АННОТАЦИЯ

Кыргызстан эгемендик алган 1990-жылдардан баштап чет өлкөлөргө иш издеп чыгып кеткен мигранттардын саны жыл санап көбөйүп келет. Кыргыз мигранттары учурда Россияда, Казакстанда, Түркияда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө иштешет. Бирок мигранттардын негизги агымы Россия мамлекетине туура келет.

Россияда жашап иштеген мигранттардын арасында ыр, кара сөз түрүндөгү чыгармаларды жазып, жарыялагандары аз эмес. Айрымдарынын аттары Кыргызстанга таанымал болуп, чыгармачылыктын үстүндө үзүрлүү иштеп келатканын да көрүүгө болот. Алардын чыгармаларында негизинен мигранттардын тагдыр-турмушу, көргөн кыйынчылыктары, тагдыр тарткысы, көздөн учкан ата журттун кадыры, өмүрдүн баркы мекенине алыста ар дайым тыным албаган жолдо, сапарда жүргөн адамдын психологиясы аркылуу ачылып берилет.

Жолдо жүргөн адамда туруктуулук, жан дүйнөнүн тынчтыгы, жайбаракат күнүмдүк жашоо болбойт. Ошондуктан, биз бул макалабызда мигранттардын чыгармаларындагы “жол” концептин карап көрүүнү ылайык таптык. Ал үчүн 2016-жылы чыккан Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” ыр жыйнагын иликтөө объектиси катары тандап алдык.

Изилдөөдө “Алыстагы ак жарык” ыр жыйнагында көтөрүлгөн темалар “жол” түшүнүгүнүн алкагында каралат. Анализдин негизинде мигранттардын психологиясы, алардын Ата мекенге, турмушка, башкаларга, өзүнө, өмүргө, жашоого, тагдырга, сүйүүгө, балага, ата-энеге, доско жана учурдагы коомдук көйгөйлөргө карата мамилесин, көз карашын аныктоого аракет жасалат. Акындын ырларындагы “жол” сөзүнүн колдонуу жыштыгы анализденип, анын кандайча символизацияланганы талданат.

Ачкыч сөздөр: миграция, “жол” концепти, символизация, Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” китеби, кыргыз адабияты.

“Концепт” деген түшүнүк лингвистикалык сөздүктө сөздүн мааниси деген түшүнүктү эле берет. Ал эми сөз мааниси – бул тилдин системасында карала турган түшүнүк экени белгилүү. Бирок концепт сөздүн мааниси катары тилдик системада каралуу менен эле чектелбейт. Ал тил илими менен катар логикада да каралып, изилдөөгө муктаж. [ЛЭС 1990: 384]. Ошондуктан, илимий адабияттардын арасынан концептти лингвистиканын чегинен чыгарып, аны табияты боюнча тилдик эмес категория катары түшүндүрүп, ойломдун спецификалуу функциясы же анын бир материалдык процесстери деп таза логиканын алкагына киргизген эмгектер да кездешет [Волков, 1966: 61].

Ал эми тил илиминде, тескерисинче, концептти лингвистикалык феномен катары караган көз караштар басымдуулук кылат [Комлев, 1969: 10]. Айтор, концепттин айланасында жүргөн мындай түрдүү көз караштар барып-келип, ага бир илимдин алкагында гана эмес, а интердициплиналар аралык илимий мамиле талап кылынарын айгинеледи. Ошентип, бүгүнкү күндө концепттерди, концептосфераны изилдөөгө багытталган когнитивдик лингвистика, социолингвистика, саясый лингвистика, психолингвистика сыяктуу эки илимдин кесилишинде тил адамдын жана коомдун психикасында, когнитивдик системасындагы ордун изилдөө актуалдуулугу келип чыкты.

Ушундан улам адам аң-сезиминдеги структуралык бирдик катары түшүндүрүлгөн концепттерди изилдөөгө өзгөчө маани да бериле баштады. Себеби дал ушул концепттер тигил же бул турмуштук фактылар боюнча адамдын бардык көргөн-билгенинин жыйындысын сактап, анын дүйнө картинасын түзөт. Ал эми адамдын дүйнө картинасын түзүүгө негиз болгон курчап турган дүйнө тууралуу маалыматтын басымдуу бөлүгү мейкиндикти көрүү аркылуу алынары маалым. Демек, адамдын тилдик дүйнө картинасынын калыптанышында мейкиндиктин мааниси өтө зор. Тилде жана кепте мейкиндикти репрезентациялоо өзгөчөлүгүн караган изилдөөлөрдө “мейкиндик” суперконцептиси менен катар, анын өз-өзүнчө бөлүктөрү болгон “шаар”, “үй”, “жол” ж.б. концепттер да каралып келет http://www.dissercat.com/content/kontsept-put-v-russkoi-yazykovoi-kartine-mira.

Айрыкча, булардын ичинен “жол” адамдын когнитив системасында, анын негизинде көркөм чыгармаларда да көп колдонулган концептердин бири. Алсак, жол мифологияда адам тагдыры, жазмышы түшкөн жер катары кабыл алынат. Ушундан улам болсо керек, жол, демек, тагдыр, жазмыш адамдын руханий изденүүсү, түйшөлүүсү, өзүн курчап турган дүйнөнү аңдоо маселелери менен тамырлашып кетет (Левкиевская, 2002: 145).

“Жол” сөзүнүн түз мааниси – мейкиндиктен орун алган бир жерден экинчи бир жерге басып өтүүчү жер дегенди түшүндүрөт. Жол, ошону менен катар, метафоралык мааниде өмүр жолу, тагдыр жолу, турмуш жолу, эмгек жолу, чыгармачылык жолу ж.б. мааниде ооштурулуп да колдонулат. Мына ушул таризден алганда “жолдун” мааниси ооштурулуп, логиканын чегинде каралып, “концепт” түшүнүгүнө көчөт.

Биз бул макалабызда сөзгө ала турган “жол” концепти минранттардын когнитив системасында кандай мааниге, түшүнүккө, мамилеге ээ экенин аныктоону максат кылдык.  Себеби, миграцияда жүргөн адамдар үчүн “жол” концепти өзгөчө мааниге ээ, б.а., алар үчүн “жол” өзүнүн тилдик түз маанисиндеги бир жерден экинчи жерге өтө турган түшүнүктүн алкагынан чыгып, “өмүр жолу”, “тагдыр жолу”, “турмуш жолу” деген түшүнүккө, б.а., концептиге айланат. Биз макалабызда жол концептисинин  мигранттардын аң-сезиминде репрезентацияланышын миграцияда жүргөн жаш акын Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” (2016) деген ыр жайнагынын негизинде иликтеп көрүүгө аракеттендик.

Нарсулуу Гургубаеванын ыр китеби “Алыстагы ак жарык” деп аталат. Алыстагы ак жарык – бул китепте Ата Журт деген мааниде колдонулган. Китептин негизги концепциясы да өз ата журтуңдун жарыгы гана жан дүйнөнү жылытат, Ата журттан алыс калган миграция турмушунун жылуулугу жок деген маанини камтыйт. Кыскасы, миграция турмушун өз башынан кечирген жаш акын турмуш кайыгы адамды туулган жеринен алыска айдап кеткенде, башка жердин жарыгы жарык болуп бере албайт деген ойду айткысы келет.

Миграция темасы акындын китепке киргизилген дээрлик бардык ырларында өз доошун берип турат. Ата Журттан алыс кетүү, бөлөк эл, бөтөн жерде жашоонун кыйынчылыгы, татаалдыгы майда-барат турмуштук деталдар менен эмес, көбүнесе психологиялык толгонуулардын негизинде ачылып берилет.

Китепке акындын болгону 30 гана ыры кирген. 30 ырдын 24үндө “жол” деген сөз 20 жолу кездешет. Нарсулуунун ырларында “жол” концепти миграция, Ата журттан алыста өмүр кечирүү, туругу жок дайыма жолдо болуу, кайтар жолду дайыма күтүү, артта калган издериңди дайыма кароо, дегеле жай жашоодо эмес, жай ала албаган кымгуут жашоодо – жолдо өмүр кечирүү деген ойду өзөгүндө кармайт. Эмесе, акындын ырларына саресеп салалы.

Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү,
Калаа болуп… Бекет болуп башталып,
Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн,
Мени ээрчиткен, мен ээрчиген ак жарык —
деген саптарда жолдун, өмүрдүн башталышы, аргасыз башка жакка кетүүгө мажбур болуу, Ата журттан кетүү менен жарык жүрөктөн кошо өчкөнү тууралуу айтылат. Бирок ырда лирикалык каарман башка жактан жарык издебейт, мага ошол өчкөн жарык жетиштүү деген бүтүм чыгарат.

Жарык өчкөн өмүрдө, жолдо муң-зар башталат, кыйынчылык буттан тушайт, көңүл кирдейт, жүрөк ооруйт, мына ушунун баары миграция турмушунун психологиялык татаал абалын көрсөтүүгө кызмат кылат. Акын мигрант көргөн жашоо, баскан жол тарыхта каларын, ага кийинки муун өз баасын берерин, андан сабак алаарын да кыйытып өтөт.

Ушул жолдон, уюп калган муң-зарга,
Буюктурган бурганактар, куюндар,
Үңүлүшүп үнү бүткөн жылдарга,
Мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар.

Үңүлүшүп жарыгы өчкөн жылдарга,
Бизди көрөт биз көрбөгөн кылымдар.

Ата журттан алыс алып кеткен жолдор татаал, муң-зарга уюган, буюктурган бурганактарга, куюндарга уюган жолдор. Акын сүрөттөгөн “жолдор” оор турмуш жолун билдирет.

“Өзүңдөн, өзгөлөрдөн, өзүмдөн да…” деп башталган ырдын дээрлик ар бир экинчи же үчүнчү сабында жол деген сөз бар. Жол бул ырда да концепт катары миграцияны, миграциядагы турмушту түшүндүрүү үчүн колдонулганын көрүүгө болот.

Өзүңдөн, өзгөлөрдөн, өзүмдөн да
Кеткем мен жолду тандап жөнү бөлөк.
Бул жолдо сага айтылган сөздөр жалган,
Айтылбай калган сөзүм төгүндөлөт.

Бул жолдо сырым жалган жүрөктөгү,
Чындыгым, билем, көбүн сүйүндүрөт.
Билгенин айтса айтышат, бирок мени
“Билем” деп айта албайт кийин бирөө.

Бул жолдо ыйым жалган, күлкүм деле.
Эсимде калбайт кайгым, кубанычым.
Жан көрсөм, бирок кокус мүңкүрөгөн
Жанында башын жөлөп турарым чын.

Жөөлөшөт, түртүп өтөт жолдогулар,
Жөөлөндүм, үндөбөдүм… Күндү ээрчидим…
Эстедим, кечкенимди бар-жогунан,
Бактысын көтөрө албай күндөшүмдүн.

А бирок ушул жолго, каран калган
Каяктан келгенимди эстей албай,
Эр жүрөк көрүнүштү анан мага
Эсинен, эсендиктен кечкен жандар.

…Мени эми күтпөгүлө, күйбөгүлө.
Кайрылбайм, кайтпай калдым ушул жолдон…
Бактылуу болуш үчүн бул дүйнөдө
Бакыттын эмне экенин билбеген оң.

Бул ырдагы жол деген сөзгө берилген аныктамаларды карап көрөлү.

Жол – бул жөнү бөлөк, демек башка. Мында жолго “Өз/Бөтөн” категориясынан  мамиле жасалган. Өз болгондо – өз журтуңда жашоо, бөтөн болгондо – бөтөн жерде өмүр кечирүү. Мында бөтөн жер “жол” концепти аркылуу “жалгандык” орун алган жер катары берилет: сага айтылган сөздөр жалган, айтылбай калган сөзүм төгүндөлөт; бул жолдо сырым жалган жүрөктөгү; бул жолдо ыйым жалган, күлкүм деле дейт акын.

Бул каран калган жолдо баары жалган болгон үчүн эч нерсе эсте калбайт, каяктан келгениңди да эстөө кыйын. Каран калган жолдо бактылуу болуу да өтө кыйын. Бакыттан куру калтырган ушундай жолдо, демек, өмүрдө, баары жалган болгондугунун себебин автор кийинки ырында мындайча түшүндүрөт:

Жаныңда жайдаңдаган ким бирөөлөр
Көшөрүп көрбөйт ыйың, тиштенгениң.
Тулкуңду куру намыс сүдүрөгөн,
Тунартып бүткөнү чын ичтеги өлүм. 

Бирок автор ушуну менен эле биротоло пессимист болуп, бакыттын, жакшылыктын эшигин биротоло жаап салбайт. Буга төмөндөгү ыры күбө:

Карабай ойду, тооңу, туш тарапка
Өзүңдөн өзүң качкан күндөр келет.
Башыңды басып түшүп муштай асман,
Жолуңдан жол издейсиң ый көрө элек,
— дейт.

Демек, өмүрдөгү талбаган күрөш, чарчабаган изденүү токтобойт. Бирде ал күчтөнсө, кай бир кезде төмөндөйт, бирок биротоло өлбөйт, өчпөйт деген ойду бергенсийт.

Ай ыйлап асманыңда угузбастан
Күн өлөт жүрөгүңдө, гүлдөр өлөт…
Сүйүү өлөт, сүйүү үчүн арман өлөт.
Боштукка келгениңди билген күнү
Жек көрүп, жектеп жашап калганың чын
Арт жакты көздөй кетчү издериңди.

Бул ыр саптарында акын адамга кымбат нерселердин баары өлгөнүн, жок болгонун айтат, бирок ошолордун өлгөнүн сезип, туюп, сыздап жаткан адамдын жүрөгү, сезими, жан дүйнөсү өлгөн жок. Чындыгында, “Жаңылгандын жарык болуп жолуна, Жыгылганга жөлөк болгум келди эле…” деген гуманисттик ой-тилек менен, ниет менен жашаган адамда сүйүү, өмүрүндөгү гүлдөр, күнү өлсө да, асманында ай ыйласа да, өзү, сезими өлбөйт.

Турмуштун ак-карасы, дурусу менен бурушу, жамандыгы менен жакшылыгы дайыма эриш-аркак жүргөндүктөн,“тозоктонгон тирүүлүк, аркыраган шамал тоскон” жолдо адам жүрөгүнө бакыт менен сүйүү жетпесе да, бак менен сүйүүгө март болбогон дүйнөнү сүйүп жашаш канчалык кыйын болгон күндө да, “эмне үчүн мен өзүмдү бүт унутуп калгым бар?!” деген собол таштайт.

Бул ырда да жол – мен жоголгон жол, үмүткө жетеленген (“кырк айрылыш жолдун учунда деңиз бар”) деген аныктама менен өмүр, жашоо катары берилет.

Жыйнакта өзгөчөлөнүп турган ырлардын бири “Энем Айканга” деген ыр.  Анда да жол концептисин кезиктиребиз. Эне менен бирге сөзгө алынганда жолго дагы башкачараак түшүнүк ыйгарылат.

Билем, эне. Мен – мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы.
Аял болуу андан кыйын, куруп кал.

Мында жол – бул өмүр, жашоо менен бирге башат тек, басып өткөн тарых.

Миграция психологиясында жол түшүнүгү өмүр менен, жашоо менен эриш-аркак берилип, дайыма жолдо, сапарда болуу түйшүгүн арттырып турганы Нарсулуу Гургубаеванын ырларынан айкын көрүнүп турганына акындын бул ыры да далил болот:

Мен сенден кече электе, кете электе
“Ак жол” де, эркиң жетсе, текеберим.
Калганга кадырлаш көп, кечелеш көп,
Жолу оор, жолу катуу кеткендердин.

Кеткендердин, демек, мигранттардын бөтөн жерде жолу катуу жана оор, демек, турмушу, жашоосу оор. Көрүнүп тургандай, жолго берилген аныктамалар негизинен күңүрт түскө ээ, алтургай, бир ырында жолго “боз жол” деген аныктама да берилгенин көрөбүз.

Куттуу үйгө кабар айтпай, чакыртпай
Келдим, досум, шамал буруп боз жолдон.
Ошол жашоо… Менде кайдан өзгөрүш?
Баягы мен, багыт тапкан жок жолдон.

Үнүңөн-ов, мезгил менен кооздолгон,
Үйүңөн ов, балаң менен кештелүү.
Бакыт болуп түшкө кирер боз жолдо,
Балаңдын бул балжыраган дептери!
Балаңдын бул баасы жаман дептери.

Өмүрүңө кимдер башын бакпаган,
Мен келишим бир күн керек болуучу.
Каргыш айт же карыздар бол, жакшы адам,
Сага чейин келген ушул жол үчүн…

Кайдан, кайда сапар алдым баркы жок,
Өзүм гана акылымда өзүмдүн.
Бараткам мен жок ичинде барга окшоп,
Жетегинде желкеленип сезимдин.
Өмүр – бул жол, сага чейин өткөн өмүр, баркы жок өмүр.

Мындан тышкары акындын ырларынын ичинде “жолго” адамга ыйгарыла турган сапаттар да берилгенин учуратабыз.

Салам сага, шамалы оор түндүктөн,
Сабыры бек жашоодогу Жарыгым.
Онтоп жолдор экөөбүздү бир күткөн,
Ооруп келди мага бүгүн жаңы күн.

Ырдын үчүнчү сабында жол онтогон адам катары сыпатталган. Онтоо – бул оорунун белгиси, демек, онтогон жол – бул оорулуу жол, б.а., кыйноо тарткан, азаптуу турмуш.

Акын жолго турмуш, тагдыр түшүнүгүн ыйгарганы, жолду өмүр, жашоо менен бирдей карашы кийинки ырынан да айкын көрүөт.

Кыйык тамгам, кыйыктанба… Болгону
Биз жашаган жашоо башка, биз башка.
Баары сынбайт бүк түшкөндөр жолдогу
Жакпаса эле жаабай койбойт муздак кар.

Мында “өмүрдө, турмушта, кыйналгандардын баары сынбайт, жашоо улана берет, башты көтөр” деген сындуу чакырык, турмушту түшүндүрүү байкалат.

Китепте “Жүк – 200” деген ыр публицистикалык ыргакта жазылган, миграцияга түздөн-түз байланышы бар, алтургай миграция кимдин катасы экенин ачык эле бетке айткан ыр. Бул ырда да акын жол сөзүнөн кыйгап өтө алган эмес.

Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!

Мында жолго кул жол деген аныктама берилет. Эмне үчүн? Мигрант билими болсо да, болбосо да, жергиликтүүлөргө караганда укугу төмөн болуп, жумуштун эң оорунда иштеп, көпчүлүк учурда ден соолугунан ажырап, алтургай, улутчулдардын колунан ажал таап, мекенине өзү эмес, табыты келип жатканы бүгүнкү күндүн оор чындыгы. Ошондуктан, акын мигранттарды бөтөн жерге алпарган жолдорду “кул жолдор” деп сыпаттайт.

Акындын “Алыстагы ак жарыктагы” ырларында бүтүндөй мигранттардын үнү угулуп тургансыйт. Учу-түбү көрүнбөгөн жолдо өмүр кечирген бир боор мекендештерибиз эмне тууралуу ойлонот, кандай күндө жашайт, кандай ойлор менен түйшөлөт? Бул суроолорго Гургубаеванын ырлары толугу менен жооп берет.

Узак жолдо учу-түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны, сен мени тап, жан аргам.

Акын өзү “тааны дагы, сурай көрбө атымды, аяй көрбө, аарчылбаган жашымды. Деңиз жыттуу шамалды ырда сен мага, Аралды ырда, жайы-кышы жашылдуу” дегендей, чындыгында, Нарсулуунун ушул чакан “Алыстагы ак жарык” аттуу китеби – бүгүнкү мигранттарды тааныта турган жыйнак.

Эми жогорудагы ойлорубузду жыйынтыктасак. Миграцияда жүргөн, миграция турмушун өз башынан кечирген акын Н.Гургубаеванын ырларында жол концептиси – бул өмүр, тагдыр, турмуш деген түшүнүктү берген концепт. Ырас, жол концептиси тээ илгертен эле ушул саналып өткөн түшүнүктөрдү камтыйт. Муну көптөгөн акын-жазуучулардын чыгармаларынан учуратууга болот. Бирок Нарсулуунун ырларында жол – бул оңойго турбаган, жемишин жеңил бербеген татаал миграциядагы, бөтөн жердеги турмуш. Ошондуктан акын жолго “боз жол, муң-зарга, буюктурган бурганактарга, куюндарга уюп калган жол”, “каран калган жол”, “учу-түбү карарган”, “жолу оор, жолу катуу кеткендердин” деген аныктамаларды берет.

Экинчиден, жол – бул жалгандык орун алган турмуш. “Сырым, оюм, күлкүм, ыйым, айтылган да айтылбаган сөздөрүм жалган жол” дейт акын. Алыста кечирген өмүрдүн жалган болушу жанында жандай көргөн ишенимдүү жакын адамдардын болбошу, күндө жаңы адам кездешкен, көпчүлүктүн ичинде жүргөн менен жалгыздык, кооптонуучулук жанга батканы менен түшүндүрүлөт.

Демек, үчүнчүдөн, жол – бул жалгыздык орун алган тагдыр. Бул маани-түшүнүк “Эмнеге анан керең-дүлөй кеч менен, жалгыз-жарым жолго чыктым, билбеймин”; “Жөөлөшөт, түртүп өтөт жолдогулар. Жөөлөндүм, үндөбөдүм… Күндү ээрчидим” деген саптардан көрүнөт.

Төртүнчүдөн, жол – бул үмүт арттырып издеткен тагдыр-турмуш. “Жолуңдан жол издейсиң ый көрө элек, “Кырк айрылыш ушул жолдун учунда деңиз бар”, — деп бирөө мага айтты эле…”; “Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып… “Аманбыз” дейт үнү менен апамдын кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык” деген саптардан ушул маани-түшүнүктү көрүүгө болот.

Бешинчиден, жол – бул адамды чөгөргөн, жоголткон куу турмуш. “Алдымда азыр мен жоголгон жол жатат. Билем чөктүм, өзүмдү өзүм чөгөрдүм”.

Алтынчыдан, мигранттардын өмүрү, жашоосу, Ата журттан алыста кечирген оор, азаптуу турмуш – бул оорулуу жол. Онтоп жолдор экөөбүздү бир күткөн, ооруп келди мага бүгүн жаңы күн”.

Жетинчиден, миграцияга алпарган турмуш – бул кул жол. “Сени апкелген кул жолдорду бул жерге сени апкеткен жолдор эми кечирбейт”.

Акыркысы, жол – бул башат тек, басып өткөн тарых, ал эми мигрант – башатынан, тарыхынан, тамырынан алыстаган мезгилдин бир сыныгы.

Кыргыз мигранттарынын поэзиясында жол – бул миграцияда өткөн өмүрдү ачып берген концепт. Жолдо адам дайыма күтүүдө болот, жолдо адамдын жаны жай ала албайт, жолдо адам жоготот, адашат, жоголот, жолдо адам издейт, табат, жолдо адам кор болот, мусаапыр болот, жолдо жай турмуш өтпөйт, жолдо бакытты да кармап калуу кыйынга турат, жолдо адам үйгө кайтам деген психология менен күн кечиргендиктен, толук кандуу жай турмушту куруу да татаал.

Жол – бул бүтпөйт, чеги жок, акын айткандай, “учу-түбү карарган” жолдо өзүңдү табуу, сүйүүнү табуу, ишенимди табуу, бакытты табуу, жакшы адамды табуу кыйын. Андыктан, Нарсулуу Гургубаева миграция поэзиясынын жаш өкүлү катары мигранттардын психологиясы менен миграциянын философиясын чагылдырган, ошону менен катар Ата журттун кадырын жаңы кырдан ачып берүүгө жетишкен.

Гүлзада СТАНАЛИЕВА, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк «Манас» университети

Колдонулган адабияттар:

  1. Левкиевская Е. Е. Дорога // Славянская мифология. Энциклопедический словарь. Изд. 2-е. М., 2002. – С. 145.
  2. Лингвистический энциклопедический словарь. – М., 1990.
  3. Волков А.Г. Язык как система знаков. МГУ, 1966. – С. 61.
  4. Комлев Н.Г. Компоненты содержательной структуры слова. МГУ, 1969. – С. 10.
  5. http://www.dissercat.com/content/kontsept-put-v-russkoi-yazykovoi-kartine-mira.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.