Кышкы тундрада ак аюу келе жатса эч байкабайсың. Тимеле ак кар менен бир болуп калат. Бирок бул качан гана анын кара мурду көрүнбөгөндө ушундай. Ушул кара мурдунун айынан көп эле олжолорунан кур калып жүрөт ал.

Буга өзү күнөөлүү. Анткени бир кезде анын мурду да териси сыяктуу ак болуптур. Ал кезде ак аюу нерпалар менен морждорго байкалбай бара алганы аз келгенсип, адамдан да коркчу эмес экен. Үй ээси мергендер мындай жылаары менен айылдарга түшүп барып, аялдарды чочутуп, балдарды коркутуп, эт-аштарды көтөрүп кетчү экен.

Бул жоругу адамдарды тажатканда алар бул тентекти жазаламак болушат. Бир күнү мергендер аңчылыкка кетимиш болуп, мындай барышып, ак аюу айылга киргиче күтө турушат да, анан туш тараптан курчап келишип, ак аюуну жөн таяк менен эмес, оттуу чычала менен сабашканда ак терилүү бул жаныбардын жүндөрү капкара боло күйүп, араң дегенде качып кутулат. Качканда да океандын түпкүрүндөгү калың музга барып, бүткүл кыш бою күйгөн терисин дарылап, жүндөрүн кайрадан өстүрүп кайтып келет.

Эми адамдардын турагына жакындабас болгон ал аңчылыкта жолу мурдагыдай болбой жатканын байкайт; морждор менен нерпалар өзүн алда кайдан эле көрүп көздөн кайым боло башташат. Андыктан аңчылыкта мурдагыдан сак болушу керек экенин түшүнгөнү менен бул жол болбостугунун негизги себеби отко күйгөн мурдунун карарып калганы экенин бир топко чейин билбей жүрүп, качан гана мамалактары мурду кара болуп туулганда бул чындык акылына жеткен имиш.

Ошондон кийин ал аңчылыкка чыкканда мурдун таманы менен жаап алчу болуптур.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

[1] Якутиянын жана Магадан облусунда жашаган аз сандуу калк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.