АҢГЕМЕ

Венециялык улуу скрипач жана композитор Николо Паганини жанын шайтанга берип, сыйкырдуу скрипкага ээ болгону тууралуу уламышты укпаган киши барбы? Бул уламышка ал тургай кудайсыз, шекчил, шылдыңчыл адам жана эң мыкты акын Генрих Гейне да ишенчү экен.

Бирок бул кудайга жакпаган келишим кандайча бүткөнүн билген киши аз, андан ким жеңип чыкты: адамбы же адамзаттын душманыбы? Мажарстандын тентимиш цыгандарында бир күмөндүү уламыш айтылып жүрөт. Ага ишенесиңерби же ишенбейсиңерби — өзүңөр билгиле.

Тагдыр ал жылы жаш Николону аяган жок, кутулбаган карыздар менен ийгиликсиз  иштер, биринен сала бири уланган жагымсыз окуялар аны Венециядан Венага качууга мажбур кылды. Венада ал көчө музыканты катары арзан ашканаларда, карапайым элдердин үйлөнүү үлпөттөрүндө эски скрипкасында ойноп берип жан багып жүрдү. Самсаалаган жамаачы кийими менен аны кымбат мейманканаларга киргизишчү эмес.

Эң оор, каргашалуу күн, ал үчүн  21-октябрь болду. Таң эртеден тынбай кар аралаш жаан жаап турду. Жыртык батинкесинин ичи толо чылкылдап суу болуп, баскан сайын чалпылдап, жыртыгынан ылай суу бүркөт, башынан аягына чейин шөмтүрөп суу болуп кири эзилген Паганини саздан чыккан кара күчүккө окшоп турду.

Шаарга күңүрт, сары, жагымсыз түн түштү. Ар кайсы жерде илинген чырактар жамгырдан улам жарыгын араң чачып үлдүрөйт. Аба ырайынын мындай шарттарында адамдардын жүрөктөрү бирөөлөрдүн кайгы-муңуна оңой менен ачыла бербейт, ал эми бечаралар суукту, ачкачылыкты жана жетимчиликти демейдегиден эки эсе көбүрөк сезишет.

Бул күнү Паганини бир тыйын да тапкан жок. Кечинде гана бир мас өзү иче албай калган жарым кружка пивосун, аны да жөн бербей мүштөгүндөгү тамекинин күлүн пивого кагып туруп берди. Дагы бир жерден кутуруп көөп турган студент үч крейцерди аны көздөй ыргытып, мындай деди:

– Ме, муну ал да, скрипкаңды чыйкылдатпай токтотуп койчу, бай болгур!

Паганини  анын шылдыңдап берген кайыр садагасын айла жок алды, ага кыжыры кайнап, жаактары карышып турду: «Мейли! Мен качан белгилүү болгондо – ушул үч крейцерди сага көрсөтөм!»

Айта кетчү нерсе, ал канчалык оор турмушта жүрсө дагы келечекте өзүнүн дүйнөгө белгилүү болорунан эч шек кылчу эмес. «Мага болгону жакшы кийим, ыңгайлуу шарт, анан жакшы скрипка болсо – бүт дүйнөнү таң калтырат элем!» — деп ойлочу.

Акыркы кирген трактирден аны эшикке сүйрөп чыгарып салышты, анткени ал турган жерде кийиминен сарыккан суудан чакан көлмө пайда болгон эле.

Үч крейцерге Паганини бир кесим ак нан сатып алып, үйүнө жеткиче чулчуңдап жеп жүрүп отурду. Ал чарчап-чаалыгып, бутун араң сүйрөп, өзүнүн жогорку кабаттын үстүндөгү чатырда жайгашкан кичинекей жылаңач бөлмөсүнө араң жетти, ошол учурда анын жан-дүйнөсү ушунчалык ызага толуп, буулугуп чыкты. Суу болуп, ар кай жеринин сыры кеткен скрипка сөрөйүн бурчту көздөй ыргыта тээп салды да, өзүн көкүрөккө муштап, көөдөнүн жарып чыккан ачуу үнү менен боздоп жиберди:

– Оо, Шайтан! Шайтан! Эгерде сен аялдардын ойлоп чыгарган сандырагы болбосоң, чындап эле бар экениң анык болсо, мага токтоосуз тез кел! Бул жерде адамдын намысчыл жаны, чыгармачыл даанышмандыгына кошулуп бекер сатылат. Шашыл! Болбосо, асылып өлгөн бечарадан сага эмне пайда?

Шайтан көпкө күттүргөн жок. Ал күкүрттүн түтүнүнө аралаш, сасыган теке жыттанып, тамандарынын ордуна ача туягын шакылдатып чыга калган жок, куйрук жөнүндө дегеле сөз жок, – ал өзүнө жарашыктуу күрөң  кемсел кийген улгайып калган нотариус болуп келди. Сыя челеги, каздын канатынан жасалган калем сабы, эскилиги жеткен келишимдерди каттоочу китеби – ушунун баарын өзү менен ала келип, бир буту кыска, кылтылдаган столдун бетине ирээттүү коюлган эле. Май чырак жаркырап күйүп турду.

– Көрдүңбү жаш жигит,– Шайтан өз сөзүн шашылбай баштады. – Мен сага эч кандай жасалма ызы-чуусуз, тозокко тиешелүү жагымсыз жыт менен атайын кийимсиз эле келдим жана мен сенден өз каның менен жазылган тил кат талап кылбайм. Ал эскилиги жеткен жасалгаларды орто кылымдын жакыр жана оорулуу ой-жоруусуна калтыралы. Биздин кылым – сылыктыктын, кара сөздүн жана арифметиканын кылымы. Сенден жашырбай эле коёюн, бизге, Шайтандарга, бирөөгө ак дилинен кызмат кылуу менен чынчылдык, жөнү жок алдоодон алда канча пайдалуу. Ошондуктан керек учурларда мен сенин сатып алуучуң эле болбостон, айрым учурларда жактоочуң да болсом, ага таң калба. Эми ишке өтөлү: жаның үчүн эмне алгың келет?

– Акчабы! Мансаппы! Түгөнбөгөн көп алтынбы!

– Көрдүңбү, сага азыр эле менин юридикалык жардамым керек болуп турат. Шайтандан акча сурап алыштан оңой эч нерсе жок. Аны ар бир эле делдең кулак буюртма кыла алат. А сен атак-даңкка кандай карайсың?

– Болбогон нерсе! Атак-даңкты акчаң болсо сатып аласың. Акчаңды аябасаң эле болду.

– Жок, менин жаш досум, сен жаңылып жатасың. Алтынга кошоматчыларды гана сатып алса болот. Андай атак-даңк сени курчап турган чөйрөңдөн, сени тегеректеп мактоо сөздөрү менен кулагыңдын кужурун алышкан кошоматчыларыңдан турган чөйрөдөн ары чыкпайт. Жок, андан көрө сен башка нерсе жөнүндө айт. Мисалы, сүйүү тууралуу…

– Шайтан алгырдыкы! Баарынан оңой сүйүү сатылып жүрбөсүн!

– Бардык эле сүйүү сатылат дейсиңби? Сен ошентип ойлойсуңбу? Жаңылып жатасың, сен бекер эле ошентип ойлойсуң, менин жаш досум Николо! Эгерде бардык эле сүйүүлөр сатыла берсе, анда эчак эле жер шары эмес, бүт аалам толугу менен жана түбөлүктүү Шайтандын бийлигинде болмок, а биз анын кызматында тургандар эч иш кылбай эле өкмөттүн эсебинен жеп-ичип жыргап жатмакпыз. Мен сага өтө  коркунучтуу бир сырды ачып берейинби? Билесиңби, Шайтан эмне үчүн бактысыз болуп калган? Анткени, ал жан-дили менен сүйгүсү келет, бирок сүйө албайт…

Жок, жаш жигит, эгерде мени менен экөөбүзгө бирдей пайдалуу келишим түзгүң келсе, анда башында өзүң айткан шартка токтогонуң оң: жакшы кийим, ылайыктуу шарт жана эң мыкты скрипка.

Паганини бир нече мүнөт ойлонуп отурду да анан чечкинсиз үн катты:

– Ойлонгонумдан артка кайтпайм дечи. Сиз мага туура эле айтып жаткандайсыз, мырза Нотариус. Бирок мен өзүмдүн өлбөс жанымды түбөлүккө бүтпөгөн азаптуу кыйноолорго салып жатканымды алдын ала билип туруп, ачуум менен арзанга баалап салган жокмунбу?

Нотариус унчукпай эңкейип, столдун астынан эски, кырлары сүрүлгөн буйволдун терисинен жасалган чоң кутучаны сууруп чыкты да, этияттык менен Паганиниге берди.

– Мына, жакшылап кара, кааласаң ойноп көр, ал бекер. Паганини кутучанын алтындын буусу менен жалатылган топчуларын алаканы менен жылуу жумшак сылап чечти да, столго скрипка оролгон үч түрлүү оромолдорду чечип жайды: биринчиси — замшы, экинчиси — баркыт, үчүнчүсү — жибек. Эми көрүп ал! Оромолдорунан суурулуп чыккан  сыйкырдуу скрипка жылаңач сулуу айымдай койкоёт, узун, сулуу ичке моюну, кичинекей башы, иймектей ийилген ийиндери, кымча бели, кубаттуу жоон сандары көздүн жоосун алат.

– Бул Страдивариус эмес,– деди көздөрү жайнаган Паганини, – бул Амати да эмес,  Гварнеро жана  Гваданини да эмес! Бул адамзаттын чеберчилигинин жеткен чеги, мындан жакшы, мындан мыкты скрипка жасалышы мүмкүн эмес! Демек, бир аз ойноого мүмкүнчүлүк берет турбайсызбы?

– Ооба… ойной бер, – көңүлсүз ыңгыранды Шайтан. – Мен жана эле айтпадымбы.

Скрипка күүлөнүп, жаасы калофен менен сүртүлүп ойноого даяр экен. Паганини скрипканы колуна алып, чабыттаган кыялдарын күүгө айлантып ойной баштаганда — ал өзүндө кандай күчтүү талант кедейликтин айынан сыртка чыга албай жүргөнүн биринчи жолу билди.

Анан көңүлү көтөрүнкү:

– Кожоюн,  мен сиздин кызматыңыздамын, акылман кеңештериңиз үчүн алкыш айтам. Бирок кыйынчылык келтирбесе айтыңызчы, – эмне үчүн мага таарынгансып, кабагыңыз бүркөлүп, маанайыңыз чөгө түштү?— деп сурап калды.

– Чынымды айтсам, – деди Шайтан отургучтан туруп баратып, – сенин мен  ойлогондон бир топ таланттуу болуп чыкканың капа кылат. Эми айтылган сөз, аткан ок эмеспи. Бул скрипка – сеники, өмүрүң бүткөнчө пайдалан. Мына бул кичинекей баштыкчада алтын бар. Азырынча жетет. Эртең сага Венанын эң мыкты тигүүчүсү жана эң мыкты чач тарачы келет, а бир күндөн кийин эрцгерцог өзү уюштуруп жаткан салтанаттуу музыкалык мелдешке катышасың. Азыр болсо, мына бул жерге колуңду коюп кой. Жакшы.  Болду. Мерси. Жакшы кал жаш жигит, көрүшкөнчө.

– Жакында көрүшөбүзбү? – деп сурап койду венециялык Паганини.

– Мен аны так билбейм, – деп кургак жооп берди Шайтан. – Менин оюмча сага бөлүнгөн убакыт аяктаганда кезигебиз. Сен менден узак жашоо сураган жоксуң да, туурабы?.. Ийгилик каалайм, маэстро!

Шайтан скрипачты алдаган жок. Анын айтканы айткандай келип жатты. Тактын мурасчысы өткөргөн музыкалык мелдештен кийин Паганининин жылдызы жаркырап жанып, эң бийик чекитине жетип, анын жарыгы ушул күндөргө чейин өчпөй келет.

Бирок Николо Паганини дүйнөдөгү эң бактысыз адамга айланды. Канааттанбай калган  сезимдери, жетпей калган тилектери, өзүнө болгон чексиз сүйүүсү, акчага үзүлүп түшкөн ач көздүгү, ошону менен бирге адам жийркенерлик майдачылдыгы, сараңдыгы; мурда жашап өткөн артистерге, замандаш артистерге, ал тургай келечекте келе турган артистерге карата ичи тардыгы анын жан-дүйнөсүн уулантып, күлгө айлантып турчу.

Көбүнчө ал өз чыгармаларын өзүнөн башка киши ойной албагандай кылып, татаал ноталар менен жазчу, бирок искусствонун өсүшүнө чек жок экенин айласыз моюнга алып, бир учурларда анын шайтандын шарапаты менен чыгарган чыгармаларын, анын өзүнөн да мыкты ойногон музыкант келип ойноп, андан озуп кетерин билчү. Ошондуктан, келе элек келечекти жек көрчү.

Акчасы ашып-ташып миллионерге айланса дагы, көчөдөн кагаз, жиптин үзүктөрүн жана башка таштандыларды чогултканын таштаган жок, анын бир күндө ичкен тамагы бир талерден ашчу эмес.

Канчалаган татынакай айымдар анын сыйкырдуу музыкасына арбалып, артынан бутуна илээшип ээрчип жүрүшчү. Алар сүйүүлөрүн, жүрөктөрүн, тагдырларын толугу менен ал үчүн курмандыкка чалууга даяр эле. Ал болсо тигилерди жалаң анын алтыны үчүн жүрүшөт деп эсептеп, жек көрүп, өзүнө жакын жолотпой кууп салчу.

Ал эми бир белгилүү айым, мамлекеттик кеңештин төрагасынын аялы, аны менен байлыгын, атак-даңкын, сүйүүсү менен төшөгүн, алдыда ажырашуу ызасын тартаарына карабай бөлүшкүсү келгенде, ал анын астына майда тыйындарды ыргытып мындай деген: «Күйөөңүзгө бул үч крейцерди берип коюңуз. Бир кездерде ал мага скрипкада ойнобо деп берген эле. Мен сизден бул жерден токтоосуз кетип калышыңызды суранам. Мен азыр бош эмесмин…»

Чыныгы досторунун көбүн ал орой сөздөр мене таарынтып өзүнөн алыстатты. «Сен менин акчам үчүн дос болуп жүрөсүң же менин даңкыман пайдаланып ишиңди оңдоп жатасың», — дечү ал. Чынында эле анын абалы адамдын боору ооругудай эле, ал аябай чайналып кыйналчу, анын сооротору да жок болчу. Анткени, ал бир адамга да ишенчү эмес.

Анын мөөнөтү бүтүп, өлө турган мезгили жеткенде ага Сүрдүү Нотариус келди, Паганини аны дүрбөлөңгө түшпөй жайма-жай тосуп алды:

– Кожоюн, мен даярмын. Бирок сага айтып коёюн, бул жашоодо эч жакшылык көргөн жокмун.

Нотариус чарчаңкы жооп берди:

– Ооба, моюнга алсам, мен деле сенден эч пайда көргөн жокмун. Биз экөөбүзгө тең пайдасы жок келишим түзүптүрбүз. Мына, келишимдердин тизмесин карап көрчү. Бул тизмеде сенин атың таптакыр эле жок. Аны кимдир бирөө чийип, өчүрүп салыптыр. Ким өчүргөнүн биз шайтандар оозубузга алгандан да коркобуз.

– Мен эми эмне кылам? – деп койду Паганини, жөн гана сылыктык үчүн.

– Эч нерсе, – дейт анда Нотариус. – Эч нерсе кылбайсың, досум. Мен сенин ушуга чейинки концерттериңдин бирин да калтырбай көрүп келдим, ал кылыгым үчүн башчыларымдан тил угуп, сөгүш да алдым. Ошондуктан, сенин мага доомат койгонго акың жок. Өз кезегинде, сен дагы өз атыңды тизмеден мен атын атай албаган тарапка өчүрткөнгө жетишкендиктен, мен да сага доомат кыла албайм. Экөөбүздүн аласа-бересебиз бүткөн. Билесиңби, чыныгы искусство бизден эмес, ал Жогортодон, андыктан аны менен ким эсептеше алат? Кош бол. Бул жолу түбөлүккө. Скрипканы сага калтырам. Жок! Мен жөнүндө кам санаба. Кызматта мындай майда-барат жагымсыз окуялар боло берет. Кош бол…

Эртең менен улуу Паганининин өлүгүн табышты; анын маңдайынын бырыштары ага тирүү кезиндегидей эле намыстуу жана сүрдүү түр берип турду. Ууртунда бактысына балкыган жылмаюу бар эле.

Ал эми Шайтандан алган скрипка түбөлүккө жок болуп кетти.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.