АҢГЕМЕ

Менин бейтааныш таанышым, бул аңгеме сага арналат.
Автор

Сенин атың ким болду экен, сулуу?

Албетте, сен менин минтип тике кайрылганыма терикпестирсиң? Менин табиятым ушул — бардык учурда тике жана ачык айтканды жакшы көрчүмүн. Бир гана… бул сапатым — сени көргөндөн баштап эмнегедир өз функциясын аткарбай калды. Мендеги мурунку курчтук, ачыктык кандайдыр бир белгисиз күчкө багынып, жок боло баштап, ойлуу болуп кеттим, жана…

Баса, билесиңби, экөөбүз бири-бирибизди кантип көрүшкөнүбүздү? А мүмкүн анда сен мени элес деле алган эместирсиң, бирок мен сени ошондо «Ала Тоонун» бери жагындагы кинотеатрдык афишанын жанынан көргөм. Мен жалгыз эмес элем, жанымда айылдаш бир кыз бар болчу. Биз киного баратканбыз. Сен бизге карама-каршы багытта келаткансың…

Сен экөөбүз көз токтото тиктешип өттүк. Кыздын жанында баратып, өзүңө суктана караганымды жактырбаганыңдай туйдум. Сен андай шек бербесең да, сенин ой толкундарың мени өзүнөн алыстата түртүп жаткандай болуп, өзүмдү жаман абалда сездим.

Экинчи жолу кызматташ жолдош балам менен баратып, дагы ошо жерден жолуктурдум сени. Сен мени алыстан бир карап алып эле кайдыгерлик менен өтүп, тиктеп-тиктеп өзүмө түшүнүксүз сезимге бөлөнүп, ойлуу кала бердим…

Качан болбосун мен сени түшкө жакын дайыма ошол арадан кездештирип калчу болдум. Анан сен жөнүндө ойлоно баштадым. Сен ким жана кандай болдуң экен? Кебетеңе караганда студентка болсоң керек. Кызык, кайсында окуйсуң жана кайдан келгенсиң?

Анда күз эле. Азыр болсо кыш!

Кээде баягы жерден жолугуп калам. Сен байкабапсың. Таң каларлык көрүнүш — мен ар качан «Ала-Тоо» тарапка баратканымда астымдан чыгасың. Дайыма бир түрдүү кездешүү…

Убакыт көп өттү.

Мен сени көрбөй калдым.

Сени унута баштагам…

Күндөрдүн биринде мен сени китепканадан көрүп калдым. Сага билгизбей уурдана карап, өзүмчө суктандым ошондо…

Ырас, «сен ай десе аркы жок, күн десе көркү жок» сулуу деле эмессиң. Анткени менен кара тору ажарлуу өңүң, ийилген кара каштарың, капкара көздөрүң эмнегедир жагып, өзүнө тартып турат. Мүмкүн, башкалар сага менчелик суктанбас, сен аларга сулуу эмес эле көрүнөрсүң, мейли, а бирок мен сени көргүм келет… Жана көрчүмүн. Көбүнчө түштөн кийин китепканадан бир ирет сени көрүп, өзүмөн-өзүм курсант болчумун.

Менимче, кийинки кездерде мен сени адепсиздик менен теше карай бергенимди туюп калдың көрүнөт. Жароокер көздөрүң сенин чыккынчыларың эле!

Ошентип менин ышкым сага күн сайын арта берди.

Экөөбүз бейтааныш болгондуктан, сага өзүмчө ат коюп алдым. Сени көрөр замат: «А, менин кара көз сулуум отурган экен»,- деп койчумун, өзүмчө сыймыктуу.

Кара көз сулуум!

Минтип айтууга эч укугум жок болсо да, мен ушинттим. Ал үчүн мени эч ким күнөөлөй албайт. Себеби, сен жөнүндө өзүмдөн бөлөк эч ким билбейт да. Ушинтип өзүмдүн жеке дүйнөмдө сен менин кара көз сулуумсуң!

Эсиңдеби, кара көз сулуум, бир жолу…

…Китепканада отуруп фантастикалык повестимдин аягын улап жазып жатып, бир каарманымды ээн бир планетте калтырууга туура келди. Ал өмүр бою анда калууга тийиш болчу. Планетада төмөнкү турмуш деңгээли эле. Ал мында жападан-жалгыз жүрүп, жинди болуп же жапайыланып кетмек! Өлмөк… Ал эми каарманым болсо абдан акылдуу жана эрудициялуу адам эле.

Анын андай тагдыры менин жанымды жаман кейитти да, кандай болбосун аны акыл-эстин коомуна жакындатууга аракет кылмакчы болдум. Бирок антүүгө мүмкүн эмес болчу. Эгер мен аны, ал дүйнөдөн алып кетсем, повестимдин финалы бузулмак да, эки жылдык эмгегим өлмөк. Мага көп кыйналып, бир топтон бери жазып жүргөн повестим менен, жапайы дүйнөдө калган каарманымдын өлүмдөрү бирдей эле оор тийди. Анткен менен акыры мен экөөнүн бирөөнөн кол жуушум керек эле…

Кантсем?..

Эмне кылаарымды билбей, өзүмдөн-өзүм тажап ойлонуп турсам, сен эсиме түштүң. Эмнегедир сени көргүм келип кетти. «Жаштык» залына кирип бардым. Сен дайыма ошондо отурчусуң. Бүгүн да бар экенсиң…

Эсиңдеби, каршыңдагы бурчка отуруп, туптуура кырк мүнөт сенден көзүмдү алганым жок! Сен дагы жыргатып китеп окуй албай, үзүл-кезил мени эле карай бердиң. Экөөбүз бири-бирибизди түшүнүшүп, сырдашып жатканыбыздай сезилди. Мен сага оюм менен өз кайгымды айтып жаттым.

Сен аны түшүнгөндөй, мага жардам берчүдөй кайра-кайра карай бердиң.

Анан бир учурларда мен өзүмдүн ээн планетте калган каарманымдын абалына келгенсип, кызык сезимдин өкүмүндө калдым…

Каарманым алыстан тийген бейтааныш дүйнөнүн белгисиз күнүнө телмире карап, туюк тагдырынын чегин билүүгө болор-болбостугу жөнүндө кыялданган сыяктуу, мен капыстан сен тууралуу ойлоно баштадым…

Мүмкүн мен сени сүйүп калгандырмын. Бирок сага кантип жетүүгө болот? Кантип таанышам? Таанышкан соң эмне дейм? Сени ички дүйнөмдүн кайсы ажайып шаарларына баштап барам?

Мына бул суроолор, ойлор кандай гана оор жана коркунучтуу!

Чынында эле аалам туңгуюгунда кыйроого учурап, өзүнүн сүйүктүү жерине кайтпай калган менин повестимдин каарманы менен, өзүнүн сүйкүмдүү кара көз сулуусуна кантип жетерин билбеген менин ортомдо эмне айырма бар? Эч! Демек, менин каарманым менен менин ортомдо бир гана ичке жип бар… Ал эгер мен кара сулуума жетсем, каарманым аман калат, повестим да жазылып бүтөт…

Ушундайбы?!

Мен сени тиктеп отурганда ушул балалык баёо салыштыруулар мээмде даң салып жүрүштү.

Менин башыма ойлор батпай, чыдай албай кеттим да, ээн планеттеги жалгыз, үмүтсүз менин каарманым алыскы кызгылт горизонтко батып бараткан күндү кайра чыгар бекен деп телмире карагандай, мен да сени теше тиктеп, кыйгай салып, китепканадан чыгып кеттим.

Эсиңдеби, эртеси…

Эртеси… менин каарманыма күтпөгөн жерден таң атты да, алыскы күн ага алсыз жылуу нурун төгө баштады. Бирок… анын тагдыры дале караңгы, белгисиз болучу… Ооба, эртеси мен ушул саптарды жазып жатып, чекит койбой китепкананын экинчи кабатынан түшүп келатсам бир кыз шатыда жөлөнүп туруптур. Маани бербей өтүп бараткам. Жүрөгүм булкуп алганынан карасам — сен экенсиң!

Бул күтүлбөгөн кездешүү эле. Шашып кетип, салам айтып жибердим. Сен кызык жагдайда боло түшүп, кабыл алдың! Мен эмне кыларымды билбей ыңгайсызданып, төмөн түшүп кеттим…

Бул аңгеме ушуну менен бүткөн! Бирок менин фантастикалык повестимдин каарманы космикалык корабль жасап, жерге учуп кетүү үчүн ээн планеттеги руданы иштетүүгө киришти! Ушундан улам мен өзүңө кайрыла аларымды билдим. (Бул чын эле символиканын ыксыз салыштыруусу эмеспи?! Парадоксалдуу…)

…Мен сага бул жазылган кол жазмамды берем да, өтүнөм… Жана бул аңгеме сенин бир ооз жазган сөзүң менен аяктайт! Андай болсо сенин атың ким, мен сүйгөн сулуу кара көз?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.