Жети арстан жана бир бука достошушуптур. Мунун урматына арстандар той берип, ага жаңы досун чакырышыптыр. Арстандар ортого этти тоодой үйүп коюшуп, коногун сыйлап, өздөрү да той шаанисин көркүнө чыгарып, чүйгүн эттен тойгончо жеп отурушту.

Бука өмүрүндө эт жеп көрбөсө да, аны көргөндө кузгусу келгени менен досторуна сыр алдырбай эттен жемиш болуп отурду. Ал тойдун акырында үй ээлеринин меймандостугуна алкышын айтып, ачка бойдон кеткенче шашты.

Мындан соң жаңы досторун сыйлаш үчүн бука арстандарды конокко чакырды.

Жети арстан белгиленген күнү буканыкына келишип, ортодо үйүлүп турган жаңы чабылган чөптүн чоң үймөгүн көрүштү. Буга абдан таңгалган жана ызаланган арстандар үй ээсинен кеткен түрдө сурашты:

– Бул эмне деген дасторкон? Сен бизди эмне, чөп менен сыйлайын дедиңби? Бизге эт бербейсиңби?

– Менимче, бул ширелүү жаңы чөптөр эттен алда канча даамдуу. Кана, даамдап көрсөңүздөр,- деп бука тайсалдай жооп берди.

– Биз сени конокко чакырганыбызда эт же деп мажбурлаган эмеспиз. А сен азыр бизге бул чөптөрдү атайылап жедиргени турасың. Минтип конок чакырган соң аларга берилчү тамакты да ойлонушуң керек эле. Ал эми этсиз кантип меймандарды ыраазы кылууга болот?

– Мен этти каяктан алышты да билбейм. Кечирип койгула,- деп бука актанганга аракет кылды.

Ошондо ачуулуу арстандар мындай дешти:

– Бул досторун мейманга чакырарын чакырып алып, аларды кезертип ачка коюу биздей абройлуу арстандар үчүн шылдың, түшкө кирбес мазактоо. Биз мындай кылгандарды ордунда жарып салабыз. Бирок сен биздин досубузсуң. Андыктан биз сага чексиз ырайымдуулугубузду көргөзүп, сенин бир гана бутуңду жейбиз.

Бука жырткыч достору менен талашып-тартышуу абдан коркунучтуу экенин түшүнүп, бүткүл денеси калчылдап коркуп, дирилдеген үндө жооп берди:

– Ак көңүлдүк кылганыңар үчүн ыраазымын…

Ошентип ачка арстандар буканын арткы бир бутун жулуп алышып, ортого коюп конок сыйын көрө башташты. Бука болсо кансырап жатып, көп өтпөй өлүп калды. Ошондо чала тоют болгон арстандар:

– Кайран досубуздун ажалы ансыз деле жеткен экен. Муну баары бир деле карга-кузгундар талап жейт. Андан көрө жаны жаннатта болсун деп бата кылып өзүбүз жеп койолу, — деп актана сүйлөшүп, тойлорун улантып, буканын сөөктөрүнө бир дагы эт калтырбай мүлжүгөнгө киришти. Ушул убакта эттин жытын алып жетип келген бир түлкү арстандардын арасынан өтүп, буканын жүрөгүн уурдап, бадалдардын арасына кире качты. Ошентип арстандар буканы жеп бүтүп, анан бири-биринен таңгала сурап калышты:

– А мунун жүрөгү кана? А балким бул буканын жүрөгү такыр эле болгон эместир.

Муну угуп бадал арасында жаткан түлкү кандуу оозун жалана берип чыга калып мындай деди:

– Силер жаңылышып жатасыңар, улуу урматтуулар. Бул буканын жүрөгү бар болучу, бирок акылы жок эле. Акылы болсо силер менен достошмок тургай жаныңарга жакын келмек эмес.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.