Муҳаммад Исмоил 1964-жылдын 13-мартында Өзбекстандагы Сирдарё дубанынын Ховос аймагында туулган. 1981-1986-жылдары азыркы ЎзМУда журналистика факультетинде билим алган. 1991-жылы «Өкүнүч ыракаты»(«Тазарру саодати») деген алгачкы ырлар жыйнагы чыккан. Ондогон китептердин автору. «Эркиндик таңы» («Истиклол тонгги») сыйлыгынын лауреаты.

КАБАТЫР
Кетип жатам дагы азапта,
Дилди эзди кусаланганың.
Сизге эмне болду, жан апа,
Мынча чөккөн боюң, ардагым?

Картайыпсыз. Тилип жүрөктү,
Жазалаба, көктө Кудурет!
Энеме бер суусун мүрөктүн,
Дагы бир жыл жашоо насип эт.

Ар деми үчүн кылып мен шүгүр,
Ар деми үчүн болуп карыздар,
Баш көтөрбөй ар деми үчүн,
Сажда кылам апам барында.

Он жыл өмүр бергин, ылайым,
Жүз жыл жашоо бергин, оо, Кудай!
Мейли миң жыл тооп кылайын,
Миң жыл турсаң бизди айрыбай.

Кетип жатам, билем жок арга,
Биздин жолдор айрылат бир күн.
Мен тирүүлөй асылам дарга,
Алыстарга кеткеним үчүн.

Балким бир жыл, он жыл… өмүрүм,
Өтөр анан дарга асылып.
Кайгы-муңдан бозорот өңүм,
Азалуу күн тагы басылып.

Бизди байлаар жерден Кудайга,
Эне берген жандын жипчеси.
Эне ылайык дайым дубага,
Эне – көктүн үр периштеси.

Азаптарда кетип жатамын,
Билбейм, билбейм качан кайтамын…

АДАТ
Бул назыңбы, аразыңбы, ардагым,
Күнөөм эмне? Сүйлөгүңүз дагы жок.
Ойлобогом сизди сүйүп калам деп,
Жүрөгүмдү куйкалайт бир жалын-чок.

Мейли, шылдың кылып күлгүн үстүмдөн,
Бир чындыкты жакшы билем аябай:
Бардык сулууларга бүткөн адат бул,
Сүйдүргөн соң кетип калмак карабай.

ЫЗГААР
(Бул ыр обончу Түмөнбай Колдошов менен биргеликте которулду)

Ушул да бурганак, бороонбу ушул,
Көөдөндө турганда ышкырып ызгаар.
Табият көктөмдө кутулат кыштан,
Жүрөктүн аязын жылытчу ким бар?

Көп болду, кабар жок көңүлгө жаздан,
Көздөн да жаш чыкпайт, муздаган жүрөк.
Сен кеткен мүнөттөн шордуу көңүлдөн,
Жай тапкан аяздуу, ызгаар суук түнөк.

КОКУСТУККА ТОЛО БУЛ ЖАШОО!
Бир досум келем деп убада берди,
Саат дагы ал келчү убакка жетти.
Айтылган маалында келаткан досум,
Коңшумун үйүнө бурулуп кетти.

Көп эле достордон муздаган көңүл,
Бул досту өзгөдөн өзгөчө көрүп,
Ынтызар күткөнмүн, келгенде жыргап,
Сүйлөшөм дегенмин бугумду төгүп.

Ал үйгө келбеди, коңшума барды,
Тебелеп мендеги адамдык арды.
Жайылган дастаркон жыйналган менен,
Көңүлдүн өксүгү жыйналбай калды.

Жашоодо кээде бак, кээ бирде оомат,
Жолунан бурулуп кетишет оолак.
Алардын ордунда дудуктай болуп,
Мүшкүлдөр үн-сөзсүз жатышат оонап.

Эзелтен ушундай, не керек наалып,
Жеңиштин желегин күтүүсүз сайып,
Же келип жүрөккө күтпөгөн сүйүү,
Кокустан көңүлгө чачырайт жарык.

Көп жолу сактады Жараткан Эгем,
Башыма үйүлгөн балээден эсен.
Көп жолу жазасыз калтырды мени,
Мен муну билемин, ар дайым сезем.

Өмүрдүн жолдору болуп капкара,
Күтпөгөн буйткадан көрүнөт мара.
Мындан да беш бетер болушу мүмкүн,
Маңдайга жазылса табылбас чара.

Болду эми, ашыкча аракеттенбейм,
Жакшылык үчүндүр кылынса эмне.
Бардыгы тагдырда жазылган баян,
Кокустук иштерге толо бул аалам.

Кудайым, бардыгы колуңда сенин,
Көрсөткөн күнүңө раазы пендемин.
Жашоодо жакшылык көрсөм өзүңдөн,
Жашоодон жамандык тапсам өзүмдөн.

Бир досум күткүн деп убада берди,
Саат дагы ал айткан убакка жетти.
Мени деп келди эле, тагдыр экен да,
Коңшумун үйүнө бурулуп кетти…

Ырлар өзбек тилинен которулду

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.