Тибет эл жомогу: Арстан оозун ачканда

Пурбу деген бир кедей бар эле. Ал тоодон отун алып, аны элге сатып оокат кылчу. Таң атпай туруп, арпа ундан жабылган көмөч нандан белине экини түйүп, ашыга басып, күндүн мурду көрүнө электе токой четине жеткен соң гана кимдир бирөө таштан чегип жасаган арстан эстеликтин жанына отуруп өзөк жалгачу. Мунун себеби: бул үйдөй чоң таш арстан анын көзүнө дайыма абдан арык жана арбайып ачка көрүнгөндүктөн боору ооручу да, жеген нанынан анын оозунун кычыгына бир-эки сындырымдан салып койчуу. Токойдон отун алып чыгып […]

Өзбек акыны Мухаммад Исмоилдин ырлары Азамат Төкөровдун котормосунда

Муҳаммад Исмоил 1964-жылдын 13-мартында Өзбекстандагы Сирдарё дубанынын Ховос аймагында туулган. 1981-1986-жылдары азыркы ЎзМУда журналистика факультетинде билим алган. 1991-жылы «Өкүнүч ыракаты»(«Тазарру саодати») деген алгачкы ырлар жыйнагы чыккан. Ондогон китептердин автору. «Эркиндик таңы» («Истиклол тонгги») сыйлыгынын лауреаты. КАБАТЫР Кетип жатам дагы азапта, Дилди эзди кусаланганың. Сизге эмне болду, жан апа, Мынча чөккөн боюң, ардагым? Картайыпсыз. Тилип жүрөктү, Жазалаба, көктө Кудурет! Энеме бер суусун мүрөктүн, Дагы бир жыл жашоо насип эт. Ар деми үчүн кылып мен шүгүр, Ар деми үчүн болуп карыздар, Баш […]

Чыңгыз Айтматовдун союз кезиндеги Ысык-Көлгө карата тынчсыздануусу

ЫСЫК-КӨЛДҮН КУТУ ЖАНА КУНУ Чыңгыз Айтматовдун «Социалистическая индустрия» газетасынын кабарчылары менен маегин «РухЭштин» окурмандарына сунуштайбыз… — Көлдүн сыйкырдуу сулуулугу, анын көөнөрбөс жана кайталанбас көрк-адеми көп сандаган уламыш-жомоктордо аңыз болуп айтылып, аваз болуп ырдалып келген. Ага улуу саякатчы Семенов-Тянь-Шанский да суктанып, бул керемет жерди «ак карлуу көрөсөн тоолордун көбөөлүндө уюп калган көөр ташка» теңештирген. Ысык-Көл сизге да кымбат жана кыйбас болсо керек! — Ысык-Көл – менин кутман бешигим. Ал наристе кезимде мени алдейлеп, боз улан курагымда боюма кубат уютуп, чыгармачылык иште […]

Мээрим КАДЫРКУЛОВА: Кара Дельфин

АҢГЕМЕ Узун коридор менен эки киши келатты. Алардын бири – чап жаак, жапалдаш бойлуу аял, бири – көз айнек тартынган толмоч жигит. Экөө бирдей ак халат жамынган. Жаңкы аял артынан кимдир-бирөө түшкөндөй шашкалактап, чоң-чоң кадам таштап баратты. Жанындагы көз айнекчен жигит да андан калбай ээрчий жүрдү. Туткасы кетик каалганын тушуна келгенде аял аярдай берип, бирдеме издегендей халатынын эки өңүрүн сыйпалап көрдү. Анан чөнтөгүнө колун сунуп, шыгыраган жоон топ ачкыч чыгарды. Каалганын ачылышын күтүп калган көз айнекчен жигит болсо жер тиктеп, […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Менин муң-зарлаш шуркуяларым

<<<<<<<<<<<<Башы Ал жерде биз анын түнкүсүн өзүнүн кандуу карандашы менен дал белгиленген саатка жетип келгендиги үчүн Кара санатай Кар киши деп атаган расмий цензурачы, дон Херонимо Ортега да болду. Ал эртеңки басылманын бетинде бир да козголоңчул тамга калбаганча отурду. Анын мага карата грамматикалык изилдөөлөрүм же мага испан сөздөрүнө караганда көркөмүрөк сезилген итальян сөздөрүн колдонгонумда сиам эгеиздериндей үзүлбөгөн байланыштагы тилдерди нормалдуу колдонгон учурдагыдай аларды тырмакчага алып же алдын сызып белгилебегеним үчүн айрыкча жаман көрүү сезими бар эле. Бул сезимдерден төрт жыл […]

Уланбек АШЫРМАТОВ: Дене-рух-акыл байланышында – инсан

Коомчулукту тынчсыздандырган окуялардын натыйжасына карап туруп нааразы болгон сөздөрдү айта берүүнү, жазууну токтотуп, коомчулукту тынчсыздандырган окуялардын себептерин аныктап, маселени жөнгө салчу программаларды иштеп чыгып, иш жүзүнө ашыруу үчүн айырмачылыктарыбыздан улам бөлүнбөй, окшоштуктарыбыздан улам биригип ишке өтүүбүз аба менен суудай зарыл абалга келди. Жеке инсандык жана коомдук адеп-ахлактын калыптануусу, экономиканын өнүгүүсү, саясый маданияттын өсүшү жана мамлекеттүүлүктүн түзүлүп сакталуусу таанып-билүүнүн сапатынан көз каранды эмеспи. Таанып-билүү мүмкүнчүлүгү экономикалык себептерден улам колунан алынган же саясый жана диний себептерден улам бурмаланган жарандардан түзүлгөн коомдон эмнени […]

Cулайман РЫСБАЕВ: Таластагы «Манасчынын дөбөсү»

Таласта Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө аттуу айылынын чыгыш жак тарабында балык жондонгон боз бөлтөк дөбө бар. Ал жапжашыл бактуу айыл четинде боз адыр катары көрүнүп, адамдардын көӊүлүн анча деле бура бербегендей. Балким, жергиликтүү эл ал дөбөнүн атын эзелки бир керемет ысым менен күндө атап жүрсө да, анын кереметине маани беришпегени байкалат. Урматтуу замандашым, ал «маани берилбеген эмне деген эзелки керемет ысым»  болду экен? Ушул айылдын тургуну, белгилүү коомдук ишмер Ташбоо Рахманбердиевич Жумагуловдун айтымында жогоруда биз атап өткөн боз бөлтөк дөбө «Ырчынын […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Акыркы адамжапайынын арзуусу

АҢГЕМЕ Бу кыштоодо жети түтүн жашайт. Жети таш там. Жети тамда тогуз жан. Атам замандан ушундай жашап, ушул тоо түбүн, бир агым суусу бар булакты турак кылып келаткансыйт. Өздөрүн алмат уруусунанбыз дешет. Тээ ылдыйдатан – эл арасынан качкандар чыкканда да, куугандар чыкканда да ушуларды тоногону келет, же буларда бир байлык болсо экен. Не болсо да алар ушуларды эш кылды, ушулардан бир нерсе биле тургансып аны-муну сурап калышчу, булар же чын эле эч нерсе билбейт, же билгенин да ачылып айтпайт. Кайсыл […]