АҢГЕМЕ

Биздин чакан айыл ар тараптан бөксө тоолор менен курчалган. Кыштагыбыз кичине көрүнгөнү менен, жерибиз көп — аштык айдаар талаабыз жеткиликтүү, айрыкча мал жайытыбыз мол.

Бизди өрөөндөгүлөр тоодогу айыл деп ооз учу менен гана атап коюшат.

Бир кезде ушул алтымыш түтүн үй өзүнчө колхоз эле. Майда чарбалар ирилешип, биздин колхоз бригадага айланганда кишилерибиздин көпчүлүгү чычалашкан… Кийин бригадабыз да аз жерден жоюла жаздап, бизди колхоздун ортолук чоң кыштагына көчүрүү жөнүндө маселе козголгондо «бригада болуп калганыбызга деле ыраазыбыз, ушул жерден көчпөсөк эле болгону» деп зарлашкан.

Биз көчкөнүбүз менен, ушунча жер мал жайыты бош калбайт да. Бардык жумушту келип-кетип иштеп туруу керек эле. Ан үчүн канча көлүк, канча жумушчу күчү менен убакыт керек. Билермандар ошонун баарын эсептешип келип, андан көрө, кыштакты өз ордунда калтырганыбыз пайдалуу деп чечишкен.

Жашырбай айтсам, биздин айылдын бир чоң кемчилиги бар. Бизде башталгыч мектепке чейинкиси гана бар, аны бүткөн балдар чоң кыштакка барууга туура келет. Бир катары ошол жердеги жакындарынын үйүндө жатышат, бир катары атчан барып-келип окушат.

Мен да барып-келип окугандардын ичиндемин. Суук күндөрү, аба ырайы бузулуп турганда чоң кыштактагы жакындарыбыздын үйлөрүндө мейман болуп жүрдүм.

Биз окуу жылын аяктадык, Мен апамдын тапшырмасы боюнча магазинге кайрылам деп биздин айылга кетүүчү балдардан артта калыптырмын.

Магазиндин айланасында кишилер көп эле. Бир нерсе алууга келгендер да, бекерчилер да ушул жерден үзүлчү эмес. Жаныбызга автобус келип токтоду.

Райондун борборунан келген таанымал автобустан айылдаштарыбыз түшүп жатышты. Алардын баары тааныш болушса да, тургандар жабалактап көз жүгүртүшөт. Жүргүнчүлөрдүн арасынан боз плашчан, колунда рюкзагы бар киши бөлүнүп чыгып, магазиндин жанында тургандарга илбериңки салам айтты. Тургандар бүшүркөп алик алышты.

Болжолу, анын жупуну көрүнүшү, автобуска түшүп келиши анчалык таасир калтырбаган окшойт. Жүргүнчү анысын өзү да сезгенсип, таанышын издегенсип, тургандарга көз жүгүртүп чыкты. Бардыгы байкамаксан болуп, бирок эмне айтаарын күткөнсүп, күлүмсүрөп турушту.

— Тоо айылы тарапка машина жүрөбү? — деди жүргүнчү оюндагы кишилери табылбагандан кийин.

Аны кайсы бир мекеменин өкүлүбү дегенсип, бурч жактан бакмалап турган башкарма нары көздөй басып кетти. Адатта чоң мекеменин өкүлдөрү колхозго келгенде биринчи суроону «колхоздун конторасы кайсы?», «Башкарма кайда?» дегенден баштай турган.

— Автобус каттабайт.

— Башка машиналар жүрөр жүрбөсүн билбейбиз,— деген жооптор чыкты.

Алар жүргүнчүнү кайдыгер тиктеп тим болушту. Биздин чоң кыштак кан жолдун боюнда жана келим-кетим көп болгондуктан, нары-бери өткөндөргө анча кызыгышчу эмес. Ал турсун, жайкысын «жайлоодо дем алып, кымыз ичебиз» деген жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн жадашчу.

— Кошкула туугандар!— деп шарт жөнөй берди инженер.

Мен бул кишини көргөндө эле тааныгам. Ага батына албаганыман гана унчукпай тургам. Ал жөө кете турган болгондо, мен чыдай албадым:

— Агай! Агай!— деп жанына чукул келдим. Ал рюкзагын жерге коюп, мени тиктеп калды.

— Оо, чоң жигит болгон турбайсыңбы?! Сени тааныбай кала жаздадым…

Таанышты оңой жерден тапты го дегенсишип, кишилер бизге күлө багып турушту.

Мен Жамбил агайды беш жыл мурда көргөм… Ошондон кийинки жолугушуубуз ушул. Мени таптакыр унутуп калгандыр деп ойлогом.

Ал мени атыман бери атаганда, мурдум дердеңдеп, чекемен тер чыга түштү.

— Кандай, айлыңар аман-эсенби? Апаң, атаң күүлүбү? Жанкороз аксакал аман-эсенби?— деп бир топ нерсени сурамжылады.

Анан менин кылкан чачыман сылап коюп, эми эрте күндү кеч кылбай жөнөйлү дегенсип, рюкзагын колуна алды.

— Жамбил агай! Азыр…— деп аны ошол жерде калтырып, ары көздөй чуркадым.

Жүргүнчүнүн атын атаганымда шыбыш башталганын кулагым чалды. Биздин айылда «инженер Жамбилди» укпаган киши бар дейсиңби? Мен келсем баары инженерге жабалактап, көңүл буруп калышкан экен. Ушундай атактуу кишиге салкын мамиле кылгандыгы үчүн бир чети уялышып, бир чети атагын угуп, өзүн тааныбагандан кийин кантет элек дешкенсип, алар өз ара күбүр-шыбыр менен алек. Эх, чоң кыштактагы туугандарым! Эгер Жамбил биздин айылдын кишилерине кез болсо, аны кимиси болбосун таанымак.

Жамбил агай ээрге отуруп, мен артына учкашып, элден бөлүнө бергенде, башкарманын чымын-куюн болуп келаткан газиги биздин тушубузга келип токтоду.

Шофер жигит кабинадан чыга калды:

— Сизди машина менен жетип алсын,— деди…

— Ыракмат! Машипа мага таңсык эмес. Ат менен барганым жакшы! — деп жооп берди инженер.

Жооп менин көңүлүмдөгүдөй чыкты… Чоң шаарларда көп окуп, көптү билген атактуу кишинин артына учкашып, ооз-мооз сүйлөшүп баруу мага кандай кубаныч! Балким, биздин мектеп боюнча бүгүн мендей бактылуу болгон бала жок чыгар.

Жамбил агай атка минүүнү чын эле жакшы көрөт экен. Сумкасын мага өңөртүп коюп, камчыны үйрө камчыланып, көк аттын басыгын сынап баратты. Биздин аттын күлүктүгү же жоргосу жок, бирок басыктуу эле. Баарынан да балдар көк аттын моюнду кергиштетип, көйрөңдөнө басканына кызыгышчу. Анын сырын мейман дароо эле түшүндү окшойт.

Биз чоң кыштактан чыгып баратканда артыбыздан ат коштогон бала таскактатып жете келди.

— Агай, сиз бул атка миниңиз?

Жамбил агай мага бурула карады:

— Эмне кылалы?

Мен ийнимди куушуруп койдум.

— Бизге экинчи аттын деле кереги жок эле.— Инженер кер жоргону баамдуу тиктеди.— Мынча алып келипсиң… Эсенбек, сен жорго мин!

Ал аттын жорго экенин айныбай билди.

Мен анын аркасынан секирип түшүп, кер жоргого миндим. Жигит атын бизге тапшырып коюп, кайрылып кетти. Биз кыштактан узадык. Көк аттын туягы кызып калган. Мен жол жорго менен баратам.

Кер жорго район боюнча атактуу ат. Аны минген да арманда, минбеген да арманда деп коюшат. Ага жетүү мен үчүн ракета менен учкандай эле көрүнчү. Эч болбосо сугаруу үчүн жумшаса деп, ат багуучунун эшигине далай жолу баргамын. Ал башка аттарды берсе да кер жоргого эч кимди жолотчу эмес. Аны өзү багып, өзү гана сугарчу. Кер жорго ушундай мал эле! Демек, башкарма өзү ыйык көргөн атын жолоочулап бараткан кишиге артынан берип жибериши, инженерди канчалык сыйлаганын билгизгени.

Инженерге кер жоргонун жайын айта баштасам, аны уккусу келген жок.

— Кана, сынашып көрөлүчү!— Ал көк атка камчы басты. Мен жоргонун тизгинин жыя кармап, «чү» дедим. Жорго атып кетти. Эгер байкабай баратсам, чалкаман түшөт элем.

Кер жорго суулугун кемирип, мойнун толгоп, улам күүлөнүп баратат. Мен аны бар күчүнчө жибербөө үчүн тизгинди карыштыра тартам. Жамбил агай көк атты бар алынча чапса да, мага араң илешүүдө.

Жайдын күнү аттарды көп кыйнабайлы деп тизгинди жыйдык. Шапкесин колуна алып, чачын желпилдетип соңуман келген инженерге көз жүгүрттүм.

Иреңи жаш баладай чексиз кубанычтуу, оозу күлкүдөн жыйылбайт. Беттери албырып чыккан. Жанаа ал мага бопбоз көрүнгөн эле. Энтигет. Башын чайкап, жөтөлүп коёт. Ал мага чарчап, кыйналып калгандай туюлду. Бекер жарышкан экенбиз деп ойлодум өз ичимен.

Экөөбүз катарлашып жай бастырдык.

— Ох, кумардан бир чыктым! — деди ал.

Күн бешимден ооп калган. Биз тоого жакындаган сайын аба салкындап, чымыраган мээлүүн жел келе баштады.

Аттар терин жыйып, инженердин күйүккөнү басылды.

— Эсенбек! — деди ал мени ат үстүнөн кучактап.— Мен шаардыкка окшоймунбу?

— Ооба.

— Аттын жайын билген элеттикке окшоймунбу?

— Ооба.

Ал күлүп жиберди. Мен да күлдүм.

— Ошондой көрүнүүм мүмкүн! Менин этим шаардыкы болгону менен, сөөгүм элеттик. Дайыма айылга, тоого тартылып турам!

Анан оюна бир нерсе түшкөндөй аттын жалын тиктеп, унчукпай калды. Анын оюн бөлбөйүн деп мен да өзүмчө кыялга жетелендим.

Аттар көнүмүш жолдон бурулбай аяңдап баратты. Жамбил агайды биринчи жолу көргөн күнүм көз алдыма келди… Анда тоодогу кыштакта, башталгыч мектепте окуп жүргөн учурум. Кыштак өзүнчө колхоз эле. Башкармабыз да бар болучу.

Бир күнү биздин кыштактын жанынан качыр минген жүргүнчүлөр өтүштү. Айылдын кишилери адатынча эшикке жабыла чыгып, аларды тиктеп калышты. Аялдар жолоочулардын алдынан ак алып чыгышты. Алар биздин сыйыбызга ыраазы болгондой токтоп турушуп, айрандан ичишип, ыракмат айтышты.

Ошондо араларынан бир жигит бөлүнүп:

— Жанкороз аксакалдын үйү кайсы?— деп сурады.

— Те-тиги, бактуу там!

Ошол кезде биздин айылда Жанкороздон башка киши бак тиге элек болучу.

Ал жигит Жанкороздукуна түштү. Башкалары кетип калышты.

Жанкороз менен менин атам ынак курбу. Кимисинин үйүнө мейман келсе же мал союшса, бирин-бири чакырышчу. Жанкороз ошол күнү атамды мейманга чакырды. Атам мени адатынча ээрчитип алды.

Биз келгенде мейман төрдө чай ичип отурган экен. Жанында Жанкороздон башка киши жок. Жигит ордунан тура калды… Кичипейил, кишиликтүү экен деп атам ага ыраазы болду.

Мен ал күнү күткөн нерселеримди биле албадым. Ал эмне кылып жүрөт? Ким деген киши экендиги табышмак бойдон калды. Сөздү эки чал андан сурашпай эле, анын суроолоруна жооп берип, убакытты өткөрүштү. Жай сөздүн убагында ал мага мурдагыдай табышмактуу көрүнбөй, көп кишилердин бири сыяктуу карапайым сезиле баштады.

Мен ал жигиттин аты Жамбил, кесиби инженер экенин кеткенден кийин уктум. Ошондо гана биздин өрөөндүн ичинде ачылып жаткан көп кендер, качырга минген жүргүнчүлөр жана Жамбил жөнүндө ойлоно баштадым.

Ал Жанкороз менен ошого чейин тааныш эместигин да кийин билдим. Жанкороз эски жомокторду, казелдерди көп билчү эле. Көрсө, Жамбил бош убактарында элдик чыгармаларды да өзүнчө жазып жүрөт экен…

Биз кичинекей ашуунун белине чыга бергенде муздак шамал аркырай баштады. Биз аттан түшүп, аттарды байлаштырып койдук. Жамбил ашуунун аркы түбүндөгү кичинекей айылга көз жиберип турду.

Ал эмне үчүндүр беш жыл мурункуга караганда көзүмө картайыңкы көрүндү. Чачтарына ак кирип, көздөрүнүн алдын бырыш каптай баштаган.

:— Жакшы айыл!— деди инженер тиктеп туруп,— Жанкороз менен атаң айылдабы?

— Жанкороз дүйнөдөн кайтты.

Ал чочуп кетти:

— Качан?

— Былтыр ушул маалда.

— Кайран киши! — Анан кабагы салыңкы, ойго бата түштү.— Үлгүрө албаган экенмин… Ал киши өзүнчө жаткан кен эле. Жердин кенин ачуудан элдин кенин ачуу кыйын!..

Ашуудан эңкейип, айылга жеткенче аза күтүп бараткансып, жылаңбаштанып, башын жерден албады. Мен да кайгынын тузагына чалынганымды сезбей калдым. Кандайдыр бир, элге пайдалуу, кымбат кишиден ажыраганыбызды жаңы тушүндүм.

*   *   *

Биздин айылдагылар кандайдыр бир ардактуу мейман келатканын сезгендей жол карап турушкан экен. Жамбил агайды алыстан тааныбаганы менен, анын алдындагы көк ат мага кер жоргонун тийип калышы ойлонто турган окуя эле.

Биз жакындаганда шыбыр-күбүр көбөйдү. Атам топучан, күрмөсүн желбегей жамынып, жаман уулум ишке жараган экен дегенсип, кубанычтуу турган экен.

Жамбил агай аларга жете бербей атынан түшүп, салам айтты. Эң мурун атам эңөө кыса кучакташып учурашты. Анан чоң дебей, бала дебей баары бир сыйра амандашты. Жадырап күткөн кишилер Жамбил агайдын кайгысын таратып жиберишти.

Ал бармактайынан өстүрүп чыгарган өз айлына келгендей кубанды.

*   *   *

Жамбил агай бу жолу да экспедицияга келген экен. Биздин айыл менен учурашып, үч-төрт күн эс алуу үчүн жолдошторунан мурда чыгыптыр. Биздин үйгө бир конгондон кийин мени ээрчитип, тоо кыдыра турган болду.

— Алда, балам-ай! Өзүңдү аясаңчы, тоо бир жакка качмак беле?! —деп атам кейиди.

— Атка минип, тоо аралап бастыруу дем алуу го,— деп инженер жооп бергенде, атам анысын жөн көрдү.

Адатымча мен аттардын чылбырын кармап турдум. Атам аттардын терин кырып, шыпырып, чүпүрөк менен бир сыйра сүртүп чыкты. Инженер жаныбызда байкап турду.

Аттарды атам өз колу менен токуду. Эки жылдан бери атам мага да ат токууга уруксат берген эле. Бүгүн анткен жок.

— Атты жакшы токуйт экенсиз! — деди инженер ээр-токумду кармалап.

Бул мактоо атама жагып калды. Атам келген кишиге анын ээрине жана токулгасына карап да мамиле кыла турган. Буга маани бербегендерди жактырчу эмес.

Инженер кер жоргого, мен өзүбүздүн көк чолокко миндим… Биздин айылды башкалар тоо деп эсептегени менен, бул жер биз үчүн кадимкидей жака. Анык тоо ушундан ары башталат.

Капчыгай менен баратабыз. Күн шашке болуп калса да, капчыгай ичинен көлөкө тарай элек.

Жамбил агай алдындагы плащын кийип, айланага көз чаптырып, унчукпайт. Таштан-ташка учуп конуп, үн алышкан түрлүү куштар, аңкыштаган суурлар, асман деңизин жиреген бүркүт — кыскасы, ал былк эткен нерсенин баарына көңүл бөлөт. Мен ал жөнүндө башка ойдо элем. Кайсы жерге токтоп, таштарды текшерип, кенди кантип табарын көргүм келет.

Жамбил агайдын бул жүрүшүнө караганда аны эч ким тоо инженери деп ойлогудай эмес. Кээде гана артуудан артууга түшүп, кырга же бийик бетке көтөрүлгөн сайын аттан түшөбүз. Ал көкүрөгүндөгү дүрбүсүн колуна алып, айланага көз жүгүртөт. Анан планщеттеги картасын карап коюп, блокнотуна бир нерселерди чиет.

Бул эмне издейт? Кен карай турган дүрбү ушундай болобу деп да ойлойм. Бир жолу ал «те-тиги калкагардын түбүндө оттоп жүргөн кийиктерди карачы» — дегенде гана дүрбүнүн сырына түшүндүм.

Белестен белеске көтөрүлүп отуруп, түш оой бергенде күңгөй Ала-Тоонун кырына жеттик. Тоонун кырлары балык жон тартып дүңкүйүп, анан борчуктуу чокуларга айланып, андан ары тептегиз болуп созулуп жатат. Чөбү ар кайсы жерде кылтыйып, жаңыдан өнүп келаткан учуру экен. Кырдын тескей ныптасы, ой-чуңкурлары калдайган ак мөңгүдөн бошой элек. Кай тараптан чыкканы билинбеген муздак желдин илеби тынымсыз келип турат. Биз плащчан кадимкидей чыйрыга баштадык. Ысыкта жол жүрүүдөн кыйналган аттар гана жондорун дүңкүйтүп, куйрук, жалын көшүлтүп, боюн жазып, дароо эс ала түштү.

Биз аттарды байлаштырып, бет маңдайыбыздагы кичине борчук таштардын үстүнө чыктык. Биз дүйнө жүзүнө төбөсүнөн карагансыдык. Мен барын көрүп турам. Малчылар жайлашчу көпкөк жылгалар, салкын төрлөр, кышкы жайыттар, биздин кичинекей айыл, колхозубуз орношкон чоң өрөөн, ал турсун тоонун экинчи тарабындагы казактын жайлоолору, андан ары көз жеткис мейкин талаасынан бери бет алдыбызда.

Жамбил агай зерикпесин дегенсип, дүрбүсүн мага калтырып, өзү кең дүйнө менен сырдашкансып, жондо нары-бери басып турду. Жанындагы таңыркаган мени, үзөнгүнү шыңгырата жөөлөшкөн аттарды, курсагыбыз ачып, суусап турганыбызды — баарын унутту. Биздин маңдай жагыбыздагы беттен уларлар үн алышып сайрай баштады. Уктубу дегенсип, мен Жамбил агайга бурулдум. Ал ушул кооз үндөн да сонун нерсени тапкансып, өзү менен өзү… Дүрбүгө көңүлүм чаппай калды. Дүйнөнү ушу инженердин көзү менен карап, ал билгенди билсем деп эңсейм. Ушул тилекке жетүү үчүн эч нерсени аябас элем!

Бир маалда дал үстүбүздөн куркулдап учуп өткөн кузгун экөөбүздүн тең оюбузду бөлүп кетти…

Инженер мени тиктеп алып, аттарды көздөй басты…

— Зериккениң жокпу? Эмне көрдүң? — Ал менин колумдагы дүрбүнү өзү алды.

Мен эмне деп жооп береримди билбей аттарга андан мурда чуркап жеттим…

Жон менен кетип баратабыз. Менин жүрөгүмдү ойготкон жаңы сезим, ынтызарлык ой-пикиримди бүт бойдон бийлеп алды. Мен өзүмдү дүйнөнүн бийигинде жүрбөй эле, кандайдыр бир чуңкурдан чыга албай адашып жүргөндөй сезе баштадым…

Төмөн, тоонун коктусу тараптан жылкынын кишенегени, букалардын өкүргөнү угулат. Малчылар азырынча ылдый эле. Төрдүн чөбү жетилгенде гана берилеп көчүшмөк.

Биз артка кайрылганыбыз жок. Каякка баратканыбызды билбейм, ал жөнүндө сурагым келбейт. Ушул инженерди ээрчип, каякка болсо да кете берүүдөн тартынгым жок. Бирок эң мурун бир малчынын үйүнө кайрылып, курсакты кампайтып алсак жакшы болор эле деп ойлойм.

*   *   *

Тоо — түгөнгүс байлык менен кайталангыс сулуулуктун дүйнөсү. Ак мөңгүлүү чокулар, кумайлуу жондор, асман менен теңтайлашкан аскалар артта калды. Биз эңиштеп келип, чалкайган көк мейкинге аттарыбызды тушадык. Ушул кырт эткен ташы жок, ат соорусу жондонгон кең жайлоо эрке желге эрмек болгон карагыяк бетегеси, көбүргөнү аралаш чыккан жыпар жыттуу түркүн гүлдөрү менен ар дайым көңүлдү дегдетер эле.

Баятан бери чабытка чыккан барчындай тоодон тоо кыдырып жүргөнүбүздө мен ушул жайлоодо токтолор бекенбиз деп ойлогом. Мындай ой Жамбил агайда болгонун же бу жерге кокусунан гана кездешкенин биле албайм.

Күн таптуу. Ал плащын чечип, ыргытып жиберип, көлдөй калкылдаган көк шиберди жиреп басты. Аны да өзүмө окшоп, сагынган жайлоого эркелегендей чалкалап жатып, ооналактайт ко деп ойлогом. Бирок ал жылаңбаштанып, колун артына алып, өр таяна кетип баратты. Мен да соңунан жөнөдүм.

Ушул конуштун күңгөй жаккы бетинде кичинекей булак бар эле. Өргө демиккен Жамбил агай энтиккенине карабай, дал ошол жерге жетип токтоду. Ал эмне, булактын көркүнө кумар болду дейсиңби? Анда суктанарлык көрк деле жок, тоо арасындагы миңдеген булактардын бири. Артуудан артууга түшүп, чарчап-чаалыгып, таңдайы кургаган киши суусунун кандыруу үчүн келди го деп болжодум.

Бирок ал жата калып, мөлтүр суудан шимирген жок. Тек гана шылдыраган агымын тыңшагысы келгенсип, булактын боюна жай алып олтурду. Албетте, күйүккөн киши эң мурда демин басуу керек да. Мен күйүкпөсөм да, сууга андан мурда озунбоо үчүн, кичипейилдик кылып сабыр эттим.

Күтүп отурам. Ал демин жыйды. Менин оюмча экөөбүз тең эмне үчүн отурганыбызды түшүнбөйбүз.

Бир маалда каптал жактан чаканын шылдыраган дабышы чыкты. Мен жалт карадым. Ийниндеги илгичке кош чака көтөрүп келаткан кызыл көйнөк кыз көрүндү. Ал биздин жаныбызга келгенче инженер кылчайып караган жок.

— Саламатсыздарбы!— деген үн чыкканда гана инженер бурулду.

— Жакшысызбы?!

Инженер аны баамдуу карады. Бирок жаш кыз айбыккан жок, чакаларын жерге коюп, колундагы сыр кесени чайкап, анан сууну ошо кооз идиши менен сузуп, чакаларга толтура баштады.

Кыз толумдуу мүчөсүнө караганда орто мектептин акыркы класстарында окугандай… Айылдагылар мындай бийкечтерди «бойго жетиптир» деп коюшат. Бирок ал элеттик кыздарга окшоп уяң эмес, шаарда тарбиялангандай ачык, жайдары, бирок өзүн кармана билген элеттик сапатын да жоготпогон, зээндүү окшойт. Анын көз карашында бизди аёо сезими бар.

Биз дале отурабыз. Кыз чакаларын толтуруп бүткөндө Жамбил агай:

— Кызым! — деди жумшак үнү менен,— мага суудан сузуп берчи!

Кыз илбериңки эңкейип, мөлтүр булактан толтура сузуп, кичипейилдик кылып, кесени кош колдоп сунду.

Кыздын колу менен сунулган толтура кесени ал оозуна кармай бергенде:

— Агай!— деди абайлап турган кыз, сууну жуткурбай,— үйгө жүрүп, кымыз ичкиле!

Инженер ага ыраазылыгын билдиргендей сүйкүмдүү баш ийкеп койду да, сууну шыңгыта баштады. «Бекер кылды» деп өзүмчө өкүнүп койдум, сууга тойгон киши кымыздан иче албайт. Кыз менден да катуураак өкүнгөнсүп, эринин кысып, аякты бошоткончо демин чыгарбай тиктеп турду.

— Ыракмат, садагасы! — кыз инженердин алкышына кубанганы сезилбейт, кесени колуна алып, чакаларды ийнине салып, келген жолуна түштү…

Кызыл көйнөк кыз капталдан ашты.

Жылкычынын үйүнө барабыз го дегенсип, суудан ичким жок. Бирок инженер ордунан жылар эмес. Ошондо гана анын эмне үчүн карышып отурганын, оюнда эмне бар экенин билгим келди.

Анын көз карашын булактын кежигесиндеги куураган арчадан кармадым.

— Мунун эмнеси кызык?— деген суроо көңүлүмө кылт этти.

Бир кезде ушул жерде бир түп арча боло турган. Арча жайдыр-кыштыр көгөрүп турганда булак да көрктүү эле. Мындан үч-төрт жыл мурда кайсы бир накүстө аны балталап кетиптир. Балта тийген жыгач акырындык менен куурап отуруп, бүрүнөн ажырап, какчыйып катып калган. Куйрук-жалын күсөткөн күлүктөй болуп, булак да жарашыгынан ажыраган.

Абайласам, куураган арчанын тамырынан жабалактаган майда бутактар өсүп келаткан экен. Ушу булак болбосо, куураган арча балким, кайра көктөбөйт беле?! Суу куураган жыгачтын өмүрүн жандандырып, жаңыландырып, ага кайрадан жаңы түр бере баштаптыр.

Инженердин көзүнүн курчун, ар нерсеге баамчылдыгын ошондо гана түшүндүм. Ал өзү да эч жерге токтоно албай ушу тоо булагын издеп атайын келаткандыр. Балким бул жөнөкөй булак эместир, өмүргө пайдалуу, дарылыгы бар булактыр.

Мен кымызды, курсагымды кымызга сактаганымды унутуп койдум.

Жата калып, муздак суудан шимирдим. Суунун даамы канча тамшансам да, кадимкидей эле сезилет. Антсе да, суусунум канып, инженерге окшоп, чарчаганым билинбей калгансыды. Жамбил агай булактын жанында отуруп алып, картасына дагы да белгилер коюп, блокнотуна бирдемелерди жазды.

Мен аны ушул жерде дагы отура тургай эле, ушу суудан дагы ичип, ден соолугу тазаланып, ушул тоонун сырын толук ачуу үчүн узак жашагай эле деп тилейм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.