Өйдө түкүрсөң мурут, ылдый түкүрсөң сакал

Динди талкулоо эч токточудай эмес. Биздин ватсаптагы талкуулаганыбыз да алгачкысы эмес, акыркысы да эмес. Кече күнү бир жерде арапча жазылган кара байракты машинада булгалап жүргөндөрдүн видеосун көрсөңүздөр керек. Кара байрак анан арапча жазуу чыкса дароо эл дүрбөп, Ислам мамлекеттик террористтик тобу (ИГИЛ) байрагы менен Бишкекте кантип кенен-кесири жүрүшөт деп ызы чуу болду. Адатта коомдогу резонанстуу кабарды классташтардын ватсап группасында “диванный эксперттерибиз” менен каттуу талкууладык. Эмесе назарыңыздарда ошол талкуунун урунттуу жерлери: Эшмат:https://april.kg/ru/article/mashini-s-chernimi-flagami-polzovateli-prosyat-gknb-dat-yuridicheskuyu-ocenku-situacii. Биздин сабатсыз калк баштады мына дагы. ИГИЛдин байрагы менен […]

Баарыбызды улуттук сыймыкка бөлөгөн Култаеванын сыйлыгы жөнүндө сөз

Кытай Эл Республикасынын “Кытай адабиятын жайылтууга өзгөчө салым кошкондугу үчүн” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» интеллектуалдар альянсынын мүчөсү Үмүт Баймуратовна Култаева менен маек. – Оо, Үмүт эже, сыйлыгыңыз кут болсун! Сиз ар кандай сыйлыкка татыктуу инсан экениңизди билебиз го. Биздеги айрым түркөй жетекчилерди эске албаганда, сиздин пикирлештериңиз Сиз менен сыймыктанабыз. Эми сыйлык туурасында кеңири кеп кылып бергейсиз. Себеби буга чейин бул сыйлык боюнча коомчулукта маалымат жок эле да… – Ыракмат, Олжоке. Эми бул сыйлыкка, биринчиден, кудайдын […]

Гүлзада СТАНАЛИЕВА: Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинде  пейзаждын аткарган функциясы

Көркөм чыгармадагы пейзаж, анын  чыгармадагы орду, образдарды ачып берүүдө, чыгарманын идеялык концепциясын иштеп чыгууда анын көтөргөн жүгү тууралуу адабиятчы М.Борбугулов өзүнүн “Адабият теориясы” деген окуу китебинде мындай түшүндүрмө берет: “Ар кандай көркөм чыгармада сүрөттөлгөн табияттын көрүнүштөрү пейзаж (франк. – өлкө, чөлкөм) деп аталат; ал жазуучунун стилине жана чыгармачылык усулуна жараша ар кандай милдет аткарат. Табият сүрөттөрү чыгарманын идеялык-эстетикалык мазмунун ачууга кызмат кылат, ал чыгармада сүрөттөлүп жаткан окуяга, каармандын ички дүйнөсүнө, маанайына, жалпы атмосферага шайкеш келип, контраст түзүшү мүмкүн.” (Борбугулов: 1996, […]

Сабыр ИПТАРУУЛУ: Кыргыздын аздеги – Ат

Кыргыз элинде адам акылын чымыраткан бир табышмак айтылат: «Жаратканга жабышкан. Бул эмне?» Соболдун жандырмагы ат (ысым) деп чечмеленет. Демек, дүйнө ат алган (аталган) зат. Атсыз зат, затсыз ат болбойт. Ат – заттын маңызын билдирсе, зат – ошол маңыздын таризин сыпаттайт. Ат менен заттын, мазмун менен форманын төптүгү («Атына заты жарашуу») – төгөрөгү төптүктүн, абсолюттуу гармониянын символу. Жаманатты (жаман аттуу) болуу бүтүндүн бүлүнүшүн, толуктун чайпалышын билдирет. Ошондуктан, эл ичинде «Атын атаса, куту сүйүнөт», «Жакшы деген бир ат бар кууса жеткис, жаман […]