УЛАМЫШ

Кайсы бир заманда, кайсы бир жерде, кайсы бир элде жашоодон акыйкат издеп өмүр кечирген сокур дербиш болгон экен. Ал жашаган дооруна таарынып,  адилеттик издеп, чак түштө колуна чырак кармап, элди артынан ээрчитип, узак сапарга чыгып кеткен боюнча кайра артка кайткан эмес  дешет. Ал мындайча болуптур.

Ошол элдин баатыр жана акыйкат падышасынын ичер суусу, жутар абасы түгөнүп, о дүйнөгө сапар алат экен. Карапайым калк  адилет падышасынан айрылганына мүӊкүрөп карайлап турганда, анын ордуна элге күйгөн болуп бир айлакер, куйту  жана алдамчы вазири  өзүн падыша жарыялап жиберет Ал мурдагы адилет падышаны алдап үйүнө конокко чакырып уу берип өлтүргөнүн бир дербиштен башка эч ким билбептир.

Эл жаӊы падышанын өкүмүнө баш ийип, алдына кулдук уруп, амирин тутуп калат. Адегенде алдамчы, куйту падыша элге жакшы көрүнүмүш болуп, казынанын байлыгын аянбай чачат. Өз бийлигин бекемдеп, сайрандап  күн өткөрө баштайт. Эл ага бизге күйүмдүү падыша экен деп ишенип калышат.

Бирок анын кандай жана ким экенин алдыртан түшүнгөн дербиш эл аралап, жер кезип чыгат.

— Алла үй, алла үй!
Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат…
Алла үй, алла үй!

Дербиштин мындай зикирин бир адам түшүнсө, миӊ адам түшүнбөйт.

— Бул акылынан ажыраган дербиш эмнени дөөрүп жүрөт? — дешип, жолунан качып, тетири бурулушат. Бирок акыры жаӊы падышанын былыгы элге билинип, калк ага каршы көтөрүлөт да, тактан алып түшөт.

Такка жаӊы падыша келет. Ал мурдагыдан  да адилет көрүнгүсү келип, далай убадаларын берип, бийлигин бекемдейт. Бирок бара-бара каардуу жана залим болуп чыга келет. Элди адилетсиз мыйзамдары менен эзет. Букаралардын кичинекей жаӊылыштыктары үчүн, кары-жаш дебей өлүмгө өкүм кылып, дарга астырат.

Аны көрүп чыдабаган дербиш кайрадан аса таягын таянып, эл аралап баягы зикирин айтып чыгат:

— Алла үй, алла үй!
Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат…
Алла үй, алла үй!

Дербиштин мындай сөздөрү каардуу падышага да жетет. Аны падышанын желдеттери кармап алышып, падышанын алдына байлап келишет. Падышанын алдына барганда да, дербиш баягы сөзүн коркпостон кайталап  айтат:

-Алла үй, алла үй!
Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат.
Кардын башын кар жутса,
Кар кабынан сөгүлөт,
Өлөк-бөлөк бөлүнөт,
Сай-сайга эрип төгүлөт,
Сайда суулар теминет,
Алла үй, алла үй!
Кандын башын кан жутса,
Калк башына түн түшөт,
Как төбөгө күн түшөт,
Кан суу болуп төгүлөт,
Калк ыдырап бөлүнөт,
Кандын кетип кадыры,
Как башына көрүнөт…
Алла үй, алла үй!

Муну уккан каардуу кан:

— Токтот! — деп каардуу кыйкырыт да, — Бул алжыган дербишти кырк күнгө кырк кулач орго салгыла! – деп буюрат. Анын жазакер, кошоматчы вазирлери дербиштен тез кутулууну көздөп, эл алдында дарга асууну же тезирээк башын алууну өтүнүшөт. Падышанан буйругу аткарылып,  дербиш тереӊ орго салынат.

Дербиш кырк кулач тереӊ ордо кырк күн, кырк түндү ачка өткөрүп, кан-сөлү качат. Алы кетип алсырайт, бирок кайратынан жанбайт, баягы сөзүнөн айныбайт, оюнан кайтпайт. Каардуу падышага багынып бербейт. Кырк бир күн болду дегенде, хан аны алдына алдырат. Бирок дербиш анда да баягы сөзүн кайталап, ого бетер эрки курч экенин билдирет.

Хан каарын төгүп, элди чоӊ аянтка жыйнатат да, алжыган дербишти эл алдына башын алып жазалагысы келет. Аны менен бирге дербиштин сөзүнө ишенип  ээрчиген элдин жүрөгүн өлтүрүүнү ойлойт.

Катсе да аянтка батпай дүрбөп келген элдин сүрүнөн хан чоочулап, анын  толкуп кетүүсүнөн коркуп, өкүмүн алмаштырат.

— Элим, мен адилеттүүлүк кылайын да,  дербиштин жанын сактап калайын. — дейт хан ошондо, — Бирок менин жакшылыгымды көргүсү келбегендиги  үчүн, эки көзү оюлуп ташталсын! Менин адилет чечимим ушундай!

Шымаланган жасоолор заматта дербиштин эки көзүн оюп салышат. Ошондо эл падышанын жазасына макул эместигин билгизип, жүзүн тетири бурушат. Нааразылык  күчөп, толкуган эл аны да тактан  алып түшөт. Каардуу падышанын ордуна жаӊы падыша такка келип отурат.  Карапайым калк андан адилеттикти гана тилеп, бийлигине баш ийет. Адегенде ал дагы адилеттүү көрүнөт, бирок падыша бара-бара жанына жакындарын топтоп, өзүмчүл болуп, калк казынасын үй-бүлөсүнө башкартып, өлкөнү билгизбей уурдап-тоноого өтөт. Эл жакырданып, жашоосу оорлойт. Өз мекенинен жакшылык таппаган калк бөтөн жерден ырыскы издеп тентий баштайт.

Аны көзү болбосо да, көкүрөгү менен туйган сокур  дербиш кайрадан эл үчүн акыйкаттык издеп, элдин зарын айтып, көчөгө зикир айтып чыгат. Караӊгы дүйнөгө кабылганына карабай, калкты жарык дүйнөгө жетелегиси келет. Бир колуна таягын кармап, бир колуна чак түштө чырак кармап көчөгө чыккан сокур дербишти көргөн эл, адегенде: «дербиш акылынан  биротоло ажыраган экен» деп шылдыӊ кылат.

— Баягы дербиш эми көздүүлөр адашкан дүйнөдө көр абалында көчөгө чыгыптыр го. Алжыган экен, байкуш! — деп кеп таратышат. Бирок анын акылман кебине муюгандар артынан ээрчишет:

Алла үй, алла үй!
Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат,
Кардын башын кар жутса,
Кар  карга аткан ок болор,
Кар эрип, кыян октолор,
Сай-сайга агып жок болор…

Алла үй, алла үй!
Кандын башын кан жутса,
Арбыйт дербиш казалы,
Адилеттик табалбай,
Көбөйөт калктын азабы.
Бөтөн элге кор болуп,
Бөлүп ичип, бөлүп жеп,
Бөтөндүн күчөйт мазагы…
Алла үй, алла үй!

Муну тыӊшаган калк дербиш акылынан адашпай эле акыйкат кеп айтып жатканын туюшат. Анткени убадасын унуткан  падыша мурдагылардан да наадан, ууру, калкына кыянат кылган эӊ биринчи душманы экенине көздөрү жетет. Дербиш болсо элинин тагдырына жүрөгү канап, көзүнөн көл кылып жашын сыгып, жер кезүүсүн улантат. Баягыдай эле бир колунда аза таягы, бир колунда чак түштө кармаган ак  чырагы…

Ээрчигендердин саны арбыйт: бирөө, экөө… бешөө… он… жыйырма… жүз… миӊ…

Ошетип дербишти  ээрчигендер миӊдеп көбөйүп, аны  менен бирге жашоодон акыйкаттык издеп, кайткыс сапарга чыгышат… Каякка, кайсы тарапка, асмангабы, жергеби, ээн-талаа, эрме чөлгөбү? Жер бетин каптап толкуган деӊизгеби, чалкыган мухиткеби? Каякка? Деги адилеттиктин өзү  каякта?  Аны издеп каякка барышат? Аны качан жана кайдан табышат? Ким билет? Эч ким билбейт. Ээрчиткен сокур дербишпи, ээрчиген жер жайнаган калпы? Эч ким… Эч ким… Кайра качан кайтышат? Эч ким билбейт… Элди ээрчиткен  сокур дербиш дагы… Ээчиген, карайлап  жер жайнаган калк дагы…

Дербиштин бир колунда аза таягы, бир колунда ак чырагы… Баягы ырын токтотпой ба

Фотого тарткан С.Рысбаев

ратат…

Алла үй, алла үй!
Кардын башын кар жутат,
Кандын башын кан жутат…
Алла үй, алла үй….

… Андан бери жер бетинде далай суу агып, далай жел жүрүп, далай кылым өтүптүр. Бирок колуна чак түштө чырак кармап, адилеттикти издеп жер кезип кеткен сокур дербиш дагы, анын артынан ээрчип кеткен карайлаган калк дагы кайра кайтып келиптирби, келбептирби, ушул күнгө чейин эч ким билбейт экен…

Сулайман РЫСБАЕВ

Жалал-Абад, 29-июль, 2018-ж.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.