ЫСЫК-КӨЛДҮН КУТУ ЖАНА КУНУ

Чыңгыз Айтматовдун «Социалистическая индустрия» газетасынын кабарчылары менен маегин «РухЭштин» окурмандарына сунуштайбыз…

Көлдүн сыйкырдуу сулуулугу, анын көөнөрбөс жана кайталанбас көрк-адеми көп сандаган уламыш-жомоктордо аңыз болуп айтылып, аваз болуп ырдалып келген. Ага улуу саякатчы Семенов-Тянь-Шанский да суктанып, бул керемет жерди «ак карлуу көрөсөн тоолордун көбөөлүндө уюп калган көөр ташка» теңештирген. Ысык-Көл сизге да кымбат жана кыйбас болсо керек!

— Ысык-Көл – менин кутман бешигим. Ал наристе кезимде мени алдейлеп, боз улан курагымда боюма кубат уютуп, чыгармачылык иште мээ чыңалткан сапсаргалуу ойго муктаж болуп турганда ар качан дөмөөр болуп, дем бергени үчүн мага кымбат. Кайда гана болбоюн, өлкөнү кыдырып жүргөндөбү же чет жактарга чыккандабы, айтор Ысык-Көлгө тең келер, анын жалпы жердин сарасындай туюлган көрк-келбетин көөнөртө алар эч бир жерди көрбөдүм.

Бирок кептин оролу ушунда эле турган жок жана ушунда гана болуп жаткан жок. Тоо арасындагы мына ушул даркан суу-тосмонун тарыхта ар түрдүүчө айтылган аттары сакталып калган. Ысык-Көл орусча аталганда жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз-Көл деген да аты болгон. Андан кийинки Тимур-ту-Нор – темирлүү көл деп аталат. Жыт-Көл деп да аташкан. Мындай аттардын жаралышы кокусунан дейсизби? Түк андай эмес. Ал чынында эле сейрек учурай турган көл. Тереңдиги жагынан Байкалдан кийинки орунда турат. Эң терең жери 700 метрге чейин жетет. Көлгө көп сандаган агын суулар куят. Жердин калың катмарынан жылжып агып чыгып, ал суулар тузду эритип, аларды минералдаштырып турат. Андан тышкары, көлдүн алабында көп сандаган термалдуу минерал булактар бар. Аларда Советтер Союзунда белгилүү болгон нарзандын бүткүл гаммасы жыйналган, алардын ичинде эч бир жерде жолукпагандары да бар. Бул али баары эмес. Көлдү көздөй агып, өстөн суулар дагы бир дарылык касиетке – радонго каныгат. Буга эми күкүрттүү суутекке чыланган ылайларды, анан да чаңкайган таза, тоодогу өсүмдүктөр менен токойлордун жыпар жыты аңкыган абаны кошуңуз. Мунун баары көлдүн кайталангыс сейректигин, анын дартка дабалуу, шыпаакер касиетин аныктап турат.

— Бирок Ысык-Көлдүн кутмандыгына жана кереметине тамшанып караган маал эбак артта калды. Адамдардын сөздөрүнөн азыр кооптонуу улам көбүрөк угула баштады: көл эми баягы көл эмес.

– Аттиң деңизчи, бул анык. Ысык-Көл тартылып баратат… Эгер аны мурда жүздөгөн дарыялар менен тоо суулары толтуруп турса, бүгүн алардын баары бүт бойдон сугатка жумшалат. Көлдөн суу агып чыкпайт, ошондуктан ал өзүнүн бөксөсүн эбегейсиз өлчөмдөгү буулануунун эсебинен толтурат. Көлдүн жээги жыл сайын 7-10 сантиметрге ылдыйлап жатат. Суунун бир жылдык тартыштыгы, ошентип, 400-500 миллион кубометрге жетип олтурат. Окумуштуулар мындай деп эсептейт: эгер мындан ары да ушундай болуп олтурса, анда эки миңинчи жылга чейин бул таңсыктык эки эсеге көбөйөт. Андан соң эмне болот? Туташ реакция башталат. Анын салакасы биринчи кезекте көлдөгү жан-жаныбарларга тийет.

Ысык-Көл көз көрүнөө тартылып баратат… Бул табигый пляждардын жана шыпаалуу ылайлардын жок болушуна, көлдү курчап турган чычырканактардын жана башка дарылык касиети бар бадалдардын тыйпыл болушуна алып келиши мүмкүн. Көл жээгинин 500-1000 метрге тартылып такырайып калышы суунун жылуулугун 2-3 градуска төмөндөтүп коёт. Ал эми бул өз кезегинде көлгө түшүүнүн ансыз деле кыска мөөнөтүн дээрлик бир айга чектеп салат. Навигациялык кырдаал начарлайт. Суунун тартылышы менен курулуп калган дарылоочу жана эс алуучу жайлардын, алардын ишинин жана архитектуралык чечимдеринин кунары кетет. Көлдүн өзү деле азыр ар кандай агымдардын таасирине кабылып олтурат.

Ысык-Көл, кыязы, карама-каршылыктардын жаргылчак ташына, минтип биринчи жолу, болбосо, акыркы жолу түшүп олтурбаса керек. Бир жагынан алсак, көл кылаасынын курорттук жана чарбалык жактан ыкчам өздөштүрүлүшүнө каршы чыгууга болбойт. Экинчи тараптан Орто Азиянын «бермети» аталган бул көлдүн сиз айткан кризиси кайра тартпас мүнөздө канчалык жакындап келаткандыгы ушу бүгүн эле айкын болуп олтурат. Деги мунун коопсуз чеги кайда болушу мүмкүн?!

— Бул суроо Ысык-Көлдүн көйгөйүнөн кабардар болуп, ага кандайдыр кайдыгер карай албаган жана тетик акылга салып, терең ой баккан ар бир адамдын көкөйүндө турат. Ага жооп берүү да оңой иш эмес. Эмне үчүн? Болору болгон соң, эми айтпаска чара барбы, биз өзүбүздүн утурумдук муктаждыктарыбыздын туткуну болуп чыктык. Алар ушунчалык зор болгондуктан, эми кайра артка тартуу иш жүзүндө мүмкүн эмес. Чынында эле өздөштүрүлгөн жерлерди пайдалануудан алыс ыргытып салууга ким уруксат бере алат? Аларды сугаруу керекпи? Керек. Эгин айдап, жашылча өстүрүп, тоют камдоо зарылбы? Зарыл. Малды асыроо керекпи? Бул да керек.

Ал эми минералдык ресурстардын, алардын көл кылаасындагы орошон кендеринин бизге кантип кереги тийбесин? Индустриянын кереги жокпу? Баары керек. Баары адамдын пайдасына, анын жыргалы үчүн зарыл сыяктуу. Бирок муктаждыктарды алымсындыруу жан бүткөндүн баарына эне болуп келген жаратылыш менен чечилиши кыйындап калган жана кыйла улаарып кеткен каршылыкка туш келип олтурат. Бул тууралуу Энгельстин эмне деп айтканын эстеп көрөлү: «Жаратылыштын үстүнөн болгон биздин жеңиштерибизге ашкере манчыркабай коё туралы. Ушундай ар бир жеңиш үчүн ал бизден өч алат. Бул жеңиштердин ар бири алгачкы учурда биз каалаган натыйжаларды бергени менен, анын биз алдын ала болжоп көрө албаган, көп учурда биринчи натыйжалардын маанисин жокко чыгарган экинчи, үчүнчү, кезектеги башка да натыйжалары бар».

Ошентсе да Ысык-Көлдү сактап калуу үчүн, анын улуу урматы үчүн жасалып жаткандарды байкамаксан болуу туура болбос. Ысык-Көл областы менен Чүй өрөөнүндөгү райондордун минералдык-сырьёлук ресурстарды комплекстүү пайдалануу иши эки беш жылдыкта катары менен каралып олтурат. Жүзөгө ашырылып жаткан өнөр жайлык жана агрардык маанидеги чаралар менен бирге тоо дарыяларынын бир бөлүгүн Ысык-Көлгө агызуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө…

— Минтип даярдык көргөнүбүзгө өтө эле көп болуп кетти. Көзгө сүртөөр дарыдай зарыктырган, убада кылынган «бир кочуш» ошол сууну көл эми качан алат? Дегеле биз жүзөгө ашырмакчы болуп жаткан максат-мураттарыбыздын баардыгы камсыз болгон күндө да Ысык-Көл ошол «тамчы» сууга ээ боло алат болду бекен? Булар жөн салды суроолор эмес. Анткени тоо сууларынын бир бөлүгүн көлгө карай агызууну баштап, аны аяктоого болот. Ал жердеги иштердин көлөмү зор жана татаал. Бирок бул проблема ийгиликтүү чечилген күндө деле көлдүн энчисине тиешелүү болгон эки миллиард кубометр өлчөмүндөгү ошол суу кол тийгис абалда болот деп жакынкы келечекке эч ким кепилдик бере албайт. Анткени жүздөгөн гектар аянттардын сугатына байланышкан утурумдук зарылдык менен көлдүн ашкере маанилүү кечиктирилгис муктаждыгы кайрадан бир таразага коюлуп, талашка түшөт.

Табигый жаан-чачындар бул аймакта жыл сайын эле бирдей боло бербейт, ал эми айыл чарба өндүрүшүнүн пландары өйдөлөгөндөн өйдөлөп өсө берет. Ошентип кокусунан каат жыл келсе, көл менен аянттарга сарамжалдуу суу бөлүштүрүүнүн ченем-чегине ким көз салып олтурат дейсиз? Кыйын-кезең кырдаалдын кысымына ким такаат кыла алат? Бул жөнүндө мен айтып өттүм. Дагы кайталайм. Болочоктуу жана күнүмдүк муктаждыктардын акыл-эстүү балансын биз чымырканып, алдын ала көрө билип издөөгө жана табууга милдеткербиз.

Бул, албетте, кыйын. Дал ошондон улам олуттуу, кепилдикке алынган ооздуктоочу чаралар зарыл болуп олтурат. Табийгаттын Ысык-Көл сыяктуу уникалдуу жайларына өзгөчө бир артыкчылык укуктарды берген мыйзамдык күчү бар жарнамалар керек. Биз болочоктогу урпактар үчүн далай жерди: Байкалды, Севанды, Беловеж токоюн сактап кала алдык. Ысык-Көл да адам менен жаратылыштын ортосундагы туура мамиленин, алардын ажыралгыс биримдигиндеги жана өз ара аракетиндеги толук шайкештиктин өрнөгү болуп калууга тийиш.

Суу балансы, албетте, Ысык-Көлдүн негизги проблемасы экендигине талаш жок. Бирок көлдүн көрөр күнү «бир ууртам» сууга эле байланып калбаса керек. Ага бүт тулкусун жайып, ээн-эркин дем алуу, дагы башка көп-көп нерселер зарыл го.

— Ысык-Көл – бул өз ара ашташып, бирин-бири шарттаган сан түркүн себептер менен байланышкан экологиялык система. Алардын баары, албетте, кунт коюп, ар тараптан изилдөөгө муктаж. Бирок ал өз кыябында аткарылып жатабы? Атаганат, кана эми ошондой болсо. Илимпоздордун көп күч-аракети, түзүлүп калган салтка ылайык, прогноздоштурууга эмес, көлдө эмнелер бар да, эмнелер жок, ошону түгөлдөп тактаганга гана сарп болуп жатат. Илим, дөңгөлөк астында түрүлгөн жолдун талабына гана карап, ал эми имерилиштен ары эмне бар, аны билгиси келбеген жана капарына албаган алаңгазар шофёрдун абалында турат. Мунун арты кандай болуп, эмне менен бүтөрүн түшүндүрүүнүн кажаты жок чыгар дейм. Бул ойлоп табылган бүтүм эмес. Көлдө бир кездө Кыргыз ССР Илимдер академиясынын биостанциясы боло турган. Илимдин бөксө жерин толтуруп, ал көп иштерди жасаган эле.

Бирок кимдир-бирөөлөрдүн купулуна толбой калган окшойт, эми ошол биостанция жок да, тек гана лаборатория бар. Ал эми Севанда, мен ал жерде болгонмун, гидробиологиялык станция иштейт. Анын ар түрдүү профилдеги беш лабораториясы бар. Аларда илим менен иришип, жүз (Ысык-Көлдө болсо 20) илимпоз эмгектенет. Севандын өзүнө болсо, Арменияда, ошентип, өздөрүнүн «берметине», анын тагдырына акыл-эстүү мамиле жасашкан, буга эч нерсе дей албайсың. Ал эми биздин акыл жүйөбүз кайда? Ысык-Көл, буга чейин болуп жүргөндөй жана азыр да боло жаткандай, бир беткей изилдөөлөргө эмес, анын баардык көп кырдуу проблемаларын камтыган кеңири изилдөөлөргө муктаж.

Көрүнүктүү ихтиодог, Ысык-Көлдүн жан күйөр жакын кишиси – Азат Коңурбаев экөөбүз бир нече курдай сукбат курган жайыбыз бар жана мен анын ойлоруна толук кошуламын. Көлгө гидробиологиялык станция эмес, чындыгында Байкалда түзүлгөндөй толук бир институт болбосо да, ушул сыяктуу лимнологиялык, көл таануучу илимий мекеме керек. Өсүмдүктөрдү да, жаныбарлар дүйнөсүн да, кыртышты да, суунун термикасы менен динамикасын да толук өлчөмдө изилдеп үйрөнүү зарыл. Ошол эле учурда, мен муну атайын эскерте кетейин, анткени анын ашкере актуалдуу мааниси бар, адамдын чарбакерлик ишинин экологиялык системанын туруктуулугуна тийгизген таасирин изилдеп билүү зарыл.

Бир саамга мындай деп элестетип көрөлү, Чыңгыз Төрөкулович. Кайсы бир нерселерди кардиналдуу түрдө өзгөртүүнүн бийлиги сиздин колуңузда болсун дейли. Эң оболу эмнелерди жасамак элеңиз!

— Албетте, тоо дарыяларынын суусун көлдү көздөй агызуу үчүн каражат аябас элем, анткени арзанга турбаган мындай долбоордун жүзөгө ашырылышын ондогон жылдарга чейин созо берүүнүн зарылдыгы жок. Өзүмө калганда кайсы бир нерседен атайлап баш тартсам тартаар элем, ал эми көлгө калганда аянбас элем. Неге дегенде, колубузда азыр эмне бар жана келечекте эмнеден ажырап каларыбызды баалоо мүмкүн эмес. Анткени бул дүйнөдө куну жок кымбат нерселер болот.

Экинчи иретте жасар ишим дале болсо өсүмдүктөр менен айыл чарба иштеринин үлүшүн акыл-эстүү бөлүштүрүү болмок. Көл ден-соолукту чыңдоочу Бүткүл союздук жайга айланып олтурган соң, Кыргызстандын союздук республикалардын башка райондору айыл чарба иштеринин бир бөлүгүн эмне үчүн өздөрүнүн мойнуна алууга болбосун? Ошондой эле Ысык-Көл өрөөнүн да эс алуу аймагына, кулпунган бак-дарактардын ажайып аймагына айландырууга эмне үчүн болбосун? Андан ары. Курорт иштеринде мен абсолюттук көрсөткүчтөрдүн артынан сая түшпөс элем. Эгерде эс алуучулардын бир жылдык саны миллионго жетчү болсо, анда муну ушул тармакта кабыл алынган бузулбай турган эрежелерге ылайыктап жүргүзүү керек. Андан кылча да кыйшайбастан туруп, долбоордук, коммуналдык, транспорттук, тиричилик чөйрөсүн уюштурууга байланышкан жана башка иштер менен тең катарда жүргүзүү зарыл.

Көлгө байланышкан көп сандаган каттарда да ушулар жөнүндө айтылат. Алардын бирин, менимче, эң мүнөздүүсүн окуп берсем дейм: «Эгерде курорттук аймакты өнүктүрүүнүн перспективдүү пландары жайында айта турган болсок, — деп жазат москвалык Г.Колесников, — анда, балким, санаториялар менен пансионаттардын жана аларда эс алгандардын бараандуу санына эмес, эң оболу абанын жана суунун тазалыгы, жаңыдан олтургузулган токой жана парк аянттары, балыктардын көбөйтүлүшү башка ушул сыяктуу сыпаттамаларга таянган жөн болор. Анткени түпкүлүгүндө келип эле биз үчүн азыр, ушул тапта канча адамдын ден-соолугун чыңдай ала тургандыгы эмес, жаратылыштын бул керемет жери канчалык узак мезгилге чейин адамдарга кызмат кыла алат, ушунусу маанилүү эмеспи».

Аталган иш-чаралардын баары азырынча ар кайсы ведомстволордо жылбай жатат. Ал эми биздин, Ысык-Көлдүн кылаасында жашап жана эмгектенип, болбосо жылына бир маал анын жыргалына маарып жүргөндөрдүн колунан эмне келет!

— Ысык-Көлдү сактап калуу – бул Мекендин бир укум жерин сактап калуу дегендик. Көлдүн тагдыры үчүн биздин ар бирибиздин жоопкерчилигибизди азыр мына ушундайча түшүнүп-баалоо керек. Анткени каармандык – азыр жаратылышка эч нерсе бербей туруп, андан көбүрөк аласа алууда эмес, иш жүзүндө өзүбүздүн акыл-эстүүлүгүбүздү ырастап, табийгат менен толук мунасалашып, аны менен толук шайкештикте жашоодо турат. Баса, айтмакчы, партиябыздын программалык документтеринин максаттуу багыты да ушундай эмеспи, жаратылыш байлыктарын сактап көбөйтүү, аларды сарамжалдуу пайдалануу үчүн совет адамдарын жоопкер сезимге тарбиялоонун зарылдыгы аларда баса көрсөтүлгөн.

Эгер сен өзүңө жамаатташ турган токойду, суу алган бото көз булакты, берешен жерди сүйсөң, тек гана суктанып эмес, ишкер дем, эң башкысы эртеңки күн жөнүндө ойлонуп, жаратмандык менен сүйсөң, анда сенин чыныгы кожоюн боло алганың, анда сенин патриот боло алганың. Ал эми жаратылыштын биздин керемет көлүбүз – Ысык-Көл сындуу баа жеткис жерлерин сактап калуунун өбөлгөсү ушунда болот. (1986-жыл)

Даярдаган: КУУнун Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти, филология и.к. Миргүл Текешова.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.