Кытай Эл Республикасынын “Кытай адабиятын жайылтууга өзгөчө салым кошкондугу үчүн” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» интеллектуалдар альянсынын мүчөсү Үмүт Баймуратовна Култаева менен маек.

– Оо, Үмүт эже, сыйлыгыңыз кут болсун! Сиз ар кандай сыйлыкка татыктуу инсан экениңизди билебиз го. Биздеги айрым түркөй жетекчилерди эске албаганда, сиздин пикирлештериңиз Сиз менен сыймыктанабыз. Эми сыйлык туурасында кеңири кеп кылып бергейсиз. Себеби буга чейин бул сыйлык боюнча коомчулукта маалымат жок эле да…

Ыракмат, Олжоке. Эми бул сыйлыкка, биринчиден, кудайдын буйругу  (жаратканга чексиз ыраазымын), экинчиден, сага окшогон интеллектуал замандаштарымдын адабиятка жасаган, мага жасаган асыл, чын-пейилдүү мамилеси жеткирди го деп ойлойм.

Ал эми сыйлык жөнүндө айта турган болсом, “Восток дело тонкое”. Бул сыйлык 2005-жылы адабият, басма сөз, котормо өнөрүнүнө арналып, дүйнөлүк масштабда кытай адабиятын, маданиятын жайылтууга салым кошкон чет мамлекеттик калемгерлерге арналып негизделиптир. Карабайсыңбы, Конфуций институту аркылуу тилин, бул сыйлык аркылуу адабият, маданиятын дүйнөгө жайылтып жатышканын. Конфуций институту 2004-жылы, бул сыйлык 2005-жылы ааламга старт алыптыр. Сыйлыктын адабият жаатындагы лауреаттарды тандоо принциби Нобель сыйлыгына окшошуп кетет, мамлекеттик макамга ээ.

Албетте, Нобелдин масштабы кенен дечи. Бирок бир гана гуманитардык багыт үчүн бул да оңой нерсе эмес. Адабият дегенде жалаң эле көркөм адабият эмес, илимий-популярдуу, саясый адабияттар да кирет экен. Ошондуктан кээде “китеп сыйлыгы” деп деле сүйлөй беришкенин байкадым. Ошондуктан анын лауреаттарга берилүүчү алтын жалатылган кубогунун оозу китеп деген сөздүн байыркы иероглифи менен жабылган. Кубоктун суюктук куюлуучу кумара сыяктуу формасы да  бекеринен тандалбаса керек. Адамдын жан-дүйнө азыгы китеп аркылуу байый турганын кыйыр чагылдырып, азыркы глобалдашуу доорунда китептин эч нерсеге алмашпай турган баалуулугуна көңүл бөлүнөт.

Эми “Восток дело тонкое” деген сөздү пайдаланганымдын себеби, бул сыйлыкка авторду мекени сунуштабайт. Андай болсо, билесиң, биздин интриган “достор” бут тосмок да, мага тиймек эмес. Кандидатты журналисттик иликтөөнүн негизинде өздөрү таап, сунушташат. Берилген материалдарды абройлуу эксперттер объективдүү электен өткөрөт. Мен, албетте, кытай адабияты боюнча иштеп жүргөнүмдү билесиң да. Бирок сыйлык алам деп ойлогон эмесмин, сыйлык үчүн иштөө оюма да келген эмес. Менин ушул окуядан кийин өзүмө өзүм таң калган бир жагдайга кезиктим. Көрсө, биз, интеллигенция, окумуштуу деген наамга арзыгандар, мыкты адистер бааланбаганга көнүптүрбүз да.  Адам баласы тагдыр башка салганга көнөт турбайбы.

Мага июнь айларында бир кыргыз синолог чалды: “Бир жолугушууда мени байкабай кытайлар сүйлөшүп жатыптыр. Сыйлык жөнүндө Култаевага азыр айталыбы же жюринин чечимин күтөлүбү деп өз ара кеңешишти. Акылдуусу, албетте, чечимди күткүлө. Электен өтпөй калса, уят болосуңар деди” деген. Анда деле үмүт эткен  жокмун. Мындан бир жыл мурун кытай тарап менин кыргыз-кытай байланышы боюнча эмгектеримдин библиографиясын сурашкан, бирок бир макала, окуу китебин же котормонун оригиналын сураган эмес. Ошондуктан аны унутуп деле калыптырмын. Көрсө, материалдарды өздөрү таап, аны менен өздөрү иштешет экен.

– Ошондо бул сыйлык сиздин кайсы эмгегиңизге берилди?

– Менимче, баарын комплексттүү карап, анын ичинен бир аспектиге басым жасалат окшойт. Лауреттарды үч категорияга бөлүптүр: автор, котормочу, басма кызматкери деп. Мен автор категориясында экемин. Демек, эмгектердин ичинен 2010-жылдан бери Конфуций институту тарабынан даярдалып жаткан “Кытай тили” окуу китептериндеги грамматикалык материалдардын кыргызча түшүндүрмөсүн мен иштебедимби, ошол эмгек негиз катары каралган окшойт. Бул түрмөктөгү окуулуктар бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайынын студенттерине чейин иштелди да. Жалпы саны 40ка жетти. Ага биздин Билим берүү министрлиги гриф да берген.

Чындыгында, ушул окуу китептерин адегенде этникалык кыргыздар иштеп, андан соң мен карачумун. Бирок боордоштордун жазуу стили биздикине окшобогондуктан, биздин окуучулар кабыл албай турган абалда келет. Биринчи жолу абдан кыйналгам. Анын үстүнө кытай тилинин грамматикасы такыр башка тилдик системада. Кытайга барып эки котормочу менен (бири кытайлык, бири кыргызстандык) бир ай бою алпурушуп, күнүнө 4-5 саат гана уктап жүрдүм. Үйгө келип эсимди жоготуп жыгылгам. Ооруканада жатып бир жумада өзүмө келгем. Бирок кийинки иштер бир топ жеңил болду, анткени ошондо грамматикалык терминдерди  иреттеп алдык. Мен кол жазманы которбой эле түз бербейсиңерби, мен үчүн эки жумуш болуп жатат десем, окуу китептерин түз чет өлкөлүк авторго каратканга мыйзам жол бербейт. Адегенде биздин атуул караш керек дешкен. А бирок толугу менен эле кайра иштөөгө туура келчү. Китептерге көп жетекчилердин аттары кошавтор катары жазылат, бирок чындап иштеген 1-4 адам. Ошол эмгекти эске алышкан го. А бирок салтанат учурунда окуу китептери жөнүндө сөз учкай айтылып, Лу Шүндүн чыгармаларын: “Жиндинин күндөлүгү”, “Эсте калган элестер”, “А-Кьюнун чыныгы тарыхы” чыгармаларын кыргыз тилине которгонума жана аларды Кыргызстанда окурмандарга тааныштырганыма чоң маани берилди. Ба Жиндин “Кулдун жүрөгү” аңгемесинин кыргызча котормосун “Ала Тоо” журналы баспады беле. Журнал КЭРдин мамлекеттик резиденциясындагы жыйындар залынын чоң экранында турганда, албетте, толкунданбай коё албадым.

КЭРдин мамлекеттик резиденциясындагы жыйындар залы

Демек, салтанат мамлекеттик резиденцияда өткөн экен да.

– Ооба. Болгондо да адабиятка арналган азем ажайып эстетикалык жасалгадагы имаратта өттү. Чет өлкөлүк атактуу чыгармачыл инсандарды кабыл алуучу жай эсептелет. Расмий кабыл алууга негизделген, эркин кирүүгө уруксат берилбеген керемет кооз архитектуралык композиция. Аны сүрөттөөгө тил жетпейт. Негизи КЭРдин үч мамлекеттик резиденциясы бар экен. Эң чоңу бизче которгондо “Эл сарай” аталып, саясый кабыл алуу  менен саясый иш чаралар өтүүчү имарат. Экинчиси эл чарбасы, агрардык, экономикалык иш чараларга арналыптыр. Үчүнчүсү биз барган Diaoyutai мамлекеттик резиденциясы.

– Diaoyutai эмнени түшүндүрөт?

– Diaoyutai резиденциясынын 800 жылдык тарыхы бар, улуттук маанидеги сейрек кездешүүчү курулуш искусствосун камтыйт. Династия Цзинь (1115-1234 жж.)  мезгилинде император шаардын сыртындагы ажайып кооз жерди көрүп, ал жактан балык кармоого боло турганын байкаган соң, балыкчылар үчүн бир жай курууга буйрук берип, алгачкы имарат курулуптур. Бул сөздүн мааниси балык кармоочу жай дегенди билдирет. Ушул сөз энчилүү ат бойдон 800 жылдан бери колдонулат экен. Кийин Цин династиясында император Цяньлун табигаттын бул өзгөчө кооз жерине өзүнүн  эс алуучу хан-сарайын тургузган. Ал эми 1959-жылдан баштап, КЭРдин түзүлүшүнүн 10 жылдыгына карата кайра оңдоодон өткөрүлүп, жаңыча модернизацияланып, мамлекеттик резиденция макамын алган. Мамлекет башчылары өзгөчө дипломатиялык маселелерди талкуулоодо ушул жерге келишет. Анткени аймактын аурасы оң эмоцияны пайда кылуучу сырдуу касиетке ээ. 20017-жылы Россиянын Президенти Путин Diaoyutai имаратынын ичин саякаттап баратып, ушунчалык көңүлү көтөрүлсө керек, бир залдагы фортепьяного олтура калып, бир нече күү ойногону интернет булактарына видео форматында сакталып калган.

КЭРдин мамлекеттик резиденциясындагы жыйындар залы

– Баса, “Жиндинин күндөлүгү” котормо боюнча  «РухЭш» сайты жарыялаган конкурста 1-орун алганын окурмандарыбыздын эсине сала кеткенибиз оң. Түз айтканда, кыргыз окурмандары сыйлык эмес бу сиз которгон чыгармалар жөнүндө да маалыматыбыз жок эле да…

– Ошону айтпайсыңбы. Менин сөзүмдүн башында айтпадымбы, бул сыйлыктын келишине сага окшогон интеллектуал пикирлештерим жандооч болду  деп. Чынында сен өзүң сурабасаң, котормолорду деле өзүм берген жокмун да. Силер, анын ичинде Олжоке, жеке өзүң менен кошо «РухЭш» сайтың ак жолтой болбодубу. “Жалгыз дарак токой болбойт” деген ушул. «РухЭш» котормолорду жарыялагандан кийин, сайттан алып “Ала Тоо” журналы басып чыгарды (Кеңеш агайга ыракмат). Журналга да өзүм басып барган жокмун. Сенин сайтыңдын чыгармачыл өнөктөшү «Санжыра» радиосу “Кулдун жүрөгүн” аудиокитеп кылышпадыбы. Демек, «РухЭшиңдин» түздөн-түз салымы бар.

– Жылуу сөзүңүзгө терең ыраазычылык, бирок ошентсе да мээнет сиздики. Азыр чынында сыйлык сиздики болгону менен сыймык баарыбыздыкы дегидей эле болуп турабыз! Себеби Кытай мамлекети мындай сыйлыкты жөн жерден эле оңду-солду тарата берер мамлекет эмес…

– Биздин Жазуучулар бирлиги бул котормолорго кулак деле салган жок да. Сен жазуучу менен котормочунун сүрөтүн бакыйта коюп, жакшы жарыя кылбадыңбы. Ошондуктан, силерге – өзүңө, «РухЭшке», “Ала Тоо” журналына, «Санжыра» радиосуна ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүмүн. “Жиндинин күндөлүгү” боюнча мыкты журналисттердин бири Элмира Ажыканова радио берүү жасаган. Ушунун баары эске алынып жатпайбы. «Санжыра радиосу» “Кулдун жүрөгүн” укма китеп кылып эчен ирет кайталап бербеди беле. Алар котормого баа бергенде окурмандардын аудитория масштабына да баа беришет.

– Калыс пикириңизге дагы бир мерте ыракмат, эже. Мен айтып жүрбөймүнбү, интеллектуалдар бириксек, биздин колдон көп эле нерсе келчүдөй. Болбосо мамлекетти өнүктүрүү интеллектуалдарсыз мүмкүн эмес экенин көрүп атпайбызбы. А мамлекеттин өнүгө албай жатканынан адабиятка такыр эле көңүл бурулбай калбадыбы. Ушул багытта кеп курсаңыз. Мындай сыйлыкка канча мамлекет катышты?

– Сыйлык 2005-жылы негизделген экен. Быйыл 12-тур  белгиленди. Буга чейин 44 мамлекеттен 108 калемгер сыйланган экен. Быйыл 12 мамлекеттен 12 киши, үч сыйлык жаштар сыйлыгы катары дагы үч мамлекетке берилди. Ошондо 15 мамлекет катышты (Англия, Япония, Франция, Албания, Россия, Венгрия, Непал, Марокко, Польша, Румыния, Латвия, Иран, Камбоджа, Өзбекстан, Кыргызстан).

– Биз менен канатташ КМШ мамлекеттеринен бардыр. Кимдер катышты, бизге белгилүү авторлордон жок бекен?

– Албетте, КМШ мамлекеттеринен бар. Россия, Өзбекстан, Кыргызстан катышты. Россияда “Весь мир” аттуу жеке басмакана бар экен. Ошонун директору Олег Зимарин “Россия-Китай” деген эки томдук чыгарыптыр. Басмаканасы кытай тилинде которулган жана кытайча китептерди басмадан чыгарганы белгиленди. Ал эми Өзбекстандын Президенттик аппаратында иштеген Муртаза Каршыбаев Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу” деген китебин өзбек тилине которгон экен.

– Эми материалдык жактан социализмдин адабиятка мамилеси жакшы эмес беле. А бул сыйлыкты кытай өзгөчөлүгүн камтыган социализмдин камкордугу катары баалаганга болобу? 

– Менимче, кеп коомдук түзүлүштө деле эмес окшойт, кеп мамлекеттин өнүгүү деңгээлинде экен. Өзүң жакшы билесиң, Олжоке, дегеле Кытай маданият менен адабиятка өзгөчө көңүл бурат эмеспи. Балким, мамлекеттик өнүгүүнүн бир сыры ушунда. Баягы Кытайдын “алтын доору” эсептелген Таң доорунда поэзиядан экзамен тапшырган адам гана мамлекеттик кызматка алынчы эмес беле. Адамдын руханий деңгээли поэзия, адабият аркылуу аныкталган. Ошол “алтын доордо” материалдык дүйнөнүн опосуздугу, руханий дүйнөнүн түбөлүктүүлүгү кытай поэзиясында катуу даңазаланган. Ошол мезгилде акын-дербиштердин өзүнчө бир плеядасы пайда болуп, кытай маданиятына бир нече муунга жетерлик нравалык сабак таштаган эле го. Кийин алардын “маданий революциясы” абдан чоң улуттук трагедия болгону ырас. Биздеги 37-жыл быякта калсын. Азыр ошол тарых сабактарын эске алуу менен адабиятка абдан аяр мамиле жасалып жатпайбы. Бул салтанатта дүйнөлүк масштабдагы лекторлор баяндама жасашты. Азыр Кытайда китеп – интеллектуалдык индустрия, мамлекеттик прогресстин негизги рычагы катары карала баштаптыр.

– Китепти мындай баалоонун өзү жетишкендик экени көрүнүп турбайбы. Ал үчүн материалдык каражат жетиштүү болууга тийиш да.

– Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы. Эми адабиятка мамлекет бөлгөн каражат кээде өздөштүрүлбөй артып калат экен. Мына мамлекеттик сыйлыкты өздөрүнөн ашкан үчүн бүт дүйнөгө таратып жатканынан эле мамлекеттин адабиятка, маданиятка жасаган мамилеси байкалып турбайбы.

– Менимче, бул сыйлыкты Кыргызстанда сиз биринчи алдыңыз окшойсуз. Биздин Кытайдагы боордоштордун реакциясы кандай болду? Алар бул сыйлык боюнча билишет бекен?

– Ой, ал боордоштордон айланса болот. Албетте, билишет. Бирок алар катыша алышпайт, анткени алар Кытайдын атуулдары эмеспи. Чет өлкөлүктөр, башка мамлекетте кытай адабиятын, маданиятын жайылтууга салым кошкондор сыйланып жатпайбы. Сыйлык 21-августта тапшырылды. 22-августта дагы бир чоң иш чара китептин дүйнөлүк фестивалына Beiging International  Book Fair иш чарасына катышууга  тийиш элек. Бейжинде кытайлык боордоштордун белгилүү чыгаан окумуштуулардын бири Адыл бар. Үй-бүлөсү менен окумуштуу. Келинчеги Токтобү Кыргызстандан кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп кеткен. Адыл Бейжиндеги Улуттук Илимдер академиясынын Орто Азияны изилдөө бөлүмүндө, Токтобү Бейжин улуттар университетинде иштейт.

Баса, Бейжинде курман айт 22-августа болду да. “Эже, сыйлык менен куттуктайбыз, үйгө келип айттап кетиңиз” –  деген чакырык алдым. Мен кур келип калдым, үйүңөргө барарымды билсем, даярданып келет элем, кийинки сапар барайын десем, Токтобү эмне деди дебейсиңби. “Сиз кур келген жоксуз, эже. Сиз Кыргызстанды төбөңүзгө көтөрүп келдиңиз!” – десе боло… Жөндүү сөзгө жыгылып, аллам оозуман түшүп эле сөз таппай, оозум ачылып калды. Карачы, сөздүн күчүн! Бул кандай оор да, ыйык да, жоопкерчиликтүү да сөз!

Сөздүн маанисине уйпалана түшкөн жаным, азыр анда, жыйындан качып чыгып болсо да барам деп жибериптирмин го.  Жолдо таксиде Бейжиндин керемет жашыл бактуу трассасында  шакиртим Дабыт менен чайпала жол жүрүп баратып (аралык 40км) не бир түпсүз ойлорго баттым. Биз жазуу стилибиз мыкты деп манчыркаганыбыз менен кыргыз дүйнө таанымына таандык бир ажайып баалуулукту жоготтук белем… Манасчылык менен төкмөлүк өнөр ээси болгон кыргыздын кыргыз керемети оозеки речтеби? Мен Токтобүнүн ордунда болсом, ушул сөздү таап айта алат белем, жок беле? Айта албасам керек эле.

Көрсө, физиканын мыйзамы боюнча бир нерседен утушка ээ болгон, экинчисин жоготпосо да, алсыздандырып алат окшойт. Кыргыздын не бир керемет элдик сөз өнөрүн жоготпой сактап, кемелине келтире сүйлөгөн ошол кытайлык бир туугандарыбыз. Же бул мекенди сагынып жашоодон келип чыккан жан-дүйнөнүн аруу асыл сапатыбы? Кантсе да биздин оозеки кептин табышмактуу сырлары биздин ушул бир туугандарыбызда экенин дагы бир жолу сездим.

Кечки адабий кечени таштай качып, Адылдын үйүндө болдук. Кыргызстандын ар бир ийгилигине жүрөгүн делбиретип турган боордошторубуз аман болушсун! Өзүбүзчө чакан азем кеч өткөрүп, боор батырыштык. Кызыгы, шакиртим Дабыт (ал жөнүндө макала даярдап жатам) “Калемиңиз курчуй берсин” деп, калем сап берип жатпайбы. Андагы эски иероглиф менен жазылган жазуу кыргызчага “Калем кылычтан өткүр” деп которулат экен. Калетсиз сөз, терең ой эмеспи. Кайрадан сөздүн күчү сөөгүмө жетти. Экинчи белекте Ч.Айтматовдун төмөнкү сөзү жазылыптыр: 

Ошентип, бул сапарда сыйлыктан эле эмес, боордоштордун кыргызча сүйлөө чеберчилигинен да зор канаат алуу мен үчүн сыймыктуу сезим болду.

– Маегиңизге ыракмат! Дагы баарлашабыз, эже. Жүрөк толкуткан маегибизди бир аз күндөн кийин да уланталы, себеби учурда менде башка да уюштуруу иштери колумду кармап атат эле…

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.