Таласта Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө аттуу айылынын чыгыш жак тарабында балык жондонгон боз бөлтөк дөбө бар. Ал жапжашыл бактуу айыл четинде боз адыр катары көрүнүп, адамдардын көӊүлүн анча деле бура бербегендей. Балким, жергиликтүү эл ал дөбөнүн атын эзелки бир керемет ысым менен күндө атап жүрсө да, анын кереметине маани беришпегени байкалат.

Урматтуу замандашым, ал «маани берилбеген эмне деген эзелки керемет ысым»  болду экен?

Дөбөнү түбүнөн карагандагы көрүнүш

Ушул айылдын тургуну, белгилүү коомдук ишмер Ташбоо Рахманбердиевич Жумагуловдун айтымында жогоруда биз атап өткөн боз бөлтөк дөбө «Ырчынын дөбөсү» деп аталат экен. «Кайсы ырчы болду экен?» — деген сурообузга ал:  «Ал -кадимки Ырамандын Ырчы уулу экен, — деп аӊгемесин улантты Т.Р.Жумагулов, — Айкөл Манас атабыз Чоӊ казаттан кайтканда улуу жүрүштө жанын берип, канын төгүп келгендерге, алардын үй-бүлөлөрүнө атайын жер кестирип берип, короо-жай салып, мал күтүп жашоосуна көӊүл бөлүп, шарт түзүп берген экен. Уккан сөзгө караганда, Манас атабыз кырк чоросунун ар бирине бирден кыштоо-жаздоо жерлерин бөлдүрүп бериптир. Ошондо ушул дөбө Ырамандын Ырчы уулуна тийиптир. Ырчу уул дөбөгө үй салып, короо-жай курган экен. Ал Манас атабыздын эрдиктерин ырга кошуп ырдап, эл анын ырын укмакка дөбөгө чогулчу экен… Элден укканымды эске салсам, «Мен көрөмбү, көрбөй каламбы, биле албайм, акыры бир заманда ушул дөбө чоӊ шаарчага айланат» — деп айтчу экен. Ырчы уул ошол дөбөдөгү үйүндө  жашап көзү өтсө керек. Ким билет? Балким, аныктыр. Бул биз үчүн — уламыш, жомок, өткөн оозеки тарых. Иши кылса, ошондон улам бул дөбө «Ырчынын дөбөсү» аталып калган экен,- деп бизден улуу аталар, чоӊ аталар кеп кылышар эле…Бул тууралуу менин чоӊ атама анын чоӊ атасы айтып берген экен…»

Айыл ичинен карагандагы көрүнүш

Бул сөздү укканда менин делебем козголуп, жүрөгүм өзүнөн өзү делбирей согуп, баягы боз дөбөдөн  көзүмдү алалбай,  кыйлага телмирдим. Бирде улуу Манас атабыздын калдайган элеси ошол дөбөдөн көрүнгөнсүп, бирде дөбөдө отуруп алып Айкөл Манас атабыздын эрдиктерин дастан кылып алгач ирет даӊазалап айтып эл ортосунда отурган Ырамандын Ырчы уулу элестеп, баягы боз бөлтөк дөбө айылдын фонунда көзүмө өзгөчө бир улуу тоо сыяктанып  көрүнүп кетти.

«Калк айтса, калп айтпайт» деген кеп бар эмеспи. Калктын оозунда калып, канча кылым өтсө да унутулбай, жүрөгүнүн түбүнөн түнөк таап, урпактарына  узун сабак катары калып,  унутулбай эстелип келаткан бул керемет окуя – бүгүнкү кыргыз үчүн, кыргыз маданияты үчүн, кыргыз адабияты үчүн, кыргыз тарыхы үчүн, бүгүнкү биз үчүн улуу таберик экендигин жарыя айткым келди!

Анткени улуу дастаныбызды алгач ирет ырга кошуп ырдап, аны дастанга айланткан алгачк

Алыстан карагандагы көрүнүш

ы манасчыларыбыздын башатында Ырамандын Ырчы уулунун ысымы айтылары илимий чөйрөдө да белгилүү. Демек, бул жалган болбос! Андай болсо, жогоруда айткан Ырчынын дөбөсү да жалган эмес. Болгондо да дал ошол Манас атабыздын жанында жүргөн сүйүктүү чоросу Ырамандын Ырчы уулунун да дал өзү экендиги жалган эмес! Дал ошол дөбөдө улуу дастандын алгачкы саптары жаралып, ошол дөбөдөн дайрадай агып ар тарапка таралып, дал ошол дөбөдөн жалпы кыргыз жерине океандай каптап жөнөгөнү да жалган эмес!

Мына ошентип, биз улуу дастаныбыздын каерден башталган башатын таптык деп билсек болот. Бул табериктей маалыматты жерде калтырбай, «Манас» дастаныбыздын булак башат болуп башталган жери ушул деп билсек болот.

Алгачкы дастанчыбыз Ырамандын Ырчы уулунун мына ушул байыркы изин аздек тутуп, дал ошол дөбөгө «Манасчылар үйүн» курсак болот. Манас айтуу өнөрүнүн башаты болор «жаш манасчылар мектебинин пайдубалын» дал ошол дөбөгө түптөсөк да болот. Дал ошол дөбөгө алгачкы манасчы  Ырамандын Ырчы уулунун эстелигин тургузсак да болот!

Сүрөттөрүн тарткан: Т.Жумагулов жана Г.Чоткараева
2018-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.