Украин эл жомогу: Ийне-жиптин иши

Бир жолу чыгырык жип менен ийне: – Тигүү ишинде ким негизги?- деп талашып кетишиптир. Чыгырык жип мындай дептир: – Кийим тигилип жатканда менсиз кездемелер бирикпейт, андыктан тигүү ишинде эң негизги каражат менмин! Ийне дагы өзүнүкүн бергиси келбей: – Менин учтуулугум жана курчтугумсуз сен кантип кездемелерди тешип өтүп, аларды бириктирип, кандай кылып тикмек элең, мени сайып тартканда сен артымдан ээрчип чубаласың, ошон үчүн мен негизгимин, – деп тигүүдөгү өз кызматын мактаптыр. – Учтуу болсоң эмне экен! Ал менин ийкемдүүлүгүм менен узундугумдун […]

Жашоого мамиле жөнүндө уламыш

Бир адам бейишке чыгыптыр. Айланасын караса жүздөрүнөн күлкү ойногон, бактылуу адамдар күлүп-жайнап, ойноп-жыргап жүрүшөт. Тегерегинде кадимкидей эле жашоо өз нугу менен жүрүп жаткансыйт. Ар жак, бер жакты карап, ары-бери басып сейилдеди. Жактырды. Анан архангелге кайрылды: — Тозок кандай экенин көрсө болобу? Бир эле шыкаалатып койбойсузбу! — Мейли, жүрү көргөзөйүн. Тозокко келишти. Караса, бул жерде деле жашоо кадимкидей өтүп жатыптыр, бейиш менен айырмасы деле билинбейт. Болгону, жашоолоруна  нааразы болуп, бири-бирин жактырбаган адамдар жүрүшөт. Аларга бул жер жакпаганы көрүнүп турат. Ал архангелден […]

Азис НЕСИН: Өзүң күнөөлүүсүң!

АҢГЕМЕ Кызматтан бошотуп жиберишсе оор турмуш башталат. Ал аз келгенсип, эмнеге бошоп калганыңа кызыккан досторуң менен тааныштарыңа жооп бериш өзүнчө бир азап. Жо-жок, бул жолу силерге башымдан эмнелер болуп өткөнүн айтып берейин деп турган жокмун. Мен адатта өз көйгөйлөрүмдү жолдошторума бир үмүт менен – балким алардын арасынан бирди-жарымы кол сунуп жардам берип калабы деп бөлүшөм, а кээ бирде жөн гана жүрөгүмдө чөгүп жаткан нерсени айтып бугумду чыгарып алам. Алар болсо мени катуу суракка алышып, маселенин чыгышынын тамырын издешип, акырында бардыгына […]

Мезгил ИСАТОВ: Айтылбасым

ЭССЕ Ирмемге келип кетсең, Бактылуу болбойт белем. Азга гана… Табигаттын бир сыныгындай болуп келатканда, үч башка адам болуп, үч башка жерден алдымдан чыктың. Айбыгып айтаар сөзүм аралашып, адашып калдым. Ошондон бери табыла элекмин. Жоголгом го… Сен жөнүндө жамгыр жаады. Жаш тамчылар тиер-тийбес жүрөгүмө себеленет. Ансайын суу болгон сезимимди, жамгырдай жаштыгымды жашыра албайм. Акыл-эсимден алыс чыгарбай, ар дайым атыңды кайталайм. Толуп-ташып, толкуп-ташып. Сен бар үчүн жашоо жашалып, өмүр уланып жаткансыйт. Таңдын атканы, кечтин келиши да өзгөчө. Болгону атың башкача. Эркелете албайсың. […]

Касым КАИМОВ: Тоо булагы

АҢГЕМЕ Биздин чакан айыл ар тараптан бөксө тоолор менен курчалган. Кыштагыбыз кичине көрүнгөнү менен, жерибиз көп — аштык айдаар талаабыз жеткиликтүү, айрыкча мал жайытыбыз мол. Бизди өрөөндөгүлөр тоодогу айыл деп ооз учу менен гана атап коюшат. Бир кезде ушул алтымыш түтүн үй өзүнчө колхоз эле. Майда чарбалар ирилешип, биздин колхоз бригадага айланганда кишилерибиздин көпчүлүгү чычалашкан… Кийин бригадабыз да аз жерден жоюла жаздап, бизди колхоздун ортолук чоң кыштагына көчүрүү жөнүндө маселе козголгондо «бригада болуп калганыбызга деле ыраазыбыз, ушул жерден көчпөсөк эле […]