Көркөм чыгармадагы пейзаж, анын  чыгармадагы орду, образдарды ачып берүүдө, чыгарманын идеялык концепциясын иштеп чыгууда анын көтөргөн жүгү тууралуу адабиятчы М.Борбугулов өзүнүн “Адабият теориясы” деген окуу китебинде мындай түшүндүрмө берет: “Ар кандай көркөм чыгармада сүрөттөлгөн табияттын көрүнүштөрү пейзаж (франк. – өлкө, чөлкөм) деп аталат; ал жазуучунун стилине жана чыгармачылык усулуна жараша ар кандай милдет аткарат.

Табият сүрөттөрү чыгарманын идеялык-эстетикалык мазмунун ачууга кызмат кылат, ал чыгармада сүрөттөлүп жаткан окуяга, каармандын ички дүйнөсүнө, маанайына, жалпы атмосферага шайкеш келип, контраст түзүшү мүмкүн.” (Борбугулов: 1996, 243). Ырас, көркөм чыгармада тигил же бул жердин, өлкөнүн шартын, өзгөчөлүгүн, жер-суусу, климаты менен тааныштыруу максатында жазылган, тааныткыч мааниси бар сүрөттөмөлөр да болот (Борбугулов: 1996, 243). М.Борбугуловдун берген түшүндүрмөсү башка теориялык адабияттарда дагы такталып, жиликтенгенин көрүүгө болот. Алсак, пейзаждын эпикалык түрдөгү көркөм чыгармадагы функциялары төмөндөгүчө аныкталып берилет (http://www.philol.msu.ru/~tezaurus/).

  1. Окуя болгон жерди жана мезгилди сүрөттөө үчүн. Пейзаждын сүрөттөлүшүнө карап, окурман окуя каерде жана кайсы мезгилде болгонун көз алдыга келтирет. Көп чыгармаларда окуянын кайсы жерде жана качан болуп жатканы так көрсөтүлбөйт, бирок сүрөттөлгөн пейзаждан мезгил менен жерди аныктоого болот.
  2. Сюжеттик мотивировка. Табият көрүнүштөрү чыгармадагы окуяга таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, М.Элебаевдин “Бороондуу күндө” чыгармасында баш каармандын бороондун айынан үтүрөйгөн бир боз үйдө түнөгөн учуру сүрөттөлөт. Чыгарманын аталышы да ошол табият көрүнүшүнүн атынан коюлган.
  3. Психологизм формасында. Пейзаж каармандын мүнөзүн ачып берген каражат катары колдонулуп, психологизм формасында берилет. Табият көрүнүштөрү каармандын турмушундагы тигил же бул окуясы тууралуу алдын ала кабарлап коюшу мүмкүн. Мисалы, “Бетме-бет” повестинде чыгарманын башында эле караӊгы түн, тегеректи бүт сапырып, теректердин жалбырагын күүгөн уйгу-туйгу шамалдуу түн сүрөттөлөт. Ошол түн Ысмайылдын психологиялык абалын, алтургай, киши катарынан чыгып опурталдуу тагдырды тандап алып баратканын алдын ала кабарлайт.

Белгилүү орус окумуштуусу  Л.И.Тимофеевдин айтымында, көркөм чыгармада пейзаж кандай гана функцияны аткарбасын, ал каармандын образын ачып берүү үчүн сөзгө алынып сүрөттөлөт. Пейзажды сүрөттөө менен жазуучу чыгармадагы образдардын психологиялык абалын, чыгарманын идеялык-тематикалык мазмунун жеткиликтүү түрдө ачып берүүгө умтулат. Пейзаж чыгармадагы конфликтинин чыңалып бышып жетилишинде да тиешелүү роль ойнойт. Алсак, Достоевский чыгармаларында Петербургдун карасур, ичиркенткен, суук тумшук пейзажын сүрөттөбөгөндө, чыгарманын идеясы да, каармандарды түрдүү иш-аракетке түрткөн турмуш шарты да, образдары да ушул турушунда ачылып берилмек эмес. Демек, ар бир жазуучу пейзажды көркөм-эстетикалык жактан иштеп чыгууда, чыгарманын тулку-боюна киргизүүдө өзүнүн жалпы жазуучулук-философиялык концепциясына таянып иштеп чыгат.

Ч.Айтматовдун ар бир чыгармасында да пейзаж каармандардын образын ачууга эбегейсиз кызмат аткарат. Айтматовдун чыгармаларында пейзаждын каармандын индивидуалдык мүнөзүн ачып берүүсүнөн тышкары сюжеттик-композициялык жактан да, идеялык-мазмундук жактан да алмаштыргыс орду бар.

Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повести эмоционалдык ыргакта, поэтикалык духта жаралган согушка каршы гимн десек болот. Бул чыгармада да пейзаж тууралуу өзүнчө сөз кылууга негиз бар. Себеби анда пейзаж бүтүндөй чыгарманын ички поэтикасын ачып берүүдө да, образдардын психологиялык абалын чагылдырууда да, каармандардын жеке мүнөзүн көрсөтүүдө да өзгөчө роль ойнойт. Чыгармада пейзаждык көрүнүштөр катары саманчынын жолу, торгойдун сайрашы, жер жайнаган кызгалдактар, гүлкайыр, айтор гүлгө бөтөнчө маани берилип сүрөттөлгөнүн учуратабыз. Алгач чыгарманын атына көчкөн саманчынын жолунун сүрөттөлүшүнө, аны менен автор эмнени көрсөткүсү келгенине карап көрөлү.

Саманчынын жолу чыгармада төрт жолу эскерилет. Толгонай турмушундагы төрт орчундуу учурда гана саманчынын жолуна тигилет. Биринчи учур – Толгонай Субанкулга жаңы баш кошуп бактылуу болуп турган кезиндеги мезгил. Бул мезгил жаңы турмуш орноп, Толгонай менен Субанкул ошол жаңы турмушка эми кадам таштап киришип, жаңы заман шарттары тартуулаган ажайып бир дүйнө катары сүрөттөлөт. Чыгармада Толгонай жаӊы турмушта туш болгон жаӊы бактысына өзү да ишенип-ишене албай Субанкулдан: “Биз бактылуу болобузбу?” – деп суроо узаткан жери бар. Анда Субанкул: “Эгерде жер баарыбызга тегиз болсо, анда бакыт деген ошол. Баарыбыз ынтымакта, биримдикте иштеп, жасаган эмгегибиздин үзүрүн тынч заманда көрсөк бакыт деген ошол да”, — деп жооп берет ага.

Күйөөсүнүн сөзүнө эргиген, андан канагат алган Толгонай асманга тигилген тапта Саманчынын жолун көрөт. “Саманчынын жолу бейкапар сонун  көрүнүштө турган экен. Ошол көрүнүштү көрүп мен саманчы дыйкан саманын жүктөп, арабада алып кетип баратып, саманы сапырылып жерге түшкөнүн көзүмө элестетип, менин да Субанкулум ушундай дыйкан болот. Анан анын да саманы кучагына батпай ушинтип жол бою күбүлүп түшүп турат”, — деп берилет бул учур чыгармада. Бул сүрөттөөдө Толгонай Саманчынын жолунан саман жүктөгөн дыйкандын образын элестетет. Дыйкандын образы Толгонайдын кабылдоосунда тынчтыкта эмгектенип, ошол эмгегине маарып, бакыт-таалайда жашаган адамдын образын, демек, ошол учурдагы Толгонайдын, Субанкулдун образын, алар жашап жаткан доордун образын, мезгилдин демин көз алдыга тартат.

Экинчиси – “Чын эле биз бактылуу болобузбу?” дегени турмушта ишке ашып, үч баласы эр жетип, келини жакшы чыгып, Субанкул тракторист,  Касым комбайнчы болуп (ал учурда тракторист, комбайнчы болуу өтө кадырлуу, ар кимдин эле колунан келе берчү иш эмес эле), айтор элдин алды болуп эмгектенишет. Турмуш өзүнүн жолуна түшүп келе жаткан ошол учурда тагдырына ыраазы болгон Толгонай: “Асманды карасам саманчынын жолу сонун болуп баягы турушунда турган экен”, — дейт. Демек, экинчи учурдагы сүрөттөө биринчи жолу сүрөттөө менен үндөшүп турат.

Ал эми үчүнчү жолу чыгармада саманчынын жолу сүрөттөлгөн учур булардан кескин түрдө айырмаланат. Себеби ал согуш учуруна дал келип, ошол катаал турмуштагы эӊ кейиштүү, азаптуу күндөрдөгү окуяны коштоп сүрөттөлүп берилет. Бул мезгил Толгонай бригадирлик милдетти аргасыз мойнуна артып, согуштун эң оор учурунда элдин камы кайраттандырып, өзүн, өзүнүн жеке кайгы-кубанычын унутуп, башы менен жер сүзүп иштеп жаткан учуру. Колдо болгон буудайдан согушка жөнөтүлгөндүктөн, Толгонай айыл үчүн биртике жер тытып, үрөндүк сээп алалы деп элди көндүрөт. Кары-картаңдар: “Биз го көнөбүз, а аялдарчы” – деп түпөйүл болушат.

Чын эле ал учурда бир чыны буудай бир үй-бүлөнү бир жумага чейин багып калган. Ошондой учурда Толгонай бөтөнчө бир кайрат менен элдин акыркы үрөнүн күздүккө жыйноого киришет. Айрыкча, жаш балалуу аялдардан алышы кыйынга турат, ач-жылаӊач балдары этектеген жаш аялмет аялдар бир чыны үрөн үчүн эчтекеден баш тартпай, чыркырап жанын кыйганга да даяр эле. Бирок элдин жүгүн мойнуна алган, элдин эртеӊин ойлоп ушул ишке белсенип барган Толгонай кайраттанып, эч кимисин “аябайт”. Ар бир үйдүн акыркы данын жулуп алып, артын карабай кете берет.

Кезек жалгыз уулу Бекташ менен бир күн оору, бир күн соо болуп күн кечирген Айша деген кошунасына келип жетет. Бул учур чыгармада мындайча берилет. “Айша эрдин тиштегилеп, жалооруду: “Бар болсо аяйт дейсиӊби, Толгонай. Өзүӊ деле көрүп жүрбөйсүӊбү, мен минтип чала жан болсом, кудай кошкон кошунам эмессиӊби…” Каӊырыгым түтөп бошоп кеттим, бирок ошол замат боштукту четке кактым: “Мен азыр кошунаӊ эмесмин! – деп катуу сүйлөдүм. – Мен бригадирмин, көпчүлүктүн атынан ушул эгиниӊди алып кетем! – дедим да, кайра чыдабай, теӊин чоӊ табакка төктүм. “Бери кара, Айша. Теӊин эле алдым, капа болбочу”, – дедим. Айша башын буруп мени караганда, көзүнөн аккан жаш бопбоз салаа болуп бетинен төгүлүп турган экен”.

Элдин көз жашы менен чогулган буудайды уурдап кеткен Жекшенкулдардын артынан түшкөн кезде Толгонайга Жекшенкул ок атып, аты мүдүрүлүп жыгылып, өзү эс-учун жоготуп жатып калат: “Кандай иш болуп кеткенин ошондо гана толук түшүндүм. Ушул бойдон көзүм жумулуп кетсе, өлсөм дедим. Элге эми эмне дейм? Кайсы көзүм менен тик багып карайм. Көзүмө жаш толуп асманды тиктесем, тунарган саманчынын жолу төбөдө чолок тартып, куду Айшанын бетинен төгүлгөн боз жаштай боппоз болуп сарыгып турган экен”, – деп сүрөттөйт.

Чыгармада буга чейин эки жолу сүрөттөлгөн саманчынын жолу Толгонайдын эӊ оор учурунда таптакыр башкача символдук образга айланып кетет. Б.а., бул учурда саманчынын жолу көркөм-эстетикалык жактан чыгарманын чырайын чыгарып, идеялык-мазмундук жактан ойду тереӊдетип сүрөттөлөт.

Көрүнүп тургандай, повестте саманчынын жолу эки башка образга ээ болгонуна күбө болдук. Биринде бейпил турмушту символдоштурган саман жүктөгөн дыйкан болсо, экинчисинде Айшанын бетинен төгүлгөн боз жаштай боппоз болуп сарыгып турганын көрөбүз. Демек, мында бир эле пейзаждык, табияттык көрүнүш чыгармадагы окуяга жараша, каарман туш болгон кырдаалга, анын психологиялык абалына жараша ар түрдүү көркөм түскө боёлуп сүрөттөлдү.

Эми чыгарманын аягында берилген саманчынын жолу сүрөттөлгөн төртүнчү учурга көӊүл буралы. Бул учур согуш бүтүп, бейпил заман орногон кез, Жанболот кадыресе киши болуп ишке жарап, б.а., Касымдын ордун басып, убакыт эски жарааттарды дарылап, турмуштун учугу кайра уланып калган учур. Ушуну көрүп Толгонай топук кылып, көӊүлү толкуп асманды тиктеп саманчынын жолун дагы бир ирет көрөт. “Ошол түнү асманды карап жатсам, саманчынын жолу жаӊыдан чубуруп түшкөдөй, алда ким азыр гана зор кучак саман көтөрүп өткөнсүп, жылдызданган күкүм топондору себеленип, аларга жел тийгенсип жылт-жулт этип копшолуп жатты”, — деген сүрөттөөдөн кайрадан дыйкандын образы, саман жүктөгөн эмгек адамынын образы көзгө тартылат.

Дегеле, Ч.Айтматовдун чыгармаларында эмгекчинин образы негизги орунда турат. Жазуучу жөнөкөй эмгекчинин дүйнөсүн, мүнөзүн, жашоо образын, дүйнөгө болгон көз карашын жан дилин төшөп сүрөттөйт. Саманчынын жолунун эмгекчинин символдук образын көрсөтүп турганы да ушундан улам. Бул символдук образ барга топук кылуу, турмушта жаман-жакшы, ак-кара эриш-аркак алмашып турарын, жексур согуш канчалаган адамдын өмүрүн жалмаса да, жашоодо наристелер төрөлүп адам өмүрү улана бере тургандыгын даӊазалаган образ. Толгонайдын эне катары турмуштук философиясы да ушул ойду каӊкуулайт.

Саманчынын жолунун эмне үчүн төрт жолу берилишинин да себеби бар. Айтматовдун бардык чыгармаларында идеялык-композициялык ички чыңалуу күчтүү, ширелишкен болоттой курч. Чыгармада идеялык-композициялык чыңалуу ишке ашканда гана, мазмундук-формалык гармонияга жетишкенде гана, төгөрөгү төп келген асыл, жаркын чыгарма жаралат. Аталган чыгармада Саманчынын жолунун төрт жолу сүрөттөлүшү повесттин идеялык-композициялык, мазмун-формалык чыӊалуусун шарттап берген.

Айрым бир жаш жазуучулардын чыгармаларын окуганда, кандайдыр бир чалагайымдык, тайыздык, чегине жеткире иштелип чыкпагандыкты байкайбыз. Бул мазмун менен форманын гармониясынын үстүнөн иштөө, сөз менен иштөө, айтайын деген ой-идеяны бышыруунун үстүндө иштөө маселеси, калемди такшалткан кажыбаган эмгек менен талант-шык маселеси менен түшүндүрүлөт. Пейзаждык көрүнүштөр да жазуучулук чеберчилик маселелеринин бири. Чыгарманын ички поэтикасында анын ойногон ролу чоӊ. Алсак, повесттин “Саманчынын жолу” деп аталышы чыгарманын жалпы идеялык концепциясын ачып берүү үчүн чоӊ роль ойнойт.

Буга далил болсун үчүн саманчынын жолунун символдук маанисин чечмелеп көрөлү. Саманчынын жолун телескоп менен караганда, ал чексиздикти белгилеген символ сыяктуу формада экени көрүнөт. Демек, чыгармада саманчынын жолу аӊ-сезимдүү түрдө иштелген, чыгармачылык изденүүнүн негизинде жазуучунун тапкан табылгасы. Чексиздиктин символу болгон саманчынын жолунун чыгармадагы символдук мааниси жашоо улана бере тургандыгын, жамандык менен жакшылыктын теӊ салмагы ар дайым сакталып тургандыгын, жакшылыктын үмүтү эч качан үзүлбөй тургандыгын жар салган автордук идеялык концепцияны тереӊ ачып берүүдө.

Саманчынын жолунан башка да чыгармада пейзаждык образ-символдор бар. Жазуучу  торгойдун образ-символун да ыктуу колдонгон. Торгойдун образ-символу повесттин эки жеринде учурайт. Биринчисинде – Субанкул менен Толгонай жаңы баш кошуп, турмуштун таттуу күндөрүн таткан учурлардын биринде Толгонай торгойдун үнүн угуп: “Үнүңдөн болоюнум торгоюм”, — деп жалбарганын учуратабыз. Мында ошол учурдагы бактысына торгойдун сайрашы шайкеш келип, өзүнчө образ-символду чагылдырып турат. Көпчүлүк элдерде торгой – бул бакыттын, бейпилдиктин, тынчтыктын символу катары кабылданат. Ал эми кыргыз элинде “кой үстүндө торгой жумурткалаган заман” деген сөз бар, анын мааниси – токчулук, береке төгүлгөн тынч заман дегенди түшүндүрөт.

Демек, бакыттын, токчулуктун символу катары “Саманчынын жолундагы” торгой каармандар бактылуу болуп турган учурда гана сайраганы сүрөттөлөт. Бул учурлар согушка чейинки жана согуш бүткөндөн кийинки мезгил. Согуш жүрүп жактан чакта, Толгонайлар эӊ оор күндөрдү баштан өткөрүп жаткан учурда, торгойду жазуучу “сайратпайт”. Чыгарманын соӊунда гана согуш бүтүп, Толгонайдын Бекташ менен талаага иштегени кеткен небересине келип, тынч жашоодо бышкан нандын даамын татып, тагдырына топук кылган учурунда жазуучу торгойдун сайраганын мындайча сүрөттөйт: “Көптөн бери мындай тамылжыган таң эртесин көрө элекмин. Көптөн бери торгойдун минтип сайраганын уккан жок элем. Түпкүрү жок, чеги жок аппачык көгүлтүр асманда көркү жупуну боз чымчык адамдын асманга учуп чыккан жүрөгү сымал тыным албай, канат кагып тырпырап, томуктай гана болсо  да не бир назик, не бир толукшуган күүлөрдү төктүрүп безеленип жатты. Көмөкөйүңүңдөн айланайын торгоюм. “Ана биздин торгой сайрады”, — деп койчу эле Субанкул. Сен да өлбөйт экенсин торгоюм”, — деп үмүттүн өлбөстүгү, жамандык менен жакшылыктын теӊ салмактуулугу тууралуу чыгарманын башкы идеясын бекемдейт.

Повестте гүл да образ-символ катары сүрөттөлөт. Чыгармада  гүлдүн образ-символу Алиманга карата колдонулат. “Гүл сүйгөн келиним”, — деп сүрөттөйт Толгонай Алиманды ар дайым. Алимандын сүйүүсү да, армандуу тагдыры да ушул гүлдүн образ-символу менен эриш-аркак берилет. Гүлдүн образ-символ катары кандай учурларда колдонулганын карап көрөлү.

Чыгармада Алимандын Касымга гүл көтөрүп жүгүрүп барып, ал айдаган трактордун тепкичине колундагы гүлүн коюп кеткен жери баяндалат. Согушка кеткен Касымынан айрылып, келечеги бүдөмүк, дүйнөсү эңшерилип жүргөн кезде “Бул гүлдүн эми кимге кереги?” деп өзү сүйгөн гүлдөн да көңүлү калган учур да сүрөттөлөт. Алиман өлгөндө да гүлгө “оронуп” жатат. “Жазында ошол жылы, мүрзөсүнө гүл эгип салдым” дейт Тогонай да.

Эми гүлдүн образ-символдук маани-маӊызына келсек, гүл бул — сулуулуктун, аруулуктун, тазалыктын, күнөөсүздүктүн символу. Жазуучу гүлдү бул жерде Толгонайлар жашаган жердин табиятынын кооздугун көрсөтүү максатында сүрөттөп жаткан жери жок. Ал гүлдү символдук мааниде Алимандын образын ачып берүү үчүн колдонуп жатат. Алиман – экинчи пландагы каарман болсо да, чыгармадагы, дегеле Айтматовдун чыгармаларынын ичинен трагедиялуу каарман катары окурмандын эсинде калат. Ал канчалык “айыптуу” иш кылганы менен, өзүнүн жан дүйнөсүнүн тазалыгынан, пейилинин актыгынан, мүнөзүнүн назиктигинен кайтпаган асыл келин катары элеси калат.

Жыйынтыктап айтсак, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолунда” пейзаж каармандын мүнөзүн ачып берген каражат катары колдонулуп, психологизм формасында берилет. Мындан тышкары, пейзаж жазуучунун аталган повестинин ички поэтикасында өз алдынча роль ойноп, образ-символго айланып, образдардын ачылып берилишине эбегейиз кызмат аткарат да, чыгарманын идеялык концепциясын чыӊалтат.

Гүлзада СТАНАЛИЕВА, филология илимдеринин кандидаты,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин улук окутуучусу

Колдонулган адабияттар:

  1. Борбугулов М. Адабият теориясы. – Бишкек: 1996.
  2. Тимофеев Теория литературы. – Москва: 1959.
  3. Лингвокультурологический тезаурус «Гуманитарная Россия» (под научной редакцией М. Л. Ремневой). http://www.philol.msu.ru/~tezaurus/

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.