулбу?! Конституцияны минтип эл башылар өздөрү сыйлабай атса, анан эл сыйлайбы?! Элитанын эки жүздүүлүгүн ушундан көр, караламан!

Агер Дастан Артисбековичтин артисттик адеп-аклак ориентациясы менен карай турган болсок, ансыз да буга чейин Кыргызстандын дин башкармалыгындагы муфтийлердин бири коррупциялык шек менен кызматтан алынса, андан кийинки муфтийи интернет булактарындагы видеодо ычкыры бош жосунун тыя албаганы үчүн кызматтан кеткени коомчулукка дайын. Демек, диний чөйрөнү буга чейин жетектеп келгендердин жорук-жосундары эл арасындагы түкшүмөл ойлорду жаратып келгенине акыл-аңында баа бербеген Дастан Жумабековдун коомго берген ориентири туурабы?! Туура көрсөк, диний фанатизмдин жетегине түшкөндөр менен бирге спикердин айтканы менен болуп, баарыбыз мечитке жабыла жөнөй берели. Кыргызстандын өнүгүү жолу ошол экен!

Же жолуң болгур 120 депутаттын арасындагы бирин-экин эл өкүлдөрү намыс-арына келип, спикердин диний даватчылыгы туура же туура эместигине өз бааларын береби? Балким, Өмүрбек Текебаев абакта отурбаганда спикердин мындай жосунуна дароо өз пикирин билдирмектир. А башкалары болсо ооз ачпай отуру. Мындайда эл үмүтүнө шам жагар прогрессчил депутаттардан: Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Мыктыбек Абдылдаев, Садык Шер-Нияз, Абдывахап Нурбаев өңдүү эл өкүлдөрү эмнеге тилдерин тиштерине катып отурушат?!

Эскертүү: бул материал боюнча төмөндөгү комментарийлерге кирип өз пикириңизди калтырууда бирөөнү келекелеген же басмырлагандан алыс болуңуз. Эрежени сактабаган окурмандардын пикири жарыяланбайт!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.