Азыр ааламга «кытай кереметин» жаратып жаткан Кытай Эл Республикасы туңгуйукта турганда, (鲁迅, Lǔ Xùn) караңгылыкка шамдай жанып, адабияттагы жалган мактоолорго, бийликке жагынуучулукка биринчилерден болуп каршы турган. Жаңы кытай адабиятынын негиздөөчүсү. Анын шедевр чыгармалары дээрлик дүйнөнүн бардык тилдерине которулган. Өз позициясында темирдей бекем эрк менен турган Лу Шүн адабияттын милдети элдин чыныгы жашоосун, анын жан-дүйнөсүн көркөм чагылдыруу экенин коомчулукка алып чыккандыгы үчүн ар кандай тоскоолдуктарга, куугунтукка дуушар болгон.

Тагдыры бычак мизине коюлганда өзүнүн туулганда берилген ысмын бир нече жолу которууга мажбур болгон. Лу Шүн Шаошиң шаарында (провинция Жэжян) 1881-жылы 25-сентябрда туулган. Жазуучунун туулганда берилген ысмы – Жоу Жаңшоу (周樟寿), экинчи аты — Йү Шан (豫山), кийинчерээк Йү Цай (豫才) аталган, ал эми дүйнɵлүк адабиятта аны Лу Шүн (Лу Синь) деп билишет. Бул анын адабий псевдоними, Лу энесинин фамилиясынан алынган. Лу Шүн абдан билимдүү үй-бүлөдөн чыккан. Анын ата-теги үйдө кызматкер жумшаган ак-сөөк, маданияттуу адамдардан болгон. Буга анын чоң атасы Жоу Фуциндин Кытайда биринчи негизделген Ханьлинь Академиясында кызматта болгондугу далил.

Тегинен билимдүү чөйрөдө өсүп-чоңойгон Лу Шүн бала кезинен зирек жана өжөр болчу. Келечекке чоң максат койгон өспүрүм 1898-жылы Жиаңнан деңиз-аскердик академиясына (江南水師學堂) окууга барар алдында ɵз атын Шурын (树人) деп которгон, анткени бул сɵздүн мааниси «билимдүү адам болуу» дегенди түшүндүрɵт эле. Бул окуу жайда эки жыл окугандан кийин темир жолчулардын академиясында (礦路學堂) которулган. Дал ушул окуу жайы Лу Шүндин тагдырында зор роль ойногон. Анткени бул окуу жайда чет тилдерди окутууга чоң кɵңүл бурулгандыктан, ал немец, англис тилин үйрөнүп, чет тилдеги көркөм адабиятты жаш кезинен окуй баштаган.

Лу Шүн студенттик кезде эле котормочулук ишин баштап, жалаң гана адабий чыгармаларды эмес, илимий адабияттарды которууга жетишкен. Томас Гекслинин «Эволюция жана этика», Жона Стюарт Миллинин «Эркиндик жɵнүндɵ» чыгармаларын, Вальтер Скоттун «Айвенго» романын кытай тилине которгон . Лу Шүндөгү билимге болгон кумар ɵзгɵчɵ болгондугу таң калтырат. Улам бир жаңы билим алууга умтулуп, 1902-жылы ал Японияга кытайлык студенттер үчүн мамлекеттик стипендия берилүүчү окууга илинет да, Кобун институтуна университетке өтүү үчүн япон тили боюнча даярдоо курсунан окуп, япон тилин мыкты билүүгɵ жетишет.

Лу Шүн билим алып, кɵп нерсени түшүнгɵндɵн кийин ɵспүрүм кезинде өнөкөт учук оорусунан каза болгон атасынын ɵлүмүн кɵп эстечү. Атасынын оорусуна жардам бере албаган ошол учурдагы кытай медицинасына нааразы болгон Лу Шүн эки академиядан окугандан кийин 1904-жылы Япониядагы Сендай медициналык академиясына тапшырып, анын биринчи чет ɵлкɵлүк студенти болгон.

1906-жылы март айында Лу Шүн капысынан эле академиядагы окуусун таштап салган. Анын мындай күтүлбɵгɵн чечимине себеп болгон, анын бүткүл максатын өзгөрткөн окуя мындай эле: Лу Шүнгө сабак берген окутуучу лекция убагында орус-япон согушунда орус армиясына жардам берген бир кытай тыңчыны жазалоо окуясын слайдда көрсөтөт. Жазалоо адам намысын кордоо менен ишке ашат. Болочок улуу жазуучу окуяны көргөндөн кийин адамдын дене оорусуна караганда, анын психикалык оорусун дарылоо алда канча маанилүү экендигин түшүнөт да, өз тагдырын башка нукка буруучу чечимге келет. Адамдын руханий жан-дүйнөсүн тазартуу үчүн анын адегенде психикасы таза болуу керек деген ой Лу Шүндүн жеке ишенимине айланат; ɵзүнɵ адабият аркылуу адамды “дарылоо” максатын коёт.

Адегенде публицистикалык макалалардан чыгармачылыгын баштаган калемгер тез эле адабий чөйрөгө аралашат.

Лу Шүн 1904-жылы орус-япон согушунда публицист катары коомчулукка кеңири таанылып, анын жазгандары окурмандар арасында популярдуулукка ээ боло баштайт. Ушул жылы жаз айларында Токиого келип, окумуштуу-филолог Жаң Тайяң менен кызматташат. Орус жана Европа адабиятынан чыгармаларды кытай тилине которуу иши менен алпурушуп, 1909-жылы өзүнүн бир тууганы Жоу Шурын менен «Чет элдик аңгемелердин эки томдугун Токиодо басмадан чыгарат. Лу Шүн которгон котормонун ичинде Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич да бар эле. Ушул жыйнакка орус адабиятынан А.Чеховдун эки аңгемесин («В усадьбе», «В ссылке») киргизген.

Россия синологдору аны кытайлардын Чехову дешет. Экөөнүн ортосундагы окшоштук таң каларлык. Экөө тең медицинадан адабиятка келген, экөө тең учук оорусу менен ооруган, экөө тең майда жанрдын адамга таасир этүүчү эстетикалык кубатын жогорку бийиктикке жеткирген.

Лу Шүнгө эл эң ыйык эки: “Кытайдын абийири” жана “Элдин коргоочусу” деген наам берген. Анын кадыр-баркы эл ичинде даңкталчу, чет өлкөлөрдө даңазаланчу. А бирок революцияга чейинки реакциячыл бийлик Лу Шүндү жек көрчү. Алардын бири түндүк Кытай генералы Дуан Чируй Лу Шүндү камакка алуу жөнүндө буйрукка кол койгонда, анын достору түштүккө качып кетүүсүн уюштурууга жетишишкен. Түштүктө бир нече провинцияны улам алмаштырып, качкын турмушту баштан кечирүүгө мажбур болгон.

Достору ага чет өлкөгө эмиграцияга кетүүнү сунуштаган, бирок ал “Караңгылыктын күчү түбөлүк эмес. Караңгылык кыйроого учурайт… Биздин артыбызда түбөлүктүү жаркын келечек бар, өз элимдин жаркын келечегинде жашагым келет”, – деп жооп берген.

1909-жылы Лу Шүн ɵзүнүн кичи мекени Шаосинге кайрылып келет да, орто мектепте сабак берген мугалим кызматында иштей баштайт. Кɵп ɵтпɵй императорлук династия кулап, 1911-жылы Кытай Республикасы түзүлɵт. Жаңы бийлик Лу Шүндү билим берүү министрлигине кызматка чакырат.

1911-жылы Кытайда болгон революция Лу Шүндүн жеке позициясын бекемдейт да, анын көз карашын дагы өзгөртүп, жаңыча иштөөгө шыктандырат. Бейжинде эл агартуу министрлигине кеңешчи болуп дайындалуу менен Лу Шүн илимий даражага ээ болуп, бир эле мезгилде Мамлекеттик университеттин улуттук адабият кафедрасында иштейт. 1918-жылы «адабияттагы революцияга» катышып, «Жаңы жаштык» аталган революциячыл журналга Лу Шүн деген псевдоним (өз энесинин фамилиясы) менен чыгармаларын жарыялай баштаган. 1918-жылы май айында өзүнүн олуттуу чыгармасы – «Жиндинин күндɵлүгү» (狂人日记) аттуу аңгемесин байхуа – оозеки сүйлɵшүү тилинде басмадан чыгарат.

Бул аңгеме идеялык-тематикасы боюнча да, сюжеттик окуясы боюнча да, тили боюнча да буга чейин кытай адабиятынын салтында болбогон жаңы чыгарма эле. Чыгарма, албетте, катуу сынга кабылат, анын автору куугунтуктала баштайт. Анткени, аңгемеде автор ханзулардагы адам жегичтикти айыптоо максатында, каарманды психикалык ооруга чалдыктырган да, өзүнүн айтайын деген оюн ачык айтууга жетишкен. Лу Шүн адабий чыгармачылыгы менен бирге ɵз мезгилинде коомдук иштерге активдүү катышкан, жаңычыл кɵз карашы, прогрессивдүү позициясы менен мезгилдин коомдук саясый маданиятына да зор таасирин тийгизген.

1926-жылы Кытайда студенттердин козголоңунда аларды колдоо менен бирге жаштардын сүйүктүү идеологуна айланып, бийлик куугунтугуна кабылган. Ошондон кийин түндүктɵн түштүккɵ из жашырып кетүүгɵ аргасыз болот да, өзү менен окуучусу жана жакшы кɵргɵн кызы Шю Гуанпинди кошо ала кеткен. Чыгармачылыгы да, билими да толукшуп турган Лу Шүн тез эле жумушка орношуп, бир эле мезгилде түштүк Кытайдын эң эле кооз шаары Шямындагы белгилүү билим борбору Амой, Гуанжоудогу Чжуншан университеттерине лекция окууга чакырылган.

Лу Шүн кандай куугунтукка кабылбасын өз позициясынан кайткан эмес. Атак-даңкы чыгып турган белгилүү университеттерге лекция окуу менен бирге басма ишинин агартуучулук ролуна чоң маани берип, чет элдик адабияттарды которуучу жашырын «Вый-мин щы» басмасын уюштурат. Бул басмадан орус адабиятынын ошол мезгилде даңазасы таш жарып турган жазуучулары: М.Горькийдин, Фадеевдин, Кропоткинанын революциялык маанайдагы чыгармаларын, саясаттагы саясый лидерлер: Плехановдун, Троцкийдин революциялык макалаларын которуп, аталган басмадан чыгарган.

Жазуучу Шямынде (орусча транскрипцияда Сямень) үзүрлүү иштеп жаткан учурда ага 1927-жылы мамлекеттин коммунисттик партиясынан жазуучулардын солчул Лигасын башкаруу кызматына чакырылат. Ушул жылдан баштап, бул уюмдун негиздɵɵчүсү эсептелген жазуучу Лигада «Революциячыл жазуучулардын эл аралык бирикмесин» уюштурган. Лигадагы жазуучунун коомдук ишмердүүлүгү, чыгармалары, макалалары кытай адабиятынын жаңы багытта өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген. Лу Шүн түштүккө баргандан ɵмүрүнүн акырына чейин кɵбүнесе Шанхайда жашаган. Ал бир эле мезгилде Бейжин университетинде да сабак берип турган. Анткени Лу Шүндөй билимдүү, тажрыйбасы мол, прогрессивдүү көз караштагы лектор борбордук университеттерге аба менен суудай керек болчу.

Жеке турмушунда жазуучу бир гана Шю Гуанпиңди жакшы көргөн. (22 жашында апасы эски салт менен алып берген аялын эски көз карашы үчүн жактырган эмес. Бирок өмүр бою материалдык жактан колдоп турган) 1927-жылдын 27-сентябрында Шю эркек бала тɵрɵп, жазуучуну бактылуу кылган. Жазуучуга Шаңхайдагы чыгармачыл чөйрө абдан жаккандыктан, уулуна Жоу Хаййиң (周海婴) «Шаңхай перзенти» деген ысым берген. 1930-жылдан баштап, ал Шанхайдагы жазуучулардын солчул Лигасын башкарган. Лу Шүн солчул идеяны жактырып, коммунисттик идеяларды анчалык дили сүйчү эмес, партияга да өтпөгөнүнө карабастан, Мао Цзедун өмүрү өткөнчө анын чыгармаларын жогору баалаган жана жазуучунун күйөрманы бойдон калган.

Лу Шүн орус адабиятына да абдан кызыгып, бир нече кɵркɵм чыгарманы ханзу тилине которгон. Ал Гоголду абдан жогору баалачу, «Өлүү жандар» чыгармасын которуп, биринчи кытай окурмандарына тааныштырган. Лу Шүндүн жалпы калтырган адабий мурастары 20 томдон ашуун. Аны Кытайда гана эмес, Японияда, Россияда, Европа мамлекеттеринде абдан жогору баалашат.

1936-жылы Лу Шүндүн атасынан тукум куучулук менен берилген учук оорусу күчɵп, ага астма оорусу кошулат да, ɵпкɵсүнɵ куюлган 300 грамм дары суюктугу тескери натыйжа берет. Ал абдан арыктап, салмагы 38 килограммга түшɵт. Ошол учурда да чыгармачылык менен алпурушкан жазуучу оору абалында «Өлүм», «Бул да жашоо» аталган эки чыгарма жазган.

1936-жылдын 18-октябрында түнкү саат 3.30да жазуучу деми кыстыгып ойгонот да, доктур чакырып ийне сайдырат. Түнү менен анын жанында Шю Гуанпин болот. 19-октябрында таңкы саат 5.11де Лу Шүн кɵз жумат.

Азыркы учурда Лу Шүн кытай адабиятында жаштардын кумири. Анын туулуп өскөн провинциясы Шаосинде жана төрт чоң шаарда Шанхай, Бейжин, Нанкин, Гуанжоудогу музейинде керелден кечке эл үзүлбөй. Шанхайга коюлган мүрзөсүнө сыйынуу үчүн барышат. Лу Шүн атындагы жогорку адабият институтунан таланттуу жазуучулар атайын даярдыктан өтүшөт. Биз которгон «Жиндинин күндөлүгү», «Эстен кеткис элестер«, «А-Кьюнун чыныгы тарыхы» чыгармалары басма беттеринен жарык көрдү.

Бул сапарда чет өлкөлүктөр үчүн мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземине карата жазуучунун күйөрмандары адабий кече уюштурушкан. Мына бул дубалга тартылган сүрөт да анын күйөрмөндарына таандык.

Үмүт КУЛТАЕВА, филология илиминин доктору

Бишкек-Бейжин-Бишкек

Баарыбызды улуттук сыймыкка бөлөгөн Култаеванын сыйлыгы жөнүндө сөз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.