Ушул чыгармасы аркылуу Айтматов эмнени айткысы келгенин ар бир окурман өзү үчүн өзү таап алар. Мага эмне дегени менен бөлүшкүм келди. Эмнени түшүнгөнүмдү, эмнени көрүп-тааныганымды айтыш үчүн, чыгарманын айрым жерлерин кыскартып баяндадым.

Повесттин өзүндө белгиленгендей чыгарма 1976-жылдын декабрь, 1977-жылдын январь айында, Байтик айылында жазылып бүткөн.

Повестте сүрөттөлгөн деңиз жээгиндеги бөксө тоолор боорунда ала-телек болуп жаткан кары менен ала дөбөттөй болуп көрүнөт. Деңиз аңчылыгына чыккан мергендер ал боорду ала дөбөт деңиз бойлой узатып келатат деп, көрүнбөй калган кезде үйгө кайтты деп, келатканда көрүнгөн кезинде ала дөбөт алдыбыздан тосуп чыкты деп коюшат. Повесттин аталышы мына ошол “ала дөбөттүн” атынан коюлган.

Айтматов буга чейинки “Бетме бет”, “Жамила”, “Эрте келген турналар”, “Гүлсарат”, “Ак кеме” ж.б. повесттеринде адам баласынын табиятын, бири-бири менен карым-катышын талдоого орун берип, оң жактарын даңазалап, терс жактарын ашкерелеп, пайдасы менен залалын курч мүнөздөп, руханий маселелерди болсо жандата козгой жүргөн. Бул чыгармасында ой арышы мурункулардан алда канча кең жайылып, адам менен адамдын ортосундагы мамиленин күңгөй-тескейин сүрөттөөдөн адам менен ааламдын мамилесин сүрөттөөгө өткөнүн байкоого болот.

Өзүнүн бул повести тууралуу Айтматов: “Каармандардын тагдыры өлүм менен өмүрдүн ортосунда турат. А кайык болсо– бүтүн дүйнө…” деген экен.

Үстүнөн караганда адамзат жашоосу – бул өмүр менен өлүмдүн ортосу. Ошол өлүм менен өмүрдүн ортосундагы аралыкта адам чечиши керек болгон купуя сырлар көп, жандырмагын табышы керек болгон табышмак көп. Мына ошол сырларды, сырлардын жандырмагын автор бул чыгарма аркылуу да изилдейт, окурманын изилдөөгө үндөйт.

Байыртан деңиз жээгин байырлап, тиричилигин деңиз менен тыгыз алака түзүп өткөргөн нивхи уруусунан төрт жан негизги чарбасы да, каада-салты да, дөөлөтү да болуп калган деңиз аңчылыгына аттанышат. Бул сапарды башкалардан өзгөчөлөнтүп турганы тестиер Кирисктин аңчылыкка тушоосу кесилип жатканы эле. Деңиз кыйырына жол тарткандар үч муундун өкүлдөрү: уруунун эң аксакал, кадырман карыясы Орган чоң ата, баралына келип, болуп-толуп турган орто курактагы Эмраин – Кирисктин атасы, аны менен тең чамалаш Мылгун байке. Булар деңиз аңчылары. Кайыктагылардын төртүнчүсү он бир, он эки жашар чамасындагы Кириск.

Автор үч муундун өкүлүн тандаганы бекеринен эмес. Тирүүлүктү улам кийинки муун өткөрүп алып, кайра кийинки муунга өткөрүп берип туруу табигый мыйзам экени көрсөтүлүп, ар бир муундун алдында бул вазипасын татыктуу аткаруу милдети тургандыгын маалымдоо бар. Повесттин башында мына ушул ой учкай сөз болот:

“…Орган карыя баш болуп, сыналган эки мергенчи бири баланын атасы Эмрайин, экинчиси Мылгун акеси коштоп, кичүүлөр апдындагы улуулардын парзын аткарыш үчүн, бу жолу Кирискенин алдындагы парзды аткарыш үчүн чоң деңизге сапар тартып чыгышкан учуру.

Мейли, Кириск али оозунан эне сүтү кете элек, балтыр эти ката элек, балапан жүнү бата элек бала дейли. Бирок ким билет, бу бараткан эр-азамат мергендер эртең карылыгы жетип, балдардын колун караган маал болуп, тизеси ээгине жетип эшик алдында отуруп калганда дал ушул Кириск багаар, бүтүндөй уруунун ишеничи-таянычы болгон аңчы болуп чыгаар. Анысы жөн, ошондой болмогу ырас, атадан балага, укумдан тукумга ооп келаткан салт ошол. Тиричилик ошонусу менен тиричилик.

Ал эми ушул муундан муунга өткөрүп берүү, өткөрүп алуу менен жүрүп турган тирүүлүктүн маңызы эмнеде, баш-аягы кайда жатат деген, жарык дүйнөгө жаралган ар бир адам баласына келген изденүүнүн козголушу повесттин өзөгүн түзүп турат. Табиятынан өмүрдү сүйүп, өлүмдү жат көрүп коркуп жашаган адамзатынын рухунун чаңкоосу ушул экени көрсөтүлүп, руханий чынжырчанын башталышы көрүнөт.

Аңчылар жолго аттанаарда Кирисктин энеси алгачкы жолу аңчылык алыс сапарга жөнөп жаткан уулун узаткандагы эпизоддо окуянын акырында чындыкты далилдөөчү маанилүү бир кыйытма жатат:

Узатып чыккан жалгыз апасы болду. Ал дагы деңиз сапары тууралуу лам деп ооз ачкан жок, булуңга жетпей коштошту. Атайылап үн катып, уулуна: «Бара гой, токойго бара гой!» деди, деңиз жакты карабай, тоо боорундагы токойду карап туруп айтты: «Байка, отунуң кургак болсун, өзүң адашып кетпе!” Ал анткени кинр деген жин перилерден Кирискенин изин адаштырып, баласын ар кандай азыткы-жиндерден коргогону эле. Баланын атасы, өзүнүн эрин да оозго албады. Кулагы сак, куу жиндер тиги Эмрайин бу баланын атасы эместей, Кириск болсо өз атасын ээрчибей, чоочун кишилер менен бараткандай туюнсун деп, сыр бербеди. Эмрайин менен Кириск ата-бала экенин кинрлер туюп калбасын деген амалы эле мунусу. Ата-бала аңга бир чыкканын кинр жиндер жек көрөт. Туюп калышса, ата менен баланын бирин мерт кылып, бирин эрк менен күчтөн ажыратат, эми кайра деңизге же токойго бет албаска касам ичкидей көңүлүн калтырат. Адам баласына кесепет көздөгөн арам ойлуу, суук көздүү кинр жиндер ошентип адамдын караанын издеп, изин кууп жүргөнү жүргөн.

Муну менен автор тек гана нивхи уруусунун адамдарынын ырым-жырымынан кабар берүүнү көздөбөгөндүр. Бул эпизод адам баласынын күч-кудурети ченелүүлүгүнөн өзүнөн жогорку күчкө табынуу муктаждыгы бар экенин көрсөтүп турат. Аны алдыда эмне күтүп турганын айтып болбойт. Алда-неден сактануу зарылчылыгы бар. “Адам баласына кесепет көздөгөн арам ойлуу, суук көздүү” деп сүрөттөлгөн руханий дүйнөнүн терс өкүлдөрү – жиндер адамдын рухун, жанын ээлөөгө талапкер экендиги эске салынат. Автор араздашууга кайдан-жайдан себеп таап, душман күтүүгө ыктуу адамдын негизги душманынын дайынынан кабар берип жаткандыр. Кайсы душманынан болбосун адам коргонуу үчүн Эң Жогорку Күчкө табынууга муктаж.

“Булуңга жетпей эне кетти, уулу болсо жинперилерди адаштырган болуп бадал аралай ийри-буйру чуркап, узап кеткен чоңдордун артынан жөнөдү. Апасы ошентип айткан, буйтап бас деген, апасынын айтканын эки кылгысы келбеди бала”.

Эне жиндерден баласынын изин суутууга далалат жасады. Жардам берер бекен… Окурманда ушул суроо жаралышы күтүлөт.

Оңдой берди болуп, аңчылар олжолуу кайтышса, баланын урматына той өткөрүлөрү айтылат. Анда балага кийинки ырым – бакшынын аны асмандагы бир жылдызга табыштоосу жасалат. Мына ошол жылдыз аны сактап жүрмөк.

Бул руханий дүйнөгө тиешелүү дагы бир эпизод.

Андан кийинки эпизод өзү жасаган кайыктагы шакирттери менен бараткан Орган карыянын кайыгы менен сырдашуусу. Бул эпизодду руханий дүйнөгө кошконумдун себеби, адам жан дүйнөсүндөгү өзү акырына чейин түшүнүп-түшүнбөгөн, айтып-айталбаган толгонууларын толук түшүнгөн бирөөгө муктаж экенин көрсөтүп тургандыгы. Анын ким экени аныкталуу болбогондо жансыз нерселер менен да сырдашкан учурлары болот. Болгон ымандай сырын төкпөй-чачпай айтууга ишенген адамдын чыгышы кыйын. Эң жакын санаган адамына да бири айтылса, бири айтылбайт. Бул да болсо ички рухунун Эң Жогорку Күчкө кайрылууга болгон чакырыгыдыр… Эң Жогорку Күчкө умтулуусудур…

«Сен жарайсың, сага ишенем, бир боорум, – деп баратты кайыгына. – Деңиз тилин билесиң, толкун мүнөзүн билесиң, кудурет-күчүң ушунда.

…Анан дагы айтарым, боорум, тиги тумшугуңда ойдолоктоп отурган баланын эр жетишин күт. Суу болбой катуу жер болсо өзү чуркап, ууга өзү эле барып келчүдөй болуп чыдамы кетип отурганын көрдүңбү? Мына ушу бала чоңоюп, сага минип, алыс-жакын деңиз чалар кезди күт, кайыгым. Бүгүн бала биз менен алгач аңга чыкты. Ошонусу жөн. Машыга берсин. Биз өтөрбүз бу жалгандан, эртеңдин ээси ушулар”.

Ошентип, руханий чынжырчанын уланышында жиндерден баланын изин жашыруу, аны жылдызга табыштоо, кайык менен сырдашуу ж.б. эпизоддор саналат. Булардын бардыгы табынууга муктаж адамдын табынуунун чыныгы объекти – Эң Жогорку Күчтү издөөдө жашап жатканынан кабар берип жаткансыйт.

Жашы өр таяп калган Орган карыянын ой-санаасында көп нерсе жашайт.

Кыйырсыз кудурет менен бетме-бет отурганда калтылдак кайык үстүндөгү адам дараметсиз бир бечара экенин Орган жакшы билет. Бирок адамдын ою бар да, ал ошонусу менен улуу, ою менен Деңиз-Теңир ортосундагы эки танапка жетип турат, табийгаттын түбөлүктүү кыйырына ою менен жетип, ою менен ааламдын тереңине да, бийлигине да тутамдаш. Ошол себептүү адам руху деңиздей терең, көк теңирдей түпсүз, анткени анын акыл-оюна чек жок…

θмүр жалган, өлүм ак. θмүрүнүн чеги жакын капганын да билет карыя. Бирок, сактап каткан бир сыры – Улуу баян Айым-Балык кирген түштөрү дайым боло берерин, өзү өлгөндөн кийин да ал түштөрү жашай берерин Орган жакшы билет. Түшүң мурас калбайт, бирок такыр жок болуп да кетпеши керек… Жоголбойт. Анткени Айым-Балык түбөлүктүү, демек ал кирген түштөр да түбөлүктүү.

Буларды жазганда жазуучу адамдардын түш аркылуу аян алган учурларына таянып, ошондон улам түштү түбөлүктүү деп жазса керек. Эл оозунда айтылган уламыштарды чыгармаларынын боюна сиңирип коюу Айтматовдун жакшы табылгасы, жакшы ыкмасы деп ойлойм. Бул чыгармадагы Айым-Балык жөнүндөгү уламыштын айтымында нивхи уруусу деңиздеги Айым-Балыктын тукуму.

Илгери, илгери ушул деңиздин боюнда үч бир тууган болгон экен. Алардын ортончусу аксак болуп, ага-иниси карабай таштап кетет. Тагдырын арман кылган бечара жигит өлбөстүн күнүн көрүп бир күнү кайыгы менен балык уулап чыгат. Бир убакта кайырмагы оор тартып, бир нерсе илингендей болот. Тартып келсе сулуулугу көз жоосун алган аял балык! Сулуулугуна сугун арткан жигит Айым Балыкты кайыкка тартып чыгарат. Ошондон экөөнүн ортосунда сүйүү тутанып, Айым Балык жигитке уул белек кылган экен. Ал уул ченем-ченсиз баатыр, мергенчи чыгып, андан Айым Балыктын тукуму тарайт. Нивхи уруусу мына ошол Айым Балыктын тукуму деп айтылып калган. Карыянын түшүнө ошол Айым-Балык кирет. Ошол түштөрүндө ал эңсеген бакыт менен бетме-бет кездешип, ойгонгондо кайра эң кымбатынан айрылгансып эңшерилет.

Орган карыянын ушул түйшөлүүсү менен автор адам баласы бере турган суроолордун ичинен эң маанилүүсүн берип жатат.

“Адамдын үмүт-тилеги жадегенде түшүндө кабыл болсо болбойбу? Кабыл кылыш кимдин колунда?”

Тирүүлүк табышмагынын жандырмагын чечүү үчүн коюла турган суроолордун бири деп ойлойм. Ушул суроону берген адам – рухунун чаңкоосунун жетеги менен руханий жолдо бараткан адам деп айтаар элем. Эртедир-кечтир бул суроого канааттангыдай жооп табат. Издеген таап, сураган алат эмеспи.

Карыя Айым-Балыктын түбөлүктүүлүгүнө ишенет. Бул аркылуу автор адамдын рухунда түбөлүктүүлүккө чакырык жашаарын белгилеп тургансыйт. Мына ушул чакырыкка жооп кылып, бул ааламдын табышмактуу бийлөөчүсү ким деген суроонун артынан ээрчип изденсе, түбөлүктүүлүктүн чындык экенине ишенгенинде адам баласы бул жашоодо чындыкты карманганы, адилдик сактаганы, өзүн адилетсиз иштерден таза кармаганы бекер эмес экенине бекем ишенич келет дагы, өзүндө руханий сапаттарды бага баштайт. Болбосо адамды ак жолдон тайыта турган кырдаал кадам сайын кездешет эмеспи. Түбөлүктүүлүктү бүдөмүк санаган адам үчүн жолдон чыгыш эң оңой. Автордун карыянын санаасына каткан сыры ушул кыязда деп ойлойм.

Аңчылар көздөгөн биринчи аралга аман-эсен келип, Кириск болуп көрбөгөндөй толкундоо сезимине тушукту. Жолдуу болушуп, бир нерпа атып алышты. Дагы бир нерпа жарадар болуп, суунун үстүнө кызыл жошо из сала жандалбастап жатып карматпай сууга кирип кетти. Орган карыя: “Суу түбүнө чөгүп кетет” деп тим болду.

Нерпанын терисин сыйрып союп, али муздай элек боору менен тамактанышып, эми бул даамы тамшандырган тамак суусатаарын да эстешти. Кайыкта таза суу куюлган челек бар. Ал челек деңиз үстүндө мүрөктүн булагына тете. Кайыкта жүргөндө сууну кургактыкта жүргөндөй шыңгыта иче бермей жок экенин, кайыктагылар менен бирге өз маалы менен ичүү керектигин атасы Кирискти аңчылык алгачкы сапарга даярдап жүргөнүндө эле айткан. Ал эсинде.

Иш ойдогудай баратты. Эми кийинки аралчага барып аңчылык кылышмак дагы, андан үйлөрүнө кайтышмак. Ушу жерден табият аларга тетири карады да, түнөргөн түрү суук туман нивхилерди оп тартып алуучудай чукул каптап келди. Бурулуп ача тилдүү ажыдаардай атырылып келаткан каргашаны биринчи болуп көрүп, “Карагылачы! Карагылачы!” деп кыйкырык салган Кирисктин жүрөгү оозуна тыгылды. Орган карыя “Кайыктын тумшугун тоскула!” деп кыйкырганда Эмрайин менен Мылгун жетишпей калышып, капталдап аёосуз чапчый урган толкун кайыкты ала салдыра жаздады. Мына ошондон алай-дүлөй деңиз үстүнө чакчелекей салып, төрт жандын жанын кылдын учунда кылтылдатып бир далайга долуланып турду.

Болсо түн ортосу деле болуп калды окшойт. Туман ичинде кайсы маал экенин билип болбойт. Түн киргенин алар тек көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын калыңдай бергенинен улам баамдаган. Ушул көр караңгыда алаамат күч менен тырбалаңдап алышып, жеңери жок, жеңилери даана, үмүтсүз күрөш жүрүп жатканына көп болду. Ошентсе да, үмүтсүз шайтан деп, үмүттүн куйругуна жармашып, бул алаамат кандай капилет баштапса, ошондой бүтүп калгысы бардыр деп, туман суюлса андан аркы айланы өздөрү эптеп табарын ойлоп, нивхилер жанталашууда, нивхилер аргасыз, дармансыз күрөшүүдө.

Бир ирет алиги өчүп бараткан үмүт жылт эткендей болду. Алаамат толкун бастагандай, кайыктын тынымсыз чайпалышы да аздагандай, жаба чачыраган толкундар токтогондой болду. Тыгызданып басып турган капкараңгы түн гана суюлбады. Мына ошондо биринчи болуп Орган карыя үн катты:

—  Бу сүйлөгөн мен! Кириск менин жанымда! Уктуңарбы?

—  Уктук. Биз ордубуздабыз! деп кырылдады Эм­райин.

— Шамалдын багытын эстеп капдыңарбы? – деп кыйкырды Орган.

—  Анын кажаты канчалык? деп Мылгун кыжырлана кыйкырды. Карыя унчукпай калды. Чынында да эми шамалдын багытынын кажаты жок. Баятан бери аларды каякка алпарып салды, азыр каерде жүрүшөт, белги болор аралдары алыспы-жакынбы, белгисиз... Каран түн желкесинен баскан, кайыктын тынбай калтаңдаганы башын ооруткан кайран Орган катуу ойго кетип, үнү өчтү. Эгер кудайдын колдогону эле болсо, анда аларды толкун аралдардын биринин аска ташына чаап талкалабай деңизге алыс алып кеткени болор. Бирок деңиз бетинен арал көрө албай, асмандан жылдыз көрө апбай багыт белгилеп кутулуу да жок.

Орган карыя шамал басаңдап калганынан пайдаланып бут алдында бүрүшүп калтылдаган Кирискти кайыктын ичине кирген сууну төгүшүүгө жумшады. Өзү Кирисктин бир колунан бекем кармап алды. Кириск бир колдоп кайыктын ичиндеги сууну төгүп жатты.

“Сыйпалап суу сузуп жатып, Орган кайык түбүндө жаткан кол бочканы Кирискеге карматты.

Кириск,деди Орган баланы колдон алып, мына ичер суубуз бар кол бочкебиз. Кармадыңбы? Эсиңде болсун, кыямат болуп кетсе да муну колуңан чыгарба. Кучактап кармап ал. Ичер суубуз жок калганча өлгөнүбүз жакшы. Түшүндүңбү? Эч кимден жардам күтпө… Уктуңбу?

Бул челектеги таза суу образдарын ачып берүүгө колдонгон автордун негизги куралдарынын бири. Ошондуктан азырынча мезгили келе элек сюжеттин четин чыгарып, окурмандарынын көңүлүн астейдил буруп турат.

Деңиздин көңүлүнүн бул төрт жанга мынча эмнеге карайганын ким билсин, бир маалда жанагыдан да албууттанып, жанагыдан да катуу жаалданып жулкуна баштады. Нивхилердин башына даана акыр кыяматтын алааматы түштү. Кайыкка суу толуп, чөгүү коркунучу бучкактап турду.

“Көрүнбөй келип, туш келди соккулаган толкундарга Органдын кайыгы чамындыдан беш бетер чарк көпөлөк айланды. Толкун серпини каптал-боорун качырата ургулап, аша чаап ичине куюлуп жатты. Кайык кырына чейин сууга батып, чөкмөй болду. Орган эмгектеп жүрүп, ожоо менен жанталаша суу сузуп төксө да болбой кайра толо берди. Ошондо калакчылар жан кашая ачуу кыйкырды:

Ыргыт баарын! Чөктү-үк! Ыргыт!

Кириск чаңырып ыйлап жиберди, бирок аны уккан жан болбоду, эч кимде аны караар арга жок эле. Бала кол бочкени бооруна баса кучактап, кайыктын коңулуна бүктөлө жатты. Ыйлагандан тула бою солуктап, муштумдай болуп жыйрылып жатты. Кандай балээ болсо да кол бочкеден ажырабаш керектиги эсинде. Чөгүп баратышканын билип жатты, билсе да Орган­дын айтканын кылып, эси-дарты кол бочкени сактоо болду.

Кайыкта эмне болсо ошонун бардыгы сууга ыргыды. Бая жолдуу кылып, көңүлдөрүн жай кылган, бир уруунун жан сактоосуна делген нерпанын эти мындай жандан түңүлүп турган чакта ашыкча жүк болуп турду. Кайык оодарылып кетпеши үчүн бери ооп бир тырмышып, нары ооп бир тырмышып, бир тайдын этиндей болгон нерпадан арыла албай көпкө убара болушту. Акыры аны эптеп деңизди көздөй оодарышканда гана кайык калдаң эте жеңилдей түшүп, ошондон көксөөсү суугандай долу толкун тынч ала түшкөнсүдү.

Ушул жерден жанагы каны шоргологон боюнча сууга кирип кеткен нерпа эске түшөт. Айтматовдун чыгармаларындагы адамзаттын таш боор мамилесине таарынган табият бул жолу да адамдын катуу жүрөгүнө жетүү үчүн катаал сабагын берип турабы деген ой келет. Нерпанын сууга оодарылышы менен тынчтанган деңиз алааматы мына ушуну айтып тургансыйт.

Деңиз тынчтанаары менен суй жыгылган төртөөнөн биринчи болуп Орган карыя көзүн ачты. Бир аздан соң кайыктын жана кайыктагылардын элеси булаңгыр тарта көрүнө баштады. Кайыктагы төртөө коюу тумандын койнунда эле. Отурган жерлеринде, калактарды кайыкка көтөрүп койгонго жарабай сулаган Эмрайин менен Мылгун жатат. Уктап жатса да үшүгөнүнөн калч-калч этип, суу куюлган челекти кучактап кайыктын коңулунда Кириск жатат. Орган карыянын абдан боору ооруду, жардам берейин десе аргасы жок.

Деңиз үстү мурдараакта алаамат салып турган бороон-чапкындан такыр кабары жоктой бейкапар, мелмилдеп улуу тынчтыктын өкүмүндө. Толкун тынчыганына сеп алса да, Органдын жүрөгү али опкоолжуп турат. Канчалаган кымбат баага сатып алышкан мылтыктарынан, башка керек-жарактарынан айрылышканы бир эңшерип турса, багыттын эч бир дайыны жок, асман менен суунун айырмасы жок туташ боз тартып, уч-кыйырсыз улуу мухиттин туткунунда, түгөл белгисиздиктин койнунда турушканы арганы толук түгөтүп турат.

Кыймылсыз-үнсүз туман ичинде калактардын ашташы гана муңдуу чыйкылдайт. Мобу улуу жымжырт ичинде бу чыйкылдак адашкан адамдын жардам сурап: Кайдамын? Кайдамын? Кантип табам? Кантип табам жолуму? – деп жалына онтогонундай угулат”.

Аныгында бул автор жыгачтын ашташынын добушу менен мүнөздөгөн суроо адамдын бул тирүүлүктө берер негизги суроосунун дагы бир жаңырышы эле. Кайдамын? Кантип табам жолумду?

“…Леп эткен жел жок, өлүк туман ичинде тынчтык орноп алган. Деңиз жатат тунжурап, туман турат тунжурап, ашыкканда эмине… ашыгар жак белгисиз…

Кайык болсо калың туманды сүңгүп, максаты дайынсыз, багыты дайынсыз башы ооган жакка кетип баратты…

Күндүн калган мезгилин алар дайынсыз, шашпай сүзүп жүрүп отурушту. Бараткан максаты белгисиз, багыты белгисиз…”

Улуу тумандын койнунда калган төрт адамдын окуясы, көзгө көрүнбөгөн руханий дүйнөнү эске албаганда, ааламдагы адамзат жашоосунун миниатюрасы, макети десек болот. Кайыктын барар жагы кайсы экени белгисиз, келген жагы кайда калды белгисиз. Бул дүйнөгө төрөлүү-өлүү, төрөлүү-өлүү айлампасынын чыныгы маңызы эмнеде? Бу тирүүлүк кайдан келген белгисиз, кайда барат белгисиз… Мына ушул адамды тирүүлүктүн маңызын издөөгө жөнөтчү чекит. Сөз чебери мыкты композиция менен окурманына мына ушуну көрсөтүп турат.

Улуу мухиттин сүрдүү койнунда улуу мухиттей санаа тартып отурду Орган карыя. Үмүтсүз шайтан, түн кирип, туман тарап, жылдыз көрүнсө ага карап багыт да көрүнүп калар. Бирок канча аралык сүзүш керек болор экен, калакчылардын ал-кубаты жетер бекен… Санаасы менен да, денеси менен да чарчап-чаалыккан карыя кайрадан үргүлөп кетти.

– Аткычх[1]! Аткычх! – деп жулккулап жатты бала. – Суу ичкибиз келип атыры. Орган селт чочуп ойгонуп, маңдайындагы үч тууганы аксакал деп андан акыл күтүп жалдырап отурушканын көрдү. Суу бөлүштүрүүнүн азабы эми мойнуна түшкөнүн Орган түшүндү…

Туман баягысындай эле чылк каптап, кыймылсыз. Деңиз баягысындай эле тунжурап тынч жатат”.

Буга чейин автор деңиздин үстүндөгү белгисиз чөлкөмдө жүргөн төрт жанга эбегейсиз маанисин баса белгилей кез-кез четин чыгарып келген таза суу ушул учурдан баштап биринчи орундагы композициялык курал болот. Ушул суу төртөөнү үмүтсүз абалдагы үзүлбөс үмүткө жетелеп баратат. Аларды өмүргө ушул суу анан үзүлбөс үмүт жетелеп баратат.

“Бу келген күн да уурттамдап суу бөлүшүү азабынан башталды. Орган өзү бөлүштүрүп куюп жатты. Кол бочкени колтугуна кысып, ожоого сызылта суу чорголотсо колдору калтырайт. Биринчи болуп Кирискке сунду. Суу келгиче Кириск араң чыдап отурду. Ожоонун кырына тиштери шакылдап тийип, кылт-кылт суу жуткан чакта гана тамагы жибиди, ичиндеги от бир азга өчкөндөй болуп, аптыкканынан башы айланып кетти. Бирок ожоону абышкага кайтарып бергенчекти ичиндеги оттуу желмогуз кайтадан ызырынып ойгонгонсуп, мурункудан бетер ысып-күйүп чыкты. Баладан кийин Мылгун ичти. Анан Эмрайин. …θз кезеги келгенде Орган карыя өзүнө куйбады, унчукпастан тыгынды тыгып койду. …Каткансып отурса да бир тамчы суудан баш тартты.

—  Бул эмне кылганың, аткычх? Ич шыбагаңды! – деп Эмрайин чыдай албай кыр-кыр этти. – Кечээ да ичкен жоксуң. θлсөк бир өлөлү да!

Мен чыдаймын, – деди Орган кебелбей.

Жок, мунуң жарабайт! – деп Эмрайин кыжырлана корс айтты. – Андай болсо мен да ичпейм!

Иче турган деле эчтемеси калбаптыр. Эмнесин талашабыз! – Орган күлүмсүрөмүш болду да, кандай эсиңер жок немесиңер дегенсип башын чайкады, анан бочкени кайра ачып, кичине суу куюп, Кирискке сунду: – Мен үчүн Кириск ичип койсун.

Бала апкаарып калды, башкаларда үн жок. Орган ожоону суна кармап турат.

Ап, Кириск, иче кой, эчтемени ойлобо.

Кириск унчукпады.

Ич, – деди Мылгун.

Ич, – деди Эмрайин.

Ич, – деди Орган карыя.

Кириск тайсалдап турду. Суусап өлүп бара жаткан бала ожоону ала коюп, көмкөрө жутуп салайын дейт, бирок даабайт.

— Мен ушул өмүрүмдө сууну канча көп ичтим, аны билбейсиң.

Сен дагы узак өмүр сүрүшүң керек, ошол үчүн… – деп карыя сөзүн аяктабай койду. – Түшүндүңбү, Кириск? Иче кой, сенин ичкениң керек, ичишиң керек, менден кам санаба. Ал!

Мына ушинтип акылман карыя өз тирүүлүгүнүн үлүшүн кийинки муунга берди. Өз тирүүлүгүн эмес, башканын тирүүлүгүн ойлоду. Тирүүлүгүн өзүнөн кийинки тирүүлүккө татыктуу өткөрүп жатты. Өзүнөн кийинки бул эки муунга нарк-нускалуу үлгү болду. Мылгун менен Эмрайин да аны түшүнүп колдошту.

Демейде тереңинде не бар экени анча билине бербеген жылмайган жүздөрдүн чыныгы мазмуну бул өлүмдүн босогосунан көрүнөө болуп турду. Мылгун Органга бир бурк этсе, Эмрайинди, чачы-башы саксайган шамалдын кудайын, оюна не келсе ошонун бардыгын ашата сөгүп жатты. Эмне кылар алапайын таппай, колдо болгон дүнүйөсү – кайыктын калагын жулуп ыргытып, жээкте жүргөн балдарынын улам биринин атын айтып үңүлдөп ыйлап, үрөйү учуп турган Кирисктин ого бетер эсин чыгарды. Башынан далайды кечирген Орган карыя жылоолоп келген үмүттүн учкунундарынан бир жылчык издеп кеп салса, кыйкымчылданып, тескерилене берди.

Эмрайин болсо Мылгундун сөккөнүнө да, чөккөнүнө да, баарына чыдап, кичирейип берди. Кылык-жоругунда деле бир кубаттаарлык эч нерсе болбосо да, “сеники ырас” дегенге бир шылтоо таап жубатып, көңүлүн уламыш болот. Жалгыз калак менен кайыкты жылдырып барып, Мылгун ыргыткан калакты суудан алып, ордуна такты. Тегерегинен угуп-көргөнүнүн баары аң-сезимине жазылып калып, тынымсыз тарбияланып турган тестиер же Мылгундун кылыгын же Орган карыя менен атасы Эмрайиндин кылыгын туурайт.

Келечек муунда ушундай тынымсыз тарбия жүрүп турат эмеспи. Улуу муун кандай гана иш-аракет, кыймыл-аракет кылбасын, өзүнө кичүү муунга кандай үлгү калтырып жатам деген суроону бере жүргөнү абзел. Окурман кыйынчылык жарга такаган учурлардагы өз иш-аракетин кимден көрүп турат, Мылгунданбы, же Эмрайинденби, же Орган карыяданбы, талдашы керек, жыйынтык чыгарышы керек.

Орган карыя аңчыларга саналуу гана калган өмүр тамчыларын уурттамдан бөлүштүрүп отуруп, өзүнө бир уурттам ыраа көрбөдү. Өзүнөн кийинки тирүүлүк улоочуларды өзүнүн керт башынан көбүрөк ойлоду. Өз үлүшүнөн алар үчүн өмүр үнөмдөп, аларга өмүр эле улабастан, асыл адамгерчилик, руханийлик улады. Бул тирүүлүккө эң кымбат нарк-насил калтырды. Анын бул нускасын улоочу, эң акыркы акылман сөздөрүн угуп, аны менен акыркы маегин курган Эмрайин болмокчу. Ак, кара жолдон турган бул тирүүлүктүн ак жолу ушундайча уланат тура. Ошентип, Орган карыя түбөлүктүү сапарына жүзү жарык дайын турду.

“Эки чоң кишинин сүйлөшкөндөрүнүн Кириск уккан акыркысы Эмрайин абышкага жакындай берип айтканы болду:

– Эсиңдеби, аткычх, баягы бир жылы бугу минген көпөстөр келип, балта берип ардемеге алмашып кетишпеди беле. Ошолордун ичиндеги Чоң сарысы айткан, кайсы бир өлкөдө деңизди суудай кечип өткөн улуу киши болгон экен. Ошондой да адамдар болот экен да…”

Айтматов ушул сөздөрдү баса белгилеп, Эмрайинди Органга жакын келтирип айттырат. Эмрайинди да кандайдыр өкүттө калтырып, сөзүн акырына чыгартпай бүтүрөт. Үзүндүдө автордун купуя сыры жатат. Айтылып келаткан руханий чынжырдын маанилүү чиркешмеси ушул үзүндүгө камтылган. “Кыямат” романынан чынжырдын ушул үзүндүгө байланыштуу чиркешмелери уланат. Окурман ошол табышмакты табышы керек.

“Кириск уктап жатса да, кээ бир сөздөр алыстан үзүл-кесил угулат:

Кое турчу. Дагы ойлончу…

Болду. Жашаарымды жашадым… Кармаба… Дагы чыдаар дарман жок…

Ушундай караңгыда…

Баары бир эмеспи…

Мен сага айтаар сөзүмдү да айтып бүтпөдүм…

Сөз бүтпөйт. Бизден кийин да бүтпөйт.

Ушундай караңгыда…

Кармаба. Чыдай албайм, күчтөн тайып баратам. θзүм түшкөндөй болоюн…

Ушундай караңгыда…

— Силер дагы чыдагыла. Али бир жутум суу бар…

Бирөөнүн каткалаң туурук чоң алаканы акырын келип баланын башын сылады. Органдын колу экенин Кириск уйку-соонун ортосунда жатып билди. Салмактуу жылуу кол баланын башын коргоп, эстеп калгысы келгендей бир азга сылап турду…

Үшүбөсүн, коркпосун деп баланы бооруна кысып келаткан Орган баланы коңултак калтырып, ушинтип түбөлүк сапарына узайт. Түшүндө алдыда эмне болору тууралуу аян алган Кириск чочуп ойгонуп, Орган тарапты сыйпалап чоң атасын таппай калды… Өкүрүп өксүп ыйласа да ал табылган жок. Атасы сооротууга аракет кылды. Сооронгусу келбеди… бирок айла жок эле.

“Кириск кичине басылганда Эмрайин θз ордуна барып отурду да, Мылгун экөөлөп калак шилешти. Кайык ылдамдап сүзүп, кайда баратканы, эмнеге баратканы белгисиз дагы жөнөдү”. 

Кайыкта эми үчөө эле калды… Ошондон түнгө жетпей Мылгун ата-баланы кайыкта жалгыз калтырды. Бири “досу-ум” десе, бири “Мылгун аке-е” деп, ата-бала солуктап ыйлашты. Кириск атасынын ыйлаганын ошондо биринчи көрдү. Челектин түбүндө чулкулдамыш эткен сууну эми Эмрайин баласы экөө бөлүшүш керек. Суу уурттар маал келгенде адегенде баласына берип, анан кийин өзүнө куйду да, ойлонуп калды. “Кармай турчу” деп бир уурттам суу куюлган идишти баласына сунду да, челектин ооз тыгынын бекитти.

—  “Сенчи? деп таң калды Кириск.

Мен анан. Эчтеке ойлобой иче кой,деди атасы сабыр күтүп. Кириск бу жолу да сасык сууну кулк эттире бир уурттап жутуп койду. Каалаганындай суусуну канган жок, ошентсе да кичине жеңилдене түшкөнсүдү.

— Кандай? – деди атасы.

— Кичине жакшы болуп калдым – деп шыбырады уулу атасына ыраазы боло.

Сен коркпогун. Анан дагы эсиңде болсун. Адам оозуна тамчы суу албай да эки-үч күн жашай алат. Эмне болуп кетсе да сен коркпогун…

— Сен ошон үчүн ичкен жоксуңбу? – деп Кириск сөзүн бөлдү.

Эмрайин капилет суроого шашып калды. Ойлоно калып:

Ооба, деп койду.

Тамак жебей канчага жашайт адам? Биз тамак жебегенибизге көп болду го.

— Суу болсо болду. Бирок сен аны ойлобо. Кел, андан көрө кичине сүзөлү. Сага айтаар сөзүм бар”.

Ата-баланын да айрылышар мезгили жакындап калган. Эмрайин челектин түбүндөгү өзүнүн ичээр суусун түгөтүп, балага ыйгарган.

Ушул уулу деп ал азыр кайыктан секирип кетмей болуп жатты. Бирок ушул уулу деп секирүүгө, уулун тагдырдын ырайымсыз чеңгелине жалгыз таштап кетүүгө даабай жатты.

— Ата! – деп шыбырады Кириск анын оюн туюп жаткансып, анан дагы бекемирээк атанын бооруна жабышып…”

Өмүрүнүн акырында коштошуп бооруна кысып жаткан баласы ого бетер бооруна ыктайт. Атанын мына ушул учурун автор Эмрайиндин ою менен анын бүтүндөй өмүрүнө тете кылып мындай сүрөттөйт:

θткөн өмүрүнүн баары ушу бүгүнкү түндүн башталышы гана болгонун Эмрайин ушул түнү түшүндү”.

Өмүрдүн кылда учунда турганда адамда өзүн таануу да, дүйнө тааным да өтө курчуйт экен го. Жан дүйнөңдү онтоткон оор абалдар аныгында турмуштун туу чокусуна чыгарып, акылыңды чындык так көрүнгүдөй кылып тундуруп, руханияттын эң бийик баскычына көтөрөт экен.

“Анын туулганы да, азыр өлүп баратканы да мынабу уулунда калыш үчүн, уулунда уланыш үчүн тура. Уулу менен унчукпай коштошуп жатып, ата ушуну ойлоду. θзүн өлүмгө берер алдында Эмрайин керемет жаңылык ачты: жан берип, көз жумганга чейин уулунда уланыш үчүн ал өмүр бою ушул Эмрайин болуп жашап келген тура. Бул улуу чындыкты буга чейин ойлобогон болсо, а дагы күндөлүк тиричиликтин алаксытканы.

Күңүрттүккө кайдандыр шоола чачырап жарык кылып жибергендей, буга чейин бүдөмүк, мунарык көрүнгөн нерселер дааналана түштү. Автордун кызык табылгасы – атасы менен баласы бир убакта дээрлик бирдей чындыкты түшүнгөндүгү. Ушундан улам күңүрттүккө түшкөн шоола жарыктын Булагынан, рух Азыгынан – Эң Жогорку күчтөн деген ойго келесиң. Балким, бул шоола бардык учурда бар болуп, адамдар күндөлүк тиричиликке түбөлүктүү нерселерге берилгендей берилип алгандыгынан шооланын жарыгын көрүүгө жөндөмсүз болуп калышат.

“Атасынын бооруна бекем жабышып, ачуу жашын ичине соруп улутунуп жатып, бала ошол түнү башта сезбеген баланын атага байланган жан биримдигин билди. Башта ал атасына окшош экенине сыймыктанып, атасынын жүргөн-турганын туурачу, атасындай болгусу келчү, эми болсо ата деген эмне экенин түшүнүп жатты, атасы – ал өзү экенин, өзү – атасынын уландысы экенин түшүнүп жатты. Ошондон улам атасын өзүндөй аяды, өзүнөн бетер аяды”.

Бала уйкудан дагы ойгонду. Мемиреп жылуу жатыптыр. Көрсө, атасы тону менен жылуулап жаап койгон экен. Бул жолу ойгонгонунда ал жалгыз болчу. Баягыдай эле боз туман менен бириккен суунун коюнундагы жалгыз бала бакырып ыйлады. Бирок анын ыйын эч ким уккан жок. Уктап калганына өкүнгөнү сай сөөгүн сыздатат. Же атасы менен кошо кетпейт беле, же этегине эрмешип, жакасына жармашып кетирбей койбойт беле. Бир убакта кайык чайпалгандай болду эле, ошондо тура калса эмне…

Бала бир эсин жоготуп, бир эсине келип кайыктын ичинде тыбырап жатты. Сууга жетпесе өлүп баратат. Атасы челектин ооз тыгынын атайын бошотуп тагып, жанына идишти коюптур. Төрт аяктап эптеп жылып барып, бир аз куюп ууртады. Анан да бир аз ууртады. Орган чоң атасы калтырган, Мылгун аке калтырган, атасы Эмрайин калтырган ууртам суулар эле. Эми баары бир да, баарын шимип жутуп салгысы келди. Эсине бир келип, кайра эсин жоготот.

Бир убакта кайыкты толкун чайпаганынан чочуп ойгонду. Көзүн ачса жылдыздар жымыңдайт. Орган чоң атасы, Мылгун акеси, атасы Эмрайин зарыгып күткөн жылдыздар мына! Баладан эрксизден алсыз кыңылдаган үн чыкты. Аларды карап айраң-таң. Ай да калкып жүрөт… Кайыкты толкун каяккадыр алып баратат. Жылдыздан багытты кантип билишти Орган чоң ата көрсөтө албай калбадыбы. Кантип билет? Бая кайыктын кырына чыгып деңизге кулайын деген. Ага дарманы жеткен эмес. Боюн көтөрүп, өзүн кайыктын кырына коё алган эмес. Эми жаткан бойдон жылдыздар менен коштошууга даярдана баштады. Коштошоордо Орган чоң атасы, Эмрайин атасы, Мылгун акеси жылдыздарды жакшы көрүшөрүн айтайын дейт…

Орган чоң атасы, Эмрайин атасы, Мылгун акеси болуп күткөн жылдыздар, шамал, толкун эми кайыкты айдап баратышты. Бала алар менен сүйлөшүп баратты. Алардын атын билбейт, шамалды Орган чоң ата деп, жылдызды Эмрайин ата деп, толкунду Мылгун аке деп атады. Өз өмүр тамчыларын Кирискке берип, өздөрү деңиз аркылуу түбөлүк сапарларына аттанышкан аларды жоктоп, сагынып кусаланганынан, аны кайыгы менен жетелеп бараткан толкундан, шамалдан, жылдыздардан алардын илебин сезгиси, туйгусу келди окшойт. Баланын тирүүлүккө карай алар улаган сапарын эми булар улап баратышпайбы.

Улам эсине келип, кайра эсин жоготуп бараткан бала бир убакта көзүн ачса мээримин төгүп күн тийип турган экен. Майда толкундар күндүн нурларын жылт-жулт эттирип кайра чагылтып, деңиз бетине чачылган берметтей жыбыратат.  Калтыраган колдору менен араң обдулуп отуруп, башы айланганы басылгыча көзүн жума турду. Бир маалда көзүн ачып караса бет алдынан ала дөбөт аны көздөй, аны тосуп келаткан экен. Кайран гана ала дөбөт! Бозомук тарткан жээк эми даана көрүндү. Ала дөбөттүн чокусунда аңчыларга багыт көрсөтмөккө жагылган чоң оттун түтүнү бургуйлайт…

Эми баланы алгачкы аңчылык сапарга узатып жаткандагы энесинин амалын эстейличи:

“Атайылап үн катып, уулуна: «Бара гой, токойго бара гой!» – деди, деңиз жакты карабай, тоо боорундагы токойду карап туруп айтты: «Байка, отунуң кургак болсун, өзүң адашып кетпе!” Ал анткени кинр деген жин перилерден Кирискенин изин адаштырып, баласын ар кандай азыткы-жиндерден коргогону эле. Баланын атасы, өзүнүн эрин да оозго албады. Кулагы сак, куу жиндер тиги Эмрайин бу баланын атасы эместей, Кириск болсо өз атасын ээрчибей, чоочун кишилер менен бараткандай туюнсун деп, сыр бербеди”.

Жиндердин ниеттерин жазбай айтканын карасаңыз:

Эмрайин менен Кириск ата-бала экенин кинрлер туюп калбасын деген амалы эле мунусу. Ата-бала аңга бир чыкканын кинр жиндер жек көрөт. Туюп калышса, ата менен баланын бирин мерт кылып, бирин эрк менен күчтөн ажыратат, эми кайра деңизге же токойго бет албаска касам ичкидей көңүлүн калтырат.

Бала энесинин айтканын айткандай аткарган:

“Булуңга жетпей эне кетти, уулу болсо жинперилерди адаштырган болуп бадал аралай ийри-буйру чуркап, узап кеткен чоңдордун артынан жөнөдү. Апасы ошентип айткан, буйтап бас деген, апасынын айтканын эки кылгысы келбеди бала”.

Апасы менен уулунун далалаты жардам бербеди… Таза эмес рухтар кандайдыр бир деңгээлде максатына жетишти. Эне-бала таза эмес рухтардан сактанчу жол бул эмес экен да, демек. Автор чыгарманын башындагы ошол эпизод менен кыйыткан мына ушул чындык экен го деген ой келет.

Муну менен жанаша дагы бир маанилүү чындык бар. Ал кичинекей дүйнөдөгү – кайыктагы өмүрдүн сакталып калгандыгы.

Адамдардын эле бала үчүн ууртам суудан баш тартып, озунуп түбөлкү сапарларына бел байлаганы баланы куткарат эле деп айтуу кыйын. Албетте, баланын өмүрү үчүн алардын кадамдары баа жеткис болду. Бирок бул жетишсиз эле. Алар дүйнөнүн кичинекей макети болгон кайыктагы тирүүлүктү улоо үчүн бар болгон күчтөрүн жумшашты. Калганы эми алардан Жогорку Күчтөн болчу.

Кайык ичиндеги адамдар калтырган тирүүлүктү жээкке автор көмүскөгө каткан ошол эң Жогорку Күч алып келди деген бүтүмгө келүүгө болот. Шамал, толкун, жылдыздар – жаратылыштын кубулуштары. Алар кайыктын барар жагын билбейт эле. Алар куралдар гана боло алмак.

Эми Кириск апасы экөөнүн амалын да билет, аны кайыгы менен жээкке алып келген күчтү да билет. Деги эле, Кириск көптү көрдү, эми көптү билет. Кандай бүтүм чыгарыш – өзүнүн эрки. Кайыктын ичине салынган дүйнөдөгү окуяны да талдап, ой жүгүртүп адам баласынын күчүнөн жогорку, адам кайрылып жардам сурашы керек болгон эң эле Жогорку Күч кайсы экенин таап алууну жазуучу окурмандын өзүнө калтырды.

[1] Чоң ата

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.